Эстутум: Кыргыздын кызыл байрагы — САБЫР…

Ар дайым биздин кызыл тууну көргөндө делебем козголуп, жүрөгүм толкуйт. Өткөн жылдары Малазиянын борбору Куала-Лумпурда бир бийик имараттын жанында жети желектин катарында желбиреген Кыргызстандын кызыл желегин көргөндө бөтөнчө сезимдерге чулгандым. Абай салып карасам, желегибиз эски, бозуп кетиптир. Четтери саргайган. Анысына деле караган жокмун. Бөтөн өлкөдө Кыргызстандын  Кызыл Желеги желбиреп турганына сыймыктандым. Желекти желек кылган Сабыр Иптаров досумду эстеп көзүм жашка толду. Кермектелген жаш жаак ылдый агып,  көзүмө Кызыл Желек бирде көрүнсө, бирде көрүнбөй, бөтөн жер, бөтөн элде Сабырдын элеси көз […]

Топчугүл Шайдуллаева: Балыкчы бала 

АҢГЕМЕ Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапраовго арналат Сох дайрасынын шоокуму айрыкча түн ортосунда күчөйт. Жайкы ысыкта салкын деп там үстүнө төшөк салып жаткан дайра боюндагы кыштактын эли уктап жатса да суунун шаркырагы кулагынан кетпей, көргөн түштөрү да суу жөнүндө. Алар дарыянын шоокумунан суунун киргенин же тартылганын дароо байкашат. Суу кирген маалда жээк бойлоп эккен шалысын жалмап кетпесе экен деп түн бою кетмен, күрөктөрүн көтөрүп, дарыяда жүрүшөт. Суу деген суу да, ага болбой эле шалыкерлердин тизген чым, таштарын тоотуп да койбой, […]

Бурулкан Бакеева: Акыркы “сакалчан”

1992-жыл. Тажикстан. Авган жерине жакын жайланышкан Мекиянабад кыштагы. Көч жүктөлгөн машиналар жөнөп кетүүгө даяр болушуп, айыл элинин чыгышын гана күтүп калышты. Айылдыктарга ата-бабасынын сөөгү калган, туулуп өскөн, бакубат жашаган Мекенди таштап кетүү оор болуп жатты. Тобокелге салып жашаш дагы болбойт. Он беш республика бир тууган деген Совет өлкөсү кыйрап, бөлүнүп кетти. Эми тарыхта гана аты калат. Тажиктерде болсо бийликти талашкан, уруш чыгып кетти. Качан басылаары, бийликке кимдер келери, эл кимди ээрчип колдору белгисиз. Өлкөдөгү экиге бөлүнгөндөр бири-биринин канын төгүп жатты. […]

Жолдош Турдубаев: Жан азыгы – жакшы ыр, ал кандайча жаралат?

Жазасын тартып көктөбөй калган көп ырдын, Арасат жолдо көкүрөк турат жанчылып. Четтетип аста адашкан да бир тагдырды, Иретин бузбай узады, ана, ай жылып… Балким, адабият менен көркөм өнөргө мамлекет ар тараптан кам көргөн, окурмандар да таланттарды сүрөп турган Совет мамлекети кыйрап калбаса, бул саптардын автору Бурулкан САРЫГУЛОВА бүтүндөй өмүрүн поэзияга арнап койгон кесипкөй акындардын бири болмок. Бирок ал эрмек үчүн гана ыр жазган көпчүлүктүн бири эмес. Көксөө жана өксүү Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, айрыкча заман алмашып кеткенден кийин көкүрөктү […]