АҢГЕМЕ

Англис жазуучусу, акын жана новеллист. 1865-жылы Мумбаиде (Бомбей, Индия) төрөлүп, 1936-жылы Лондондо каза болгон. “Жунгли китеби”, Ким” жана башка көптөгөн аңгемелердин, поэтикалык чыгармалардын автору. 1907-жылы Нобелдик сыйлыкка татыктуу болгон.

Сүйүүмдү өлтүрдүңөр! Эми мага шул кудайга сыйын деп айтпагыла! Үчтө бирөө? Бирде үчөөбү? Ишенбейм! Кайттым кайра өзүмдүн кудайыма. Сүйүүмө тоскоол болгон Христос жана Үчтүкө караганда. Кубат берет кайрадан алар мага.

Ал кыз тоолуктардын кызы эле — атасы Соно энеси Жаде болчу. Ошол жылы жүгөрү өнбөй, Котгархдан алыс эмес, Сатледжа өрөөнүндөгү алардын жүгөрү талаасына түнкүсүн эки аюу кирип, айла жоктон алар кышкысын христиан динине кайрылып, кызын ошол динге кабыл алууга миссияга[1] алып келишти. Кодгархтык пастор динге кабыл алып, чокунткандан кийин, кызга Элизабет — тоолук пахарларын тилинде “Лиспет” деп айтылуучу ысым ыйгарды.

Кийин Котгарх өрөөнүн холера каптап, ата-энеси Соно да, Жаде да каза болду, Лиспет болсо ошол кездеги Котгарх пасторунун аялынын малайыбы же жардамчысыбы, айтор ошолордун колунда калды. Ал убакта миссияда моравиялык топ бийлик жүргүзбөй калган, бирок Котгарх түндүк тоолорунун бийлөөчүсү катары таасирин жогото элек мезгил болчу.

Билбейм, христиан дининин таасириби же анын уруусунун кудайлары колдодубу, кыз чырайлуу болуп чоңоюп жатты. Сулуу тоолук кызды көрүш үчүн гана жолдун кыйындыгына кайыл болуп, элүү чакырым жол басып келсе да болот. Лиспеттин өң-түсү сүрөтүн көргөн менен, турмушта сейрек кездетүүчү антикалык, — илгерки гректердикиндей, пил сөөгүнө түспөлдөш өңдүү, көздөрү да укмуш эле. Жергиликтүүлөргө салыштырмалуу бир кыйла бойлуу,  тоодо капилеттен жолугуп калсаң, миссиядагылар кийип жүрүүчү колдо токулган, чыттан тигилген шалбыраган көйнөгү болбогондо, Диананын[2] өзү аңчылыкка чыкканбы деп ойлор элең.

Лиспет христиан динине жеңил эле көнүгүшүп кетти, эс тартып калганда аны танып, өз динине өтүп кеткен көпчүлүк тоолук кыздар сыяктуу, христиан дининен баш тарткан жок. Уруулаштары аны көрө алышчу эмес, анткени алардын айтымында ал мем-сахиб[3] болуп калган имиш, күн сайын жуунат экен; а пастордун аялы болсо кандай мамиле кыларын билбей жүрдү. Келбети кудайдай болуп келберсиген, бою беш фут[4], он дюйм[5] болгон кызга тарелкаларды жуудуруп, казан тазалатып коюудан айбыкты окшойт.

Ошондуктан Лиспет пастордун балдары менен чогуу ойноп, жекшемби мектебинде билим алып, колуна илинген китептердин бардыгын окуп чоңойду, күн өткөн сайын жомоктогу принцессадай чырайы чыгып, сулуулугу арта берди. Пастордун аялы Симлага барып, ал жактан өзүнө ылайыктуу, бала баккан нянкабы же ошого окшогон бир “жакшы жай” таап алса жакшы болор эле деп айтып калчу. Бирок Лиспет жакшы жай издегенге көңүлү чапкан жок. Ал өзүн Котгархда деле бактылуу сезип жүрдү.

