АҢГЕМЕ

Бир заманда алыскы өлкөлөргө каттап, ал тараптан жалаң гана өтө сейрек кездешүүчү өзгөчө, укмуштуу буюмдарды  чогултуп жыйнаган бир коллекционер жашаптыр. Ал адам ошону менен бирге эле күнүмдүк жашоо-тиричиликте колдонулуучу буюмдарды да жыйнап жүргөн, бирок сатылып алынган буюм ошондон кийин өзгөчө маанини алып, өз баянына, тарыхына ээ болуп калчу.

Ар бир буюмдун таржымал-баянын түшүнүү оңой өнөрлөрдөн эмес экендигине карабастан, коллекционер ал баяндарды окуганды билчү. Ошентип, ал күнү менен, түнү менен өзгөчө буюмдардын баянын окуп отуруучу, анткени ал билгенден, адамдардын тагдыры ошол буюмдардын баянына көз каранды эле. Кунарсыз жана чаташуу-адашууга жык толгон пендечилик өмүр кенен аккан дарыядай болуп,  толкун артынан толкун болуп агылып, келип-кетип жатканда, ал берки жээкте туруп алып, ар нерсеге кызыгдар көзү менен байкоо жүргүзүп, көз салып туруучу.

Ошондо да  ага бир нерсе жетпей турчу: ал абдан кызыгып, байкоо жүргүзгөн пендечилик өмүрдүн бир гана тараптуу эмес экенин билчү. Анын билишинче, пендеге берилген өмүрдүн дагы бир жагы,  наркы жээги бар, аны ал качантан бери издеп жүргөн! Бирок алигүнчө таба албады.  Ошентсе да бүгүн  болбосо дагы бир күнү аны сөзсүз табууга дем байлап, үмүт артып жүргөн болчу. Наркы жак жөнүндө бир нерсе айтып бере ала турган бир да буюмду таппаса да, ал бардык шаарлардын дүкөндөрүнөн андай буюмду издей берди. Ал кан-жаны менен нукура коллекционер жана из кубар болгондуктан, чыдамкайлыкка бышып бүткөн.

Ошентип, ал бир жолу түштүктө жайгашкан алыскы шаардагы көргөндү таң калтырарлык ажайып бир дүкөнгө туш болду. Мында адамдын жашоо тиричилигинде кездешүүчү бардык майда-чүйдө буюмдарды, адамдын оюна эмне келсе ошону табууга мүмкүн  болгондуктан, баа жеткис кымбат буюмдан тарта баасы сокур тыйынга арзыбаган күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдарды жолуктурууга болот эле. Ар бир буюмдун өзүнө гана тиешелүү баяны да бар эле.

Коллекционер бүт баарын иш билги, тажрыйбалуу көзү менен карап чыкты. Кээ бир буюмдар ага аябай жакты, бирок ал сатып алгысы келген буюмдардын кай бири анын коллекциясындагы буюмдарды эсине салып турду.

“Мен көргөндөн, бул адамдын жашоо-тиричилигиндеги буюмдардын эң сейрек кездешүүчү коллекциясы”, — деди коллекционер,  бул соодагер жөн соодагерге окшобой турганын сезип, — соодагердин  бүт турган турпатында, мүнөзүндө унчукпаган үнсүз-сөзсүз салтанаттуулуктун шааниси бар эле – андан наркы тарап, наркы жак жөнүндө айтып бере ала турган кандайдыр-бир буюмдун бар-жогун сурады.

Соодагер чындыгында эле жөн соодагерлерден эмес эле. Адамдардын жашоосу, тагдыры ушул буюмга көз каранды болуп калгансып, эңсеп жүрүп сатып алган буюмдарынын кээ бири адамдарга көз жаш жана кайгы-муң гана алып келгенин ал абдан жакшы билчү. Элде жок буюмдарды сурагандар көп деле кездеше берчү эмес. Чет өлкөлүк коллекционер соодагерден наркы тарап жөнүндө сураганда соодагер жылмайды да, ага сырткы көрүнүшү анчалык көзгө толо бербеген, бирок өтө кылдаттык жана чеберчилик менен жасалып бүткөн кичинекей чыракты алып берди. Чыракты жандырууга муктаждык жок эле, ал өзү эле  үлбүрөгөн көгүлтүр кооз жарык чачып турду.

“Бул чырак эч качан, эч жерде көрнөккө коюлган эмес, — деди соодагер, — ал наркы жээк жөнүндө сураган адамга гана берилиш керек”.  – “Ал мага наркы жак жөнүндө айтып бере алабы?” – деп сурады коллекционер чыракты зор ынтаа менен таң кала карап, анткени бул сыяктуу буюм анын коллекциясында болгон эмес, анын үстүнө, мындай буюмду эч жерден көрө элек болчу. “Наркы жак жөнүндө чырак сага эч нерсе айтып бере албайт, — деди соодагер, — Наркы жээкке сен өзүң сапар тартып барууң керек, бирок чырак сага жарыгын чачып, ал жакка  баруучу жолду көрсөтүп берет”.

