Жазасын тартып көктөбөй калган көп ырдын,
Арасат жолдо көкүрөк турат жанчылып.
Четтетип аста адашкан да бир тагдырды,
Иретин бузбай узады, ана, ай жылып…

Балким, адабият менен көркөм өнөргө мамлекет ар тараптан кам көргөн, окурмандар да таланттарды сүрөп турган Совет мамлекети кыйрап калбаса, бул саптардын автору Бурулкан САРЫГУЛОВА бүтүндөй өмүрүн поэзияга арнап койгон кесипкөй акындардын бири болмок. Бирок ал эрмек үчүн гана ыр жазган көпчүлүктүн бири эмес.

Көксөө жана өксүү

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, айрыкча заман алмашып кеткенден кийин көкүрөктү көккө дегдеткен кыялдарды биротоло унуткаргыдай тиричилик түйшүгү… Ошондо да кичине эле мүмкүнчүлүк табылып, калем-кагаз кармап жалгыз отурганга чамасы келген учурларды текке кетирбей, Бурулкан Сарыгулова колубуздагы «Жетелешкен жылдар» китебине иргеп топтогон ырларын жаза берген экен.

Жыйнактагы өзөк темалардын бири – мезгил, анын өктөм агымына карабай, бир келген өмүрдү колдон келишинче баарлуу жашап өтүүгө умтулуу:

Кааладык биз эмнени? Кайда келдик?
Кайсы ишке өлбөгүдөй өмүр бердик?
Көр тирлик деген кыйбас жолго түшүп,
Максатты ошол жерге тирүү көмдүк…

Айрыкча чыгармачыл кыялдары орундалбай же бийик мүдөөлөргө жетип-жетпей калган адамдарга тааныш туйгулар, кыжаалат ойлор. Кеп Бурулкан Сарыгулованын өзү жөнүндө эле эмес – далай томдорду жазып, китептерин катарлата чыгарып алгандардын деле арманы болбой койбойт. «Эң мыкты чыгармамды жаза элекмин» деген армандуу сөздү улуу акындар, жазуучулар да көп айтып келери белгилүү го.

Үзүндү келтирилген өйдөдөгү ырда тыбыштык курамдын ичкериден чыңалган карама-каршылыктуу мазмунга ылайык үндөшүүсү (өмүр/көр тирлик, тирүү/көмдүк), саптардын окулушунда талап кылынуучу калбаат интонация бар.  Бирок муун өлчөмүн толуктоо үчүн гана кыстарылгандай, лексикалык мааниси бир аз коошпогондой «ошол жерге» (кайсы «ошол»?) сезилген сөз айкашын башка ылайыктуураагы менен алмаштырууга болобу? Мисалы, «Максатты арман кылып (же  «унуткарып») тирүү көмдүк» десечи? Ага чейинки сапта «кыйбас» деген сөздү «өктөм» деп жазсачы? Же толугу менен эле алмаштырып, «Көр тирлик кыстоосуна миң жеңдирип» десечи?

(Көңүлгө төп келгидей болуп, бирок мүчүлүштүгү жоюлбай кала берген ушундай келкилерди көргөндө эле оңдоп-түзөтүп кирмей адатым бар; мунум элдин баарына эле жага бербестигин да билем).

Буга салыштырмалуу «Февралда» ырында көңүлгө уюгудай кыйла жетик саптар арбын чыгыптыр:

Тарабай сагынычтын бурганагы,
Ызылдап узап барат кырдан ары.
Көп ирет мына ушинтип ашып кетти,
Сыр катып, жетелешкен жылдар ары…

 

 

Бул ирет кабыл болуп калса деген
Бир каалоо көйдө турат орноп бекем.
Агарган саамай менен отсуз көздү
Быйылы көктөм деги тааныр бекен?

Окурмандын эсинде калгыдай мындай табылгалар башка көптөгөн ырларында да кездешет:

«Көчөдө жаз, каректе кунарсыз күз…»
«Кезикпей калганыбыз жакшы болду –
Үмүттөр кайра да бир өлөт эле…»
«Кунарсыз кур кыялдан чарчадым да,
Түйшүгү түмөн күндү көздөй бездим».

Дал ушундай саптардын деми менен бүтүндөй ырды окуп чыгасың. Албетте, дайым бирдей бийик деңгээлдеги көркөм ыр жазылышы өтө кыйын. Айрымдарында бирин-экин гана «чийки» жерлери кездешсе, башкаларынын орточо чыккан саптары басымдуулук кылат… Чыгармачылыктын азап-тозогун баштан өткөргөндөр бул жагдайды жакшы билет, түшүнөт. Ошондуктан чыныгы акын болууну көксөгөн авторлор улам жетик, чебер иштешке дайыма умтулуп, издене берет.

Кашыкка деңиз сыйгандай

Бурулкан Сарыгулованын «Он сегизинчи ноябрь» ырына атайын токтололу:

Күн жебеси терметип биздин үйдү,
Нур өткөрүп терезе түркүн-түстүү,
Экөөбүздүн тагдырды жалгаштырган,
Таңды тосуп жатам мен ошол күзгү.

Жолуктук деп жардын эң жакшысына,
Азгырылып жашоонун таттуусуна,
Тилек кылбай калдыкпы бир болууну
Биз жараткан балдардын бактысына?                      

Билгиң келип анда сен сүйөрүмдү,
Шекшигенсиң: «Башкабы, күйөрүмбү?»       
Конушунда бөлөк эл, бөтөн жердин
Билбей тургам ыйлап же күлөрүмдү.

