Жамгыр катуу жаап келди. Молдо көчөдө жүгүрүп баратканын Цаген терезеден көрүп калды.

– Ва, молдоке, эмне жаш баладан бетер чуркап баратасың? – деп кыйкырып калды ага.

– Суу болбоюн деп жүгүрүп келатам! – молдонун жини келе түштү.

– Сен элге өзүң айткан акылыңды унутуп калдыңбы? Жамгыр деген – кудайдын берген берекеси, Кудайдын берекеси менен жазасынан качса болобу, молдоке?!

– Сенин айтканың туура, – деди да молдо акырын ары басып кетти. Үйүнө жеткенче сыгып алма суу болду.

Дагы бир күнү жамгыр дагы катуу жаады. Өзүнүн терезесинен молдо шамалдай шуулдап чуркаган Цагенди көрдү.

– Ва, Цаген, эмне мынча жүгүрдүң, жамгыр – кудай берген береке эмеспи? – какшыктап калды молдо.

Кудай берген берекени тебелебейин деп жатпаймынбы! – токтобой кетип бара жатып жооп берди Цаген.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.