1992-жыл. Тажикстан. Авган жерине жакын жайланышкан Мекиянабад кыштагы. Көч жүктөлгөн машиналар жөнөп кетүүгө даяр болушуп, айыл элинин чыгышын гана күтүп калышты. Айылдыктарга ата-бабасынын сөөгү калган, туулуп өскөн, бакубат жашаган Мекенди таштап кетүү оор болуп жатты. Тобокелге салып жашаш дагы болбойт.

Он беш республика бир тууган деген Совет өлкөсү кыйрап, бөлүнүп кетти. Эми тарыхта гана аты калат. Тажиктерде болсо бийликти талашкан, уруш чыгып кетти. Качан басылаары, бийликке кимдер келери, эл кимди ээрчип колдору белгисиз. Өлкөдөгү экиге бөлүнгөндөр бири-биринин канын төгүп жатты. Ортодогу карапайым эл кимди угарын, кимди колдорун билбей үрпөйүшөт. Бир улут бийлик үчүн экиге бөлүнүп кырчылдашып жатканда, тажик жергесинде жашаган кыргыздар кимге ишенерин билишпей, келечек жашоолору кандай күндө каларынан так маалыматы жок калган. Бардык үмүттөрү – Кыргызстанда, алар чет жердеги боордошторун эстешет бекен деп көздөрү учат.

Ислам өлкөсүн курабыз, ислам байрагын көтөрөбүз дешип кайдандыр автоматчан, сакалдары сапсыйгандар келишти. Алар союз мезгилинде башы көрүнгөн милицияларды, коммунистерди, мугалим, башкармаларды белгисиз жакка айдап кетишти. Коом өзгөргөндүгүнүн азабын карапайым эл тартты. Айдап кетишкендердин үй бүлөсү кайгы-муңга батып, дарегин билишпей санааркашты. Эл болсо эч нерсе түшүнө алышпай, алар келет деген үмүт менен күтүштү. Бирок алар биротоло келбей калышты. Дайынсыз кетишти, эмне болушканын эч ким билбейт.

Соройтуп мылтык көтөргөндөр өзүлөрүнүн эле дилдеш, тилдеш тажиктери. Бирок чоочун. Булар кайдан чыга калышты? Жаш-карысы дебей сапсыйтып сакал коюп алышкандыктан, эл аларды “сакалчан моджахеддер” деп атап алышты. Бул сакалчандар ислам өлкөсүн курабыз дегендер экен. Ислам өлкөсү ушинтип эл башкаргандарды дайынсыз жок кылуу, кан төгүлүү, жөн жай элди коркутуп-үркүтүү менен курулабы? Эл түшүнбөйт. Өлкөдөгү башаламандыктан пайдаланган шылуундар дагы чыкты. Дүкөндөрдүн баарын тоноп, мүлктөрүн бекитип алышып, бош калган имаратты өрттөшүп, аны сакалчандарга шылташып, аларды ого бетер элге жек көргөзүштү. Карапайым калк тарсылдаган мылтык үнүнөн, жалындаган өрттөн коркуп элеңдешет.

Уруш болуп жаткан тажик жергесиндеги жашаган боордош кыргыздарыбызды көчүрүп кетебиз дешип Кыргызстандан келгендер айыл аралап, кимдер кетерин тактап жүрүштү. Ушинтип эле туулуп өскөн жерди биротоло таштап кетишеби? Кайра кайрылып кетишпейби? Союз өлкөсү он бешке бөлүнүп, коом өзгөрөт, уруш чыгат деп ким ойлоптур. Эгерде кыргыздар Кыргызстанга кетишпесе бул уруш качан басылат, бийликке кимдер келет, алар кыргыздарга кандай мамиле жасашат?.. Бул дагы белгисиз. Көздөн учкан Кыргызстан, азап тарткан, туулган жерди таштап үмүт менен бараткан бир боорлоруңду тосуп алгын дешип жапырт көчүп жөнөштү.

Кылымдардын бир кылымында ата-бабалардын улуу көч жүрүшү болуп:

Чалкып жаткан көл калды,
Кең Сары-Өзөн Чүй калды… —
дешип, ошол жактан көчүп келишкен экен. Ошол жактан келгендердин урпактары кайрадан Чүйгө көчүп жатышат. Уруштун кесепети тынч жаткан карапайым элге гана тийди. Өрттөлгөнү өрттөлүп, чачылганы чачылып, ангыраган үйлөр кала берди. Кыз алышып, кыз беришип куда-сөөк болушуп, тажик-кыргыз туугандашып кетишкен. Алардын бөлүнүшү кыйын болду.

Карапайым элге ушул уруштун кереги бар беле? Кыргыздар Кыргызстанга кетишсе, тажиктер ширин жанды сакташ үчүн авган жери менен бөлүп турган Пандж дарыясынын жайык жеринен баллон менен сүзүшүп аркы жээкке өтө качышты. Авган менен тажик тили окшош, жан сактоого болот дешип үмүттөнүштү. Баш аламанда чек аралар дагы каралбай калган эле.

