Армян эл жомогу: Пахлаванын даамы-ай!

– Кайсы татты ширин, кайсы тамак даамдуу? – деген соболго ар ким өзүнө жакканын жерге-сууга тийгизбей мактады. – Йе, туугандар, койгулачы, – деп Сако чыкты. – пахлавадан өткөн таттуу жок. – А сен муну кайдан билесиң? – Кери Торос сурап калды. – Эгер билбесем, былжырабайт элем да, – деп жооп кайтарды Сако. – Эй, сен кайдан билмек элең? Ай-ай! – Магдесанц Арут сөзгө аралашты. – Пахлаваны өзүң жеп көрдүң бекен? – Жебесем да билем аны, – деди Сако мурдун көтөрүп. […]

«Лаппай, хопту» адат кылган Шаардык Кеңеш

Кечээ жакында эле Ош шаардык кеңешинин жыйырма биринчи сессиясы болуп, анда күн тартибине 12 маселе коюлган. Анда энергетика, токтомдорду жөнгө салуу, кайра карап чыгуу, айрым тармактарга акча бөлүп берүү боюнча маселелер депутаттар арасында абдан талкуу жаратмак түгүл заматта колдоо тапты. Албетте, алар да «бул маселе тармактык комитте каралган», «тиги да каралган, бул да бааланган» деген жүйө менен колдоп беришти. Көрсө, көпчүлүктүн санаасын санга бөлөп, айрымдарынын шилекейин чубурткан маселенин «лөгү»  акыркы маселе экен… Бул маселенин төркүнү мындай: муруңку мэр Айтмамат Кадырбаевдин […]

Сабахаттин Али: Айран

АҢГЕМЕ Айылдан станцияга кеткен жол, эриген кардан улам  баткак-чыла. Эки найзанын боюндай көтөрүлгөн күн, талааларды чулгаган кар үстүндө жылтылдап, көздү ачыштырып тийүүдө, ал эми жолдогу кирденген суу топтомдорун көрксүз сары өңгө айлантты. Чоң, алты кат желим  өтүгүн жылаңайлак буттарына кийген кичинекей Хасан, оң колуна кармаган челекти эс алганча  араңдан араң сүдүрөп келе жатты. Кээде сол колундагы цинктен жасалган кружканы жерге ыргытып колун  ачыштырбагыдай  иш жасагысы келди. Оозуна чейин айран толгон челектин кыры ар кадам аттаганда  тизесине тийип сыздатып, чыканагына чейин […]

Бексултан Мамытов: Эшек минген каарман жана эркиндикти сүйгөн «партизандар»

Убагында Англиянын колониясынан араң бошонгон Индия бүгүнкү күндө кино тармагы менен аларды бомбалап жаткан кези. Болливуддан дагы бир кино. Кинонун аты — «Индостандын «бандасы» же экинчи дүйнөлүк согушта абдан чоң жардамы тийген жергиликтүүлөрдөн куралган «партизандар»… АКШнын белгилүү экономисти айткандай, «зоордук-зомбулук менен бир өлкөнү аз убакытка кармап турууга болот, а экономика менен дүйнөнү багынтууга болот». Ар убакта амалкөйлүк адамдын алмашкыс куралы болуп бере алат. Анткени тарыхта канчалаган кудуреттүү кол башчылар амалкөйлүктүн курмандыгы болушкан. Мисал катары Гундардын падышасы Аттила римдиктердин аял менен […]

Кадыркул Өмүркулов: Акжолтой (шедевр)

АҢГЕМЕ Бир абышка-кемпир жашады. Экөөнүн сапсары аюусу бар. Сапсары аюу — Аяз мергенчиники. Анын аты ушундай. А кемпири Кумар болсо сапсары жырткычка калганда өзүн дайыма көрбөмүшкө, укпамышка салат да, кайра эле жыйырма жылдан бери сапсарыны угуп, көрүп жүрүп жадагандыгын айтат. Кычыраган кыштын бир күнү болчу, ал кезде Аяз мергенчи аталып күпүлдөп турган убагы. Ошол кычыраган кыштын ачыкпы, же бүркөкпү (эсте жок), бир күнүндө, сапсайган жырткычты Аяз үйгө жетелеп кирип келгенде, Кумар сапсайган өңүнөн чочудубу, ошондон көп узабай уул төрөгөн. Ошондо […]