Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн. Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан.

Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн ал-Асирде айтылган бир уламыш боюнча исламды биринчи болуп Шабук (же Сатук) Кара-хакан алган, анын түшүндө ага асмандан киши түшүп келген жана ага түрк тилинде: «Өзүңдү бул жана келечек дүйнөдө сактоо үчүн исламды кабыл ал», — деп айткан. Эң байыркы божомолу Джемал Каршинин чыгармаларында берилген башка уламыш боюнча, бул хандардын сулалесинен исламды биринчи болуп 344/955-56-ж. өлгөн Сатук Богра-хан Абд ал-Керим кабыл алган. Эки уламышта тең талашсыз бир эле адам айтылат, анткени эки автор тең бул ханды илектин (Мавераннахрды басып алган Насрдын түркчө титулу) чоң чоң атасы деп аташат.

Абд ал-Керимдин небереси Харун дагы ага замандаш бир автордун билдирүүсүндө Богра-Кара-хан титулун алып жүргөн.

Эскерилген Харундун борбору Баласагун болгон, ал Мавераннахрда ооруп калып, кайтып келе жатканда 992-ж. каза болгон. Мавераннахрды басып алуу ишин 999-ж. илек Наср аягына жеткирген. Караханилердин андан аркы ийгиликтери өз бийлигине Афганстанды, Персиянын чыгыш жарымын жана Индиянын бөлүгүн багындырып алган газневи султаны Махмуд (998—1030) тарабынан токтотулган. 1008-ж. 4-январда Утби аларды сүрөттөгөндөй, «жайык жүз, кичинекей көздүү, жалпак мурун, кылы сейрек [сакалында], темир кылыччан, кара кийимчен» түрктөр Балхтын жанында толук жеңилген жана ошол учурдан тартып Аму-Дарыядан ары жортуулдарын кайрадан баштаган эмес.

Караханилердин империясы XI кылымдын башталышында эле уделдерге бөлүнүп, алардын империянын башчысына көз карандылыгынын деңгээли акыркысынын жалаң жеке сапаттары менен аныкталган. Көп узабай уделдик системада сөзсүз болчу өз ара чыр-чатактар башталган, өзгөчө Караханилердин башкы эки бутагынын ортосунда, б. а. Сатук Богра-хандын эки небересинин, Али (Насрдын атасы) менен Харундун тукумдарынын ортосунда болгон. Бул күрөш жөнүндөгү, ошондой эле Жети-Суу ар түрдүү мезгилдерде кимдин колунда болгондугу тууралуу биздин маалыматтарыбыз өтө жарды жана айрым учурда карама-каршы. Утбинин сөзү боюнча илек өзүнүн бир тууганы кашкарлык Туган-хан менен жоолашып турган, анткени ал аны Махмуд менен алакалаш деп шектенген; илек 403/1012-13 ж. өлгөн жана анын тактысы Туган-ханга өткөн.

Туган-хандын Мавераннахрды ээлегендиги ишенимсиз; бирок ал Жети-Сууну башкаргандыгы талашсыз, мүмкүн, Чыгыш Түркстан да караган, ал жактан аны Богра-хан Харундун уулу Кадыр-хан Юсуф акырындап сүрүп чыгарган. Утби жана Ибн ал-Асир Кадыр-ханды хотандык башкаруучу деп аташат; тыйындардагы маалыматтардан ал 404/1013-14-ж. эле Яркендди, 405/1014-15 ж. Кашкарды да башкарып тургандыгын билебиз.

408/1017-18-ж. Жети-Суу алыскы чыгыштагы көчмөн элдердин жортуулуна кептелген, алардын ичинде бул кезде Түндүк Кытай менен Орто Азиянын чыгыш бөлүгүн ээлеп, белгилүү болгондой, Ортолук мамлекетке өз атын коюшкан кытайлар да болгон. Туган-хан аларга каршы көп аскер менен келе жатат деген кабарды угушканда каапырлар Баласагундан 8 күндүк жолдогу аралыкта болушкан. Алар чегинишкен; хан аларды үч ай кубалап, акыры аларга жеткен жана толук талкалаган.

Утбинин сөзү боюнча, Туган-хан бул салгылашуудан көп узабай өлгөн, анын ордун бир тууганы Арслан-хан мурастаган. Бирок төмөндө келтирилген Бей- хакинин баяндоосунан биз Туган-хан Жети-Сууда 1025-жылга чейин бийлик жүргүзгөнүн билебиз. Тыйындардагы маалыматтар боюнча Арслан-хан Мухаммед б. Али, негизинен Сыр-Дарыя областынын түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлеп турган, бирок анын ысымы чегилген тыйындар Бухарада да чыгарылган.

