Белгилүү афоризмди перефразаласак, дүйнөдө жаман поэзия жок, жаман акын бар болуп чыгат. Сөз «экинчи жаратылышты», көркөм дүйнөнү, образдарды жарата ала турган, поэзиянын объективдүү өнүгүүсүнө тиги же бул деңгээлде түрткү, өбөлгө боло алган субъективдүү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болуп жатат.

Кыргыз поэзиясынын өнүгүшү үчүн практикалык жактан болсун, теориялык жактан болсун көрүлгөн камдын түпкүрүндө албетте халтурага каршы күрөш бар. Ар мезгилдин поэзиясынын өзүнүн бийиктери, ошого жараша халтурасы болот. Кечээ жаңылык катары көрүнгөн поэзия бүгүн катардагы эле ырлар, а түгүл кечээ учурдун милдетин өтөгөнсүп жүргөнсүгөн, айыбы жок көрүнгөнсүгөн ырлар бүгүн талапка жооп бербей калышы мүмкүн. Мыктап күрөш ачып туруп, халтуранын таптакыр тамырын үзүп, экинчи кайталангыс кылып таштоого, ошо менен эс алып туруп калууга болор беле? Албетте, жок. Анткени ал кокустук көрүнүш эмес. Эгер биз ар бир учурда чыныгы талант менен талантсыздык, профессионалдуу чеберчилик менен «кол өнөрчүлүк», новатордук менен эпигондук дайыма катар жүрүп жана мунун өзү ич ара келишпес көрүнүштөр катары объективдүү түрдө өнүгүүнү камсыз кыларын танбасак, анда ар мезгилдин өзүнүн халтурасы болорун моюнга алган болобуз. (Бул жерде чыныгы таланттын, чыныгы поэзиянын алгалоочу, жетектөөчү күч экендигинде талаш жок).

Аты чуулгандуу болгону менен халтура — «мына» деп өзүнчө иргеп коё тургандай жөнөкөй, алыстан эле даана көрүнгөн нерсе эмес. Бүгүнкү күндө ал да ар ар кандай формада жолугууда.

Басмалардан китеп болуппу, газета-журналдаргабы, айтор азыр ыр деген жакшы эле чыгып жатат. Ошол ырлардын көбүнө мүнөздүү бир нерсе бар: бул автордун баарыдан мурда ыр жазуунун техникасын жакшы өздөштүрүп алганы. Ал автор кандай уйкаштардын кулакка жакшы угуларын, кандай болгондо муун өлчөмдөрүнүн калыпка салгандай так болорун, окуганга шыр кетерин, ал түгүл ошол ыр кимдерге жагарын билет. Анан Ата Мекен, эл, күжүрмөн жаштар эмгек жөнүндө жазса эч ким кылапат айта албасы да ага белгилүү.

Жазат. Карасаң телегейи тегиз көрүнгөнсүйт. Идеялык жактан да, техникалык жактан да эч кандай доомат коё албайсың. (Бул жөнүндө кыргыз сынчылары жакшы эле айтып келатат).

Бул — «ушундай ырларды жарыялоону токтотсок эле иш шыр кеткен турат» дегендик эмес. Кеп ар бир акындын эстетикалык деңгээли, көз карашы жөнүндө болуп олтурат. Кеп ар бир акындын поэзиябыздын улуттук традициясынын бай арсеналын кандайча пайдаланып жатканында, ыр жазуунун өзүнө чейинки ыкмаларына, жолдоруна кандайча мамиле кылуусунда, чыгармачылык арымынын масштабдуулугунда.

Ырас, азыр бир катар акындар поэзиябыздын кадимки эле традициялуу формасында, ыкмаларында баса олтурушуп, чыгармалар жазууда. Бирок кийинки жылдарда эмнегедир бул багытта жаратылып жаткан бараандуу ийгиликтерди аз учуратып жатабыз.

