Армян элинин алакандай жомоктору

Бүтүн зайып Бир дыйкандын эки колуктусу болуптур. Бул үчүн ал соттук суракка алынат. Сот сурайт: – Мындай кылмыш кылууга сени эмне түрттү? – Урматтуу сот, мен муну кылмыш деп санабайм, эмне экен, – деди дыйкан. – Менин эки эмес, бир эле зайыбым бар. Зайып деген эмне? Ал – адамдын жарымысы. Муну ким билбейт? Айтылат ко – “менин теңим“ же “менин жарымым” деп. Ошон үчүн бүтүн болсун деп эки катын алгамын, – деген экен. Падыша Ичи заар, жалкоо балага айтышар эле: […]

Василий Бартольд: Караханилер[1]

Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн. Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан. Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн ал-Асирде айтылган бир уламыш боюнча исламды биринчи болуп Шабук (же Сатук) Кара-хакан алган, анын түшүндө ага асмандан киши түшүп келген жана ага […]

Редьярд Киплинг: Лиспет

АҢГЕМЕ Англис жазуучусу, акын жана новеллист. 1865-жылы Мумбаиде (Бомбей, Индия) төрөлүп, 1936-жылы Лондондо каза болгон. “Жунгли китеби”, Ким” жана башка көптөгөн аңгемелердин, поэтикалык чыгармалардын автору. 1907-жылы Нобелдик сыйлыкка татыктуу болгон. Сүйүүмдү өлтүрдүңөр! Эми мага шул кудайга сыйын деп айтпагыла! Үчтө бирөө? Бирде үчөөбү? Ишенбейм! Кайттым кайра өзүмдүн кудайыма. Сүйүүмө тоскоол болгон Христос жана Үчтүкө караганда. Кубат берет кайрадан алар мага. Ал кыз тоолуктардын кызы эле — атасы Соно энеси Жаде болчу. Ошол жылы жүгөрү өнбөй, Котгархдан алыс эмес, Сатледжа өрөөнүндөгү […]