Еврей эл жомогу: Таш-үндүк

Кызыл кулак еврей каз сатып алмак болот. Кыштакка жөнөйт. Киреше табарына кудуңдап, кыңылдап ырдап барат. Анан эле жолдо семиз үндүк байланып жатканын көрөт. Еврей үндүккө жакындап, ордунан козгосо, былк этпейт. Көтөрөйүн десе – оор. Араң көтөрдү. Көтөрдү да жолуна түштү. Бара берди, бара берди еврей. “Бу эмнеси?” деди. Үндүктүн салмагы да ушунча оор болчубу? Улам узаган сайын салмагы сайдын ташындай оорлоду. Дем алып күч жыйнады. Болбоду. Таштайын дейт, үндүктү көз кыйбайт. Көшөргөн бойдон көтөрүп бара берди, бара берди. Шалдайып калды, […]

Жумагүл Барктабасова: Кайырчы

ЭССЕ Караколдун кан базарына келгем. Эл демейдегидей кыжы-кужу. Баары эле базарга көчүп келгендей. Алганынан сатканы көп бул базарга бир кирип алсаң, алаксып аны карап, муну карап жүрө бересиң. Эки саат жүрүп, эсим оогондо эки пакет толо ар нерселерди көтөрүп базардан чыкчу эшикке жакындадым. Дагы эле “тигини унутупмун, муну сатып албапмын” дейм. Бүгүн эле жашоо бүтүп бараткандай, базар бүгүн акыркы жолу иштеп жаткансып ар нерсени ойлонуп нааразы болуп келатып, демейде тыйын таштап кетчү кайырчынын жанынан өтүп да кетипмин. Базардын оозуна келип, […]

Көчкөн Сактанов: Экинчи раунд

АҢГЕМЕ Рингге чыкканда Фронт толкунданып кетти. Тренер аны куду жаш баладай сылап-сыйпап, бир нече жолу айтылган насаат сөздөрүн кайталап жатты. — Штраф алып калуудан этият бол… жаздым урба, маданияттуу ойно!.. Рингдин бурчундагы жип тосмого жөлөнгөн Фронт бет алдынан жүздөгөн көздөрдү көрдү. Мындай зор аудиторияга, жардаган көздөргө ал көнүп калган эле. — Тү, ата… түк да камырап койбойт! — деди Асанкан. — Өзүнө-өзү ишенет,— деди Омо.— Анын оң колу мыкты иштейт. Өткөн жолку анын беттешүүсүндө болдуңар беле? — Чын, оң колу […]

Аида Эгембердиева: Аялдан гений чыгат экен

Айтылуу алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын адабияты жөнүндө сөз кылуу кызык да, жооптуу дагы. “Кызыгы бул – жашоосун бүтүндөй ырга арнаган адабий муун өмүр тагдырында ырдан башка дагы үй, түйшүк, кызмат, үй-бүлө, мүлк, байлык, оокат деген нерселердин бар экенин анча аңдоос албай, ачкабы-токпу, карандай жанып, өздөрүнүн чакан мейкиндигин аалам менен айкалыштыра карап, батыш менен чыгышка бой созо, жарыкка тойбой, кооздук десе дүйнөнү чылк кызыл-тазыл элестеткен фанат болушкан. Көп окуп, көп изденип, көп жазып, которуп, талдап, эң активдүү аталгандар, бир курдай топ, “маңыздар” тобу […]

Лев Толстой: Карышкыр менен жаа

ТАМСИЛ Мергенчи жаа-жебелерин алып, аңчылыккка чыкты. Теке атып алды. Аны ийнине артып, жолго түштү. Жолдо каманды көрдү да, текени таштап, каманды атып, жарадар кылды. Каман аңчыга жулунуп, мергенчини жара тартты да, өзү өлдү. Кандын жытын сезген карышкыр теке менен каман, адам жана анын жаасы жаткан жерге жетип келди. Бөрү сүйүнүп кетип, минтип ойлонду: “Курсагым эми көпкө дейре ток болот. Мен булардын баарын дароо эле сугунуп ийбейм. Бат эле  түгөтүп албаш үчүн аз-аздан жеймин. Биринчи катуурагын мүлжүйм, анан жумшагын, андан соң […]