Бул кыргыздын традициялуу ыр түзүлүшүнүн көрөнгөсүнүн түгөнүп бараткандыгынан эмес (андай болбойт дагы), тескерисинче, ушул багытта изденип жатышкан акындардын ыкшоолугунан болуп жаткансыйт. Мындай учурда албетте, кыргыз поэзиясынын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы терең үйрөнүп чыгуу, аны жалпы эле дүйнөлүк маданият менен карым-катнашта кароо, чыгармачылык процессте көркөм ой жүгүртүүнүн жалпы адамзаттык бийиктигине кандайдыр деңгээлде ориентир жасоо зарылчылыгы келип чыгат. Ушул аспекттен караганда, кийинки жылдары кыргыз профессионалдуу поэзиясын форма жана мазмун жагынан байытууга жасалып жаткан аракеттердин, айрым аң-сезимдүү эксперименттердин сөзсүз объективдүү себептери бар.

Эркин өлчөмдө жазылган ырлардан, поэмалардан азыр жаңыча сөз айкалыштарын, кыргыз ыр түзүлүштөрүнүн бир кыйла мүмкүнчүлүктөрүн көрүү кыйын эмес. Ушул аспекттен караганда, кийинки жылдары кыргыз профессионалдуу поэзиясын форма жана мазмун жагынан байытууга жасалып жаткан аракеттердин, айрым аң-сезимдүү эксперименттердин сөзсүз объективдүү себептери бар. Эркин өлчөмдө жазылган ырлардан, поэмалардан азыр жаңыча сөз айкалыштарын, кыргыз ыр түзүлүштөрүнүн бир кыйла мүмкүнчүлүктөрүн көрүү кыйын эмес.

Мунун өзү коомдук-экономикалык, социалдык-психологиялык өнүгүүнүн, жаңылануунун искусствонун алдына койгон талаптарына биздин сөз чеберлерибиздин берген жообу катары сезилет. Бүгүн акындарыбызга айыл аралап, турмуш үйрөнгөндүк, же кыргыз профессионалдуу адабияты менен фольклорду дурустап билип алгандык эле жетишпейт, алардын көркөм ойлоосунун дүйнөлүк кеңдик менен иши болуп олтурат. Дүйнөлүк ар бир улуу акын өзүнчө мектеп. Андан өтүү, окуу, катардагы окурмандарды мындай койгондо, акындарга өзгөчө зарыл нерсе. «Буларды билмейинче акын болбойсуң» деген сөз эмес.

Мүмкүн бир акын Лорканы же Незвалды, Фетти же Роберт Фростту окубай туруп эле жакшы чыгарма жаратар. Бирок ошол акындар бере турган көркөм билимди, чеберчиликти ал профессионалдуу искусствонун башка байлыктарынан алган болуу керек, же жаратылыштан, коомдон алган рухий байлыгынын тереңдиги анын ошол «актай жерин» толуктап турган чыгар.

Деле, кимдир бирөө айткандай, өзүнөн мурдагыларды кайталабас үчүн болсо да дүйнөлүк маданияттын бийик үлгүлөрүн өздөштүрүп алуу абзел. Өздөштүргөндө да ошол адабий бийик авторитеттердин алдында жүгүнүп, маашырланып эле жүрүп олтурбай, аларды өзүнүн көркөм дүйнөсүнө сөздүн толук маанисинде сиңирип кетүү керек. Бул аракет азыр кыргыз профессионалдуу поэзиясында иштиктүү жүрүп жатканын моюнга алуу менен бирге, айрым учурда акындарыбыздын тигил, же бул дүйнөлүк акындын почеркин, чеберчилигин, ыкмаларын жана башка касиеттерин кыргыз топурагына алып келип, «климатташтыруунун» ордуна, ал акындардын туткунунда калып, туурап жазуу менен чектелген учурларын да танбаш керек.

Омор Султановдун «Отузунчу станция» аттуу жыйнагы авторунун көп окуп, көп изденип, далай атактуу көркөм сөз чеберлеринин чыгармачылык лабораториясынан таалим алып жатканын күбөлөндүргөн жыйнак. Ушул дурус китепте адабий таасирдин начар үлгүсүн айгинелеген учурлар бар, Маселен, Назым Хикметтин «Доктор менен сүйлөшүү» деген ыры баарыга белгилүү. Анда акын Лидия Ивановна деген доктор аялга: «Болуптур, кымбаттуу доктор, тамеки тартпа дедиңиз, тартпайын, вино ичпе дедиңиз, ичпейин, болуптур, буйругуңузду угайын, бирок…» деген ойдо кайрылат.