Коллекционер соодагерге ыраазылыгын билдирүү менен бирге чырак үчүн канча төлөш керек экенин сурады. “Менин дүкөнүмдө арзан баага сатып алууга боло турган көптөгөн буюмдар бар. — деди соодагер, — Алардын арасында бүтүндөй бир королдуктун кунуна татырлык нерселер да бар. Бирок  сенин колуңдагы кичинекей чырак наркы жакты  сураган адам үчүн бепбекер. Ал сенин өзүңдүн чырагың, ал түбөлүк өчпөс чырак – сага наркы жакка баруучу жолду көрсөтүп берет”.

Ошондо коллекционер  коллекционерликти коюп биротоло саякатчылыкка өтөт.  Ушул убакка чейин чарчабай-чаалыкпай чогултуп келген сейрек кездешүүчү, элде жок буюмдарын, байлыгын таштады да, түбөлүктүү чырактын жарыгын ээрчип, наркы жээкке жолго аттанды.

Ал бул дүйнөнүн мурда эч бир көрө элек кооздугун, сулуулугун, көркөмдүгүн өз жолунда кезиктирди. Таштарга жан кирип, кыймылдап,  ар кандай формага ээ болгонун көрдү, гүлдөрдүн түшүнө эмне киргенин, кантип кыялданганын алардын көзү менен көрдү, бардык жан-жаныбарлардын тилин түшүнө турган болду. Акырындык менен анын сапары жалгыздыктын жадатмасына айланды. Ал бир ээн калган жерде өз алдынан бийик, аскалуу жети тоону көрүп турду.

Чырак анын жолуна жарык нурун чачып, ушул бардык жети тоого чыгууга тийиш экенин көрсөттү.

Саякатчы ар бир тоого чыккан сайын наркы жакты көрүүгө үмүттөндү, бирок көрө албады.

Бардык жети тоонун чокусунда жаңы жааган  аппак кар жатты. Бардык чокудагы аппак кардын так ортосунда чоктой кыпкызыл түстөгү жаңы гүлдөгөн роза гүлү лаал (рубин) сыяктуу жарк-журк этип күнгө чагылышып турду. Анын ар бирин  саякатчы үзүп алып, өзү менен жолго алып жүрдү. Качан гана бардык жети тоого тең чыгып бүтүп, жети чокудагы жаңы жааган кар үстүндөгү жети  кыпкызыл роза гүлдөрүнөн венок кылганда гана ал бир капкара дарбазага туш болду. Аны дарбазачы тосуп чыгып, эмнени кааларын, эмне керектигин сурады.

“Мен наркы жакты издеп жүрөмүн”, — деди саякатчы.  “Өз жолуңа сен деги эмнени ала чыктың эле?” деп суроо узатты дарбазачы. “Жети кыпкызыл роза гүлүн жана өзүмдүн түбөлүк өчпөс чырагымды”, — деп жооп берди саякатчы. Ошондо дарбазачы аны капкара дарбазадан өткөрдү, кирүүгө жол берди. “Бул дарбазадан нары дагы жол узун жана караңгы. — деди дарбазачы, — Сен ал түгөнгүчө кете бер, ошондо чексиздиктин деңизине кез болосуң”. “Мага чексиздиктин деңизинин кереги жок. — деди саякатчы, — Мен наркы жакты издеп жүрбөймүнбү, а чексиздиктин деңизинин чеги да жок, жээги да жок эмеспи”. “Күн чыкканча күт, ошондо наркы жакты көрө аласың”, — деди жооп кайтарып дарбазачы.

Саякатчы дарбазанын нары жагындагы түпсүз, учу-кыйырсыз караңгылыкты жиреп,  аралап жөнөдү. Качан гана кыдырып басып жүрүүдөн чаалыкканда чексиздиктин деңизинин жээгине келип көчүк басты.Чексиздиктин деңизинин албуут толкундары анын бут алдында буркан-шаркан түшүп, толкуп-ташып жинденип, жылдыздуу түндү айдалыга жамынып отурган  жалгыз жолоочунун буттарын чапкылап жатты. Жолоочу бирок өзүнүн түбөлүк чырагынын жарыгын эш тутуп көз ирмебей, түн күзөтүп таңды күтүп отурду. Бул түн ага бүтпөй тургандай сезилди.

Акыры жылдыз суюлуп барып жарыгы өчүп, жаалданган толкун тынчып, асман ачылып, толкундардын үстү жагынан күн чыга келди. Күн көтөрүлүп жарыгы тегиз жайылганда, чексиздиктин деңизинин дал ортосунан өйдө көтөрүлүп, жалт-жулт эткен арал пайда болду. Саякатчы өзү көптөн бери тапсам деп  издеп жүргөн наркы жак ушул экенин тааныды. Капыстан капкара дарбаза тараптан кайкып учуп бир көгүчкөн келди да, ал аралга алып баруучу жолду көрсөттү. Саякатчы чексиздиктин деңизинин үстүнө кристаллдын үстүнөн баскандай абайлап кадам таштады.

Наркы жак жөнүндө мен чырактын кылган ишинен  көбүрөк эч нерсе айтып бере албайм. Наркы жакка ар бир адам өзүнүн түбөлүк өчпөс чырагынын жарыгы астында өзү гана жалгыз сапар тартып жол жүрүшү керек. Анткени наркы жак жөнүндөгү жомок жолоочунун жомогу.

Немис тилинен которгон Шадыканова Адилет Рыскановна

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.