Али Үнлү: Чычкан аңчысы (конкурска №62)

«Масал шекери» Индиянын алыскы бир аймагында чытырман токойлуу бир жерде жан-жаныбарлар ынтымактуу жашашкан экен. Баары бири-бирин сыйлап, бири-бирин урматтап турушчу экен. Күндөрдүн биринде бул токойго капысынан бир арстан келип калат. Ал токойдо канча жаныбар болсо баарын алдына чакыртып, аларга өзү өкүм жүргүзө баштайт. Ал чөйрөдө канча жырткыч жаныбар болсо, баары аргасыздан арстанга кызмат кылат. Ошентип күндөр айга, айлар жылга айланып убакыт өтө берди. Арстан да карыды, арыды. Көздөрү тунарып, тиштери мокоду. Алдына койгон тамакты да түзүк жей албай калды. Ал […]

Мевлана Желаледин Руми: Эки ууру (конкурска №61)

МЕСНЕВИ Илгери өткөн заманда бир падыша жашаган экен. Ал өз падышачылыгында эмне болуп жатканын көрүп-билүү үчүн мезгил-мезгили менен кийимин алмаштырып алып шаар аралап чыгуучу экен. Ошентип күндөрдүн бир күнүндө жаман чапанын кийип, мусапыр кейпинде шаарга чыкты. Жолдо келатып, эки ууруга жолукту. Падыша бул ууруларды мурун эч көргөн эмес экен. Анан аларга карап: – Туугандар, мени да араңарга кошуп алгылачы. Мен ушинтип үй-жайы жок, жер кезип жүргөн адаммын,  — деди. Эки ууру аны башынан бутуна чейин жакшылап карап: – Кошуп аларын […]

Евгений Шварц: Жоголгон убакыт жөнүндө жомок (конкурска № 60)

Петя Зубов деген бир бала бар эле. Ал он төртүнчү мектепте үчүнчү кластта окучу. Бир аз жалкоо болгондуктан орус тилинин жазуусунан, арифметикадан, ал гана эмес музыка сабагынан да дайыма башка балдардан артта калчу. — Жетишем! – деп койду ал биринчи чейректин аягында. – Экинчи чейрек болсун, мен баарынан ашып өтөм. Экинчи чейректин аягында ал үчүнчү чейректе жетишем деп койду. Ошентип ал сабактарынан улам артта кала берди, бирок бул тууралуу эч кабатырланып койбоду. «Жетишем!» деп коюп жүрө берди. Ошентип бир күнү […]

Иван Тургенев: Кара жумушчу жана ак кол (конкурска №59)

Кара жумушчу: Эмнеге эле бизге жармашып калдың? Деги сага эмне керек? Сен биздикилерден эмессиң…  Жогол мындан! Ак кол: Мен силерге өз кишимин, туугандар! Кара жумушчу: Кантип эле ошондой болсун! Өз киши имиш! Ойлоп тапканын! Жок дегенде мына менин колдорумду карап койчу. Кандай капкара, кир экенин көрдүңбү? Колдорум кык жыттанат, кайыңдын чайыры жыттанат – а сенин колдоруң аппак. Эмне жыттанарын ким билет? Ак кол: (колун сунуп) Жыттап көр. Кара  жумушчу:  (жыттап көрүп) Эмне  деген балээ? Темир эле жыттангансыйт. Ак  кол: Темир […]

Улуттук адабияттын казынасын байытуу максатындагы конкурс жыйынтыгы…

«РухЭш» сайтында 2018-жылдын 12-декабрында – “Кыргыз адабиятынын күнүнө” карата жарыяланган конкурс жыйынтыкталмакчы. Аталган конкурстун негизги талаптары боюнча: 1) Буга чейин кыргыз тилине которулбаган жана эч жерде жарыяланбаган гана аңгеме, новелла жана жомоктор кабыл алынды. 2) Калыстар курамы конкурска келип түшкөн чыгармалардын котормодогу көркөмдүк сапатына жана чеберчилигине көңүл бурууда. 3) Конкурстун уюштуруу тобу жана калыстар курамы чыгармалардын түпнускадан которулганын эске алат. Конкурстун Жобосунда көрсөтүлгөн жогорудагы шарттар боюнча учурда калыстар курамы өз ишин улантууда. Конкурс жеңүүчүлөрү ушул жылдын 1-июль күнү (дүйшөмбү) “ЭлТР” […]

Өмер Сейфеттин: Ат тарак (конкурска №58)

АҢГЕМЕ Ат сарайдын короосунда ойноп жатканда, төмөн жакта күмүш мажүрүм талдардын далдоосундагы суунун шарылдаганын угар элек. Үйүбүз ички кашаанын бийик каштан дарактарынын артында жашынып калган сымал эле. Апам Стамбулга кеткендиктен, бир жаш кичүү бөбөгүм Хасан менен такай атчыбыз Дадарухтун жанында болор элек. Атамдын аттарын баккан Дадарух улгайып калган адам болчу. Эң жакшы көргөн нерсебиз аттар болгондуктан, таң эрте ат сарайды көздөй чуркар элек. Дадарух менен бирге аттарды сууга алып баруу, үстүлөрүнө жайдак минүү биз үчүн ыракат эле. Хасан корккондуктан, жалгыз […]

Оскар Уайльд: Булбул менен роза (конкурска №57)

ЖОМОК – Эгер мен ага кызыл розаны апкелсем, ал мени менен бийлегенге макул болмок, — деп ыйлады жаш студент. – Бирок менин бакчамда кызыл роза дегеле жок да… Талдагы уяда бир булбул отурган, ал аны угуп калып, жалбырактардын арасынан тиктеп аң-таң болду. – Менин бакчамда бир да кызыл роза жок! – деп боздоду жигит, ошондо анын татынакай көздөрү мончоктоп жашка толду. – Бах, чиркин! Бакыт деген эмнеден гана куралбайт! Мен акылмандар жазганды бүт окуп чыктым, атүгүл, философиянын сырларын да изилдедим, […]

Манфред Кибер: Наркы жээк (конкурска №56)

АҢГЕМЕ Бир заманда алыскы өлкөлөргө каттап, ал тараптан жалаң гана өтө сейрек кездешүүчү өзгөчө, укмуштуу буюмдарды  чогултуп жыйнаган бир коллекционер жашаптыр. Ал адам ошону менен бирге эле күнүмдүк жашоо-тиричиликте колдонулуучу буюмдарды да жыйнап жүргөн, бирок сатылып алынган буюм ошондон кийин өзгөчө маанини алып, өз баянына, тарыхына ээ болуп калчу. Ар бир буюмдун таржымал-баянын түшүнүү оңой өнөрлөрдөн эмес экендигине карабастан, коллекционер ал баяндарды окуганды билчү. Ошентип, ал күнү менен, түнү менен өзгөчө буюмдардын баянын окуп отуруучу, анткени ал билгенден, адамдардын тагдыры […]