МЕСНЕВИ

Илгери өткөн заманда бир падыша жашаган экен. Ал өз падышачылыгында эмне болуп жатканын көрүп-билүү үчүн мезгил-мезгили менен кийимин алмаштырып алып шаар аралап чыгуучу экен.

Ошентип күндөрдүн бир күнүндө жаман чапанын кийип, мусапыр кейпинде шаарга чыкты. Жолдо келатып, эки ууруга жолукту. Падыша бул ууруларды мурун эч көргөн эмес экен. Анан аларга карап:

– Туугандар, мени да араңарга кошуп алгылачы. Мен ушинтип үй-жайы жок, жер кезип жүргөн адаммын,  — деди.

Эки ууру аны башынан бутуна чейин жакшылап карап:

– Кошуп аларын го, кошобуз. Бирок биздин ар бирибизде элде жок өзгөчө өнөр бар. Сенин да ошондой өзгөчө өнөрүң болсо жаныбызга алып алабыз, — деди.

– А силердин кандай өнөрүңөр бар? – деп сурады кызыга.

– Мен иттин үргөнүнөн улам анын эмне деп жатканын түшүнөм, — деди биринчиси.

– А мен, – деди экинчиси мактана, – уурулукка барганда кайсы жерде акча, кайсы жерде кымбат баалуу буюм, кайсы жерде алтын бар экенин дароо таап алам. А сенин кандай өнөрүң бар?

Ошондо падыша бир аз ойлонуп:

– А мен, бирөө өлүм жазасына буйрулуп, дарга асылып жаткан болсо, колумдун бир ишараты менен аны куткара алам, — деди.

Падышанын бул өнөрү эки ууруга аябай жакты. Анан алар:

– Сенин да эң жакшы өнөрүң бар экен. Сенин керегиң тийип калышы мүмкүн. Биздин арабызга кошулсаң болот, — дешти.

Ошентип алар чогуу жолго чыгышты. Бир аз жүргөндөн кийин бирөөсү:

– Эми кайда баралы? – деп сурады.

– Падышанын сарайына барбайлыбы, кандай дейсиңер? – деп падыша сөзгө кошулду.

Уурулар бул пикирди кабыл алып, дароо падышанын сарайын көздөй жөнөштү. Сарайга жакындаганда иттер үрө баштады. Иттердин тилин түшүнгөн уурудан эмне деп жатканын сурашканда, ал жакшылап туңшап туруп:

– Падыша бул түнү уурулукка чыкты деп жатат, — деди.

– Бул ит жалган сүйлөп жатат. Падыша уурулук кылууга муктаж болуп калыптырбы? – дешти да, сарайга киришти.

Экинчи ууру:

– Падышанын казынасы бул чоң бактын артында экен. Ошол жакты казалы.

Анан үчөө биригип айтылган жерди казып, көп алтын таап алышты. Дароо алтындарды алып, келген жолу менен чыгып кетишти.

Эртеси күнү жарчылар көчөгө жар салып жүрүштү:

– Уккула, укпадым дебегиле! Падышанын казынасы уурдалыптыр. Баарыңар сарайдын бакчасына топтолгула! Падыша ууруларга издөө салды. Баарыңар келгиле!

Падышанын буйругун уккандын баары сарайдын бакчасына агылып келе башташты. Топтолгон элдин алдында падыша бийик жерге чыкты. Эл акырындап анын алдынан тизилип өтө баштады. Бир убакта падыша эки ууруну тааныды.  Аларды кармап, дарга асууну буйруду.

Падышанын жигиттери дароо аларды кармап, моюндарына жип салышты. Уурулар ажалынын келгенин билип, жашоосунун акыркы мүнөттөрүн санап жатышты. Ошол учурда падыша колу менен бир ишарат кылды. Желдеттери дароо ууруларды дардан бошотушту. Уурулар ишенип-ишенбей падышанын этегин өөп жатышты. Ошондо падыша өзүнүн ким экенин айтып, аларга:

Ар бириңер өз өнөрүңөрдү көргөздүңөр. Мына, мен да өз өнөрүмдү көргөздүм. Бирок мындан кийин силер эч качан уурулук ишке жакындабагыла, — деп насаатын айтып, аларды эркин коё берди.

Түрк тилинен которгон Бакытбек Жунусалиев

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.