ЖОМОК

– Эгер мен ага кызыл розаны апкелсем, ал мени менен бийлегенге макул болмок, — деп ыйлады жаш студент. – Бирок менин бакчамда кызыл роза дегеле жок да…

Талдагы уяда бир булбул отурган, ал аны угуп калып, жалбырактардын арасынан тиктеп аң-таң болду.

– Менин бакчамда бир да кызыл роза жок! – деп боздоду жигит, ошондо анын татынакай көздөрү мончоктоп жашка толду. – Бах, чиркин! Бакыт деген эмнеден гана куралбайт! Мен акылмандар жазганды бүт окуп чыктым, атүгүл, философиянын сырларын да изилдедим, бирок мен эңсеген кызыл роза жашоомду бүт бактысыз кылмак болду го!

«Мына чыныгы сүйүү, – деп тамшанды булбул. – Анын эмне экенин билбесем да, мен күнү-түнү сүйүү жөнүндө нечен жолу ырдагам. Жигитти көрбөсөм да, мен анын турмушу тууралуу асмандагы жылдыздарга түнү бою баяндагам. Анын чачы сары гүлдөй күңүрт, илептери өзү эңсеген розадай кызыл, бирок ашыктык анын өңүн пилдин мүйүзүндөй кубартты, кайгы анын кабагын биротоло бүркөлттү».

– Ханзада бийди эртең кечкиге жарыялады,  – деп шыбырады студент. – Сүйгөнүм дагы ошоерде болот. Эгер кызыл гүлдү таап барсам, анда ал мени менен таң атканча бийлейт. Мен аны колунан алып, ал башын менин ийниме кадап, кучагыма батат. Бирок кызыл розанын айынан мен жалгыз калам, тигил мага жолобойт. Ал мага көңүлүн бурбайт, ошондо менин жүрөгүм туйлайт.

«Акыйкатты чындап сүйөт экен! – деп ого бетер таңыркады булбул. – Мен ыр менен даңазалаган нерсе аны кейитет экен, мага кубаныч апкелген нерсе аны кайгыга бөлөйт экен. Албетте, сүйүү деген эң сонун бир керемет ко. Ал зумуруттан да баалуу, асыл таштардан да кымбаттуу. Бермет менен кызыл таштарга ал сатылбайт, базардагы соодага ал жолобойт. Аны соодагерлер баалабайт, ал таразага тартылбайт».

– Өнөрпоздор үстү жакта орундарда отурат, – деп даттанды жаш жигит. – Алар кыл аспаптарын ойнойт, сүйгөнүм болсо кыл кыяктардын обонуна ыргалып бийлейт. Анын кыймылы ушунчалык жеңил, буттары тим эле жерге тийбейт. Аны кызыл-тазыл кийинген башка жигиттер тегеректейт, аны суктанып тиктейт. Мени менен ал бийлебейт. Себеби менин колумда кызыл гүлүм жок, – деп чөптүн үстүнө боюн таштады да, бетин колдору менен жаап ыйлады.

– Эмнеге бу ыйлап атат? – деп сурады кичинекей жашыл кескелдирик студенттин жанынан чуркап өтүп баратып.

– Чын эле эмнеге? – көпөлөк дагы сурады ошол жерде учуп жүрүп.

– Бу жигит кызыл роза гүлү үчүн ыйлап атат, – деди булбул.

– Кызыл роза үчүн? – деп таңгалды тигилер. – Эмне деген шумдук?

Ошондо бетсиз кескелдирик күлүп жиберди. Жалгыз гана булбул студенттин кайгысын түшүнүп турду. Ал эмендин үстүнө конуп алып, сүйүүнүн сыры тууралуу ойлонуп калды. Бир маалда булбул күрөң канатын жая учканга даярданды. Токойдон ал көлөкөдөй канат сермеп учуп өттү, бакчадан дагы учуп өттү.

Бактын четинде сонун бир роза дарагы бутагын жайып туруптур. Аны көрө коюп, булбул ошол замат бутакка конду.

– Мага кызыл розаңдан берчи, – деп суранды булбул. – Мен сага эң жагымдуу ырымы аткарып берейин.

Бирок тал башын чайкады:

– Менин гүлдөрүм ак да, – деп жооп берди ал. – Деңиздин көбүгүндөй ак десем, ак мөңгүнүн карынан да агыраак. Андан көрө, сен менин агама бар. Ал карып калган, күн саатынын тегерегинде өсөт. Мүмкүн, ошо сенин каалаганыңды таап берет.

Ошентип булбул күн саатынын тегерегиндеги карып калган роза дарагына учуп жөнөдү.

