Испан эл жомогу: Ки-ри-ко-ко!

Тоодо бир адам жашаптыр.  Анын кичинекей үйү жана чоӊ чарбасы: тармал койлору, семиз чочколору, шамдагай көгүчкөндөрү, тынчы жок тооктору  жана дон Педро деген корозу бар экен. Короз чоӊ, анан өтө сулуу болгон. Күнү бою короодо койкоӊдоп, кооздонуп ары-бери басып жүрчү, эртеӊ менен баарынан мурун ойгонуп, кашаага секирип чыгып күнгө салам бере турган. – Ки-ри-ко-ко! – кыйкырат, аны бүт айылдын короздору кайталап, кыйкыра баштайт. Ал укмуш кыйкырган. Жок, өтө укмуш десек болот! А таажысычы!  Буттарындагы текөөрүн айтсаӊ! Кыскасын айтсак, бул айылда […]

Бактыгүл Сексенбекова: Адашкан карек (конкурска №5)

АҢГЕМЕ Жүрөгүм бир башкача болуп, каршы-терши салгылашкан сезимдер менен бара жаттым. Жолдошум экөөбүз Чүйдүн Петровка айылына биринчи жолу бараткандагы сезимдер. Ооба, мен көрө элек, бирок телефондон көп сүйлөшкөн адамга. Баса, эң алгач сүйлөшкөн күн эсимде… Тамак даяр болгондо жолдошумду тамак ичкенге чакыруу үчүн бөлмөгө кирсем, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Мени көрө коюп: — Мына, жеңең келип калды. Сүйлөшүп кой Баку, — дегенинен ала койдум. Жагымдуу, көтөрүңкү маанайдагы жаш жигит жакын адамындай сүйлөп жатты. Мен аны тааныбагандыгымды билдирбөөмдү ымдады жолдошум. […]

Дилазык: Жиң Кенин Чиң Ваңынын өмүрүнө кол салышы

— Биз бир нече яң чептерин караттык, бул үчүн бүгүн тойлошубуз керек! – деди Чиң аскер башчысы салтанаттуу түрдө. Бул сыяктуу сөздөрдү көп эле уккан чиң туткунунда жүргөн яң ханзадасы Даң бүткүл жан дүйнөсү менен Чиңди[1] жек көрүп, өз падышалыгы үчүн өч алууну көксөп жүрчү. Бир ирет ага туткундан качып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, Яң[2] жергесине кайтып келди. Чиң баскынчылыгына каршы туруу боюнча чоң пландарды түзбөгөнү менен Даң Яң падышалыгынын тагдырын жалданма киши өлтүргүч жалдоо менен оң жагына бурмак болду. Ал […]

Иван Тургенев: Каргыш (конкурска №55)

АҢГЕМЕ Мен Байрондун “Манфредин” окуп олтурган элем… Манфреддин колунан өлүм тапкан аялдын арбагы ага керемет сырдуу каргыш айтып жаткан жерге келгенимде мен дирилдей түштүм. “Күн күлкү, түн уйку көрбөй кал, менин арбагым күнү-түнү жаныңа жай бербей сенин түбөлүк тозогуңа айлансын”… Эсиңиздеби? Ошондо дагы бир башка окуя эсиме түштү. Бир жолу Россияда, ата-бала дыйкандардын ортосундагы өтө чоң катуу чатакка күбө болгон учурум болгон эле. Акырында баласы атасын катуу кордогонго чейин жетет. — Аны каргап сал, Васильич, каргыш айт ага! – деп […]

Илимпоздор арасындагы иш-чара боюнча кулактандыруу

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди 2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү “Кыргызтаануунун, манастаануунун жана ата-мекен тарыхынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга чакырабыз. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” Фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана анын курамындагы Манастаануу институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси (КТК) тараптарынын колдоосунда уюштурулууда. Аталган эл аралык илимий конференция Кыргыз Республикасынын билим […]

Шевкет Булут: Ясин тулуму[1] (конкурска №54)

АҢГЕМЕ Балпактаган чоң-чоң  карлар он күндөн бери жаап жатат. Айылдын өңгүл-дөңгүл жолдору аппак кардын алдында түптүз болуп калгандай… Муздак шамал  чийки кирпичтен салынган үйлөрдүн чатырынын учундагы карларды сапырып учуруп, айыл четинен иттердин улуган үндөрү угулат.  Айылдын учу-кыйыры эми гана түндүн көзгө сайса көрүнгүс караңгылыгына чөккөндөй. Жолдордо эч ким жок…  Баары эле күүгүм талаш үй-үйлөрүнө киришкен. Бул айыл токойдун ичинде…  Абдан ирээтсиз жайгашып, бир топ кенен жерге курулган… Айылдын түндүк тарабында жапжалгаз бир үй оорун алган. Үйдүн нейлон тартылган кичинекей терезесинен […]