Котгархга саякатчылар — ал жылдары көп деле келе беришчү эмес, келип калганда Лиспет аны алар Симлага же дагы бир ал билбеген бир чоочун дүйнөгө алып кетеби деп коркуп, бөлмөсүнө бекинип калар эле.

Бир күнү жашы он жетиге чыккандан, Лиспет көп узабай тоого барды. Ал тоодо бир жарым милди жөө басып, кайра коляска менен кайткан англис айымдарындай сейилдөөчү эмес. Анча “узак эмес” сейилдөөсүндө жыйырма-отуз миль[6] жол басып, Котгархтын айланасын Наркандга чейинки аймакты, “коёндун жатагынан” өйдө билди. Бул жолу ал караңгы кирип калганда, Котгархкка тик жар аркылуу колуна оор бир нерсе көтөрүп түштү. Лиспет колундагы оор нерседен улам абдан чарчап, араңдан зорго келген убакта, пастордун аялы меймандарды кабыл алчу бөлмөдө үргүлөп отурган. Көтөрүп келгенин диванга коюп, ал демейдеги эле жоруктай жөнөкөй:

— Бул менин күйөөм. Мен аны Баггиге кетчү жолдон таптым. Ал аскадан кулаптыр. Биз аны айыктырабыз. Ал жакшы болгондон кийин пастор биздин никебизди кыят, — деп койду.

Буга чейин Лиспет бирөөгө жубай болуу тууралуу  бир да жолу сөз каткан эмес, ойлонгон деле эмес болсо керек, ошондуктан пастордун аялы чочуп кетти. Ошентсе да, биринчи кезекте диванда жаткан адамга көңүл бурду. Ал жаш англис жигит экен, башы айрылып,  жараты чоң. Лиспет аны тоонун түбүнөн таап, миссияга алып келгенин айтты. Жигит араң дем алып, эсине келе албай жатты.

Аны диванга жаткырып, медицинадан анча-мынча кабары бар пастор, жаратын таңып койду. Лиспет болсо жардам бергенге даяр болуп, эшиктин алдында турду. Ал пасторго бул жигитке турмушка чыгаарын айтты эле, аялы экөө андай адепсиз жоругу үчүн катуу урушуп коюшту. Лиспет аларды кебелбей угуп, мурункусун дагы кайталады. Бул Чыгыш элинин жапайы сезимдерин, мисалы, бир көрүп сүйүп калуу сезимин өзгөртүүгө, христиан дини үчүн дагы көп аракет талап кылынат көрүнбөйбү. Лиспет болсо сүйүп калганга татыктуу адам табылып калса, эмне үчүн аны ачык айтпаш керектигин түшүнбөдү. Андан да эмне үчүн анын жанынан кубалап жатышат? Бул англис жигитти  ага үйлөнгөнгө жарай турган абалга айыгып кеткиче багууга даяр. Лиспетдин жөп-жөнөкөй программасы ошондой эле.

Жараты кабылдап, денеси от менен жалын болуп эки жума жаткандан кийин жигит оңоло баштады, пасторго, анын аялына, айрыкча Лиспетке — мээримдүүлүгү үчүн ыраазылыгын билдирди. Айтымында, Чыгыш боюнча саякаттап жүргөн экен, бул тарапка, Симла тоолоруна өсүмдүктөрдү жана көпөлөктөрдү изилдегени Дехра-Дунадан келиптир (ал мезгилде “Чыгыш пароходствосу” жаңыдан түптөлүп, кемелери аз, “туристер” деген түшүнүк деги эле жок кез). Ошондуктан Симлада аны эч ким тааныбайт. Чириген даракка өскөн папоротникке жетем деп жардан куласа керек, а кулилери[7] болгон буюм-теримин алып качып кетишиптир. Бир аз жакшы болсо Симлага кайрадан келет. Бирок тоого чыккысы келбей калды.