– Кызыл розаңан берчи,  – деп жалдырады ал.  – Мен сага эң сүйүктүү ырымды аткарып берейин.

– Менин гүлдөрүм сары да, – деди дарак. – Падышанын тагында отурган периштенин чачындай сары. Ошондой эле кубарыңкы саргыл чай гүлдөн да сарыраак. Менин агама эле бар. Ал студенттин терезесинин түбүндө өсөт.

Ошентип булбул роза дарагына кайра учуп келди.

– Мага кызыл гүлүңөн берчи, – деп боздоп жиберди булбул. – Ошондо мен сага эң мыкты ырымды аткарып берем.

– Менин гүлдөрүм көгүчкөндүн бутундай кыпкызыл. Бирок тамыр менен бүчүрлөрүмү кышкы суук уруп койду. Бутактарымды үшүк алып, бороон аларды бүт сындырып салды. Ошондуктан быйыл менин бир да роза гүлүм жок.

– Мага бир гана роза гүлү керек, – булбул шолоктоп ыйлады. – Бир гана роза! Башка эч айла жокпу?

– Бар, бирок ал өтө коркунучтуу айла, ошондуктан мен аны сага айталбайм.

– Айта бер, – деди булбул. – Мен коркпойм.

– Эгер кызыл розаны алгың келсе, ай жарыгында чыккын, аны обонуң менен жаратышың керек, анан дагы аны жүрөгүңүн каны менен кызылга боёшуң керек. Сен тикениме көкүрөгүңдү кадап ырдайсың. Узак түнү сен мага ырдап атканыңда тикеним сенин жүрөгүңө сайылат, тамырларыма каның куюлат, анан кызыл каның мага өтөт.

– Кызыл роза үчүн өлгөнүм менин сыймыктанаар курмандыгым, – деп безилдеди булбул. – Өмүр баарыбыз үчүн эң кымбат. Жашыл токойго конуп, алтындай жаркыраган күнгө бет алып, берметтей айга суктана тигелсең, ошол кандай керемет! Долононун жыты буруксуйт, өрөөндө адашкан коңгуроо гүлдөр аңкыйт, дөбөдөгү шыбактын жыты каңшаарыңды жарат. Бирок ошентсе дагы жашоодон сүйүү кымбат. Адамдын жүрөгүнө караганда чымчыктын жүрөгү эмне болуп калыптыр?

Ошону менен булбул учуп жөнөдү. Ал бактан да, токойдон да учуп өттү. Жаш жигит алигиче чөп үстүндө жатыптыр, анын татынакай көздөрүндөгү жашы ушуга чейин кургай элек экен.

– Бактылуу экенсиң,  – деди булбул. – Сага мен кызыл розаны апкелем. Ай жарыгында мен аны обонум менен жаратам, жүрөгүмдүн каны менен аны кызылга боём. Бир гана суранычым бар: чындап сүйгөн адам бол. Сүйүү философиядан да жогору. Анткен менен философия бийликтен да күчтүү.

Студент башын өйдө көтөрүп тыңшады, бирок булбулдун ага эмне деп сүйлөп жатканын түшүнбөдү, анткени ал китепте жазылгандарды гана түшүнчү. Бир гана эмен тал бүт-бардыгын билип турду, ал абдан кайгырды. Ал кибиреген булбулду аябай жакшы көрчү. Булбул уясын анын бутагына курган эле.

– Мага соңку ырыңды аткарып берчи, – деп шыбырады тал. – Сен кеткенден кийин мен жалгыз калам го.

Ошондо булбул ага ырдап берди. Анын үнү күмүш кумгандагы көбүргөн суудай угулду. Булбул ырдап бүткөндө, студент ордунан туруп, чөнтөгүндөгү дептер менен калемин алып чыкты.

«Бул куштун өнөрү бар экен, – деди ал өзүнчө, токойду аралап келатып. – Бирок сезими бар болду бекен? Жок окшойт. Негизи, мындай өнөрпоздордун көбү эле окшош. Алар чын дили менен эмес, жасалмалуу аткарат. Бу чымчык башка бирөө үчүн жанын бере албайт ко. Ал обонду гана аткарат, ошондуктан ар бир адамга белгилүү: өнөр өзүмчүлдүк дегенди билдирет. Бирок өзүмчүл болсо дагы анын үнүндө кандайдыр бир жагымдуу ыргактары бар экен. Э-э, эмне гана болбосун, эми мага анын деле пайдасы жок!» Ошондой сар-санаа менен студент үйүнө жетти. Бөлмөсүнө киргенден кийин төшөгүнө боюн таштап, ал өз сүйгөнүн эстей кетти. Бир пастан кийин ал уктап калды.

