АҢГЕМЕ

Айылдан станцияга кеткен жол, эриген кардан улам  баткак-чыла. Эки найзанын боюндай көтөрүлгөн күн, талааларды чулгаган кар үстүндө жылтылдап, көздү ачыштырып тийүүдө, ал эми жолдогу кирденген суу топтомдорун көрксүз сары өңгө айлантты.

Чоң, алты кат желим  өтүгүн жылаңайлак буттарына кийген кичинекей Хасан, оң колуна кармаган челекти эс алганча  араңдан араң сүдүрөп келе жатты. Кээде сол колундагы цинктен жасалган кружканы жерге ыргытып колун  ачыштырбагыдай  иш жасагысы келди. Оозуна чейин айран толгон челектин кыры ар кадам аттаганда  тизесине тийип сыздатып, чыканагына чейин жеткен сабы колунан түшүп, тоголонуп кетчүдөй. Бут кийиминин арт жагы алжайып сыртты көздөй ийилген — тытык, баланын согончогу, бут кийимдин такасына эмес, түздөн-түз баткакты тебелеп жатты.

Жайы-кышы каттоого мажбур болгон эки сааттык жол узарып кеткендей… Жолдун так жарымында өскөн мажүрүм тал тумандуу горизонтто жайгашкан.

Кичинекей Хасан жылдар боюу көрүп жүргөн көрүнүшкө алгачкы жолу карагандай карады. Кургак саздын ичинен чөп өспөгөн жерди оюп басып, жанына келгенде гана көрүнгөн төрт кадамдык жоондуктагы арыкка жакын коюлган жыгач тахта көпүрө сынаарына аз калган.

Жогору жакта бираз кыйгачынан дөңчөгө бет маңдай жайгашкан тегирмендин дуулдаган үнү угулган жок. Кыштын күнү үч күн иштесе, беш күн иштетишпейт, эшигинин алдындагы жалбырактары күбүлгөн, үч түп мажүрүм тал экөөнү ташталган керексиз буюмдай элестетти.

Кичинекей Хасан эч нерсе ойлонбостон кадамын арыштатты. Үйүндө төрт көз менен күткөн эки кичинекей бөбөгүн, шаардын борборунда жалданып иштеген апасын да ойлогон жок. Айранын сатып, сата албай калуусу да оюна келбеди. Мээсинде жалгыз гана бир ой: бул жолду  кайра басып өтүү, үйүнө кайтуу…

Буркурап ыйлагысы келди, улутунду. Кружка кармаган сол  колунун үстүңкү туурулган жагы менен мурдун арчыды. Алды жагын  караганда станцияга жакындаганын көрдү.

Эки тарабы жылаңач тоолор менен курчалган бул узундан-узун саздактын так ортосунда жападан жалгыз турган, тегерегиндеги жалбыраксыз ак кайыңдар менен дагы да суук көрүнгөн имарат, ал жерге байкоосуздан түшкөн ташты элестетет. Күнүнө эки жолу өткөн почта троллейбусу  кандай кунарсыз жерде турамын деп таңыркагандай көрүнөт, бир нече мүнөт тургандан кийин жолун улайт, жүрүп баратканда чыгарган дуңулдаган үнүндө кубанычтуу коштоошу сезими бар.

Кичинекей Хасан станциянын такта менен карышталып өлчөнгөн чек арасына жеткенде бираз эс алды, андан кийин кайрадан карышталган тактаны аралап ичкери кирди.

Станция имараты менен тосмонун ортосундагы төрт-беш кадам жоондуктагы жерде, чыпталарынын үстүндө олтурган эки айылдык, капоттун ичинде бүрүшүп, дубалга жабышкан аскерден башка эч ким жок экен. Бул жер троллейбус токтогон учурда ашпозчу, тамак-аш  сатуучулар, жер-жемиш саткандарга толтурулган чоң станциялардан эмес. Бирок жайында жакын кыштактардан кара өрүк, коон, дарбыз саткан беш-он соодагер келгенде бул жер жандана түшөт. Кышкысын кичинекей Хасан үч-төрт күндө бир жолу кичинекей кутуда кышкы алмурут саткан чолок, анан бир кыштактан карыган абышка келет, башка эч ким келбейт. Поезд келгенде тоскоол болду деген өң менен станциянын мүдүрү иши бүтүп бүтө электе дароо кабинетине кирип кетет, бүтүн күнүн он жылдык аккумуляторлуу радиосундан эч болбосо бир үн чыгара билүү  үчүн жадабастан алектенет.

