АҢГЕМЕ

Бир абышка-кемпир жашады. Экөөнүн сапсары аюусу бар. Сапсары аюу — Аяз мергенчиники. Анын аты ушундай. А кемпири Кумар болсо сапсары жырткычка калганда өзүн дайыма көрбөмүшкө, укпамышка салат да, кайра эле жыйырма жылдан бери сапсарыны угуп, көрүп жүрүп жадагандыгын айтат. Кычыраган кыштын бир күнү болчу, ал кезде Аяз мергенчи аталып күпүлдөп турган убагы.

Ошол кычыраган кыштын ачыкпы, же бүркөкпү (эсте жок), бир күнүндө, сапсайган жырткычты Аяз үйгө жетелеп кирип келгенде, Кумар сапсайган өңүнөн чочудубу, ошондон көп узабай уул төрөгөн. Ошондо аялы Акжолтой деп атамак турсун, аюуну үйгө жолоткусу келген эмес. Ал үчүн күйөөсүн аябай каргап-шилегенин коңшулары алиге унутуша элек. Себеби, болжол менен айтканда (кантип так айтасың), андан бери сан жеткис күндөр өттү, Акжолтой анда биринчи кол салып, Аяздын кулагын тытып алыптыр. Кулагы ошондон кийин так болуп калган. Демек күйөөсүн сүйгөнүнөн, кулагынын жараатына күйгөнүнөн — ашыкча каргап койсо керек да…

Кумар ошондон ушул убакка чейин күн бүркөлгөндөн кабагы кошо бүркөлүп, бир жагынан аялдык кылып, бир жагынан кыр көрсөтүп, аюунун баягы кулакка асылган кылыгын унута албай Акжолтой демек турсун, тагыраак айтканда, аюу деп да айтпайт. Дайым «тулуп» же «талпак» дейт. Минтип айтканы, албетте мындай басмачы жырткычтардын көрөр күнү, ичер суусу ушул экендигин, булар ушундай кейпинде гана жоош болушарын далилдегиси келет.

Эмнеси болсо да а үчөөнүн бирге жашагандарына мына, үстүбүздөгү жылы толук жыйырма жылга толду. Турмуш бирде өйдө, бирде ылдый болду. Ысык да болду, суук да болду, жакшы да болду, жаман да болду. Дагы кайталайм, кыскасы, өттү да кетти… А азыркысы болсо, кечээ эле жазда болгон окуя. Өзүңөр билесиңер, жаз келгенде көп жакшы окуялар болот.

Деги түнкүсүн тооктордон жоош жок. Аяз карыганда ушул тынч орунду өзү сурап алды. Колхоздун тоок фермасында түнкү кароолчу болуп иштейт. Азыр ишинен келе жатты. Күн түн бирге болгон эрмеги, бир чети жардамчысы Акжолтой жанында. Анткени «инкүбүдүн» жөжөлөрүн (Аяздын «инкубатор» дегенге тили келбейт) жакшы көрүшкөн айылдагы дейди иттер Акжолтойдон пириндей коркушат. Жайкы тынчтыкта карыган Аяз тынч, жамбаштап жатканды самап келатты. Акжолтой да ысык уйкуну…. Ысык уйкуну ал жаз келгенде дайыма сагынат. Акжолтой азыр да уйкуга мас болуп, өрт болуп баратканда, шылдыраган суунун үнүн укту. Анын сагынычын бир гана ушул шылдырап аккан суу билет. Аяз сууга жеткенде жаш кезинде дайым ууга чыкканда асынган мылтыгын ийнинен алып, көк чөптүн үстүнө койду. Шырдамалын, калпагын да. Кең көйнөгүн жеңдерин шашпай карысына түрдү да, суунун жээгине коомай олтуруп, жүзүн, колун жууду. Анан кочуштап суу ичти. Төмөн жакта сууга жата калып, ооналактап жаткан Акжолтойго караган жок. Бул алардын көнүмүш турмушу эле.

Экөө дагы ээрчишип жөнөштү. Үйлөрү тигил теректердин далдасында, дөбөнүн башында. Азыр үй көрүнгөн жок. Бир канча үйлөрдүн жаны менен басып, устаканадан өтүп, анан ошол түбөлүк кароолго турушкан теректери бар жолчого чыкканда гана көрүнөт. Тигине, кошунасы Абдынын ити үрө баштады. Адатындай кулак-мээни жеп ажылдайт. Баса калып жеп ийчүдөй атырылат, бирок, аны мойнундагы кыска чынжыры жерге чабат. Аны баатыр кылган ошол чынжыр. Анысы да кыска. Чынжыр болбосо канткениңди көрөт элек. Экөө мындай тиричиликтен уялышып, билмексенге сала өтүп кетишти.

