АҢГЕМЕ

Балпактаган чоң-чоң  карлар он күндөн бери жаап жатат. Айылдын өңгүл-дөңгүл жолдору аппак кардын алдында түптүз болуп калгандай… Муздак шамал  чийки кирпичтен салынган үйлөрдүн чатырынын учундагы карларды сапырып учуруп, айыл четинен иттердин улуган үндөрү угулат.  Айылдын учу-кыйыры эми гана түндүн көзгө сайса көрүнгүс караңгылыгына чөккөндөй. Жолдордо эч ким жок…  Баары эле күүгүм талаш үй-үйлөрүнө киришкен. Бул айыл токойдун ичинде…  Абдан ирээтсиз жайгашып, бир топ кенен жерге курулган…

Айылдын түндүк тарабында жапжалгаз бир үй оорун алган. Үйдүн нейлон тартылган кичинекей терезесинен ак кардын үстүнө, араң жан жарык жылтылдайт.  Үй бир бөлмөлүү.  Бөлмөнүн өйдө жак тарабында жыгачтан жасалган керебетте төшөк салынган. Керебетте бир оорулуу адам жатат… Жүзү кудум айванын сарысындай. Көздөрү өлүктөй, араң жан ирмелет. Дем алган сайын кокосунан кырылдаган үн чыгат… Жанында улгайган бир аял олтурат.

Көзүнүн жашын кирдеген көйнөгүнүн этегине улам сүртүп, “Чалым өлөт! Чынардай абышкам үзүлүп кетет!” – деп ойлонот. Байбиче бир түймөк жиптей болуп кипкичинекей…  “Ой Хасаным… Ой абышкам… Ой үйүмдүн түндүгү!.. Уулун көрбөй  өлүп  калат!”- деп көзүнүн жашын көл кылып, эки колу менен тизесин кайра-кайра чапкылайт.

Оттун башында бир жаш кыз жүрөт… Чытырап күйгөн күчтүү отко “тархана” шорпосун бышырып жатат. Жыгач сузмасы менен кара казанды кайра-кайра аралаштырат. Үлбүрттөгөн оттун жарыгында анын жүзү бирде жапжарык болуп, бирде караңгылыкка бекинет… Узун бойлуу, чачтары узун өрүлгөн, кымча бел бир кыз… Жашы он беш, он алты чамасы… Улам бурулуп атасына, зар какшап сыздаган апасына карап коёт… “Бактысыздарым… Таттуу бир күн көрүшкөн жок… Бир боорум… Кайрымсыз бир боорум… Канча издедик… Келген жок!”- деп ичинен сыздайт.

— Зөхре кызым!

— Угуп жатам, энеке…

— Кызым, атаңдын абалы оор… Карачы, көзүн ача албай калды… Жараланган куштай болуп тыбырчылап жатат. Дем алган сайын кырылдайт…

— Буюрса жакшы болуп кетет, энеке… Курсагы ачка! Бир аз шорпо ичирсек кантет… балким өзүнө келип калат эле.  Шорпо да бышайын деп калды…

Оорукчан адам ыш баскан  каштан устундарга тигилет. Бир убакта көздөрү мискейдин бир бурчуна кадалды. “Уулум… м…ына б…ул жерде мага карап жатат… Белги берип жатат… Эй кемпир, чакыр алдагыны… жаныма келсин…”

Байбиче бүлкүлдөп ыйлап: “Оо кудай, карыган чалым акылынан адашты! Арбак көрүп жатат… Өлүмдүн периштеси уулубуздун кийимин кийип, аны тигил дүйнөгө чакырып жатат…” – деп боздойт. “Жаратканым!  Уулум, Оо Алла, Улуу Алла-Таалаа сага жазасын берсин! Издөө салдык, келген жоксуң! Кат жаздык, жооп бербедиң! Карачы, байкуш атаң жанын өткөрүп бербей сени күтүп жатат… Сен, кыз жандуу акылсыз уул… Шаарга байланган бечарасың…

Жалгыз уулу Ибрагим райондо мугалим болуп иштейт. Район менен кыштактын ортосу он сегиз саат. Жол жок. Куш учпайт, кербен өтпөйт… Кычыраган кышта кантип келсин… Анын үстүнө шаардык аялы да келүүсүнө уруксат бербейт. Айылга келе элегине туура эки жыл болду…

—  Ээ кемпир!

