Кыргыз эл жомогу: Жибек пилла курту

Илгерки өткөн заманда ак көңүл, берешен, боорукер чал-кемпир жашаптыр. Экөө тең бала көзүнөн учуп жүрүп, далай жашка барган кезде уулдуу болушат. Карыганда көрдүк деп атын Картайган коюшат. Баласы ата-эненин ишенимин актап, кенедей кезинен тартып эмгекчил, сылык-сыпаа өсөт. – Улуудан уялып, кичүүдөн ийменет, – дешип, айылдагылар баланы абдан жакшы көрүшөт. Картайган жыл өткөн сайын эр жетип, күчкө кирип, ата-энесинин жүгүн азайтат, алардын колуна кол, бутуна бут болот. Атасы тобосун жазбай баласына аябай сыймыктанат. Турмуштары абдан оңолот. Ал жазында жарышып эгин айдап, […]

Аман Батырбеков: «Буттарым өлсө да, билимим өлбөйт»

АҢГЕМЕ Таңкы саат алты. Күзгүнү тиктеген галстукту колго алдым. Күзгүдөн зыңгыраган жигиттин шым костюмду баса кийип турганын көрүп, өзүм менен сыймыктандым. Галстук байлаганды агайымдан үйрөнгөн элем да, минтип ал да эсиме келе түштү. Ошентип, ал күнү агайымды күнү бою эстеп, ээрчитип жүргөндөй болдум. Компаниянын отчётторуна киришип бүтүрсөмбү дегем, бирок негедир колдорум агайым жөнүндө эки сөз болсо да, жазышымды каалап туруп алды. Эмесе… Ал кез мындан он жыл мурун эле. Мектептин чоңдорубуз, кожоюнубуз, кичүүлөр колдо, мектептин спорт аянтчасы, деги тегерегинин баары […]

Намык Кемал: Жалкоолук – өлүмдүн бир тууганы

Баш тартуу — кулдук, ишеним — эркиндик. Сезаи КАРАКОЧ ♦ ♦ ♦ Жок дегенде таң эрте үч  жолу эрте турган адам, сөзсүз бир күн ийгиликке жетет. Түрк макалы ♦ ♦ ♦ Төөнү жерден кулаткан бир тал чөп экенин унутпагыла. Рефики ♦ ♦ ♦ Тиктеп туруп үйрөнүүгө мүмкүн болсо иттер касапчы болмок. Түрк макалы ♦ ♦ ♦ Кар жааганын көргөнүңдө, карды көтөрүп турган жерди ойлоносуң. Ал эми жердеги бир карыш карды көргөнүңдө, кардын ичинде күйүп жаткан карды ойлоно аласыңбы?! Сезаи КАРАКОЧ […]