Ингуш эл жомогу: Табанек Цаген

Жамгыр катуу жаап келди. Молдо көчөдө жүгүрүп баратканын Цаген терезеден көрүп калды. – Ва, молдоке, эмне жаш баладан бетер чуркап баратасың? – деп кыйкырып калды ага. – Суу болбоюн деп жүгүрүп келатам! – молдонун жини келе түштү. – Сен элге өзүң айткан акылыңды унутуп калдыңбы? Жамгыр деген – кудайдын берген берекеси, Кудайдын берекеси менен жазасынан качса болобу, молдоке?! – Сенин айтканың туура, – деди да молдо акырын ары басып кетти. Үйүнө жеткенче сыгып алма суу болду. Дагы бир күнү жамгыр […]

Радьярд Киплинг: Саис мисс Йол

АҢГЕМЕ Аял менен эркек тил табышып алса, казы эмне кыла алмак? Арап макалы Кээ бирөөлөр Индияда романтика жок деп ойлошот. Андай эмес. Турмушта бизге канчалык пайдалуу нерсе жолукса, ошонун бардыгы романтика. Кээде андан да көбүрөөк. Стрикленд полицияда кызмат өтөөчү, эл аны көп түшүнө бербей,  шектүү адам деп эсептеп, мамиле түзгөндөн качып турушчу.  Мындай абалга Стриклент өзү күнөөлүү. Ал Индияда полицейский жергиликтүү эл өздөрү жөнүндө эмнени билсе, ошонун бардыгын билгенге аракет кылыш керек деген болбогон теорияны жактаган адам болчу. Айта кетиш […]

Аман Токтогулов: Кардиограмма[1]

Белгилүү афоризмди перефразаласак, дүйнөдө жаман поэзия жок, жаман акын бар болуп чыгат. Сөз «экинчи жаратылышты», көркөм дүйнөнү, образдарды жарата ала турган, поэзиянын объективдүү өнүгүүсүнө тиги же бул деңгээлде түрткү, өбөлгө боло алган субъективдүү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болуп жатат. Кыргыз поэзиясынын өнүгүшү үчүн практикалык жактан болсун, теориялык жактан болсун көрүлгөн камдын түпкүрүндө албетте халтурага каршы күрөш бар. Ар мезгилдин поэзиясынын өзүнүн бийиктери, ошого жараша халтурасы болот. Кечээ жаңылык катары көрүнгөн поэзия бүгүн катардагы эле ырлар, а түгүл кечээ учурдун милдетин өтөгөнсүп жүргөнсүгөн, […]

Күмөндөр Абылов: Манас кыргыз болбой, калмак болуп калабы?!

1-бөлүк Айрым куудулдарыбызга ырас даяр сценарий болуп, саясатыбыз сатирадан айырмаланбай барат. Атаганат, күлүп эле калбай, саясаттын “сатирасынан” коом жапа чегип атканы жаман болуп атпайбы. Мындай жагдайда ден соолуктун мүлкү болгон өнөр адамдарынын ой-пикирин угуп, окурмандарга тартуулоо үчүн, КР Эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абыловду “Сармерден саябанына” конокко чакырдык. Жетиген Асанбек: Жакында болуп өткөн ШКУ саммитиндеги галаконцертке чакыруу алып, көрүп келген экенсиз. Эмне кызыктар болду? Күмөндөр Абылов: Саммитке келген 13 өлкөнүн президенттери, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, бийликтин өкүлдөрү, жазуучу, артисттер келишти. Артисттерге […]