Бүгүн кышкы алмурут саткан кыштактык да көрүнбөйт. Кичинекей Хасан кружканы жерге коюп, тосмолорду карап катып калды. Күнүгө жүздөгөн адамды билген жеринен билбеген жерине жеткирген узундан-узун, чексиздей көрүнгөн темир жолдун ортосунда, келип-кеткен локомотивтерден калган кара майдын тактары көрүнөт.

Катуу ышкырыктын үнүнө чочуп кетти. Станцияга келген поезд келгенин ышкырып кабар берет. Локомотив так май тактарынын үстүнө келип токтоду. Кичинекей Хасан челекти жана кружканы жерден алып поезддин жанында чуркап, башын терезе жактарга кадап:

— Айран, айран, жаңы айран,- деп кыйкыра баштады.

“Жайкы ысыкта муздак айран» деп айтаар эле, ушул суук абада айран сөзүнүн алдында муздак деген сөз кошо айтылгандай угулат. Эч кимге бурулуп карабайт. Поезддин бардык терезелери жабык, ачык калган бир-эки терезеде да боёлгон чач, жүндөн өрүлгөн жемпир кийген аялдар олтурат.

Кичинекей Хасандын көздөрү жабылуу терезелерди тиктейт, анткени алардын арасында калай кружкадан айран иче турган адамдарды, айылдыктарды, соодагерлерди, уруксат алып келген аскерлерди, кыскасы, айран иче турган кишилерди издеп жатты.

Бир башынан экинчи башына үч жолу чуркады. Челектин курч кыры буттарына тийип ачыштырат, бирок ал күлүмсүрөп:

«Жаңы, таза айран» дегенин улантат.

Төрт чыны, эч болбосо төрт чыны айран сата алганда…Такыр болбоду дегенде үйүнө бир даана нан алып бармак. Анын келишин төрт көз менен күтүп, ачка алсырап жаткан  кичинекей эки бөбөгү Хасандын көздөрүнө тасмадай тартыла түшөт, кайрадан:

«Таза айран…айран»…

Апасы жалданып иштеген жерден жумасына бир жолу, бир канча саатка гана келет. Келе жатканда бираз жупка, бир нече пияз, кээде бир чыны кыям ала келет. Бирок, булар үч даана ач ашказанга эки күнгө да жетпейт…Ошондуктан андан кийинки эки бөбөгүн тойгозуу вазыйпасы кичинекей Хасанга жүктөлөт. Эки жана беш жашындагы эки арык наристенин иши күн тийбеген үйдө колдоруна эмне тийсе жегенди гана билишет. Кичинекей Хасан күнүгө айран жасай турган катыкты алардын колу жетпеген, көрбөгөн дубал менен каалганын биргелешкен жериндеги бурчка бекитүүгө мажбур, күнүгө айран сатуу үчүн станцияга кеткен убагында бул эки ач ашказандын жанында калган ач карыган эчкини жеп алышабы деп коркот.

Көбүнчө колтугунун алдына сактап келген кара нанды ортого коюп айран куюш үчүн чыны алгыча ошол балчыктай болгон нанды көрбөй калчу. Ошондой убакта өзү бир кручжа айран ичип, ачкалыктан көнгөн ашказанынын курулдаганына көңүл бурбастан эски постектин үстүндө жаткан бир туугандарынын жанына тамтыгы чыгып айрылган, кирдеп майланышкан жуурканды жамынып жатат.

Аны коркуткан нерсе кудуктай шимиген, эч тоюуну билбеген бөбөктөрүнүн ашказаны эмес, эч нерсе сата албай үйгө бош келгенде бул эки арбайган бөбөгүнүн заардуу күйгөн, каар менен караган көздөрүн эстегенде денеси титирейт. Азыр да бул коркунучтан улам үнүнүн болушунча кыйкырды:

— Айран…Айран!..

Поезддин үчүнчү катарындагы вагондун терезеси ачылды, узун бойлуу, далылуу,  чыйралган муруттуу бир баш:

— Бир кружка берчи, көрөлү,- деди.

Кичинекей Хасан кружканы калтырап узатты. Адам кичинекей көздөрүн кружкага кадап, рахаттанып ичип,  суюк айран муруттарынын учунан жакасыз көйнөгүнө тамчылоодо.

Кружканы берип жатып,

— Дагы бирди бер,- деди.

Аны да ичип бүтөрү менен чөнтөгүнөн он тыйын алып жерге ыргытты да:

— Бер, беш тыйын!..

Кичинекей Хасан:

— Жок да! — деп эки жакты тиктеди. Ал жерде станция мүдүрүнөн  башка эч ким жок эле. Ал дагы кар жаай баштаганынан ичкери кирип поезддин кетишин күтүп жаткан. Бала кружкасын жерге таштап, ага чуркап барды:

— Майдалап берчи… — деди.