Кумар окшошо ээрчишип келатышкан экөөнү көрөр замат самоорду эшикке көтөрүп чыгып, ичине суу куя баштады. Экөөнө карап, унчуккан жок. От жандырды. Аяз менен Акжолтой да унчугушкан жок. Бири асынган мылтыгын илгертен берки илген жерине илип, килейген бөтөлкөдө насвайды чакчасына толтура жамбаштап жата кетти. Экинчиси тышта, уктаарга жай издеп убараланды. Акжолтой уйку дегенде жаны жер тартьш баратты.

Аяз жамбаштаган калыбында сыры кетсе да, сыны кетпеген патефондун капкагын шашпай ачып, кулагын шашпай бурап, ийнесинин курч же мокогун колу менен шашпай сыйпалап көргөндөн кийин гана эски чыт баштыктын оозун дагы шашпай чечип, болгону жалгыз табакты сууруп чыкты да, табакты жеңи менен абайлап аарчый баштады. Шашкан жок. Акыры табакты койду да, кайрадан жамбаштады. Ыраактан келаткан добулбас менен чоордун үнү угулду. Бул Равелдин «Болеросу» эле.

Согуштан кийин ач карьппкырды тындым кылган жылы, колхоз ушул патефонду сыйлыкка беришкен. Жакшы эле берерин берип алышып, кайра оңтойсуз абалда кальппты. Табагын кошо бергенди унутуп коюптур… «Табагы жок патефон, сокбилеги жок сокудай кеп». Ушинтип сыйлыкты бергендер өздөрү айткан. Бирок, патефондун табагы өздөрүндө да, коңшу дүкөндө да жок болуп чыкты. Өзүңөр билесиңер, дайыма керектүү нерсе текке чыгып кетет. «Эми табылаар, ошондо алып беребиз?» деп турушканда дагы баягы сыйлыкты ойлоп тапкандардын бири райондогу дүкөндөн табакты көрүп калгандыгын айтты. «Көзү көргөндүн» баары эле чындык боло бербейт. Ошонтсе да ат чаптырмак болушту. Кашайып, райондун борбору алыс, он чакырым. Бечера жээрде кашка айгыр, бул кыргыздардын он чакырымы эмне экендигин барып келгенде билди.

Паровоздой бышылдап, денесинен ак көбүк бүркүп… Бригадир соорусунан таптагылап анан. «Эл үчүн өлбөйсүң», — деди да, колхоздун ат багарына таң ашыра байлап коюуга буйрук берди. Райондун дүкөнүндө «Болеродон» башка патефондун табагы жок экен.

Колхоздун клубуна чогулуп келген айылдын адамдары табакты койдуруп угушуп абдан жактырышты. Бирок, Аяз мергенчи бир караса, өзү угуп, жалгыз калыптыр. Ошондон бери өзү ушунтип жалгыз, жамбаштап жатып алып угат. Өзгөчө эртең менен жамбаштап жатып алып күү уккан сонун да… Табак ойноп бүттү. Аяз дагы баягыдай шашпай табакты баштыкка кайрадан салып, оозун бууп, патефонду жыйнаштырып жатканда кемпири алдына досторкон салып, самоорду көтөрүп келди.

— Жакшы күү… — Аяз бутунун эски оорусу күчөгөнүн ойлоп жатып, ушунтип айтты.

— Эми угуп жаткансып сүйлөйсүң, — деди кемпири.

Аяз менен Кумардын «кутмандуу күнү» ушул эки сөздөн башталат. Бул эки сөз экөөнүн кыскача өмүр баяндары десе да болот. Адат боюнча мындан кийин унчугушпайт. Чалы бир пияла чай ичип болгондон кийин, кемпири айыл ушактарын айтканга өтөт. Бул жолу кемпири салтты бузду. «Кемпирди кудай урду», деди Аяз ичинен.

— Жыйырма жылдан бери, кудайдын куттуу күнү жаргылчактай немеңди коёсуң да жатасың. Жадабайсыңбы, улам эле бир нерсе, улам эле бир нерсе…

— Жакшы күү, — деди Аяз, кошулгусу келбей.