Жигит миссиядан кеткенге шашылган жок, анын үстүнө ден-соолугунун калыбына келиши да убакыт талап кылды. Лиспет эч кимдин кеңешин укпай койгондон кийин, пастордун аялы Лиспеттин эмне мүдөөсү бар экендигин жигитке айтып берди. Жигит көпкө күлүп, абдан романтикалуу, анык эле гималайдык идиллия[8] экендигин, бирок мекенинде аны күткөн колуктусу болгону үчүн, Лиспет менен баш кошуу  тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместигин айтты. Арийне, ал кызга карата жаман иштерге барбайт. Жигит өз сөзүндө турду. Ошентсе да тыңып, биратоло кеткичекти Лиспет менен маектешкенди, чогуу сейилдегенди жактырып, ага назик сөздөрдү шыбырап, эркелетип жүрдү. Андай мамиле жигит үчүн эч кандай мааниге ээ болбогон оюн болгон менен, Лиспет үчүн мааниси зор эле. Ал бактылуу эле, анткени өзү  жактырган адамды жолуктурду.

Жаратылышынан жапайы Лиспет өз сезимин жашырчу эмес, бул жигиттин күлкүсүн келтирчү. Жигит миссиядан кетип жатканда, жаны бир жерде болбой, кайгы тарткан Лиспет аны Наркандга чейин узатты. Пастордун аялы ар түрдүү чыр-чатакты жактырбаган мээримдүү, токтоо христиан аял болгондуктан, жана Лиспет эч кимди укпай өз билгенин бербей жаткандыктан, — жигитке кайра келем, экөөбүз үйлөнөбүз деп айтып кой,- деп суранды.

— Карабайсызбы, ал бала эле бойдон, жан дүйнөсү мурдагы бутпарас динде эле кала бергенби деп корком,- деди пастордун аялы.

Ошондуктан он эки миль тоо өрдөгөн жолдо жигит Лиспетти белинен кучактап, жакында кайтып келерин, экөө баш кошорун айтты, Лиспет болсо ошол убадасын кайра-кайра айттырып уга берди. Алар Нарканддын белинен ажырашты, Лиспет ыйлап, Маттианиге кетчү жолдун бурулушунда жигит көрүнбөй калгыча карап турду.

Көзүнүн жашын аарчып алып Котгархка түшүп келип:

— Ал келет, анан менин күйөөм болот. Ал мен жөнүндө туугандарына кабар бергени кетти, — деди пастордун аялына.

Пастордун аялы Лиспетти жооткотуп:

— Ооба, ал кайтып келет,- деп койду.

Экинчи айдын акырында Лиспет тынчсыздана баштады, ага жигит деңиздин ары жагына, алыска, — Англияга кеткенин айтышты. Ал Англия кайда экендигин билчү, анткени география боюнча жөнөкөй китептерди окуган эле, бирок деңиз деген эмне экенин түшүнө албай койду, анткени ал тоо арасында чоңойгон эле да. Үйдө эски башкатырма оюн – дүйнөнүн курама картасы болор эле; Лиспет бала кезинде аны менен көп ойночу. Эми ошол картаны таап алып, кечкисин картаны кураштырып, жигити кай жерге келип калганын болжоп, элестетип, акырын ыйлай берди. Бирок аралык, пароход дегенден такыр түшүнүгү болбогондуктан, анын болжогону деле чындыкка жакындачу эмес. Болжогону туура келгенде деле эч нерсе өзгөрмөк эмес, анткени англичан тоолук кызга үйлөнгөнү Котгархка келем деген ою да жок эле. Ал кызды Ассамада көпөлөк кубалап жүргөндө эле эсинен такыр чыгарып койгон. Кийин Чыгыш тууралуу китеп жазды. Анда Лиспет тууралуу эч нерсе да жок.

Үч ай өткөндөн кийин жолдо анын англичаны көрүнөбү деген үмүт менен, Лиспет күн сайын Наркандга барып турду. Мындай сейилдөөдөн көңүлү куунак кайтуучу, мурдагыдай болбой көңүлү ачылып калганын байкаган пастордун аялы, Лиспет өзүнүн “жапайы, чектен чыккан адепсиз сезиминен” акырындык менен арыла баштады, — деп ойлоду. Бир аз мезгил өтүп, мындай сейилдөөлөр кызга жардам бербей, кайрадан  чүнчүп кетти.