Бейшебай Усубалиев: Кездешүү (шедевр)

Сүрөт Айып Алакуновдун калемине таандык Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап, Тазалыгын, сонундугун карачы! (Алыкул) АҢГЕМЕ Балыкчы калаасындагы бир аялдамада бири-бирин тааныбаган эки чал кездешип калышты. Өтө жөнөкөй, өтө карапайым эки абышка. Кара сакал абышка бой тарткан баласы менен сүйлөшүп олтурган эле. Ал дем алыш күндөрү автобус көп каттабай калаарын айтып, кимдир бирөөгө наалып жаткан. Аңгыча бүкүрөйүп баскан ак сакал чал келип учураша кетти. Алар бири-бирин кайсы жерден көрдүм эле дешкендей таңдана карап калышты. «Кызык,— деди бала өзүнчө,— абышкалар таанышпаса деле учураша беришет. […]

Демократия жөнүндө оң-тетири ойлор

Демократия бар жерде келесоолор да өз добушуна ээ, а диктатура бар жерде – өз башыңа да ээ боло албайсың. Бертран Рассел Орус демократиясы – бул тоюнган чочколордун падышачылыгы. Владимир И.Вернадский Демократия – бул бизди татыктуу камкорлукка алуу үчүн ойлонулуп табылган башкаруучулук. Бернард Шоу Демократия билимсиздердин башкаруусу дегендик, а аристократия – чала сабаттуулардын башкаруусу. Гилберт К. Честертон Ушул таптагы демократиянын бир гана коркунучтуу душманы – берешендигин көрсөткөн жеке басар бийлик. Оскар Уайльд Түбүндө чындык уялаган эл үнү кооптуу. Эсхил Капчыктуулар бирөөнү […]

Илимий анализ: Эгемендүүлүк мезгилиндеги манасчылык өнөр

Кыргыз элин башка улуттардан айырмалап турган жана глобализация мезгилинде өздүк аң-сезимин сактап, элдин эл болуп темир казыктай кармалып турушуна манасчылык өнөр түзмө-түз таасирин тийгизбей койбойт. Элдин тарыхы менен маданияты жана өнөрү тамырлаш болуп турганда, өнөрүнүн өзөктүү мааниси жоголсо, маданиятына жана элдин келечегине зыянын тийгизет. Ошондуктан кыргыз элинин ар тармактуу өнөр ээлеринин кош колдоп, аларга талантынын өнүгүшүнө жана ачылышына чоң жардам берүү кажет. Айрыкча кыргыздын байтүп маданиятын, кылымдарда калыптанган фальсафий дүйнө көрүмүн, жаратылыш таануусун, этика-эстетикалык баалуулуктарын жана кайталангыс каганат башкаруу системасын […]

Василий Бартольд: Кара-кытайлар[1]

Б. з. X кылымынын башында адатта тунгустардан чыгып, моңгол элементтери[2] менен аралашкан эл деп эсептелген кытайлар Улуу океандан Байкалга жана Тянь-Шанга чейин созулган кеңири империяны негиздешкен. Сулаленин турган жери Түндүк Кытай болгон; кытай тарыхчыларында бул сулале Ляо деп аталат. Кытайдагы өз бийлигинин узакка созулганына байланыштуу Ляонун кан сарайы өзүнө чейинки чет жерлик сулалелерге караганда кытай маданиятынын таасирине көбүрөк дуушар болгон. 1125-ж. башка тунгус эли чжурчжэндер түштүк кытайлык Сун сулалеси менен биригип, кытайлардын бийлигин жок кылган; алардын калдыктары башкаруучу уруунун мүчөлөрүнүн […]