— Жакшы. Тегеренип болгуча самоор да кайнап чыгат…

— Ээ-э, сен эмне түшүнөсүң.

— Ме-ен түшүнбөйм, ии-и, — деп кемпири кергичтенип кирди, — а сен түшүнөсүң. Баягыда кудалардыкында конокто жүрсөм бир айлык торпогубуз муунуп өлүп калыптыр эсиңдеби? А сен жаргылчагыңды коюп олтура берипсиң. Көп түшүнгөнүңдүн пайдасы ушулбу?

Уйку сураган Акжолтойдун чиренген бир буту чөп алачыктын түбүн бузуп кетти.

— Чиренбей жерге кир… Ушул талпак, — деди Акжолтойду көрсөтүп, — ушул таманы менен мешти оодарып салганда үч күн убара болгонум эсиңдеби?

— Билдим, кемпир, ар нерсенин башын бир чайбай, айтаарыңды айт эми…

— Эмнени айтмак элем, айта турган эч нерсе жок. — Кумар бир аз жибий түштү. — Биздикинде бары элдикиндей болбогонун ойлойсуң да… Кемпири дагы сураса айтайын деген үмүт менен токтоп калды. Аяз унчукпады.

— Кана айтчы, айылдагы кемпирлерден менин эмнем кем? Тойтук Майраш, же дүлөй Асылбүдөн бир жерим кемби?

Айт… кечээ экөө тең тоголок машинедеги дүкөндөн гүлдүү кара жүн жоолук сатып алышты…

— Ко-ош! — Аяз кемпиринин эмне эле кодулаганын билип, жайлана түштү. — Анан өзүң маасы сатып бер дебедиңби…

— Маасы тигилерде да бар…

— Болуптур, кемпир, жоолук болот.

— Болот сага, — Кумар табалап күлүп койду, — акыркы сомуңа дейре Абдыга берип коюп, эми тилемчиге окшоп турасың.

— Бекер берди дейсиңби, үй салып атпайбы. Берет…

— Ал зыкым берет сага, өлгөнчө күтөсүң. А көчмө дүкөн эртең кеткени жатат.

— Эмне кыл дейсиң?

— Абдыдан сура, мен башкалардан сурадым.

— Мен өзүм ага карызга бербедимби.

— Эми ал сага карызга берсин.

— Койсоңчу.

— Эмне кылыш керек? Тиги Тойтук Майраш менен дүлөй Асылбү жоолуктарын шамалга желбиретишип он жолу биздин үйдүн жанынан өтүштү. Эсептеп отурдум. Менин алардан эмнем кем? — Кумар кайгысынан башы айланып тантый баштаганын көрүп, Аяз аяп кетти. Ушу кезде Акжолтой да каргашадай болуп, сол жамбашынан оң жамбашына оодарылам деп алачыктын түбүн оңурайган тешик кылып койду.

— О, өлбөгөн тулуп, териң сыйрылгыр, — деди Кумар ачуусуна чыдабай. — Эми сен эле калдың эле. Кудайдын көзү сүйүнөт эле ушуну жардын башынан түртүп жиберсе… Же мектепке берчи, терисин сыйрып, кургатып алышсын…- Кумар үбөлүктү алып урмак болгондо Аяз шашып кетти. Бу дүйнөдө кемпирин токтото турган бир сөз барын ойлоп, абышка ошол сөздү таап айты:

— Жоолуктун жайын кудай алсын, болот…

*      *      *

Абды Кумар айткандай эле битин сыгып, канын жалаган сараң. Муну айылдагылардын баары билишет. Абды өзү да билет. Адегенде жердештери муну колго алмак болушуп, анан бир окуядан кийин таптакыр түңүлүштү. Бирөөлөр оозу кыйшык, же буту майрык болуп туулгандай, Абдынын сараңдыгы да тубаса экендигин бир ооздон айтышып, жөн коюшту.

Ал окуя мындай болду. Ар жылы күзүндө айыл аксакалдары бир дөбөгө чогулуп, аркы-беркилерди айтышьш, аягында шерне жегенге убадалашат. Тамак-аштын иши башка, ар кимиси ар базарда колунан келишинче конок күтүшөт. Ал эми шериненин кызыгы башка… Сөз менен чер жазышат. Сөз арасында тогуз коргол, упай ойношот.