Өрттөлгөн кыштак, ээси жок жайылган мал, каралбай отоо чөп баскан эгин. Аз күн мурун эле бул жерлерде бейгам тиричилик өтүп жаткан. Тынч өтүп жаткан жашоону кимдер, эмне максат менен тополоңго айлантты? Ислам өлкөсү кыргыздар Кыргызстанга, тажиктер авган жерине өтө качышы менен курулабы? Элдин башы маң. Кимге кошуларын, кимди эмне деп ээрчишерин түшүндүрөр бирөө барбы?

Балбалактап ыйлап, кең көйнөгүн далбыратып, жоолугу кыйшайган Кыздаркан Сураёнун үйүнө жанталаша чуркап баратты. Жетип эле сырлары көчкөн темир эшикти койгулап, келинди чакыра берди.

– Сураё, үйдө элесиңби? Коркпой ача бергин, мен – Кыздарканмын.

Оор темир эшиктер ачылып, кийимдерине тооктун кыгы жармашкан тажик келин чыкты. Жыйырма беш жаштардагы бири кыргыз, бири тажик келиндер эсен учурашкандарына токтоно албай ыйлап ийишти. Кантип ыйлашпай коюшсун, бир жума мурдагы алаамат кантип эстен чыксын, эстешсе жүрөк титирейт. Сулуу Сураёнун көздөрү киртийе жүдөп, ачка экени дидарынан билине эрди кеберсип турат. Анын кебетеси Кыздаркандын боорун оорутту.

– Апам сени келди бекен, кабар алчы деп жиберди. Ме, муну жеп алчы. Ачка шору куруду го деп апам түйүп берген.

Кыздаркан ала келген түйүнчөгүн чечип, тамагын сунду.

– Ох! Бир нерсе жей турган күнүм бар экен ээ. Кечээтен бери эч нерсе жей элекмин.

– Качан келдиң эле?

– Келгениме эки сааттай болду. Машиналарды көрүп, “сакалчандар” дагы келип калыштыбы деп тоокканада бекинип жаттым.

Сураё тамакты ашыгып жеп жатты.

– Тамакты ырас алып келиптирсиң.

– Аларды табалдыңбы анан?

– Табалбай койдум. Үкөм менен күйөөм эл качканда аларга кошулуп Пандж дарыясынын жээгине жетишиптир. Көбү баллон менен сүзүшүп аркы жээктеги авгандарда өтүп кетишиптир. Чөккөнү чөгүп, чөкпөгөнү сууга агыптыр, өтө алышпаганы жээктеги калың камышка жашыныптыр. Аралаштан коркуп келе бердим.

– Алда байкушум ай.

– Кыштактагы эмне машинелер? Дагы тоноп атышабы деп коркконумчу.

– Машинадагы биздин жүктөр. Кыргыздар көчүрүп кетебиз дешип Кыргызстандан келишиптир. Кара-Балта деген шаарга барат экенбиз. Фарохат, Илтижо, Кибриёлор биз менен кетип жатышат.

– Милициялар деп “сакалчандар” алардын күйөөлөрүн өлтүрүп салышпадыбы.

– Сен деле биз менен кете берсеңчи?

– Кантип кетемин? Он алты жаштагы жалгыз үкөмдү жалгыз таштаппы? Кара башымды куткарып өзүмчө кетип калсам күйөөм эмне дейт? Алар келет, тирүү экенине ишенем.

Экөө ыйлап коштошту. Эми көрүшөбү же жокпу, ким билет. Сураё узап бараткан машиналарды карап томсоргон бойдон кала берди.

Бийлик талашы дале басылбай улам бирин бири сүрүшүп, эл болсо тынчыраак тарапка качышып, Сураё да качкандар менен кошо жалаң гана кыргыздар жашаган Кара Тегин өрөөнүнө чейин жетишип, кыргыздар арасында туруп калды. Кыргызчаны болсо жакшы сүйлөчү. Күйөөсү, иниси ошол бойдон дайынсыз калышты. Авган жерине өтө качышып, ал жакта жашап калыштыбы, суудан өтүп баратканда агып кетиштиби же сакалчандар өлтүрүп коюштубу… Аларды үмүтүн үзбөй күтүп, бул балээ урушту басылса издеп тапсам деген ойдо.

Ислам өлкөсүн курабыз дегендердин мизи кайтып, качканы качып, колго түшкөнү камалып, келечеги кандай болоруна көзү жеткендер сапсайган сакалдарын кырышып, эбин таап колго түшпөстүн айласында эл арасына сиңип кетишти. Колго түшпөй, сакалын алдырып эл арасында момун болуп жүргөндөрдүн бири Сангак эле. Ал өз айылына барбай калсын, ким экенин билишет. Соройтуп мылтык көтөргөнүн айылындагылар унутпай калышсын.