— Угуп жатам, абышка…

— Уулум Ибрагимим каякка жоголду? Чакыр, келсин! Адалдашалы… колумдан өпсүн, кечиришели…

— Жолдо келе жатат абышка. Кам санаба! Баарыбир келет…

— Кар дагы деле жаап жатат ээ? Буюрса келип калат дейсиңби? Дары, доктур алып келе алат болду бекен?..

— Келет абышка, келет… Ибрагим сени аябай жакшы көрөт… Доктур алып келе албаса дагы, Желадан даары-дармек алып келип калар…

— Неберелеримди алып келеби?

— Ой алып келет да! Келинибиз да келет… келиниң колуңду өөп, элдешесиңер.

— Келбейт! Ал шаардык кандеги келбейт! Мени эч качан ата ордуна көргөн жок!…

Улгайган адамдын үнү аарынын  ызылдаганындай угулуп жатты… Колун чекесине алып барайын деди эле,  бирок күчү жеткен жок… Чекесинен шурудай аккан тер көзүнүн чуңкуруна толуп чыкты… Ээги түшүп, оозу кыйшайып, сакалы нымдашып чыгыптыр… Байбиче ичинен дирт-дирт титиреп:  “Бул тер өлүмдүн тери болсо керек… абышкам каратып туруп өлүп калат эми!” — деп күрсүлдөп жөтөлүп алды. Бир жагынан жөтөлүп, бир жагынан ачуу жашын төгүп жатты:

— Уулумду чакыргыла… Ибрагимим тезинен келсин! Ой!!! Ой!!! Ой!!! Мүрзөм… Мүрзөмдү Жарбашына казгыла… Сайдын шаркыраганы угулуп турсун… Такыр талаабыз мүрзөмдөн алыс болбосун… Мени… мени такыр талаабызга көмгүлө…

— Кой, абышка! Мындайыңды койчу… Жакшы нерсени сүйлөсөң! Өлүм душмандын башына келсин…

— Кемпир, оой кемпир!

— Ии абышка…

— Уулумдун көйнөгүн алып кел… Бир аз жыттап алайын…

Байбиче эки жылдан бери катып жүргөн уулунун эски минтан (жакасыз, оюулары бар кийим) көйнөгүн  алып чыгып, абышканын төшүнө койду. Абышка жансыз колдору менен минтан көйнөктү кучактап, мурдуна жакындатып, терең-терең дем алып жыттады:

— Аах, уулумдун таттуу жыты…

Аргасыздан моюну капталга шылк этти. Өлүм менен уйкунун арасында эсин жогото баштады…

— Кызым, Зөхре!

— Ии энеке…

— Кыйкырба кызым, үнүңдү чыгарбай Али дербишти чакыр. Келээринде ясин тулумун ала келсин… “Атам өлө тургандай ооруп, жаны кыйналып жатат!” – деп айт. Мен коркуп жатам кызым… Атаңдын жаагын байлаш керек. Бол кызым, бологой… Бол эми жалгызым, таттуу кызым.

— Сыртта капкараңгы, энеке! Жердин баары карга көмүлгөн… алдыман карышкыр чыкса кантем?

— Карагайдан чырак жагып ал көлөкөм. Ал жаныбар отко жакындай албайт… коркпо! Жалгыздын жарымы кудай дейт… Атаң ыймансыз кетпесин… Зам-замдын шишесин да алып келгиле! Оозуна бир-эки тамчы суу тамчылаталы! Бол кызым, бол балапаным… Али Эммин Дербиш, ясин тулумун  унутпасын… Атакең шейхтин деминен акылуу калбасын.

Кыз, карагай чырагын жагып алып сыртты көздөй учуп чыкты. Шамал кутурган немедей дагы деле улуйт. Али Дербиштин үйү беш жүз метр алдыда… Жаш кыз чуркап барат… Бир жыгылып, кайра туруп чуркайт… Курсагына чейин карга көмүлүп калган…Күчтүү шамал чыракты өчүрүп салды… Жүрөктүн үшүн алган бир жарыктык… Улуган, ызылдаган  бир үн… Алдындагы үч кадамды араң көрүп жатты… Улуган шамал кыздын жүзүнө, көзүнө кар үйлөйт.

