Петя Зубов деген бир бала бар эле. Ал он төртүнчү мектепте үчүнчү кластта окучу. Бир аз жалкоо болгондуктан орус тилинин жазуусунан, арифметикадан, ал гана эмес музыка сабагынан да дайыма башка балдардан артта калчу.

— Жетишем! – деп койду ал биринчи чейректин аягында. – Экинчи чейрек болсун, мен баарынан ашып өтөм.

Экинчи чейректин аягында ал үчүнчү чейректе жетишем деп койду. Ошентип ал сабактарынан улам артта кала берди, бирок бул тууралуу эч кабатырланып койбоду. «Жетишем!» деп коюп жүрө берди.

Ошентип бир күнү Петя Зубов мектепке адатынча кечигип келди. Келди да, чуркаган бойдон кийим чеччү жакка кирип барды. Сумкасын ал жердеги тосмо тактайдын үстүнө таштады да:

— Наташа эже! Менин пальтомду алып коюңуз! – деп кыйкырды.

А Наташа эже ары жактагы кийим илгичтердин арасынан:

— Мени ким чакырып жатат? – деп сурады.

— Бул мен. Петя Зубов, – деп жоо берди бала.

— А эмне үчүн бүгүн сенин үнүң кырылдап калган? – кайра сурады Наташа эже кийим илгичтердин арасынан чыкпай.

— Мен өзүм таң калып турам, – деди Петя. – Бүгүн өзүнөн-өзү ушинтип калды го.

Ошентип Наташа эже илинген кийимдерин иреттеген соң кийим илгичтин арасынан чыкты да, Петяны карап алып чочуп кетип кыйкырып жиберди:

— Ой!

Петя Зубов да чочуп кетти:

— Сизге эмне болду, Наташа эже? – деп сурады.

— Эмне болду дегени эмнеси? Сиз Петя Зубовмун дебедиңиз беле? А чынында, сиз анын чоң атасы болсоңуз керек?

— Кантип эле чоң ата болуп калайын? – таң кала сурады бала. – Бул – мен, Петя Зубов, үчүнчү класстан.

— Сиз биринчи өзүңүздү күзгүдөн карап көрүңүзчү, — деди Наташа эже.

Бала күзгүгө барып, өзүн карап алып кулап кала жаздады. Петя Зубов өзүн бою узун, арык, кумсарган бир карыяга айланып калганын көрдү. Анысы аз келгенсип беттерин бырыш басып, агарган сакал менен мурут өсүп калыптыр.

Өзүн карап отуруп, карап отуруп, бир убакта бир нерсени эстегендей чочуп кетти да, киркиреген үнү менен:

— Апа! – деп кыйкырып алды да, мектептен чуркап чыгып, үйүн көздөй жөнөдү. Жолдо чуркап баратып ойлонуп баратты: «Эгер азыр апам мени тааныбаса, анда баары бүттү».

Петя үйүнө чуркап келди да, үч жолу коңгуроо басты. Эшикти апасы ачты. Эшиктин алдында турган Петяны карап, унчукпай турду. Петя да унчукпады. Ак баскан сакалын сапсайтып коюп ыйлап жиберейин деп, бирок чыдап турду.

— Сизге ким керек, чоң ата? – деп сурады акыры апасы.

— Мени тааныган жоксузбу? – деп үнүн араң чыгарды Петя.

— Кечиресиз, тааныбадым, – деп жооп берди апасы таңыркай.

Ошентип Петя үшкүргөн бойдон артка кайрылып, көчөгө чыкты. Чыкты да башы оогон тарапты көздөй кете берди. Кетип баратып:

— Мен кандай гана бактысызмын, эми эч кимиси жок жалгыз бир карыямын. Апам да жок, балдарым да, неберем да жок. Жадагалса досторум жок… Андан дагы, эч нерсени үйрөнүүгө жетишпей калдым. Ал эми чыныгы карыя адамдарчы… алар же бир иштин мыкты адиси, же доктор, же бир иштин устасы, же академик, же бир мугалим болушат. А мага окшогон үчүнчү класстын окуучусунун кимге кереги бар? Мага пенсия да беришпейт, анткени мен болгону үч жыл гана иштедим да. Эгер окууну иш деп айта алган күндө да жалаң эки-үчкө иштедим. Эми эмне кылам. Бактысыз бир баламын, байкуш бир абышка болдум, чоң ата болуп калдым. Эми эмне болот?

