«Масал шекери»

Индиянын алыскы бир аймагында чытырман токойлуу бир жерде жан-жаныбарлар ынтымактуу жашашкан экен. Баары бири-бирин сыйлап, бири-бирин урматтап турушчу экен. Күндөрдүн биринде бул токойго капысынан бир арстан келип калат. Ал токойдо канча жаныбар болсо баарын алдына чакыртып, аларга өзү өкүм жүргүзө баштайт. Ал чөйрөдө канча жырткыч жаныбар болсо, баары аргасыздан арстанга кызмат кылат.

Ошентип күндөр айга, айлар жылга айланып убакыт өтө берди. Арстан да карыды, арыды. Көздөрү тунарып, тиштери мокоду. Алдына койгон тамакты да түзүк жей албай калды. Ал эмес тамак жеп, андан соң уктагандан кийин оозу ачылып калгандыктан, бир нече чычкан келип, тиштеринин арасындагы калдыктарды жеп жүрдү. Мына ошол чычкандардын айынан жакшы уктай албай жүрдү. Жарым саат сайын ойгонуп, чычкандарды качырып турчу болду. Бирок ал уктаган кезде чычкандар кайра келип, анын тынчын ала берди.

Бир токойду титиретип турган арстан кичинекей чычкандарга оюн болуп калды. Аларды кармап, жазалай албады.

Арстан алдуу-күчтүү кезинде бир карышкыр ага жакын жардамчы болуп жүрүп анын ишенимине кирип калган эле. Арстан ага кайрылып, алардын азап бергенин айтып даттанды.  Муну уккан карышкыр:

— Арстан султаным, эшик кызматчыларынан мышык деген бар. Эгер макул көрсөңүз, сиздин тактыңызды кайтарууну ошол мышыкка тапшыралы, — деди.

Арстан карышкырдын сунушун кабыл алды. Дароо мышык арстандын алдына чакыртылып, кароолчулукка дайындалды.

Арстандын уктаар маалын билген чычкандар дагы келишти. Бирок ал жерден мышыкты көрүп, артын көздөй качышты. Бирок мышык чычкандардын бирөөсүн да өлтүрүүнү ойлогон жок. Аларды арстандын жанына жолотпой коруп гана турду.

Мына ошондон кийин арстан жыргап уктап калды. Ансайын мышыктын кадыр-баркы арта берди. Ошентип мышык өз ордун жакшы бекемдеп алды.

Күндөрдүн биринде мышык чоң мыймыйын арстандын алдына алып келди. Башын ийип таазим кылды да:

— Оо, өкүмдарым! Бул менин улуу мыймыйым. Падышага кызмат кылуунун жол-жобосун жакшы билет. Бардык кызмат колунан келет. Мен кулуң кээде башка жакка ишке кеткенде мыймыйым сиздин уруксатыңыз менен менин ордума кызматта турсун, — деди.

Арстан мышыктын өтүнүчүн кабыл алды.

Бир күнү мышык башка зарыл иштери менен кетти. Ордуна мыймыйын коюп «Ишиңди так аткар, алаксып кетпе!» — деп аябай дайындап кетти.

Ал түнү мышыктын мыймыйы кароолчулукка турду. Ал атасындай болуп коркутуп гана тим болбостон, биринчи чыккан чычканды өлтүрүп салды. Андан кийин экинчисин, үчүнчүсүн, айтор, таң атканга чейин көп чычканды өлтүрүп салды.

Эртеси атасы келип, жыйылып жаткан чычканды көргөндө ачуусу мурдунун учуна чыкты:

— Эй, акылсыз! Бул сенин эмне кылганың? Мен миң бир кыйынчылык менен чогулткан кадырымды сен бир түндө төгүп салбадыңбы! Кашыктап чогултканымды чөмүчтөп чачпадыңбы! Бул чычкандар болбосо биз эмне кылабыз? Бизди мактоого арзыта турган кандай башка иш бар? Эми чычкандар жок болсо, бизде кайдагы иш болот дейсиң? — буркан-шаркан түшүп мыймыйын бир кыйкырып урушуп алды.

Бирок болгону болду. Эми аны артка кайтара албайт эле.

Бир нече күндөн кийин арстан чычкандар келбей калганын байкады. Ошондон кийин мышыкты иштеп бошотуп койду.

Көрдүңөрбү, сүйүктүү достор, ойлонбогон иш эмнеге алып барат? Ошондуктан бизге караганда көптү көрүп, көптү билген аталарыбыздын, апаларыбыздын тилин угуп, кеп-кеңешин алып турганыбыз аябай жакшы.

Түрк тилинен которгон Бакытбек Жунусалиев

Жеңижок – төкмөлүк өнөрдүн төрөсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.