Мына ошондой күндөрдүн биринде Абды карыяга келип: «Шернеңерге кошуп алгыла» деп суранды. Жаш деп каршы болушту карыялар. Мына ошондо аксакалдардан кимдир-бирөө колдоп чыкты (ким колдогонун ачык айтуу кыйын, анткени азыр муну эч кимиси моюндарына албай, «айткан эмеспиз» деп жүрүшөт). Бири: «Эт туураганга да кол керек, кошуп алалы» деп айтканда карыялар макул болушту.

Күндөр өтүп, Абдыга кезек келди

— Жакшы, — деди Абды сөздү алыстан баштап, — коноктуу үйдө — ырыскы. Силерден тамак айлансын, торпок союп берем. — Торпогуңду кой, — дешти бир балээнин кабарын сезишкен аксакалдар, — бизди беймаза кыласың, ким торпогуңду жеп түгөтөт. — Аксакалдар, мен муну жөн эле баарына макул экендигимди силер билсин деп айтып жатам. Эгер билгиңер келсе, шерне, шерне дейбиз, ушунубуз туурабы деги? Мени уят кыйнап балээ болду. Шерне — бул эски калдык, феодализмден калган адат. Кандай дейсиңер? А кайсы кылымда жашап жатканыбызды билесиңерби?..

Абды тилин «чык» дегизип, башын чайкап койду, абышкалар ойлонуп калышты. Анткени, баары феодализмде туулган эле. Ал жагын да, бул жагын да карап көрүштү. Ошондо эң аксакалы минтип айтты: «Сеники туура эмес, Абды». Ошол күндөн тартып Абды «Сараң атка конду. Эгер сынамакка кайсыл Абдысың? — деп сурап калсаң, жакшылыгына күлгөнсүп, «сараң» деп күлүп калат. Анткени айылдагы мындан башка чаар Абды, мугалим Абды дегендер бар. Ал күлбөгөңдө ким күлсүн, баягыдагы шернеге союп бербеген токтусу кийин эгиз тууп берген имиш…

Аяз Абдынын кашаасына жөлөнүп, оюн салган козуларга карап турду. «Көк деңиздин боюнда бир кемпир-чал жашаптыр» — деп ал айылдагы балдардын жомогун эстеди. Бу кемпирлерге түбүнөн дуба кеткен. Муну алып бер, тигини алып бер. Кечээ маасы десе, бүгүн жоолук. Жоолуктун жайын кудай алсын, бирок Абды «алтын балык» эмес. Абды жанында унчукпай турду.

— Мен сага, — деди Аяз.

— Кулак сизде, — деди Абды.

— Акча карызга бер?

— Мына кызык, — Абды чыны менен Аязга таң кала карады. — Мен сенден карызга албадымбы.

— Кичине эле, отуз сом берсең болот.

— Мына кызык.

— Менин кемпирим жоолук деп оолугуп жатат.

— Мына кызык.

— Эки-үч күндөн кийин кайра берем.

— Ой, сен өзүң мага карызга бербедиңби? — Абды өмүрүндө мындай таң калган эмес.

— А эмне дейсиң, мен сага үч жүз сом бергем, эми отуз сом сурап атам. Эки күндөн кийин кайра берем. Кемпир жанды койбой жатат, болбосо сурабайт элем.

— Мен аябайм, кааласаң баарын берем.

— Башты айландырбай сураганымды берчи, бай болгур.

— Башты мен айландырып жатамбы? Мына кызык.

— Бай болгур, башка сурар киши калбады, сен болсоң коңшумсуң.

— Үй салып жатканымды көрүп турбайсыңбы, — деп Абды шымы түрүлгөн шыйрагын көрсөттү.

— Билем… Абды, бай болгур, эгер мага ишенбесең, Акжолтойду эки күнгө барымтага калтырып кетем.

Абдынын таң калганын айта көрбө…

— Кой, айланайын! Сага акча берсем… анан дагы мага аюусун калтырат имиш. Мына кызык.

— Эгер ишенбесең деп жатам. Абды, акчасыз бул жерден өлсөм дагы кетпейм. Баары бир кемпирим үйгө киргизбейт…

— Түшүнүп жатам, сенин ордуңда мен болсом кемпиримди окутат элем…

Абды үйүнөн акча алып чыгып берди. Аяз мергенчи ыракмат айта автолавка турган жакка жөнөдү. Акжолтой да артынан кошо басты. Эмнегедир ындыны өчө экөөнү узата карап турган Абды кокусунан бир нерсени эстеди көрүнөт, шашыла кыйкырды:

— Эй-эй, токтогула!

Аяз элейип токтоп калды.