Ошентип Петя ойлонуп кете берди. Ойлонуп кете берип, кантип шаардан чыгып, токойго кирип кеткенин байкабай калды. Андан ары эмне кыларын билбей, кеч киргенче токойду аралап жүрө берди. Бир убакта «Эс алып алсам болот эле» деп ойлоп, эки жагын карап, карагайлардын ары жагынан агарган бир кичинекей үйдү көрдү. Үйгө кирсе эч ким жок. Үйдүн ортосунда бир стол, анын тегерегинде төрт отургуч бар экен. Стол үстүндө керосин чырак илинип турду. Дубалда илинген саат чыкылдап жатты. Үйдүн бир бурчунда болсо саман үйүлүп жатты.

Петя самандын арасына терең кирип жатып алды. Бир аз жылый түштү. Сакалынан төмөн аккан жашын сүртүп алып уйкуга кетти.

Бир убакта ойгонуп кетти. Бөлмө жарык экен. Стол үстүндө илинген керосин лампа күйүп туру. Ал эми столду тегерете эки бала, эки кыз отуруптур. Алардын алдында, столдун үстүндө чоң жез менен капталган эсептегич турган экен. Балдар аны менен бир нерселерди эсептеп, сүйлөшүп жатышыптыр.

— Эки жыл, дагы беш жыл, анан жети жыл, анан дагы үч… Бул сизге, Сергей Владимирович, а бул сиздики, Ольга Капитанова. Бул сизге Марфа Васильевна, ал эми бул сиздики, Пантелей Захарович.

— Булар эмне болгон балдар? Эмне үчүн алар мынчалык кабактарын бүркөп алышкан? Эмне үчүн алар картайган адамдардан бетер мынчалык кышылдап, онтоп, араң дем алышат. Эмне үчүн бири-бирин чоңдордой болуп атасынын атынан айтышат? Эмне үчүн түн ортосунда токойдун түпкүрүндөгү бул жалгыз үйдө чогулушту?

Петя Зубов демин ичине катып, үн чыгарбай, алардын ар бир сөзүн угуп жатты. Уккандарынан төбө чачы тик туруп, коркуп жатты.

Көрсө, ал жерде балдар менен кыздар эмес, заалым сыйкырчылар отурган тура. Бул дүйнө ушундай жаратылган тура: убактысынын баарын бошко кетирген адам кантип карып баратканын өзү да билбей калат турбайбы. Анан бул заалым сыйкырчылар ошондон пайданланып калышат экен. Мына ошентип убактысына эч маани бербеген Петя Зубовду, дагы бир баланы жана эки кызды кармап алып, картайган адамдарга айлантып салышкан турбайбы. Өздөрү билбей жүрүп картайып кетишкен турбайбы, байкуш балдар. Ал эми ал балдардын бошко кетирген убакыттарын сыйкырчылар өздөрүнө алып алышкан экен. Ошентип сыйкырчылар жаш бала болуп, ал эми убактысын бекерге жоготкон балдар картайып, чал менен кемпирлерге айланып калышкан экен.

Эмне кылуу керек? Бул жоголгон убакытты кайра кайтарып алуунун эч кандай жолу жокпу?

Бул убакта сыйкырчылар өздөрүнө тийген убакытты эсептеп бүтүп, эсептегичти столдун алдына катып коёр кезде, алардын башчысы — Сергей Владимирович буга жол бербеди. Ал эсептегичти алды да, дубалда илинген сааттын жанына барды. Сааттын жебелерин айландырып, алдындагы чынжырчага илинген тобурчактарын кармалап көрүп, маятниктин кантип тыкылдап жүрүп жатканына кулак төшөп, кайрадан эсептегичтин зымга тизилген дөңгөлөкчөлөрүн шакылдатып ары-бери жылдырып, бир нерселерди эсептей баштады.

Ошентип саат түнкү он экини көргөзүп калганча ал эсептегичтин жанын койбой, шакылдатып бир нерселерди эсептеп, өзүнчө сүйлөнүп жатты. Саат туура он эки болгондо Сергей Владимирович эсептегичтин дөңгөлөкчөлөрүн аралаштырып туруп, жалпы жыйынтыгы канча болгонун дагы бир жолу текшерип чыкты.

Андан кийин ал сыйкырчыларды өзүнө чакырды да, үнүн акырын чыгарып:

— Урматтуу сыйкырчылар! Билесиңерби, биз бүгүн картайган адамдарга айлантып салган жаш балдар кайра өз жаштыгын кайтарып алса болот экен, — деди.

— Кантип? – кыйкырып жиберишти сыйкырчылар.

— Азыр айтам, — деди Сергей Владимирович. Андан кийин ал сыртка чыгып, үйдү бир айланып келип, эшикти ичинен бекитип, бурчтагы саманды таяк менен чукуп көрдү. Бул учурда Петя Зубов чычкандан бетер бүрүшүп, үн катпай жатты.