Өзү койчунун баласы болгон. Түшүнүп түшүнбөй эле мылтыкчан сакалчандардын арасында болуп калды. Сүрмө топ менен эле кошулуп калыптыр. Балким ата-бабасынан өткөн жоо чапкан каны ойноп кеткендир. Анткени атасынын чоң атасы кыргыз болгон экен. Чоң атам совет бийлигине каршы күрөшкөн басмачы болгон экен. Чоң Алай тараптан качып келип, тажик кызына үйлөнгөн деп атасы дайыма айта берчү. Атасынын чоң атасы тажик аялынан жети балалуу болуп, жети баласы жети бөрү аталып, баардыгы тажиктин ай чырайлуу сулуу кыздарына үйлөнүшүп, көп балалуу болушуп, бир кыргыздан таркаган чоң айыл.

Мурду ороктой, көзү чүңүрөйгөн, тажиктердин түбү бир кыргыздан таркагандардын каны кыргыз үчүнбү, бардыгы өткүр, ат жалында ойногон улакчылар эле. Койду жакшы багышып, бакубат жашашчу эле. Кыргыз тилин деле жакшы сүйлөй алышпаганы менен кыргыздан таркаганын унутушчу эмес. Жети бөрү аталгандардын чөбөрөлөрүнүн бири Сангак эми айылына баралбайт.

Тынч жаткан элдин жүрөгүн түшүрүп, мылтык көтөргөнүнө курсан болгон баягы Санчак эми бир момун болгон да калган. Мусулман өлкөсүн курабыз дегендердин мизи кайтып жеңилди. Өзүнө окшоп колго түшпөгөндөрдүн тагдыры кийин кандай болот? Өзү Тоочак жайлоосундагы кыргыздардын арасында качанга чейин жашайт? Кыш түшкөндө кайда барат? Улар атып, кекилик кармап, тоодогу үңкүргө түнөп качанкыга чейин жашынат? Ошол тополоң дайыма дилин эзип келет. Мусулман өлкөсүн курабыз деген уруштун кимдерге кереги бар эле? Эми гана тоодо темселеп жалгыз калып, элге кошула албай качкын болгондо башына жетти. Ошондо эч нерсени түшүнгөн эмес экен, мылтык көтөргөнүнө, тынч жаткан эл өзүлөрүнөн коркуп качканына маашырланып, кеңкелес болгон экен. Башка өлкө курабыз деп өз элине көтөрүп…

Сураё чоң ташка жашынган Сангакты көрбөстөн, отунун терип улам берилеп келе берди. Кызыл көйнөгү желге желбиреп алоолонгон эле кызыл өрт. Ал өзү жашынган чоң ташка жакындагыча бекинип отура берип, дал жанына келгенде сорок этип чыга калганда Сураё чочуп колундагы тезек салган кабы түшүп, бакырып ийе жаздап, калтырай дал болуп туруп калды. Коркпой анан, ээн тоолордун арасында жүрсө, соо неме эмес.

Боз үйлөр болсо имерилиштен ары калып – көрүбөйт. Баарынан да Сангакты тааныды. Кыштагына мылтыкчандар келип элдин жүрөгүн түшүрүп, айылдагы милиция, башкарма, мугалимдерди айдап кетишип, тополоң кылгандардын бири ушул болчу. Сураё коркуп турса да жек көрө тиктеп турду. Ошол кыштагындагы ызы чууну эстеди.

Сангак келиндин кара каштарынын арасындагы ийне көзүндөй жылтылдап турган тер тамчысынан бери байкады. Кызыл көйнөгү желге желбирейт. Келиндин көздөрү болсо: “Сага окшогон кеңкелестердин айынан өлкөдө тополоң болду, бир улут экиге бөлүнүп, бирине-бири кол көтөрүп кан төгүлдү. Тынч жаткан элге алааматты салдыңар. Силерди кудай жазалайт” деп айтып турду.

Сангак бул тике караштан жалтанып кетти. Өзүнө жакын келгенде уйпалап, ээн тоолордо тентип, кашына ушул келин күнөөлүдө арам оюн ишке ашырып, бугун чыгаргысы келип турган. Бирок келиндин коркуп турса дагы жалтанбаган көз карашы, жек көрүүсү жүрөгүнө жетип жалтанып кетти. Негедир жанагы арам ою чар учкандай жоголуп, өзүн өзү жек көрдү. Айбан турбайбы өзү. Канча адамдын убалына калды. Байрагын көтөрүп башка өлкө курабыз дегендер жеңилишти, камалышты, чачырашты. Өзүнө окшоп өткөнүнөн коркуп тентигендер канча.

Келиндин жан кашайткан жек көрүүсү жүрөгүнө жетип, эсине келтирди да, терс бурулуп бадал аралап, төмөн көздөй артына кайрылбай чуркап баратты.

Сураё отура калып ыйлап жиберип, анан тезек салган кабын ала коюп боз үйлөр жакка шаша жөнөдү.

1998-жыл, Тажикстан

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.