Он беш, жыйырма мүнөттөн кийин Али Дербиштин короосуна келип жетип, жыгач каалганы тарсылдатып ургулай баштады:

— Али Эммии…! Али Эммии!

— Ким бул?

— Ачыңыз, бул мен, Хасандын кызы Зөхре!

— Ой, Зөхре, сенсиңби? Эмне болду? Кебетең кантет?

— Ооба менмин, Хажер эже, менмин. .. Али Эмми үйдөбү?

— Үйдө, кечки намазды окуп жатат… Эмне болуп кетти? Жайчылыкпы? Же атаңдын оорусу катуулап калдыбы?

— Хажер эже, атамдын жаны кыйналып атат… Энем: “Дербиш Алини чакырып, келээриңерде ясин тулуму менен зам-зам суусунун шишесин ала келгиле” деди.

— Кел, үйгө кир кызым. Тим эле көк муштум болуп үшүп калыптырсың. Дербиш Эммин намазын окуп бүткөнү калды… Дасторкон даярдап, жаңы эле чай ичели деп жатканбыз…

Жаш кыз корккон түрдөгү кадамдары менен бөлмөгө кирди. Бөлмө узун экен… кире бериште жандыктар байлануу… Өйдөңкү тарабында балдар жүрөт. Очоктун алдында бир тасмал жайылган. Тасмалдын ортосунда чоңураак чара турат.  Ичинде булгур күрүчү бар… Очоктон араң жан жарык сызылып чыгат… Орто ченде жалгыз чырак асылган… Орто жаштардагы бир адам кыбыланы карап, колдорун көккө жайып, тилек кылып жатыптыр. Башында ак топусу, үстүндө мергенчиникиндей чапаны бар. Көздөрүн бир жерге байлап койгонсуп, күңүлдөп сүйлөгөн сөздөрү аарынын үнүндөй сыяктанды.  Зөхре сабырсызданып, титиреп жатты. Али Дербиш менен өзүнүн үйүнүн ортосунда нечен ойду ойлоп, санаа чегет… “Атам өлүп калат эми… Ясин тулуму менен зам-замдын шишесин эртелеп алып барышыбыз керек…”

Али Дербиш  жайнамазын жыйнап, дубалга асып жатып таң калычтуу көздөрү менен “Эмне болду?” дегенсип, кызды карап калды. Дагы деле тилегин айтып бүтө электей…

— Атакем, — деди кыз. — Атамдын жаны кыйналып жатат, абалы өтө начар. Ой кудайым ай, жетише көрөлү, Али Дербиш. Ясин тулуму менен зам-зам суусун да алып алыңыз!

Али Дербиш түңүлүп, үмүтү үзүлдү. Текчеден шишени алып, араң жан жарыкка тосуп, шыкаалап карап калды.  Шишенин түбүндө эки тамчыдай суу бар экен.

— Быйыл кыш ырайымсыз катуу болду. Ченебеген зам-зам суусу эки айда түгөнүп калды. Тулумда да окулган аба калган жок… Жол ачылып калса Шейхтин жанына  барат элем. Кышкы ырыскысын да ала барып, жалынып-жалбарсам да тулумга дуба окулган абадан толтуртуп келмекмин. Бир-эки шише зам-зам алат элем. Кудай буюрса, мындан кийин өлүм аттуу болбосо…

Бошогон тулумду этияттык менен ордунан алып жатып, “Ээ  Хасан ага, демек сен дагыбы? Өлүм сенин да эшигиңди каккан экен да…” – деди ичинен.