— Керосин лампа начар жарык бергендиктен сыйкырчы Петяны көргөн жок. Ал берки сыйкырчыларды жанына чакырып алды да:

— Тилекке каршы, дүйнө ушундай жаратылган экен: кандай кырсык болбосун, адам үчүн андан чыгып кетер бир жолу табылат экен. Эгер биз кемпир-чалдарга айлантып салган балдар эртең бири-бирин таап, бул жакка туура он экиде келишсе, дубалда илинген саат жебесин жетимиш жети жолу артка айландырса, ал балдар кайрадан өз кебетелерине келип, жаш бала болуп калышат экен. А эгер чындап ошондой кыла турган болушса, анда биздин сыйкырыбыздын күчү жоголуп, биз жок болуп кетебиз.

Сыйкырчылар унчукпай калышты. Бир убакта Ольга Капитановна:

— Алар мунун баарын кайдан билмек эле? – деди.

А Пантелей Захарович болсо:

— Алар саат он экиге бул жакка келишпейт. Жок дегенде бир мүнөткө болсо да кечигип калышат чыгар? – деди.

Марфа Василевна болсо:

— Алар кайдан? Бул жаккабы? Ал жалкоолор жетимиш жетиге чейин санаганды билет деп турасыңарбы? Дароо эле жаңылышат, — деп кыйынсынып койду.

— Ооба, мындай да болушу мүмкүн, — деди Сергей Владимирович, – Ошентсе да өтө сак болгула. Эгер балдар дубал саатка жетип келип, кол тийгизген болсо, анда биз ордубуздан жыла албай калабыз. Ал эми азыр, бизге эч коркунуч жок. Эч камтама болбостон, ишибизге бара берели.

— Ошентип сыйкырчылар эсептегичти столдун алдына катып коюп, жаш балдардай чуркаган бойдон чыгып кетишти. Бирок алар баары бир ар бир кыймылында карыган адамдардай кышылдап, онтоп жатышты.

Петя Зубов сыйкырчылардын дабышы алыстап, угулбай калганча күтүп турду да, үйдөн чыкты. Убактысын бошко кетирбей, бак-дарактарга жашынып отуруп токойдон чыкты да, башка картайып кеткен окуучуларды табуу үчүн шаардын көчөлөрүн аралай чуркап кетти.

Убакыт али эрте болгондуктан, айлана караңгы болуп, көчөдө киши жок эле. Милиционерлер гана өз постторунда турду. Акырындап жарык кирип, троллейбустардын алгачкы коңгуроосу угулду. Ошол учурда Петя Зубов алдында себетин көтөрүп келаткан бир чоң энени көрдү. Дароо ага чуркап барып:

— Кечиресиз, айтып коюңузчу, чоң эне, сиз окуучу эмессизби? – деп сурады.

— Эмне-эмне? – деп ал чоң эне ачуулана карады.

— Сиз үчүнчү класстын окуучусу эмессизби?

— Чоң эне болсо буту менен жерди бир тээп, себетин Петяны көздөй шилтеп калды. Петя бул жерден араң качып кутулду. Бир аз эс алып, жолун улады.

Бул убакта шаар эли ойгонуп калган. Ары-бери зуулдаган трамвайлар, жумушуна шашкан эл. Жүк ташуучу машиналар жүктөрүн дүкөндөргө өткөзүү үчүн, заводдорго, темир жолдорго шашып баратышты. Жумушка шашкан адамдар жолдон тайып жыгылып, убактыларын бекерге коротушпасын деп, короо тазалаган адамдар кар күрөп, жолдорго кум чачып жатышты. Мындай көрүнүштү Петя канча көргөн, бирок адамдар кечигип калуудан, бир нерсеге жетишпей, башкалардан артта калуудан эмнеге мынча коркушарын эми гана түшүндү.

Петя жолдо эки жагын каранып, карып калган адамдардын ичинен окуучуларды издеп баратты. Бирок бирөөсү да окшошподу. Көчөдөн көптөгөн карыган адамдар, аксакалдар, чал-кемпирлер өтүп жатты, бирок алар чыныгы карыган адамдар эле.

Мына, бир аксакал адам сумкасы менен баратат. Мугалим окшойт, кыязы. Тигил жерде дагы бир кары адам чакасы менен щеткасын алып алган, үй актагандардан окшойт. Тигине, кызыл өрт өчүргүч машина зуулдап өтүп барат. Ал эми машинада карыган адам – шаардын өрт өчүргүчтөр тобунун башчысы баратат. Кыязы, бул адам эч качан убактысын бошко коротпосо керек.

