Бүтүн зайып

Бир дыйкандын эки колуктусу болуптур. Бул үчүн ал соттук суракка алынат. Сот сурайт:

– Мындай кылмыш кылууга сени эмне түрттү?

– Урматтуу сот, мен муну кылмыш деп санабайм, эмне экен, – деди дыйкан. – Менин эки эмес, бир эле зайыбым бар. Зайып деген эмне? Ал – адамдын жарымысы. Муну ким билбейт? Айтылат ко – “менин теңим“ же “менин жарымым” деп. Ошон үчүн бүтүн болсун деп эки катын алгамын, – деген экен.

Падыша

Ичи заар, жалкоо балага айтышар эле:

– Ой, ой, сен адам деле болбойсуң!

Жылдар өттү, а баягы бала падыша болуп калбаспы. Ооба, ишенип койгула. Анан ал бир күнү келип айтканы:

– Көрдүңөрбү… айтчу элеңер…

Тигилер көнбөдү:

– “Сени падыша болбойт” деп айткан эмеспиз, “адам болбойт!” дегенбиз.

Муратыңа жеттиң

– Апкетти, кокуй, карма! – кожоюн малайына кыйкырды.

Малайы ууруну кууп жетти.

– Мен сени кармай албай калайын, кач, жашын! Менин кожоюнум деле сен сыяктуу ууру.

Малай кайтып келгенде кожосу:

– Э жарыбагыр, ууруну кармаганга да жарабадыңбы?! – деди нааразы болуп.

Ошондо малайы жооп кайтарган экен:

– Сен өз муратыңа жеттиң. Уурдап-уурдап токтодуң. А ууру жанын сактап качып кетти, анан ага жетиш кайда?

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.