О. Султанов да:

«Бардыгын жүрөгүңө жакын алба?
Урматтуу доктор!
Кылдым далай аракет, анте албадым.
Бардыгын жүрөгүмө жакын алдым.
— Сен жолдош, таштооң керек вино ичкенди.
— Таштайын.
— Тартпайсыңбы тамекини?
— Тартпайын» — дейт.

«Бирокко» келгенде айырмаланышат. Н. Хикмет мындай мааниде айтат: «Эсимде доктор, сиз сүйүнүч менен кыжырлануу — уйкусуздук оорусуна, тамекиге караганда да зыяндуу деп айтпадыңыз беле? Ал эми мен СССРде коммунизмге сунган кол жетип турганын, Францияда биздикилер шайлоодо жеңгенин көрүп туруп кантип кубанбай коё алам да, Ата Журтумдун тыякта ачкачылык менен эңсөөдөн шалдырап, зорго жатканын эстегенде кантип кыжырланбай коё алам. Урматтуу Лидия Ивановна, жок, баары бир мен убада бере албайм, бул — жүрөк ко, угуңузчу, кандай согуп жатканын, эгер ал сүйүү менен кыжырдануудан жарылып кетсе, мейли — жарылып кетсин…»

О. Султановдун лирикалык героюнун себеби бул:

«Доктор айтат:
Эч нерсени ойлобогун!
Доктор, сизди урматтайм!
Бирок мен жашайм кантип анда?!»

Алдыга келген ырды эч ким «кана, бул кимди туурап жазды экен, кимге окшошуп кетээр экен» деген критерийден туруп, оюна алдын- ала жамандык алып окубаса керек. Бирок тааныш үн, тааныш образ, ой капыстан «жарк» деп чыга калганда, окуп жаткан ырыңдын бедели түшүп калары да чын.

Ырас, «Объективдүү дүйнөнүн закондорун ачууда кээде эки окумуштуунун постулаттары бир мезгилде бир жерден чыккандай эле, жалпы адамзаттык идеялар тууралуу толгонгондо, эки акындын ойлору да окшош чыгып калышы мүмкүн, демек бул алардын дүйнөгө болгон көз караштарындагы жанашуу точкалары болот» деп, О. Султановду коргоп чыксак болор эле. Бирок, көркөм ой жүгүртүүнүн практикасы буга жол бербейт, анткени анда, эң бери болгондо плагиаттыкка жол ачылар эле.

Биз акын өзүнүн чыгармачылыгын башка акындардын үнүн тууроо менен эмес, поэзиянын бийик үлгүлөрүн боюна сиңирип алгандан кийинки өзүнө гана таандык үндүн ар түрдүүлүгүнүн жана гармониялуулугунун эсебинен байытканын көргүбүз келет.

Кийинки жылдардагы поэзиябызда байкалып жаткан сюжеттик конструкциялардын татаалдыгы, көбүнчө көркөм кабылдоосу ассоциативдүүлүккө басым жасоо, подтексттеги айрым ойлорду окуучунун даярдыгына ишенип таштоо сыяктуу көрүнүштөр да көңүл бурууга арзыйт. Окурмандын көркөм сезгичтигин активдештирүү, интеллектисин өстүрүү үчүн көрүлгөн кам — бул керек нерсе. Бирок бул процесстин да бизде жакшы жактары менен бирге өзүнчө бир жактуулугу болуп жатат.

Ырдын предмети болуп олтурган объективдүү көрүнүш чакырган эстетикалык толгонуу эки линияда: эмоционалдык жана рационалдык линияларда өтөт. Поэзия — жүрөктүн иши. Эстетикалык кабыл алуудагы эмоционалдык моменттин «гегемониясы» мында башкы нерсе. Жалынсыз, эргүүсүз искусство чыгармасы жаралбайт. Акынга тиги же бу көрүнүш таасир эткенде, анда эмоция «дүрт» этип от албай койбойт. Дал ошол абалда акындын жүрөгүнө урунат. Реакцияга сөзсүз катышып турганы менен рационалдык момент бул учурда кандайдыр «көмүскөдө» калгансыйт. Эмоционалдык момент дал ошол толкундуу абалында биротоло калып калбайт. Аз-аздап рационалдык «текшерүүгө» түшө баштайт.