— Калтыр мага, аюуну калтырып кет.

*      *      *

Жоолук чынында жоолук дегендей эле бар экен. Чоң, ачык гүлдүү, жибек чачпактуу. «Кемпир бекеринен оолукпаган экен», — деди Аяз ичинен. Анан жоолукту көрүп ичинен кымыңдай түшкөн Кумарга:

— Ме, «ханыша», жоолугуңду ал. Кана, башыңа салчы, бир көрөйүн.

Мындайда аял киши жөн турабы… Баркут жаңы көйнөгүн, күмүш топчулуу кемзелин кийди, ашыкканынан кепичин бутуна коңултак салып, жаңы жоолугун башына байлады.

— Тим эле кызга окшоп калдың, — деди Аяз.

— Калжырабачы, — деди Кумар ыңгайсыздана.

— Өөдө басчы, а эми ылдый… Жакшы, жакшы, кемпир. Экөө алмак-салмак жоолукту карай беришип, көздөрү талыды. Күн чыгып, түш болгонун да элебей калышты. Кемпир көз кыйыгын жолдон алган жок. Майраш менен Асылбү жер жутуп кеткендей көрүнүшпөдү. Мындай кезде көрүнбөй калышат.

— Чал, — деди Кумар кадимкисиндей сүйлөөгө аракеттенип. — Майраштыкына барып, бир кайнатым чай сурап келейин.

— Барсаң бар, барганга жараша Асылбүдөн да сурап кел, ашык дөөлөт баш жарбайт.

Эртеси Аяз ишинен келатып, суунун боюна токтоду. Суунун шылдырына кулак тосо жүзүн чайкады. Анан адатынча жай басып, Абдынын кашаасынын жанынан өтүп, теректүү жолго жеткенде эмнегедир ичинин оңкулдаганын сезип токтоп калды. Эмнеге оңкулдаганын өзү билгеи жок. Жаш теректердин тынч гана шамалга шуудурап турушканы, тооктордун какылыктаганы угулду. Бардыгы өз жайында эле. Бирок, бир нерсе жетишпегендей ичи оңкулдап туруп алганынан Аяз кайрадан артына кайрылып, ошол «бир нерсени» эстегиси келгендей коңшусунун дайыма иреттүү короосун карады. Эстеди… Абдынын ити Аязды көргөндө куйругун шыйпандатып, оозун чоң ачып бир эстеп койду, тескери карап кетти. Көрсө, ушунун үрбөгөнүнө ичи оңкулдаган турбайбы. Аяз таң кала санын чапкылап койду.

— Үрбөйт. А эмне үчүн? Акжолтой жок.

Ал иттин үрбөгөнүнө да киши оңкулдай турганына таң калып, башын чайкагылап турганда жолдон аюу жетелеген Абды көрүндү. Акжолтой күшүлдөп-бышылдап, кабыгы жаңы ачылган жоон жыгачты сүйрөп келатты. Аяз утурлап басты.

— Абды, бул эмне кылганың? Ушул да жарайбы? — Аяздын үнүнөн зор таарыныч угулду.

— Эмне экен, көнсүн, — деди кыткылыктаган Абды.

— Мага окшоп кары болсо, а сен ушундай жыгачтарды сүйрөтөсүңбү? Өлүп калбайбы?..

— Өлбөйт. Көнүп кетет. Карабайсыңбы, канчаны ташыдык. — Абды жыйылган жыгачтарды көрсөттү.

— Бетиң жок экен, — деп Аяздын чындап ачуусу келди. — Бошот, бошот азыр. — Ал Акжолтойго басып келип, аны бошото баштаганда Абды колдон кармай калды.

— Эй, абышка, эсиңе кел. Мен бул жырткычты сенден сатып албадымбы? Сатып алдым. Эми бул меники, а сен эмнеге кийлигишесиң дейм да?..

— Эмне дейт? Мен сага саткан эмесмин, сен кантип сатып аласың?

— Саткан эмесмин? А жоолук эмне, асмандан желбиреп өзү түштүбү?

— Мен карызга алдым. Эртең берем.

— Мага эч нерсенин кереги жок. Мен бир жолу сатып алдым. Мен үй салып атам, а бул мага жакшы жардамчы, мурдунун суусун тарта албаган балдарым бар, алар эмнеге жарайт дейсиң?

— Жарайбы, же жарабайбы, менин иним жок. Акжолтойду бошот азыр…

— Интересно…

— Сага ин-те-рес-но имиш, бошот азыр, болбосо бул кылыгыңды бүт элге жаям.