Пастордун аялы ага болгон чындыкты айтууга мезгил жетти деп эсептеп, англичан аны жооткотуш үчүн гана үйлөнөм деп койгондугун, баш кошуу англичандын оюнда да болбогонун, ал жигиттин мекенинде күтүп жаткан колуктусун айтпаганда да, Лиспеттин “жогорку расадагы” адам менен турмуш курам дегени “күнөө жана чектен чыккан адепсиздик экендигин айтып салды.

Лиспет:

— Андай болушу мүмкүн эмес, англичан сүйөм деп ишендирбеди беле, сиз болсо кайтып келет деп айткансыз, — деди.

— Сиз айткан, ал ишендирген сөздөр кантип калп болсун?

— Биз ал сөздөрдү сени жооткотуш үчүн гана айтканбыз, кызым, — деди пастордун аялы.

— Демек экөөңөр тең мени алдаган турбайсыңарбы,- деди Лиспет кейиштүү. — Сиз дагы, ал дагы!

Пастордун аялы сөз айталбай башын жерге салып турду. Лиспет да бир топко унчукпай жүрдү. Анан миссиядан кетип, өтө кирдеген гималай аялдарынын киймин кийип келди, бирок кулактарында  жана мурдунда сөйкө жок эле. Чачтарын тоолук аялдардын салтына жараша узун өрүп, кара жиптер менен чырмап койгон.

— Мен өз элиме кетемин, — деди ал. — Силер Лиспетти өлтүрдүңөр. Карган Жиденин кызы гана калды… Пахардын жана Тарка-Дави күңдүн кызы. Силер, англистер, бардыгыңар калпычысыңар.

Пастордун аялы Лиспет айткан, өзүнүн ата-бабасынын динине кетем деген оор соккудан өзүнө келгиче, кыз кетип калды жана миссияга экинчи кайрылып келген жок.

Ал өз элин мурдагы четтеп жүргөн жылдардын өтөөсүн чыгарып жаткандай, чын жүрөгүнөн берилип сүйдү, салттарын урматтап, көп узабай бир отунчуга турмушка чыкты, ал болсо пахарларда боло жүргөндөй, аёосуз токмоктоп жүрүп, тез эле чырайын соолутту.

— Бул жапайыларды түшүнүп болбойт, — деп калат эле пастордун аялы, — менимче, Лиспет деле ички сезиминде бутпарас бойдон кала берсе керек.

Лиспет англикан чиркөөсүнүн кучагына чоңоюп калганда эмес, төрөлгөнүнө беш жума болгондо алынганын эске алсак, пастордун аялынын бул аныктамасы болбогон эле сөз болуп калгандай.

Леспед, узак жашап картайды. Англис тилин абдан жакшы билчү, анан кээде ашыкча мас болуп калганда, макул болуп, өзүнүн биринчи сүйүүсү тууралуу айтып берер эле.

Ушул көзү тунарган, бырыш баскан, эски чүпүрөккө окшогон жанды карап туруп, бул баягы котгарх миссиясындагы атактуу Лиспет экендигине ишенбей кетесиң.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Миссионердик диний уюм.

[2] Байыркы рим мифологиясы боюнча өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, аңчылыктын, сулуулуктун кудайы.

[3] Башкаруучу, ак сөөк.

[4] Эски орус жана англис узундук бирдиги 1 фут – 30, 48 см. барабар.

[5] Дюйм – узундук бирдиги. 1  дюйм – 2,54 см. Барабар.

[6] 1 миль- 1,6 км.

[7] Чыгыш өлкөлөрүндөгү жалданма жумушчулар.

[8] XVIII кылымдагы жаратылыш койнунда жыргап жашоону мактаган поэтикалык чыгарма.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.