Дал ушул жерден акындын рухий дүйнөсүндөгү бизге көрүнбөгөн лабораторияда акыл-эс менен сезим жуурулушуп, поэзиялык продукт даярдалып жаткан болот. Мына ошол өзү даярдап жаткан продукцияда канчалык деңгээлде акылды, ойду жактырыш, канчалык деңгээлде эмоцияга сугарыш акындын индивидуалдык өзгөчөлүгүнө, табиятына, көркөм көз карашына жараша болот. Бир акын ырында эмоцияны көбүрөк катыштырууну, бир акын тескерисинче, эмоцияны «көмүскөдө» кармап, ойду, акылды бүкүлү бойдон берүүнү табиятына ылайык көрөт. Ал эми үчүнчүсү мүмкүн болушунча экөөнү эриш-аркак алып жүрүүгө аракет кылат.

Мисалы, Рамисти эмоциянын акыны деп коёбуз. Ал эми Уолт Уитмендин ырларында шыр сезилген, жалындаган эмоция жок сыяктанат, ал көрүнбөй тургансыйт. Анын ордуна «жылмаланбаган», «одуракай» сүйлөмдөр, бүкүлү ой, акыл жатат.

Кийинки учурларда биздин айрым акындарда көркөм ой жүгүртүүдөгү дал ошол рационалдык моментке күчтүүрөк тартылуу бар. Мында эмоция арткы планга чегингенсип, негизги басым ойдо, акылда турат. Мисалы:

Жашыл светофор жамгыры – жылдыздар
белгилешкен эртеңки өтчү багытымды,
мени күткөн жаңы-жаңы ачылуулар.

Ыракмат алардын мынча көптүгүнө
аларсыз мен эскирген болор элем,
эскирер эле дүйнө да.

(С.Эралиев «Жылдыздарга саякат», Фрунзе, 1966,12-бет).

Эралиев бул ойду эргитип, жалбырттатып жиберүүгө деле кудурети жетет эле. Бирок ал «таза ой» бойдон калтырды. Кайра ошол абалында ыр биздин интеллектибизге шыр барып урунуп, ырды кабылдоонун жаңыча маданиятынан аздыр-көптүр кабар берип жатат.

Деген менен рационализмге өзгөчө тартылып кетүү дайыма эле ийгилик бере бербейт. Кээде ой эки ачакей, түшүнүүгө оор, же таза эле түшүнбөй турган абалга жетип калат. Мисалы: С. Эралиевдин «Жылдыздарга саякатында» бүтүндөй бир бөлүк бир эле сүйлөмдөн турат:

«Жылдыздар — эртеңки мен».

Муну окуучу даана түшүнбөй, ар кандай ойго чарпылат. Мага бул сап жаңылык деле берген жок, анткени Р. Гамзатовдун «Түнкү жылдыздар» аттуу ыры менен ассоциация түзүп туруп алды. Ал ырда: «жылдыздар өлгөн адамдардын көздөрүнө окшойт», «мүмкүн качандыр мен өзүм да жылдыз болуп калам» деген поэтикалык саптар бар.

Дегеле кыргыз поэзиясындагы рационалдуулукка умтулуу аракетинин өзү бизди кандайдыр жаңыча маанайга туш кылганы менен азырынча айрым авторлор «примитивдүү рационализмде» (шарттуу түрдө ушундай атаса болот) көбүрөөк чайналууда. Кээде акын олуттуу ойлорду айткансып эле жаткансыйт: бирок анда ырдын техникасынын гана татаалдыгы бар, акылга жугарлык «рационалдыкдан» жок.

Поэзия — акын жүрөгүнүн кардиограммасы. Бул түшүнүк жаңы эмес. Ошентсе да, «кайталангандан келме бузулбайт» эмеспи, кайсы гана адабий татаал процессти башынан өткөрүп жатпасын, акындын жүрөгү менен жазылган нерсени гана биз поэзия деп билебиз. Ал поэзия бизге акындын жүрөгү эмне деген акыл менен сезимдин отуна жанып, эмне деген жүктү көтөрүп турганын көргөзүүсү керек.

P.S. А.Токтогуловдун бул макаласы КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынды.

[1] Китептен: Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Фрунзе, 1975. — 36-43-6.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.