Кыз болсо өрөпкүп ыйлап жатты.  Али Дербиш бир жагынан кийинип, бир жагынан кызга карап:

— Ыйлаба, кызым… Кудайдын буйругуна эмне демек элек?  Аллах баарыбызга ыйманда өлүүнү насип кылсын. Атаң таза адам болчу. Эч кимдин кирди-чыкты ишине кийлигишчү эмес. Мурдагы жылга чейин Шейхтин башкы дербиши эле, улгайып калганында ордун мен алдым. Шейх аны баарыбыздан жакшы көрө турган. Сөзмөр, мүнөзү жумшак адам эле. Шейхтин башкы дербиши болуу дегендин өзү кандай?…

— Атам бир айдан бери жол карап жатат, Али Эмми. Бир боорум Ибрагим келген жок. Сураштырып, кат жаздык, “Доктурга барып,  дары-дармек ала кел” дедик…

— Жол жабык кызым, кантип келмек эле? Желаны, Сакалтутан чокусун, Амбар кыштагын ашып өтүп, бул кудайдын каары түшкөн тоолорго кантип жетсин? Элбистан каякта, бул жак каякта?..

— Жол ачык болгон күндө деле келмек эмес, Али Дербиш! Мен агамды жакшы билем. Ал жанагы аялынын көлөкөсү. Катын сөрөйүнө бир нерсе болсо, тоо-таш, кыш-кыямат дегенди тоготмок эмес…

— Кызым, ал окуган адам. Окуган, айылынан, үйүнөн ажырады дегендик… Кушту капастан учурбаш керек. Учкан соң,  кайра колго тийбейт…  Ошончо окутуп, адам болсун дегенден кийин, өз эркине коюш керек. Шаар  көргөн неме келип, сарайда жатып, соконун сабына жармашмак беле? Күнөө атаңда…  Мүшөктөп акчасын чачып, Ибрагимди Элбистанга окуганга жибербей эле койсо болмок. Мейли, башталгыч классты бүтүрдү дейли, эмне бар эле,  жатып окуган мектептин азабын жедирип, Дүзичине жиберип? Элдин баарынын балдары чабан болуп атса, эмне кылабыз, анын уулу мугалим болуптур… Биздин Шейх кандай соонун сөздөрдү айтчу: “Бир жыл шаарда жашаган неме, айылдагы тамына кулпу салып,  чарбасын таратып ийсин! Ал эми шаардык кызга үйлөнгөн болсо, эч качан айылдыкмын деп мактанбасын…”

— Ажап болуп, атам бул азаптан кутулаар бекен, Али Дербиш? Бир ай мурун мындайы жок эле. Анан эле эти ысып, жөтөлүп, төшөккө жатып калды. Төшөккө жатып калганычы…  Ээ, бир кутулса ошондон! Шейхке бир токту багыштайм.  Сандыктагы себимди сатып, энчисин берем.

— Чыга элек жандан үмүт үзүлбөйт, кызым. Жараткан улук!  Көрөсүң, типтирүү болуп, кайра бутуна турат. Суу шишеси менен тулумга тил бүтүп сүйлөсө кана… Канчалар үчүн толуп кайра бошоду… Кыштактын дарты менен азабы жакын болот эмеспи… Жолубуз болсо, шаарга бара турган бири табылса, зам-зам, шейхтин дубасына муктаж болор белек? Кудай бизди бул тоолор бош калбасын деп жаратыптыр. Оорулубуздун жаны кыйналып жатса, ага “Ясин” сүрөөсүн окуганга киши таппайт элек. Шейхтин окуган дубасы  деле колубузга араң тиет… Тоолуксуңбу, айбандан айырмаң жок! Кана эми, кетели кызым. Үстүңө менин тигил тери тонумду кийип ал!

Карга буттары батып, кайра чыгып, бир нече мүнөт жол жүрүштү. Жол узаргандан узарып барат… Үйгө жетпей жатып, кулагына ачуу чаңырык угулду. Зөхренин  энеси сыртка атып чыгып, аларга карай бакырып, чуркап келе жатты:

— Дербиш Али!!! Зөхре кызым!!!  Оо айланайын жетишкиле!  Зам-зам кана? Ясин тулуму каякта? Абышкам өлдү… Шейхтин дубасысыз кетти! Ыймансыз кетти!

Түрк тилинен которгон Бактыгүл Сексенбекова

[1] “Ясин” сүрөөсү окулган териден жасалган туюк баштыкча.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.