Асмандагы ай жаркыраганда булбул роза дарагына учуп келип, көкүрөгүн тикенекке кадады. Узак түнү бою ал тынымсыз ырдай берди. Тунук ай дагы аны үңүлө укту. Булбул таң атканча сайрады, тикенек төшүнө тереңирээк кирип, анын канын соро берди.

Жигит менен кыздын жүрөгүндөгү махабаттын жаралышын ырдады булбул. Бир маалда дарактын чокусундагы роза гүлү ачылды. Башында ал дайранын үстүн каптаган тумандай кубарыңкы болчу. Дарак булбулга төшүңдү тикенге бекемирээк така деп кыйкырды, антпесе гүл кызарбай калат деди. Булбул көкүрөгүн тикенге ого бетер ныктады, токтобой ырын улады.

Бирок тикен жүрөгүнө жеткен жок, ошондуктан гүл агарган бойдон кала берди. Булбулдун гана жүрөгү розаны кызыл канга боёмок, ошентип чымчык тикенге улам ныктай берди, акырында тикен жүрөгүнө сайылды. Булбулдун жүрөгү күтүүсүз жерден сыздай түштү. Катуу оорудан анын жаны кыйналды, ыры да токтобой долуланып жаңырды. Роза татынакай кызыл түскө боёло түшүп, чыныгы чыгыш асманынын астындагы гүлгө айланды. Кызыл гүлдүн дили эми лалдай болуп кызарды.

Булбулдун  үнү начарлап, кичинекей канаттары тыпырап, көздөрү тунара баштады. Анын ыры угулар-угулбас болуп, чымчыкты бирөө тумчуктургансыды.

Анан ал акыркы жолу ырын созолонтту. Аны уккан агарган ай таң атканын унутуп, ордунда катып калды. Аны уккан кызыл роза калтырап-титиреп, таңкы салкын абада желекчелерин ача баштады.

– Карагыла, карачы, – деп кыйкырды дарак. – Роза даяр болду.

Бирок булбул жооп кайтарган жок, жүрөгүнө тикен сайылып, ал чөптүн үстүндө кыймылсыз жатты.

Түшкү маалда студент терезесин ачып, эки жагын каранды.

– Ой! Күтүлбөгөн кандай бакыт! – сүйүнгөнүнөн ал кыйкырып жиберди. – Мындай розаны мен эч көргөн эмесмин.

Анан ал эңкейип, розаны талдан үзүп алды. Колундагы гүлү менен ал ошол замат профессордун үйүнө жетип барды.

Профессордун кызы эшигинин алдында көк жибек жипти чыгырыкка түрүп отуруптур.

– Сага кызыл розаны апкелсем, сен мени менен бийлегенге макул болмоксуң,  – деди студент. – Мына, дүйнөдөгү эң кызыл розаны апкелдим сага.

Бирок кыз аны жактырбагансып карады.

– Бу менин көйнөгүмө жарашпайт ко, – деди сүйгөнү. – Анын үстүнө Чемберлендин жээни мага чыныгы кымбат баалуу асыл таштан белек кылды. Белгилүү да, баалуу белек жөнөкөй гүлдөн кымбат турат.

– Чынын айтсам, сен жакшылыкты түшүнбөгөн жан экенсиң, – ачуусу келген студент гүлдү көчөгө ыргытып жиберди.

Роза арыкка барып түшүп, аны арабанын дөңгөлөгү тепселеп кетти.

– Уяты жок! –  деди кыздын да жини кармап. – Сага айтайымбы, сен абдан орой экенсиң. Сен өзүң деги кимсиң? Көп болсо бир студентсиң. Чемберлендин жээниникиндей бут кийимиңде күмүш таралгаларың болоруна да көзүм жетпейт, – ошенткен бойдон ал ордунан туруп, үйүнө кирип кетти.

– Сүйүү дегениң бир обу жок нерсе турбайбы! – деди студент алыстап баратып.  – Ойго келбеген бирдеме го, эч тартипке баш ийбейт экен. Дайыма эле бир болбогон немени айта берет, ал эми чындан болбогон немеге ишендирип салат. Чынында эле мунун эч кандай пайдасы жок экен, ал эми биздин заманда бардыгы так болушу керек да. Андан көрө, мен кайрадан философия менен метафизикамы үйрөнөйүн.

Ошентип ал бөлмөсүнө кайтып келди да, чаң баскан килейген бир китепти алып, аны окуй баштады.

Англис тилинен которгон Айпери ЧЫНТЕМИРОВА 

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.