Акчага баалангыс дөөлөт жөнүндө эки сөз

ТАБИТ ЖАНА ЖАШОО «ДААМЫ» Бир караганда, капиталисттик коомдо нарк-насил, пейил түшүнүктөрү эч кимге керексиз болуп, эл жалаң гана пайданы, соода-сатыкты ойлоп калчудай. Бирок бул үстүртөн гана ушундай көрүнөт. Адам баласы адамдык касиетинен айрылбай жашап турганда, рухий азыкка дайыма чаңкай берет. Ырас, ошол азыктын башаты нукура көркөм чыгармачылык болобу же  анын көлөкөсүндөй, туурандысындай бирдеме болобу – бул жагы шык-жөндөмгө, талантка, анан да чыныгы көркөм туундуну баалап-барктап, жетик кабылдай билер окурмандын, көрүүчүнүн, угармандын даярдыгына, табитине да байланыштуу. Табиттин эзелки мааниси кишинин тамакка […]

Радьяр Киплинг: Моти-Гажд, козголоңчу

АҢГЕМЕ Бир мезгилдерде Индияда чер токойду тазалап, тазаланган аянтка кофе дарактарын отургузгузгусу келген плантатор жашаган экен. Токойдогу чоң дарактарды кыйып, майда бадалдарды өрттөгөндөн кийин дүмүрлөрү калат. Жардырып ийгенге – динамит кымбат, от менен жок кылыш көп убакытты алат. Дүмүрлөрдү жок кылыштын эң жакшы ыкмасы, бул бардык айбан аттуунун падышасы – пилди жумушка тартуу. Ал, эгер бивендери – азуулары соо болсо дүмүрлөрдү илип жерден сууруп, азуусу жок болсо арканга байлап тартып чыгарат. Ошентип плантатор пилдерди бирден, экиден, үчтөн жумушка салып иштей […]

Нургүл Тайыр кызы: Мекенчилдик – эне тилибиздин кепилдиги

Кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири экени талашсыз. Аны кыргыз окумуштуулары гана эмес, Бартольд, Бернштам, Гумилев, Радлов жана башкалар сабында турган орус, чет элдик окумуштуулар да эбак далилдеп келген. Залкар жазуучу Ч.Айтматов «Ар бир элдин тили – ошол  элдин нечен кылымдык акылынан жаралган кымбат мурасы» — дегени бар. Дегеле кыргыз тили туралуу сөз кылуу – өзүнчө бир көөнөрбөс улуу казынанын босогосун аттоо менен барабар экендигин тарых өзү далилдеп турат. 1925-жыл, 10-11-июндагы РСФСР Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин 2-сессиясынын кезектеги […]

Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» уюган ойлор топтому I

Жаш калемгерибиз, таланттуу котормочу карындашыбыз Мээрим Сайдилкановага залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун арбагы ыраазы болсун. Адабият тарыхын изилдеген адистер кылар ишти колго алыптыр эрте жашында. Айтылуу залкар жазуучубуз Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романын сүйүп окубаган, тамшанбай окубаган кыргыз урпагын таппайсың.   Кыргыздын төл сөзү, төл түшүнүгүнө ыңк толгон бул шедевр чыгарманын жаралган-жасатындагы тарыхый-көркөмдүк мазмун өзүнчө бир тең, ичинде көөнөргүс ойлор өзүнчө бир тең. Тек аны терип-тепчип жыйнаган бирди-жарым адабиятчыларыбыз барбы-жокпу – белгисиз. Ал эми дүйнө адабиятынын тарыхында улуу жазуучулардын көркөм дасмияларын аңтарган […]

Ислам санаттарынан: Текебердик – белиңе байланган ташка окшош, аны менен сүзө да, уча да албайсың

Чекит – бардык чийиндердин негизи. (Мансур аль-Халладж) Кимдир-бирөө өз акыйкатына жете алса, эч бир ишенимге байланмак эмес. (Ибн Араби) Эмне издегенин билбеген, тапканына да ишенбейт. (Атауллах Искендери) Үрөөн эк, өнүп чыкпаса топурак уялсын. (Нежип Фазыл) Окула турчу эң чоң китеп – адамзат. (Ажы Бекташ) Адамдардын эң төмөнү – өзүн мактагандарга ыраазы болгондор. *      *      * Сураганын бербесең таарынып, капа болуп, сага каарын төккөндөр чыныгы достор эмес. *      *      * Текебердикти көтөрүп жүргөн баштан акыл издеп таппайсың. *      *      * Адамдарга […]