Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү “Кыргызтаануунун, манастаануунун жана ата-мекен тарыхынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга чакырабыз. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” Фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана анын курамындагы Манастаануу институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси (КТК) тараптарынын колдоосунда уюштурулууда.

Аталган эл аралык илимий конференция Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык өмүр-таржымалына, 50 жылдык уюштуруучулук-педагогикалык, илимий жана коомдук ишмердигине арналат.

Илимий конференциянын негизги багыттары:

–– Кыргызтаануунун, манастаануунун жана инсантаануунун актуалдуу маселелери;

–– Алтай-Ала-Тоо көчмөн цивилизациясы: көз караштар жана жаңычылдык;

–– Кокон хандыгынын тарыхы жана Падышалык Орусиянын отор саясаты;

–– ата-мекен тарыхынын, кыргыз улуттук илиминин ар кыл аспекттери;

–– Т.Кененсариевдин педагогикалык-уюштуруучулук ишмердиги, илимий жетишкендиктери жөнүндө пикирлер, каалоолор.

Конференцияга катышуу арызы жана баяндаманын тексти Уюштуруу комитетине 2019-жылдын 10-сентябрына чейин электрондук кат менен жөнөтүлүүсү зарыл. Уюштуруу комитети баяндаманын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана расмий чакыруу кагазын автордун электрондук дарегине сентябрь айынын 20-сентябрына чейин маалымдайт.

Баяндамалар жана макалалар кыргыз жана башка түрк тилдеринде, ошондой эле англис жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Конференцияга чейин материалдар И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысынын РИНЦке кирген атайын санына жарыялануусу күтүлүүдө. Ошондуктан ар бир катышуучу конференциянын катышуучуларын каттоо кызматына өзү менен кошо ала келген 500 сомду каттоо алдында тапшыруусу тийиш.

Илимий жыйын өткөрүлүүчү жай – Кыргыз Республикасынын “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин имаратынын жыйындар залы, 2-кабат.

Дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Раззаков көч. 8/2

Конференциянын датасы – 2019-ж. 3-октябрь, бейшемби. Башталышы 9.00

Уюштуруу комитетинин электрондук даректери:

“Мурас” фонду: kaganat2012@gmail.com

Манастаануу институту: manastaanuu2012@mail.ru; hidirova.75@mail.ru,

Иш-чара ээси:  t.kenensariev@gmail.com

Байланыш телефондору: +996772151424, +996703260081

 

Илимий баяндаманы, макаланы даярдоо талаптары

 

Макаланын башында автордун изилдөөсү жүзөгө ашырылган мекеменин толук аталышы, автордун  толук аты-жөнү, илимий даражасы жана наамы көрсөтүлүүгө тийиш.

Автор сөзсүз түрдө макаланын аталышын, кыскача аннотациясын жана түйүндүү сөздөрдү кыргыз, орус жана англис тилдеринде берүүсү зарыл.

Макаланын көлөмү 6-10 барак, интервалы – 1,5 жана  14-өлчөмдөгү арип менен берилип, беттин параметрлери – үстү жана асты 2,5 см.; сол жагынан 3.0 жана оң жагынан 1.0 см. талаа калтыруу менен ар бир бетке катар номур коюлушу керек.

Текстте келтирилген шилтемелер квадраддык кашаанын ичинде кабыл алынган эреже менен, ал эми  булактардын жана адабияттардын тизмеси тексттин аягында алфавиттик тартипте берилет.

Уюштуруу комитети 

One Reply to “Илимпоздор арасындагы иш-чара боюнча кулактандыруу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.