Мүдүр артына карабастан, поезддин жүрүү кнопкасын басты.

Поезддин ичиндеги узун бойлуу адам колун жаңсады:

— Кел бери, жигит, — деп чакырды. Бала ал жакка чуркады. Терезедеги адам:

— Берсең он тыйынды…

Бала дароо акчаны берди. Поезд акырын жүрүп жаткан. Адам кайрадан тыйынды чөнтөгүнө салгандан кийин, амалсыз коштошуу менен:

— Беш тыйыным жок, эмне кылайын,- деп башын чайкады.

Вагон кичинекей Хасандан беш-алты метр узады. Узун бойлуу адам:

— Эй, бала кечир,- деди. Кичинекей Хасан эч нерсе түшүнбөй тиктеген бойдон кала берди. Поезд катуулап алыстады. Узун бойлуу адамдын үнү угулду: —  Акыңды адал кыл…

Кичинекей Хасан бир нерселер мыңкылдады. Жерден кружкасын алып станциянын кар түшпөгөн бурчуна көмкөрөсүнөн жыгылды.

Кар абдан катуу жаай баштады. Кичинекей Хасан үйгө нансыз кайткандан көрө кечки поездди күтүүнү ойлонду.

Сууктан тоңгон колдорун ушалап, апасы эчки жүнүнөн тигип берген тумагынын алдындагы чачын тырмай баштады. Шамал көздөрүнөн жаш агызып, көк көздөрүн каптаган кирпиктерин чылпактатты.

Кечке чейин ушул бурчта күттү. Кээде ордунан туруп тизесин ушалап, кайрадан жерге олтуруп мээсиндеги тумандуу боштукка үңүлдү. Ойлонууга, кыялданууга эч мүмкүн болбогон убакта, ушул боштук ага өтө керек эс алуу эле. Бир нече жолу апасын эстеди. Анын ыйлаган жүзүн көргөндөй болду. Үч кичинекей баласын топурак тамга таштап башка бир кыштакта, бирөөлөрдүн кол алдында бир тилим тамак үчүн  иштеп жүргөн аялга өзгөчө мээрим төгөт. Ушундан улам бөбөктөрүн тойгузуу вазыйпасын апасына жардам берүү үчүн жүктөнгөн.

Үйдөгү ачка эки макулук жумасына бир жолу келген байкуш аялды ошол жек көрүүгө курчалган көздөр менен тосуп алышат. Аял алып келген булгурдан майсыз тамак жасагандан кийин , үн- сөзсүз бышактап, үйдү бир сыйра жыйнап, кээде эч нерсе сүйлөбөстөн кечинде чыгып кетээр эле. Кичинекей Хасан атасы, туугандары туралуу эч кандай сөз уга алган жок апасынан… өзү деле эч кызыкпады. Жашоону станцияда айран сатып, бөбөктөрүн багуу деп ойлончу. Ушундан улам да дайыма ичинде бир коркунучу бар эле: Апам дагы күндөрдүн бир күнү үйгө келип бир канча күн жатып, кыңылдап  дагы бирөөнү тууп, он-он беш күндөн кийин анысын да мага таштап кетсечи!.. деп ойлончу… бул жаңы конокту да тойгозуу керек да. Кошуналар да алардын үйүнөн алыс болууну тандашат. Каалганы эч качан эч ким такылдаткан эмес. Жашоо мурункудан да оорлошуп, Хасан да сүтү азайган карыган эчкинин жардамы менен бул күрөштү жеңүүгө бел байламак. Бош болгон убакта эчкини оттотуп, кардуу абада өзөн боюнда, бир карыштан кыска кургак чөптү жулуп жаныбарга жедирүү менен өткөрмөк.

Жайында иштер оор эмес. Таң эрте салкында станцияга чыкса чарчабайт, дароо бардык айранды сатат. Чөнтөгүнө толтурган акчалар, аны сүйүндүргөн нерсе, үйгө кайтканда жүгү жеңил болуусу.

Таңкы поезд менен келгендерге бардык айранын сатып түгөтө албаса, кечкиге калчу. Аткени станцияга эгин алып келген айылдыктар түшкүсүн нан жеп жатканда чакадагы айранды түгөтүшөт. Кечки поезд төрт жарымда келгендиктен жайындасы кечке калбай үйгө эрте кайтат. Бирок бүгүн поездин келишине жарым саат калганда станцияны коркунучтуу караңгылык каптады. Бороондо, карангы туманда үйүнө кайтаарын ойлоп бүткүл денеси калтырады, дароо кайткысы келди. Дал ушул учурда станция башчысы сыртка чыгып поезд келе жатканын кабарлады. Поездин станцияга токтоп кайра кетиши өтө тез болду.