Ошентип Петя көчөнү кыдырып жүрдү, ал эми карыган окуучулардан дайын жок. Петя жалгыз эмне кыла алмак, кечикти да. Эми анын колунан эч нерсе келбейт, эми ал эч кимге кереги жок.

Туура чак түш болгон кезде Петя кичинекей эс алуу бакчасына кирди да, бир отургучка отура кетти. Бир убакта ийне менен сайгандай ордунан ыргып турду. Себеби, ары жактагы бир отургучта карыган чоң эне отуруп алып ыйлап жаткан. Петя жанына чуркап баргысы келди, бирок батынбады.

— Бир аз күтүп турайын! – деди өзүнө өзү. – Эмне кыла турганын байкайын.

Бир убакта ал чоң эне ыйлаганын токтотту да, буттарын отургучтан ары-бери салаңдатып, бир аз убакыт отурду. Андан кийин бир чөнтөгүнөн гезитти, экинчисинен мейиз кошуп жасалган ак нандын бир кесимин алып чыкты. Гезитти жазганда Петя кубанганынан кыйкырып жиберди: «Пионерская правда» гезити! Чоң эне гезитти окуп, бир жагынан ак нандын ичиндеги мейиздерин чукуп жеп жатты.

Гезитти окуп бүткөндөн кийин нан менен кошуп кайрадан чөнтөгүнө катты. Бир убакта алдындагы кар үстүнөн кичинекей топ жатканын көрдү. Эңкейип, кичинекей топту колуна алды. Эс алуу бакчасында ойногон балдар жоготуп алса керек. Чоң эне топту айланта карап, жүзаарчысы менен жакшылап сүрүп чыкты. Андан кийин туруп, бактын жанына барды да, ойной баштады.

Ошол учурда Петя карды кечип, бакты аралап, ал карыган чоң энени көздөй чуркап жөнөдү. Чуркап баратып:

— Чоң эне! Сиз окуучусуз, чын айтам, сиз окуучусуз! – деп кыйкырып баратты.  Ал карыган чоң эне кубанганынан секирип жиберди да, Петяны колдон алып:

— Ооба, туура! Мен үчүнчү класстын окуучусу Маруся Поспеловамын, – деп жооп берди да, кайра Петядан сурады, – А сиз ким болосуз?

Петя Марусяга өзүнүн ким экенин айтты. Ошентип алар кол кармашып, берки окуучуларды издеп жөнөштү. Эки-үч саат издешти. Акырында бир чоң үйдүн короосуна киришти. Карашса, короодогу кичинекей сарайдын артында дагы бир улгайган чоң эне таш жолго бор менен чарчыларды сызып, секирип ойноп жатыптыр.

Петя менен Маруся ага чуркап барышты.

— Чоң эне, сиз окуучусузбу? – деп сурашты дароо.

— Ооба, окуучумун,- деди ал. – Үчүнчү класстын окуучусу Наденька Соколовамын. А силер ким болосуңар?

— Маруся менен Петя Наденькага болгон окуяны жана өздөрүнүн ким экендиктерин айтып беришти. Андан соң үчөө кол кармашып, акыркы, төртүнчү баланы издөө үчүн жөнөштү.

Бирок аны табуу оңойго турган жок. Кайда барышпасын, чыныгы карыган адамдар, чоң энелер менен чоң аталар. Короолорду, бактарды, балдар театрларын, балдар үчүн кино жайларды, ал гана эмес, Илим Борборунун имаратын карап чыгышты. Эч жерден табышпады.

Убакыт өтүп жатты. Кеч кирип баратты. Үйлөрдүн төмөнкү кабаттарында жарыктар күйө баштады. Эмне кылуу керек? Ушинтип баары бүтүп калабы?

Ошол учурда Маруся кыйкырып жиберди:

– Карагылачы! Карагылачы!

Петя менен Наденька Маруся айткан жакты карап, эмнени көрүштү дебейсиңерби: тогузунчу номурдагы трамвай зуулдап өтүп баратыптыр. Ал эми анын артындагы темирге бир карыган абышка отуруп алган экен. Башындагы шапкасы кулагын жапкан, сакалы болсо шамалга сеңселет. Ал абышка трамвай артына жабышып отуруп, ышкырып баратат. Бул жакта балдар аны издеп жүрөт, ал болсо трамвайга жабышып алып, ышкырган бойдон шаар кыдырып жүрөт.