1025-ж. Кадыр-хан Юсуф жана султан Махмуд бир учурда Мавераннахрга жортуулга чыгышкан, ошол мезгилде ал жакта Насрдын, Туган-хандын жана Арсланхандын бир тууганы Али-тегин бийлик жүргүзүп турган. Самаркандан алыс эмес жерде Караханилердин башчысы менен султандын Гардизи тарабынан кеңири баяндалган кездешүүсү болуп өткөн. Эки монархтын ортосундагы сыпайы пикир алмашуу бардык тартиптерди, тең укуктуулукту сактоо менен өткөн. Эң кызыгы — Махмудга караганда түрк ханы мыкты мусулман болуп чыккан жана ага сунуш кылынган шарапты ичкен эмес.

Ортодо келишим түзүлгөн, ал боюнча Махмуддун кызы Кадыр-хандын экинчи уулу Яган-тегинге турмушка чыгууга, ал эми Кадыр-хандын кызы Махмуддун уулу Мухаммедге турмушка чыгууга тийиш болгон; Мавераннахрды Али-тегинден тартып алууда Яган-тегинге Махмуд жардамдашууга милдеттенген. Кийин Индияга жортуул жасайм деген шылтоо менен Махмуд бул милдетинен баш тарткан, натыйжада болжолдолгон баш кошуулар да болбой калган. Мавераннахрды Али-тегин ээлеп кала берген, бирок анын бир тууганы Туган-ханды Баласагундан Кадыр-хандын аскерлери сүрүп чыгарган.

Кадыр-хан Юсуф өлгөн жылы, болжолу 1031- же 1032-ж., анын ээлиги Чыгыш Түркстандан сырткары Жети-Сууну жана Сыр-Дарыя аймагынын чыгыш бөлүгүн, атап айтканда Олуя-Ата жана Чымкент уезддерин кучагына алган; борбору Кашкар болгон.

Чыгыш Түркстан жана Жети-Суу Арслан-хан титулун алган анын улуу уулу Богра-тегин Сулейманга тийген; Таласты (азыр Олуя-Ата) жана Исфижабды (азыр Сайрам, Чымкентке жакын) Богра-хан титулун алган экинчи уулу Яган-тегин Мухаммед башкарып калган. Эки бир тууган тең газневи султаны, Махмуддун уулу Масуд менен алакалашып турган; Мавераннахрды Али-тегинден тартып алуу жана Богра-ханга берүү планы кайра козголгон; бирок бул жолу да план ишке ашкан эмес.

Дагы Секмандын (?) башкаруучусу, кандайдыр Лешкер-хан эскерилет; Секман сезү Бек-лиг шаарынын согдуча аталышы Семекнага араңдан окшошот.

Арслан-хан менен бир тууганынын ортосундагы мамиле тез эле жоолашуу мүнөзүнө өткөн. Ибн ал-Асир бир жерде Арслан-хан 435/ 1043-44-ж. өз ээлигин туугандарына бөлүп бергенин, өзүнө Кашкар менен Баласагунду гана калтырганын жана жогорку бийликти алып калганын эскерет. Бул маалыматтын мындай берилиши, албетте, туура эмес; ал мезгилде уделдик система жарым кылымдан бери бар болчу, бирок бул доордо Арслан-хандын начарлыгына байланыштуу империянын башчысынын кадыр-баркы биротоло түшүшү толук мүмкүн. Богра-хан 1056-ж. ченде Арслан-ханды туткундап кеткен жана анын ээлигин басып алган, бирок 15 айдан кийин эле өз аялы тарабынан ууландырылган. Богра-хандын өлүмүн Ибн-ал-Асир 439/1047-48- жылга такайт, бирок бул окуялардын замандашы Бейхакинин көрсөтүүлөрүндө төгүндөлөт, ал боюнча хан 449/1057-58-ж. гана өлгөн.

Ал өзүнүн улуу уулу Чагры-тегин Хусейнди мураскор кылгысы келген, ал эми каныша өзүнүн жашы жете элек уулу Ибрахимди тактыга олтургузууну каалагандыгы ханды өлтүрүүгө түрткү болгон. Акыркысы хан болгон, бирок көп узабай барскандык башкаруучу Йинал-тегин менен болгон согушта курман болгон. Мындан кийин Кашкарды жана Баласагунду жыл бою Кадыр-хандын башка уулу Тогрул-Кара-хан Юсуф өзүнүн бир тууганы Бограхан Харун менен бирдикте бийлеген. Алар Мавераннахрдын башкаруучусу Шемс алмульк Наср (биринчи илек Наердын небереси) менен согушуп турушкан; согуш тынчтык менен аяктап, Мавераннахр менен түркстандык караханилердин ортосундагы чек ара Хоженд деп таанылган, б. а., мүмкүн, Сыр-Дарыя суусу.

Тогрул-хандан кийин анын уулу Тогрул-тегин эки ай башкарган; андан кийин Богра-хан Харун дагы 29 жыл (467—496/1074—1102-03) Кашкар, Баласагун жана Хотанды ээлеп турган. Ушул Богра-хан үчүн 462/1069-ж., б.а. ал бир тууганы менен бирге башкарып турганда, Кашкарда түрк тилиндеги биринчи адабий чыгарма— Кутадгу билик дидактикалык поэмасы жазылган; поэманын автору Баласагундун тургуну болгон.

1089-ж. селлсук султаны Меликшах Самарканды басып алган жана Өзгөнгө чейин жеткен; Кашкар ханы (мүмкүн, Харун) дагы өзүн анын вассалы деп эсептөөгө тийиш болгон. Меликшах кеткенден кийин Самарканда жикилдерден чыккан жалданма түрктөрдүн көтөрүлүшү болуп өткөн; жикилдер Кашкар ханынын бир тууганы жана Атбаштын бийлөөчүсү Якуб-тегинди чакырышкан. Якуб Самарканды ээлеген, бирок Меликшах жакын келгенде Атбашка качкан. Бул жерден ага анын бир тууганынын аскерлери кол салган, Атбашты кашкарлыктар талап-тоношкон жана Якубдун өзү туткундалган. Меликшах кайрадан Өзгөнгө жеткен жана хандан Якубду берүүнү талап кылган.

Хан өзүнүн абийир жөнүндөгү түшүнүгүнө каршы келген мындай талапты аткарууну создуктурган; акырында ал Меликшахка өзүнүн уулун жөнөтүп, Якубду өзү менен ала кетип, көзүн оюп алып, чептердин биринде калтырып кетүүнү буюрган; эгерде султан буга ыраазы болбосо, ханзаада Якубду Өзгөнгө алып барууга тийиш болгон.

Бул мезгилде Кашкар башка бийлөөчү— Йиналдын уулу Тогрул тарабынан камоого алынган, анын турган жери Кашкардан 80 фарсах аралыкта болгон (500 верстага жакын) балким, Тогрул Барскандын башкаруучусу жана жогоруда эскертилген Иинал-тегиндин уулу болгон. Хан туткунга алынган; качан бул жөнүндө кабар анын уулуна жана коштоочуларына жеткенде Якуб аларды аны коё берүүгө көндүргөн.

Меликшах Якуб менен келишим түзгөн жана Якубдун Тогрул менен согушту улантуусуна мүмкүндүк түзүп, Өзгөндөн кетип калган. Бул күрөштүн жыйынтыгы тууралуу бизде эч кандай кабар жок; мүмкүн, Харун туткундан бошонсо керек, анткени ал, биз көргөндөй, Кашкарда XII кылымдын башына чейин бийлик жүргүзгөн.

1102-ж. б.а. Богра-хан Харун өлөрү менен Баласагун менен Таластын башкаруучусу, Кара-хан Омардын уулу жана Богра-хан Мухаммеддин небереси Кадыр-хан  Джибраил Мавераннахрга жортуул жасаган. Кадыр-хандын аскерлери мусулмандардан гана эмес, ошондой эле каапырлардан да турган; ал Аму-Дарыяга чейинки өлкөнү бүт ээлеген, бирок бул дарыянын боюнда селжук султаны Санжардан талкаланып, туткунга түшкөн жана өлтүрүлгөн. Мындан кийин кара-кытайлардын жортуулуна чейин Жети-Суу жөнүндө бизде эч кандай маалымат жок.

Караханилер доорундагы өлкөнүн ички тарыхына байланыштуу биз дээрлик эч бир маалыматты билбейбиз. Караханилер түрктөр өлкөсүндөгү биринчи мусулмандар сулалеси катары сөзсүз түрдө исламдын таралышына таасир тийгизишкен жана бул жагынан алганда алардын бийлик жүргүзгөн мезгили Орто Азиянын тарыхында зор мааниге ээ. Ибн ал-Асир 349/960-ж. 200000 түтүндөн турган кайсы бир түрк эли ислам динин кабыл алган деп билдирет; бул маалымат сөзсүз түрдө Жети-Суу же Чыгыш Түркстан көчмөндөрүнө тиешелүү, болжолу, биринчилерине таандык, анткени Чыгыш Түркстандагы көчмөндөрдүн саны эч качан мынчалык көп болгон эмес.

1043-ж. Күзүндө азыркы кыргыз талааларында көчүп жүргөн түрктөр мусулманчылыкка өтүшкөн; Ибн ал-Асирдин сөзү боюнча бул 10 000 түтүн түрктөр жайында болгарлардын жерине канатташ, кышында Баласагунга жакын жашашкан8. Тилекке каршы, тарыхчылар исламдын башка маданий элементтер менен болгон күрөшү тууралуу бизге эч нерсе билдиришпейт. Чыгыш Түркстан дайыма кытай маданиятынын таасири астында болгон; караханилердин айрым башкаруучулары, ал гана эмес Мавераннахрда, XI кылымдын биринчи жарымында да VIII кылымда эле орхон жазууларында кытай императорлоруна берилген Табгач-хан, же Тамгач-хан титулдарын кабыл алышкан; 459/1067-жылдан баштап биз Караханилердин тыйындарынан талик ал-ташрик ва-сейн (“Чыгыштын жана Кытайдын падышасы”) деген титулду кездештиребиз. Мындай факты кытай маданиятына жана кытай хан сарайына болгон суктануу менен гана түшүндүрүлүшү мүмкүн; Кытайдын өзү жөнүндө айтпаганда да, Кытайга чектеш Чыгыш Түркстандын бөлүгү Үрүмчү, Турпан жана Хами шаарлары менен бирге качандыр бир убакытта Караханилер империясынын курамына киргенин кудай билет, анткени бул аймакта ислам XV кылымга чейин үстөмдүк кылган эмес.

Акырында, Караханилердин тыйындарындагы жазуулар, алардын мамлекеттеринде жалпы мусулман (араб) алфавитинен сырткары адатта Орто Азияга несториандар алып келген деп болжолдошкон уйгур, б.а. Сирияда пайда болгон алфавит колдонулгандыгын көрсөтөт.

Кутадгу билик поэмасында кездешкен айрым маданий терминдер моңголдордо колдонулган терминдерге окшош жана акыйкатта Караханилер дагы, моңголдор дагы уйгурлардан өздөштүрүшкөн. Чыгыш Түркстандын Кытай менен чектеш жайгашкан бөлүгүндөгү бул түрк элинин бутагы б.з. V кылымында эле маданий баскычтын орчундуу деңгээлине жетишкен. Моңгол бийлигинин доорундагы христиан жана будист уйгурлар мусулмандардын эң коркунучтуу атаандаштары болгондугун биз кийинчерээк көрөбүз; Орто Азияда мындай атаандашуу, кыязы, баштатан эле болгон, бирок бизде ал тууралуу фактылар жок.

[1] Терминди Григорьев ойлоп тапкан (кара: Караханилер) жана бизге өтө ылайык келгенсийт. Григорьев жана Караханилер жөнүндө жазган башка окумуштуулар негизинен Ибн ал-Асирдин чыгармасына таянышат, бирок анын маалыматтары эрте жазган жана андан мыкты кабардар авторлордун баяндоолорунда дайыма эле ырасталбайт, атап айтканда Утбиде (араб тексти чыгышта басылган <Утби-Манини>, мен Азия музейинин эң сонун кол жазмасын пайдаландым, Гардизиде (жалгыз кол жазмасы Оксфорддо сакталуу экинчи кол жазмасы Кембрижде— кара: Бартольд, Туркестан, Соч., т. I, стр. 66—67. — В. Р.>) жана Бейхакиде (изд. Морлея <жаңы басылышын кара: Библиографияда, т. II (1), стр. 889>); үчөө тең XI кылымда жазган. Ошондой эле баалуу маалыматтарды Жемаль Карши берет, ал 1282-ж. арабчадан фарсыга ал-Джаухаринин сөздүгүн которгон жана XIV кылымдын алгачкы жылдарында ага «кошумчаларды» (тулхакат) жазган, азырынча Азия музейиндеги бир кол жазмасы гана белгилүү, 430 а, <тексттин басылышы: Бартольд, Туркестан, ч. I, стр. 128— 152>, ал академик К. Г. Залеман тарабынан В. П. Наливкинден алынган. Салыштыр: Бартольд, 0 христианстве в Туркестане, стр. 21 и сл.<Караханилер жөнүндөгү жаңы иштерди кара: Давидович, Нумизтатические материалы для хронологии Караханидов\ жазма булактардагы орчундуу материал Са’ид Нафисинин жарыялоосундагы Та’рйх-и Бейхакйнин комментарияларында келтирилген (т. III). Караханилердин тарыхы боюнча булактардын башка басылыштарын жана изилдөөлөрдү кара: Бартольддун чыгармаларынын I томунда берилген Библиографияны. — В. Р.>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.