— Эй, абышка, мен буурул сакалыңды сыйлайм, а аюуну башыңды ташка урсаң да бербейм. Аюу меники, мен сатып алдым.

— Абды, жакшылыкча айтам, Акжолтойду бергин, — деди мылтыгын колуна алган Аяз. — Абды каткырып күлдү.

— Кана-кана, атып көр. Мылтыгың чымчык аткандан башкага жарабайт. Тигине, чымчыктар ойноп жүрүшөт, ошолорду ат.

Абды башын чайкады да, Аязга боору ооругандай үшкүрүп, аюуну дагы жетелеп жөнөдү. Аяз эмне кылаарын билбей, турган жеринде каткан боюнча калды. Качан жанынан араба өткөндө гана эсине келди. Арабага Акжолтой кошулган эле. Тентектиги бу ааламда жок Абдынын жети жашар баласы Акжолтойду башка-көзгө шыбатып, суу ташыганы баратты…

*      *      *

Көңүлү суз Аяз алачыгынд «Болеро» угуп жатты. Абды менен сүйлөшкөндөн кийин көкүрөгүнөн муң, көңүлүнөн чер кетпей койду. «Бети жок, — деди Аяз, — эми Акжолтойду бир жолу өлтүрөт. Ыймансыз, ушунусун баарын билип туруп кылганын айт. Ушунун неге мурун ойлободум экен. Айбан болсо да эми Акжолтойдун жүзүн кантип карайм», — деп кейиди. Көптөн бери мындай абалга дуушар боло элек эле. Качандыр бир жолу ушул эле Акжолтойдон улам ушундай абалда болгон. Аюуну тоого алып барып карагайлуу токойдун арасына коё берүүнү чечти. Бир-бирине жедеп көнүшүп, жыты сиңишип калса да Аяз ошонтти.Экөөнүн жанаша отургандары коштошкон эсеп болуп, анан Аяз шарт бурулуп баса берген. Акжолтойго бир жолу да кылчайып караган эмес. Айбан да болсо адамга көнүп калган эле. Эми болор иш болгонун ойлоп, бирок унута албай, Аяз ошол күнү керээли-кечке үңкүйүп, бир ордунан жылбай, оозунан бир ооз сөз чыгарган эмес. Эртеси саар менен ойгонуп өз көзүнө өзү ишенбеди. Акжолтой адатынча бала бөлөнгөн бешикти кайтарып, алачыкта олтурат. Кемпири аюуну жерден алып көргө салганы менен бешикти кайтарганына ичи жылып калчу. Анткени Акжолтой кайтарганда баласы жакшы уктай турган. Мындай кезде кичине жибий түшүп: «майрыйган талпак десе» деп («чырагым» же «кубатым» дегендей) айта турган. Ошентип Акжолтой койдон жоош болуп, бешиктин жанында кайтарып отурганын көрүп, Аяз өз көзүнө ишене бербей, бирок, түбү ушундай болорун билгендей, сөз айтмак турсун кирпигин да кыймылдатпаган бойдон, сол жамбашынан оң жамбашына оодарылып, бар болгону кайра уктап кеткен.

Азыр ошону эстеп Аяздын жүрөгү ого бетер ачышты. Кемпири акырын келип кур айланган табакты патефондон алып койду.

— Жакшы күү,— деди Кумар кошомат кылгысы келип, бирок далысынан көзөй караган жаман көздү сезип, чайын төгүп ала жаздады.

— Обону жакшы, узак, дайыма айланып бүткөнчө самоор кайнап чыгат…

— Сен ташты түшүнөсүңбү,— сиркеси суу көтөрбөй турган Аяз ачуусун кемпиринен чыгарды. — Болуптур, Абды сараң, башка, башка бирөө бирөөчүлүгүн кылбай койбойт. А сени өз деп. Ушунуп баары сенин айыңан. Акжолтой азап чегип жатат, тирүү жан… Жоолуксуз өлө тургансып…

— Мен жалгыз бекем,— деп тайсалдады Кумар.— Майраш деле Асылбү…

— Бас жаагыңды! Ушу силерди төбөңөрдөн чагылган эмнеге урбайт.

— Абышка…

— Эмне абышка?

— Талпак үчүн…

— Ажыдаар, жезкемпир!.. Ал талпак эмес, тирүү жан. Эми ал жокто мага иттер да кишисинтип үрбөй калышты. Уулуң аскерден келсин, баарын айтып берем.