Ыйлай албай, күлө албай азыр дагы,
Турам эстеп өзүңдөй асыл жарды.
Жай-жайында бардыгы турат, бирок,
Баштагыдай Күн нуру тийбей калды.

Бирибизди бирибиз жаттап бүтүп,
Турмуш бизди, биз аны таптап бүтүп,
Кызык жашоо башталып калган кезде
Жалгыздыктын торуна аттап түшүп…             

Башыбыздан өткөрүп жокту-барды,  
Тапкан балдар бойго да жетип калды,
Чайпаган да, жайкаган жашоо турат.
Мага күйгөн асыл жар кетип калды.

Мен саа бакыт, сен мага тагдыр болдуң.
Акырына өмүрдүн жетпей койдуң.
Жашалбаган өмүрдүн жазасындай –
Сенсиз улап жолду мен кетмей болдум…

Өмүр шеригинен айрылган лирикалык кейипкердин өз тагдырына өзгөчө терең маани бере көз чаптырган учуру жөнүндөгү ыр. Мунун жыйынтыктоочу саптары нукура поэзиянын катаал талабына толук жооп бергидей жазылыптыр:

Жашалбаган өмүрдүн жазасындай –
Сенсиз улап жолду мен кетмей болдум.

«Жашалбаган өмүр» – дүйнөлүк адабияттагы экзистенциалисттик нуктагы чыгармаларда, алардын аталышы катары да колдонулуп келген түшүнүк. Бул ырдагы мааниси – айтылбай же бүдөмүк айтылып калган сыр, суралбай калган кечирим, туюндурулбай калган сезим, төгүлбөй/арналбай калган мээрим, жоопсуз калган дилгир мамиле… Идеялык жактан өтө сыйымдуу метафорага «жаза» сөзү катар келтирилип, рухий трагедия дегидей терең да, таасирдүү да подтекст сыйдырылыптыр.

Жан бирге, жар (эки жарты, бир бүтүн), бири-бирин толуктап келген жубайлар (жуптар) чогуу өткөргөн жылдарда эмнелерди, кандай сезимдерди толук «жашабай», б.а. баркына жетпей же текке кетирип койду экен?..

«Жаза» – бул эриш-аркак турмуш мүдөөсүнүн мурда элестеткенден да бийик болгондугун кечигип түшүнгөндөгү өкүт, арман. Жалгыз уланган сапардын өксүктүү болбой калбастыгы. Кийинки бир сап ичиндеги уйкаштар: «жолду» жана «болдум» – жөн гана оңунан чыгып калган үндөштүк эмес. Бул басып өткөн өмүр жолдун рухий нукта кайра «жашалышы», сыймыгы менен кайгысы коштоло дайыма эскериле жүрүшү. Анткени орто өмүргө келгенден кийинки тагдыр белгилеген бул чектен аркы жашоо агымы такыр башка нук, ыргак, салмак менен уланат…

Данек ырлар

Кол башындай чакан китепте сөз кылганга арзыгыдай ырлар көп экен. Алар жөнүндө дагы башкалар да жазышар, алган таасирлерин айтышар. Мен бул чакан макаланы аяктап жатып, жыйнактагы сюжеттик өзөгү бар, башкача айтканда, өзгөчө таасирдүү аңгеме, повесть же курч конфликттүү драма жазса болгудай окуялардын учугун баштаган ырлар тууралуу учкай сөз кылайын.

«Балалык» жана «Он алтынын балдары» түрмөктөрүндөгү ырлардын кыйласы ушундай. Атасынын перзент көрбөй калган эжесине тутунуп алсын деп берилген көчөт кыздын баяны өтө курч, мазмуну терең драмага, атүгүл трагедияга негиз болчудай. «Айке жеңем» – миниатюралык поэма, секелек кыздын абдан дилгир, кыпындай да жасалмасыз эскерүүсүнөн Айтматовдун Жамийласын даана элестеткидей айжаркын келиндин көркөм турпаты кайрадан көз алдыбызга келет. Мындай ыр окурманды эч кайдыгер калтырбайт.

«Дудук кыз» менен «Кадыркул» болсо кыргыздын улуу көчүн өксүткөн Үркүндөгү реалдуу окуялардан алыныптыр. Бул түрмөккө кирбеген «Чаар кемпир» жөнүндөгү ырдын да сюжеттик данеги бар – бул бейнени кыйла татаалдантып, анын рухий дүйнөсүндөгү драманы элдин башынан өткөн оор окуялар менен жуурулуштура тереңдетип жазса, өзгөчө таасирдүү роман жаралышы мүмкүн.

Калемгер тилек

Китептин акырында Чыгыштын улуу акыны Жалалидин Руминин, англистердин залкары Жорж Байрондун, жаркын таланттуу орус акыны Анна Ахматованын ырларынан котормолор да кошулуптур.

Бул китеп жарык көргөндөн бери  Бурулкан Сарыгулова дагы бир топ жакшы ырларды жазды, Есениндей акындардын ырларын да которууга киришти.  Автор мындан аркы чыгармачыл жолунда да өзүнө талапты катуу коюп, жаңы бийиктиктерге жетет деп ишенем. Лирика менен эпосту (сюжеттүү чыгармаларды, айрыкча прозаны) жана драманы да айкалыштырып, балким, бул жанрлар менен көбүрөөк иштеп калышы да ыктымал. Кайсынысын тандаса да, изденүүдөн талбай, чеберчиликтин дайыма улам бийик деңгээлдерине карай илгерилей беришин тилеп кетели.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.