Ошентип карыган балдар трамвай артынан чуркашты. Алардын бактысына, жакын жердеги жолчырактын кызылы жанып калды. Балдар абышканы кармап, трамвайдан түшүрүп алышты.

— Сен окуучусуңбу? – деп сурашты дароо.

— Албетте! — деди ал, – үчүнчү класстын окуучусу Вася Зайцев. — А сиздердин ишиңиздер эмне?

Балдар өздөрүн тааныштырды. Убакытты бекерге өткөрбөө үчүн төртөө тең трамвайга отуруп, шаардын сыртындагы токой жакка сапар алышты.

Ошол эле трамвайда башка окуучулар да баратышкан экен. Алар карыган чоң ата, чоң энелерди көрүп, дароо орундарынан туруп:

— Отуруңуздар, чоң аталар, чоң энелер! – орун бошотуп берип жатышты.

Карыган балдар уялгандан кызарып чыгышты. Бирок отуруудан баш тартышты. Окуучулардын дагы өтө адептүүлөрү туш келген экен, улгайган адамдарга сылык мамиле кылышып, отуруп алууларын суранышты:

– Отуруп алыңыздар! Сиздер өмүр бою иштеп, чарчап-чаалыгып калдыңыздар да. Мына азыр болсо сиздер отуруп, эс алып барыңыздар.

Бактыга жараша, трамвай токой тушуна келди. Баягы улгайган чоң ата, чоң энелер эшиктен секирип чыгып, токойду көздөй чуркашты. Бирок ал жактан башка көйгөйгө туш болушту. Кеч кирип кеткендиктен, токойдон адашып кетишти.

Айлана караңгы болуп калды. Улгайган чоң ата, чоң энелер бутактарга чалынып, жол издеп, токой кыдырып жүрүштү.

– Эх, убакытты карачы!  — деди Петя, – учкан куштай өтөт ко. Кечээ мен убакытты өткөрүп аламбы деп коркуп, кайткан жолумду жакшылап карабай калыптырмын. Азыр ойлосом, убакыттан утуу үчүн кээде бир аз убакытты коротуу да туура экен.

Ошентип төртөө токойду айланып жүрүп, аябай чарчашты. Бактыга жараша, шамал жүрүп, асмандагы булуттарды айдап, ай шооласы айлананы жарыктантты. Петя Зубов кайыңга чыгып, жакын жердеги карагайлардын арасынан агарган кичинекей үйдү көрдү.

Жерге түшүп, досторуна:

– Акырын, үнүңөрдү чыгарбагыла! Менин артымдан жүргүлө! – деп шыбырап, алдыга түшүп жөнөдү. Балдар карды жиреп отуруп, үйгө жетип келишти. Терезеден үйдүн ичин карашты. Дубалда илинген саат түнкү он экиге беш мүнөт калганын көргөзүп турду. Сыйкырчылар болсо бурчтагы саман үстүндө уктап жатышкан экен.

— Алар уктап жатышат, – деп шыбырады Маруся.

– Акырын! — деп аны тыйып койду Петя.

Балдар эшикти акырын ачып, дубалда илинген саатты көздөй жөнөштү. Он экиге бир мүнөт калганда алар сааттын жанында болушту. Туура он эки болгондо Петя сааттын жебелерин артка айланта баштады – бир, эки, үч…

Сыйкырчылар кыйкырган бойдон ордуларынан тура калышты, бирок андан ары кыймылдай алышпады. Алар катып турган орундарында улам чоңоюп баратышты. Мына, чоң адамдар болуп калышты. Анан чачтары агарып, беттерине бырыш түшүп баштады.

– Мени көтөрүп койгулачы! – бир убакта Петя кыйкырды, – Мен кичирейип баратам. Сааттын жебелерине жетпей калдым. Отуз үч, отуз төрт, отуз беш…

Балдар Петяны көтөрө коюшту. Кыркынчы жолу айландырганда сыйкырчылар кыркыраган, араң дем алган карыяларга айланышты. Ал эми жебени жетимиш жетинчи жолу айландырганда заалым сыйкырчылар турган орундарынан жок болуп кетишти.

Балдар бири-бирине карап, кубангандарынан каткырып күлүп жатышты. Алар кайрадан бала болуп калышкан эле. Өздөрү бекерге коротуп, жоготуп коюшкан убакыттарын күрөшүп жатып араңдан зорго кайтарып алышты.

Алар го карылыктан кутулуп кетишти. Бирок урматтуу окурман, сен жакшылап ойлон. Себеби пайдалуу эч нерсе кылбай, убактысын бошко короткон адам кантип карып кеткенин өзү да байкабай калат.

Орус тилинен которгон Бакытбек Жунусалиев

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу