АҢГЕМЕ

Ат сарайдын короосунда ойноп жатканда, төмөн жакта күмүш мажүрүм талдардын далдоосундагы суунун шарылдаганын угар элек. Үйүбүз ички кашаанын бийик каштан дарактарынын артында жашынып калган сымал эле.

Апам Стамбулга кеткендиктен, бир жаш кичүү бөбөгүм Хасан менен такай атчыбыз Дадарухтун жанында болор элек.

Атамдын аттарын баккан Дадарух улгайып калган адам болчу. Эң жакшы көргөн нерсебиз аттар болгондуктан, таң эрте ат сарайды көздөй чуркар элек. Дадарух менен бирге аттарды сууга алып баруу, үстүлөрүнө жайдак минүү биз үчүн ыракат эле. Хасан корккондуктан, жалгыз мине албай, Дадарух аны алдына өңөрүп алчу.

Каптарга арпа толтуруу, чөптөрдү акырларга салуу, ат сарайды шыпыруу, кыкты чыгаруу эң кызыктуу оюндан да алда канча кумарлуу эле биз үчүн. Аттарды тараганчы… Эң ыракаттуу иш эле го. Дадарух колуна алган тарагы менен аттарды тарап, сааттын үнү сыяктуу тыкылдаган добуштар чыга баштаганда, чыдап тура албай: “Мен да тарайм!” деп жанын койчу эмесмин. Ошондо Дадарух мени Тосундун жонуна мингизип, колума таракты карматып: “Кана, тарачы, көрөлү!”, – дээр эле.

Темирден жасалган тарак менен атты тарап, бирок Дадарух чыгарган ыргактуу тыкылдаган добушту жарата албай убара болор элем. Ошентсе да Дадарухка суроо узатып турчумун:

— Куйругун булгалап жатабы?

— Булгалап жатат.

— Кана, көрөйүнчү!

Канчалык бурулсам да, эӊкейсем да, аттын соорусунан куйругун эч көрө алчу эмесмин.

Дайыма эртең менен ат сарайга кирерим менен: “Атты мен тарайм!”, – десем, Дадарух: “Тарай албайсың!”, – деп жооп берер эле.

— Эмнеге?

— Сен али кичинесиң, ошон үчүн.

— Тарай алам.

— Чоңойгондо тарайсың.

— Качан?

— Боюң ат менен теңелгенде.

Аттарга байланыштуу иштердин ичинен ушул тарагандын гана эбин таба алчу эмесмин. Боюм аттын курсагына да жетчү эмес. Болбосо мен үчүн эң ыракаттуу иш аттарды тароо эле. Тарактын кыртылдаганы Тосунга да жаккансып, аны тарап жатканда кулактарын жапырып, куйругун жая булгалар эле. Тароо иши аяктаганда, кыялын көрсөтө баштачу. Анда Дадарух: “Так” деп кыйкырып, соорусуна бир чаап жоошутуп, башка аттарды тарап баштачу.

Бир күнү Хасан менен Дадарух суу жээгине төмөн түшүп кеткенде, үйдө жалгыз калган элем. Аттарды тароого болгон көксөөм жанып, таракты издедим. Таба албаган соң, Дадарухтун сарайдын бурчундагы терезесиз кичинекей бөлмөсүнө кирдим. Текчелерден карадым, ээрлердин арасынан издедим, бирок таракты эч таба албадым. Дадарухтун керебетинин астында тактайдан жасалган жашыл бир сандык турчу. Аны ачтым… Сүйүнгөнүмдөн кыйкырып жибере жаздадым.

Апам бир жума мурун Стамбулдан берип жиберген белектеринин арасынан чыккан ак темир тарак жалтырап жатты. Дароо алып, Тосундун жанына чуркадым. Курсагын тарагым келди, бирок Тосун тынч туруп бербеди. Оорутуп жатат окшойт деп ойлодум. Тарактын күмүштөй жалтыраган тиштери абдан учтуу жана курч эле. Тиштерин бир аз мокотуш үчүн дубалга сүртө баштадым. Тиштердин кырлары бир аз кеткенде, кайра тарап көрдүм. Кайра аттардын эч бир тынч туруп берген жок. Абдан ачууландым. Жинимди тарактан чыгаргым келди. Он кадамча алыстагы мал сугарган жерге чуркадым. Таракты ноонун ташына коюп, жерден өзүм көтөрө алган эң оор ташты алып, үстүнө таштап-таштап жибердим… Стамбулдан келген, Дадарух аттарды тароого ыраа көрбөгөн ошол сонун таракты мырыйтып, талкаладым да, анан ноонун ичине ыргыттым.

Ал күнү ат сарайда кайра жалгыз калгам. Хасан кызматчыбыз Первин менен үйдө калган. Атам дайыма эртеӊ менен сыртка чыкканда, ат сарайга барып, тегерегин бир карап чыгар эле. Мал суу ичкен жердин тегерегин карап жатып, ноонун ичинде мырыйып жаткан таракты көрүп, Дадарухка кыйкыркы:

— Бери келчи.

Демим кысыла түштү. Абдан коркуп кеттим. Дадарух да таӊ калган бойдон калды. Сынган таракты көрсөтүп, атам муну ким кылганын сурады. Дадарух:

— Билбейм, – деди.

Атамдын көз карашы мага тигилгенин көргөндө, суроо берүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей:

— Хасан кылды, – дедим.

Атам:

— Хасан дейсиӊби?

— Ооба, кечээ Дадарух уктап жатканда, Хасан бөлмөсүнө кирип, таракты сандыктан алып, ноонун ташына чапкылап талкалаган.

— Эмнеге Дадарухка айткан жоксуӊ?..

— Уктап жаткан.

— Хасанды чакырчы бул жакка!

Кашаанын эшигинен кирдим. Көлөкө менен үйгө чуркап барып, Хасанды чакырдым. Эчтекеден кабары жок байкуш бөбөгүм жүгүрүп аркаман келди. Атам абдан ачуулу эле. Мындай учурда анын көз карашынан эле сестениип турчубуз. Атам Хасанды карап:

— Эгер калп айта турган болсоӊ, катуу сабайм!

— Калп айтпайм, – деди Хасан.

— Бул таракты эмнеге сындырдыӊ?

Хасан Дадарухтун колундагы мырыйган таракты таӊ калып карады да, сары чачтуу башын чайкап:

— Мен сындырган жокмун, – деди.

— Калп айтпа дебедим беле!

— Мен сындырган эмесмин.

Атам дагы бир жолу:

— Жалган деген – жаман нерсе. Чынын айтсаӊ, ачууланбайм.

Хасан көк беттенип туруп алды. Атамдын жини келип, жанына барып: «Уяты жок калпычы!» деп бөбөгүмдү жаакка катуу чапты.

— Муну үйгө алып бар! Экинчи бул жакка такыр киргизбе! Такай Первин менен отурсун! – деп кыйкырды.

Дадарух ыйлап жаткан Хасанды кучагына алып, кашаанын эшигин көздөй басты.

Эми ат сарайда дайыма жалгыз ойной турган болдум. Хасан үйдөн чыкпай калды. Апам үйгө келгенде да, атам аны кечирген жок. Хасан тууралуу сөз болгон сайын, атам «ал калпычы» деп гана коёт. Хасан да жаакка жегенин эстеген сайын ыйлап, араӊ басылар эле.

Бөбөгүнө жалаа жабышы мүмкүн деп менден эч күмөн санабаган апам: «Келесоо Дадарух аттарга тебелетип алган болуш керек», – деп койчу.

Кийинки жылы жайында апам кайра Стамбулга кеткен эле, биз жалгыз калдык. Хасандын ат сарайга кирүүсүнө дале тыюу салынган бойдон. Түнкүсүн жатканда менден аттар эмне кылып жатат, тайлар чоӊойдубу деп сурап коёт. Бир күнү эле күтүүсүздөн ал ооруп калды. Кыштакка ат жөнөтүп, чакырылган доктур: “Дифтерия”, – деди. Чарбабыздын тегерегиндеги аялдар үйгө толо жыйылды. Кошо ала келген канаттууларын союп, бөбөгүмдүн мойнуна ороп жатышты. Атам Хасандын керебетинин жанынан карыш жылган жок.

Дадарух абдан муӊайым, Первин болсо ыйлап жатты.

— Эмнеге ыйлап жатасыӊ? – деп сурадым.

— Бөбөгүӊ ооруп жатат.

— Айыгып кетет!

— Жок, айыкпайт!

— Анан эмне болот?

— Бөбөгүӊ көз жумат.

— Көз жумат дейсиӊби?!

Мен да ыйлап баштадым. Хасан ооругандан бери Первин менен жатчумун. Ал түнү эч уктай албадым. Көзүм илинип кетери менен, бөбөгүмдүн элеси көз алдыма тартылып: “Жалганчы!”, – деп маӊдайымда ыйлап турду. Дароо Первинди ойготтум.

— Мен Хасандын жанына барам, – дедим.

— Эмнеге?

— Атама бир нерсе айтышым керек!

— Эмнени айтат элеӊ?

— Ат таракты мен сындырганымды айтам!

— Кайсы таракты?

— Былтыркы. Атам Хасанды уруп, ага ачууланды эле го!

Сөзүмдүн аягына чыга алган жокмун. Ыйымдан улам дем ала албай жаттым. Ыйлап жатып, Первинге баарын айтып бердим. Атама айтып жатканда, балким, Хасан да угуп, мени кечирмек.

Первин:

— Эртеӊ айтып бересиӊ, – деди.

— Жок, азыр барам.

— Азыр атаӊ уктап жатат. Хасан да уктап жатат. Эртеӊ менен айтып бересиӊ. Бөбөгүӊдү да өбөсүӊ, ыйлайсыӊ, анан ал сени кечирет.

— Макул анда.

— Азыр болсо укта.

Таӊ атканча уктай алган жокмун. Таӊ агара баштаганда Первинди ойготтум. Турдук. Ичимдеги уу чачкан абийир азабынан кутулуш үчүн шашып жаткан элем. Өкүнүчтүүсү – байкуш күнөөсүз бөбөгүм ошол түнү көз жумган экен. Диванда кыштактын имамы менен Дадарух ыйлап отурушуптур. Атамдын сыртка чыгышын күтүп жатышкан экен…

Которгон Негизбек ШАБДАНАЛИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.