Кумар жооп айткысы келди эле, ал ооз ачырган жок.

— Болду, патийпонду коюп кой.

*      *      *

Кечкурун Аяз коңшусуна эчкисин сүйрөп жөнөдү. Ооба, Кумарды каратып туруп сүйрөгөн бойдон кетти. Кайра бир сааттан кийин эчкини сүйрөп өзү келди. Ал мындай болду. Абды сараң коркконунан көздөрү чанагынан чыккан эчкиге бир карап алып, боору ооругандай башын чайкады.

— Сенин акылың ордундабы деги? Мага эчкинин эмне кереги бар, мага эчкинин кереги жок.

— Мен сага акчаңды да берем, бул үстөк… — Аяз токтоо болууга аракеттенди. Акжолтой аңдын ичинде саман кошулган ылай бышырып жүргөн эле. Абды менен Акжолтой ээрчишип алып ылай тебелеп жатышты. Акжолтой кээде эки буттай, кээде төрт буттай калат, кирпигинен өйдө ылай.

— Мага акчанын да, эчкинин да кереги жок. Мага аюу керек, көрдүңбү, ылайды кантип бышырганын.

— Эчкини сатып, кыш аласың.

— Кызыксың, а сууну ким ташыйт, жыгачты ким ташыйт. Тоодон бир чөмөлө чөп оруп койдум, ташыганга унаа жок…

— Абды, кудайдан корксоң, эчкини алып, аюуну бер, сенден сакалдуу башым менен суранам. Мени сыйлабасаң, атаңдын арбагын сыйла, экөөбүз дос элек…

— Атабыз жакшы адам эле,— деп Абды ылай тепсегенин да жооткотуп кыялданып кирсе болобу…

— Бала атасын тартат деген да чын. — Аяз башын ийкегиледи.

— Жакшы, бирок жолу жок, —деди Абды.

— Бу да туура, жолу жок эле, — деди Аяз макул болуп.— Эсимде бир жолу ууга ээрчитип ала барып, чийки май жегендей болгом, майпалаңдап баарын үркүткөн. Мен ошого ачууланды дейсиңби, кайра табылгамды бөлүшкөм…

— Жолсуз түгөт, мага жай турмак чычкак улак калтырган жок. Баарын мына бу колдорум менен өзүм жыйдым. Минтип үйдү да салып жатам…

— Абды, макул де, атаң Барпы маймактын арбагы үчүн…

— Жок, абышка, атабыз жакшысы жакшы адам эле, бирок аюуну бербейм. Эчки да малбы, дыйкан кишиге душман, бары-жокту жеп, кажып түгөтөт, чырпык койбойт.

— Бул койоозунан чөп албаган эчки…

— Сен эмне муну мага келин кылып бере тургансып мактайсың, ушу тоодой аюуга чыпалактай эчкиби?! Жок, бербейм дедим, бербейм.

Абышка ошентип үйүнө өзү кайтып, эчкини коё берип, жибин алачыктын башына ыргытып коюп турган кези эле.

— Чай ичерсиң? — деди Кумар.

— Чайыңды өзүң ич, жез тумшук. Сениби сени, жети баштуу желмогуз. Уктуңбу, тоодой аюуга, тырмактай эчкини албайм дейт… Уктуңбу дейм? А кайдан табам андай эчкини? Колунун кирин соргон сараң десе. Баары жомоктогудай. Сараңы да бар, жети баштуу желмогузу да бар, тобо…

Түндөсү абышка бир убакка дейре айдын чыгышын күтүп алачыгында ойгоо жатты. Жалгыз аяк жолду ымыркай ай эптеп жарык кылып турду. Аяз Акжолтойду көргөнү жөнөдү. Абды аюуну кышында уйларын камаган сарайына байлап салган. Уйкана жоон жыгачтардан кыналып, төбөсү шифер менен жабылган эле. Жыгачтардын аралары кол батым гана. Аяз акырга байланган Акжолтойду чакырды.

— Акжолтой, Акжолтой, мен келдим.

Чынжыр шагырап, ит ажылдап үрүп кирди. Бир терезеден чырак жанды. Кыймылдап ачылган каалгадан караан көрүндү. Терезеден түшкөн жарык иттин уясына түшүп турду. Кайра чырак өчкөндөн кийин короонун ичи жымжырт, караңгы боло түштү. Аяз Акжолтойго өзүнүн иттигин айтып, Абдынын иттигин айтып, бошотуп жиберерин айтып жатты. А Акжолтой уккан жок, оор уйкуда жатты.

