АҢГЕМЕ

Мен Байрондун “Манфредин” окуп олтурган элем…

Манфреддин колунан өлүм тапкан аялдын арбагы ага керемет сырдуу каргыш айтып жаткан жерге келгенимде мен дирилдей түштүм.

“Күн күлкү, түн уйку көрбөй кал, менин арбагым күнү-түнү жаныңа жай бербей сенин түбөлүк тозогуңа айлансын”… Эсиңиздеби?

Ошондо дагы бир башка окуя эсиме түштү. Бир жолу Россияда, ата-бала дыйкандардын ортосундагы өтө чоң катуу чатакка күбө болгон учурум болгон эле. Акырында баласы атасын катуу кордогонго чейин жетет.

— Аны каргап сал, Васильич, каргыш айт ага! – деп бакырып жатты ага аялы.

— Коё тур, Петровна,  — деди дыйкан чокунуп жатып басыңкы үн менен: ылайым  энесинин көзүнчө атасынын сакалына түкүргөн уул көрсүн!

Баласы бир нерсе айтайын деп оозун камдап баратып, бирок теңселе түшүп, өңү көгөрүп чыкты да үйдөн чыгып кетти.

Мага бул каргыш Манфредге айтылган каргыштан алда канча катуу көрүндү.

Которгон Шадыканова Адилет Рыскановна

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.