Кичинекей Хасан бууланган жабык терезелерден сөлөкөттөрү көрүнгөн адамдарга карап:

— Айран, таза айран,- деп үнүнүн жетишинче бакырды, оор челектин эки кыры буттарына тийип, карлар кыйкыруу үчүн ачкан оозуна кирип жатты. Вагондун терезелеринен жердеги суу топтомун жаркыраткан төрт бурчтук формасындагы жарык чачылып алыстап баратканда кичинекей Хасан челектин ичине көз салды да такталуу каалганы түртүп ачып, кыштакка жөнөдү. Караңгылыкка көнө элек көздөрүнө кардын бүртүктөрү кирип жатты.  Челектин ичиндеги айран ар бир кадамында чайпалып, кызыктай үндөрдү чыгарып жатты.  Акырындан сыртынан үшүткөн ызгаар Хасанды титирете баштады. Эч нерсени сезбестен, ойлонбостон айбан сыңар көнгөн жолуна түштү.

Токойдун ичине кирген сайын таманы менен челектин ичиндеги айрандын үнүнө башка үндөр аралашты. Алыстан кээ бир жаныбарлардын уңулдаган үндөрү угулду. Коркуп титирей баштады. Кадамдарын тездетип, бирок буттары чалыштап баратты. Сууктан тонгон буттары челектин кыры тийген сайын сыздай берди. Караңгылык, жүзүн чымчыган кар, шамал, тизесине чачыраган баткак жана угулган үндөрдөн коркту. Ачкачылыгын,   арык бир туугандарынын коркунучтуу тиктеген көздөрүн, чарчаганын унутуп да калды.  Үйгө жетүү, оттогу күйгөн отундун бөлүгү менен жаркыраган топурактуу тамга кирүү, бир бурчка жашынууну каалады. Жөн гана төрт дубалдын ичинде болууну самады… Бул терең караңгылыктан, ушул үндөрдөн качкысы келди…

Бут кийимдери баткакта калган… Жылаңайлак  чуркап келатты.  Чайпалган челектен башы-көзүнө,  жерге айран чачырап жатты. Бири-бирине калтырап тийген тиштеринен маанисиз коркунучтуу үндөр чыгууда.

Алыстагы айбандардын үнү барган сайын жакындап жаткандай сезилди. Жарым жолдогу кургак мажүрүм тал дарагын жаңы эле басып өттү. Алайган көздөрү менен  караңгылыкты тешип кетчүдөй алдын карайт. Эч нерсе көргөн жок. Аба ачык болгон түндөрдө деле  көрүнбөгөн кыштак, жетүү мүмкүн болбогон жерге айланды. Бир жерге камалгандай,  кача турган жер калбагандай өзүн жырткыч айбан сыңары сезди катуу коркту. Колундагы челекти,  кружканы ыргытып чуркап, тамагынан түшүнүксүз үндөр чыгарып чуркады. Ал үндөр,  кээде:

— Апа… Апа!- дегендей болот,  — А…А…Ааах -А… А… Аа-ах — деп караңгылыкка сүнгүдү.

Жырткычтардын үндөрү да жакындап,  жол ортосунда кардын арасынан кээ бир карарган караандар көрүнүп көрүнбөй караңгылыкка карышууда. Кичинекей Хасан тизелеринин иштебей калганын сезди. Коркуу бүт денесин ээлеп алды. Жылаңайлак буттары муздак чыланы ар бир басканында чыккан үн, далысына камчы тийгендей сыздатып,  коркуусун арттырды. Тамагына бир нерсе такалып калган. Жарылган колдору менен көзүн аарчып, жогору караарда тизесинин үстүнө тоголонуп түштү. Турду, бирок беш-алты кадамдагандан кийин кайрадан жыгылды. Тамагынан чыккан үн да коркунучтуу чыкты.

— Апа… Апа!..- дегенде үнү барган сайын жакындаган, кардын үстүндө сыйгаланган тегерегинде топтолгон айбандардын үндөрүнөн айырмасыз эле.  Бүгүлгөн абалда жолдун баткагынын үстүндө,  денесин кар бүртүктөрү жаап, ал дале болсо бири — бирине тийген тиштеринин ортосунан:

— Апа… Апакем… Апа!- деп мыңылдаганын улантты.  Бул убакта бир канча арыш жогоруда үйлөрүнүн жыгач каалгасынын артында, шамалдын үнүн уккан Хасанды күткөн, эки бир тууган ага окшош коркуу менен титиреп, кыштактын тегерегинде жүргөн карышкырлардын үнүн уккан сайын,  бири- бирин кучактап ыйлап жатышты.

1938

Түрк тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.