— Чарчаптыр, байкушум,— деди Аяз өзүнчө шыбырап, уктасын, туруп турайын… Аяз кашаанын түбүндө туруп таң атырды.

Кемпири таң агарып, жылдыздар өчө баштаганда аны ошерден таап ойготту.

— Тур, чал, — деди Кумар, — жаныңы кыйнаба, мен бир нерсе ойлоп таптым.

— Эмне дагы, жез тумшук?.. — Аяз чала уйкуда башын көтөрө албай жатты.

— Жүр. — Кумар башка сөз айткан жок. Үйгө келгенде да сырын ичине катып, акырын «бысмылда», о, алла, өзүң, жардам бере көр»,— деп уйду кактап саады.

— Дагы эмне ойлоп тапты? — деди Аяз өзүнчө.

Уйду саап болуп, чаканы алманын бутагына илип койгондон кийин, Кумар абышкасынын колуна таягын карматты. Уйду короодон айдап чыгып, «артыман бас» дегендей ишаарат кылды.

— Эй, эмне ойлоп таптың? — деди Аяз ордунан жылгысы келбей. Кумар унчукпады.

— Мен сенден сурап жатам.

— Айда,— деди Кумар,— айдай бер. Мен түн бою уктаган жокмун. Чын эле тиги талпагыңдай эчкини кайдан табасың. Андай эчки жок.

Аяз эмне кылаарын билбей токтой калды.

— Сен уйду бергени жатасыңбы? Мээңе таш тийдиби сенин а?

Кумар токтогон жок.

— Эй, мен сага айтып жатам. Болду, артка кайт! – Аяз сөлпөңдөп кемпирин кууп жетти.

— Сен саабайсың, сенин уюң эмес, өзүм билем…

— Алжыба… Ую жок кантебиз анан?

— Уй табылат, а аюуну кайдан сатып аласың? Тиги сараңдан карызынды өндүр, базардан тандап туруп бир уй сатып алабыз. Көптөн бери ушу соргоктон кутула албай жүрдүм эле, бас!

Кемпири бүт турушу менен айтканынан кайтпай турганын Аяз үнүнөн билип койду.

— Таргылыңды менден жакшы көрчү элең дейм да…

— Эми алым-сабак айтышпа. Мен түн бою уктаган жокмун, — кемпиринин үнү калтырабай чыкканын көрүп, Аяз ичинен баш ийди.

Айыл дале кызуу уйкуда эле. Абды да уктап жатты. Чынжырда байлануу ити гана бир жак көзүн ачып, тааныш кишилерди көрдү да, куш уйкуга кирди. Кумар кирип уйду акырга байлады да, Акжолтойду жетелеп чыкты. Акжолтой кетип баратып тонун кийинген чалга окшоп, тайтаңдап Аяз менен кучакташып көрүштү. Акжолтойдун балпайган кучагына кысылган Аяз кемпиринен жашырып көзүн сүрттү.

— Кой, Акжолтой, торпоктой телинбе… — Аяз ылай жабышып калган шалпак кулагынан сылагылады. Кумар тамшанып койду.

— Эркек болбой кал десе… Кеттик…

Үчөө ээрчишип жөнөштү.

— Эми күлкү болот,— деди кемпири жылмайымыш болуп, сараң уйду көрүп алып өз көзүнө өзү ишенбей жатсын. «Аюу музоолоп, бир түндө уй болуп калды»,— деп айтат. Көрүп турарсың, биздин таргылды таанып турса да, ушинтип айтаары бышык.

— Тааныйт, кайтарып берет да…

— Жүрөгүм сезип турат, бербейт…

— Ой сен ыйлап атасыңбы?

— Ушуга ыйлап жинди болуптурмунбу… Соргоктон кутула албай жүргөм. Саагандан да чарчадым, жаным тынсын.

Үйгө жакындашканда абышкасынын көңүлүн бир жолу тындыргысы келип дагы минтип айтты: — Сен билбейсиң, биздин уйдун эмчегинин үрптөрү таштай катуу. Сараңдын катыны азабын жеп жатсын.

— Азап жесин дечи?

— Азап жесин.

— Башка уй алабыз, жакшыраак…

— Уй көп, а Акжолтой болсо бирөө. — Кумар ушинтип айтты да самоор коё баштады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.