1-бөлүк

Айрым куудулдарыбызга ырас даяр сценарий болуп, саясатыбыз сатирадан айырмаланбай барат. Атаганат, күлүп эле калбай, саясаттын “сатирасынан” коом жапа чегип атканы жаман болуп атпайбы. Мындай жагдайда ден соолуктун мүлкү болгон өнөр адамдарынын ой-пикирин угуп, окурмандарга тартуулоо үчүн, КР Эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абыловду “Сармерден саябанына” конокко чакырдык.

Жетиген Асанбек: Жакында болуп өткөн ШКУ саммитиндеги галаконцертке чакыруу алып, көрүп келген экенсиз. Эмне кызыктар болду?

Күмөндөр Абылов: Саммитке келген 13 өлкөнүн президенттери, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, бийликтин өкүлдөрү, жазуучу, артисттер келишти. Артисттерге эки катарды бөлүшкөн экен, ошол жерден орун алдык. Концерт жакшы таасир калтырды, бир сөз менен айтканда, жакшы болду. Бир кейиштүү көрүнүш көзүмө уруна түштү. Элибиздин санын, жерибиздин аянтын алганда деле, жаратылышыбызды, тоо-суубузду алганда көп мамлекетке караганда жакшы эле мамлекетпиз. 30 жыл болуп калды эгемендүү болгонубузга, бирок бизде ушундай деңгээлдеги концертке ылайык зал жок экен. Ушул оркоюп эле көрүнө түшүп, мен уялдым.

Президенттер эки-үч аттап эле келип отуруп калышты, бир айылдын клубуна келгенсип. Мисалы, Казакстанга барсаңар, борбору эмес Алматада эле 5000ге жакын орундуу заңгыраган зал бар. Ошондой заңкайган имаратка ушул 13 президент кирип, атайын бөлүнгөн жерге отурушса кандай жакшы ойдо калышмак. Ал эмес артисттерибиз сахнага батпай, окуучулардан өйдө катышкан экен, тыгылышып эле калышты. Анан биринчи эле оюма ушул келди же көчө артисттери аталган артисттерибиз каралбаса, жок дегенде жакшыраак концерттик залыбыз эмне үчүн жок?

Көчө артисттери деп коюшат, себеби эч бир мамлекеттик маданий мекемеде иштешпейт алар. Өздөрүнчө менчик ишкана ачып алышкан, ошол жерде бири тамада болот, бири гастролдоп концерт коёт. Өзгөчө эстрада жанрынын артисттеринин акыбалы ушундай. Бүт көчөдө жүрүшөт, алар мамлекеттен эч кандай айлык албайт. Ырын уксак жакшы угабыз, ырларына тойлордо тайралаңдап бийлейбиз. Ошентип өз киндигин өзү кесип жүргөндөрдү кол аарчыдай шайлоого пайдаланабыз, шайлоонун эртеси эч ким карабайт. Өткөндө Садык Шер-Нияз аябай жакшы айтты, мен абдан ыраазы болдум. Садык Шердин буга чейин деле кылган көп иштери бар. “Айтыш” коомун түзүп, төкмө акындарды өстүрүп атат. Муну мен такай айтам. Өз киндигин өзү кесип атат деген ушу да.

Ж. А.: Садык Шер-Нияздын ошол сөзүнөн кийин Жээнбеков өзү маданият имараттарына барып көрүп атты эле. Эми сиздин сөзүңүз да кошумча болуп, сиз эңсегендей заңгыраган имарат курулуп калар.

К. А.: Андан башка да арман көп. Мени өкүндүргөн дагы бир жагдай, “Манастын” сегизинчи тукумуна чейин жазган Жусуп Мамайдын вариантын ушу күнгө чейин чоңдорубуз да, “Манас таануу” университети да, Маданият министирлиги, Билим берүү министирлиги, Илимдер Академиясында да эч ким аны  окубаптыр. Көрсө ал киши да Кытайдагы саясаттын курмандыгы болуптур. Аны биз ишенимдүү булактардан уккан жайыбыз бар, көрсө, кол жазмалары бар экен. Алоокени Нарындын каны кылып, Жакыпты калмак кылып жазганга туура келиптир. Ошону ушул убакка чейин, кыргызча китеби басылып бүткүчө эч ким укпайт. Тээ 2000-жылдары эле Акаев баш болгон чоңдор алышкан экен ошол китепти. Акаев эмне үчүн окуган эмес ошол убакта? Жакып каяктан калмак болот? Манас кыргыз болбой, калмак болуп калабы анда, биз да калмакпызбы? — деп сурачу бир киши жок. Эмдигичекти бирөө окубаптыр. Мамлекеттен маданиятка кандай көз караш болуп атат, мына ушундан билсек болот.

Ж. А.: Ооба, ошол маданиятка, билимге мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыктан коом караңгылыкка басылып, жыйынтыгында саясий да, экономикалык да, руханий, маданий да кризиске кептелип турабыз да. Мамлекет тарабынан колго алынбаган учурда коомдун маданиятын кантип көтөрсөк болот дейсиз?

К. Абылов: Эми мен мамлекетке такыр ишенбейм дегенден алысмын. Айрым аткаминерлер гана өз иштерин аткара албай атышат. Мамлекет андай же мындай болсо болмок дегендей мен саясатчы эмесмин. Бул айткандарымды сын катары эмес, арыздануу катары айтып атам. Искусство тармагы кандай абалда, ушуну гана айткым келет. Эчак эстрада театры ачылып, заңгыраган чоң зал салынышы керек эле. Буга чейинкилер караган жок, акыры ушуга бир көңүл бурулуп, азыркылар карашы керек ко. Ушул ШКУ саммити сыяктуу саммиттер, мамлекеттер аралык чоң иш-чара өткөрүлгөндө майрамдык концерт өтө турган зал керек.

Эстрада театрын ачып койсо, аларды бир мекемеде иштетсе, “келин келгенскийдин” эмне кереги бар деп, кичине арыдан бери кылып ырларына көз салып турса болбойт беле. Анан көчө артисттери аталып өз киндигин өзү кесип жүргөндөргө ким эмне дей алат? Фонограмма менен ырдайт, ал-бул деп сын айтканга кимдин акысы бар? Айткан күндө да, алар кимден коркот эле? Кайсы жумушуман алып коёт деп коркот алар? Коркпойт, өз билгендерин кылат.

Ж. А.: Мамлекетте маданият министрлиги бар эмеспи. Эми сиз кээ бири эле аткара албай атат деп атасыз, аткарып атканы кайсылар? Кайсы министрликтин иши көрүнүп атат? Мен байкай албай атам.

К. Абылов: Бизде бийликке министр болобу, премьер болобу, ошол ишти чемичкедей чагып, билген кишилер барбай, ал иш жөнүндө эч кабары жоктору барып алып атат. Билими бар аты болсо да, балким дипломду сатып алгандыр. Министрдин креслосуна отуруп алып анан министр эмне иш кылыш керек экенин изилдеп отурушат, мына, күйгүзгөнү ушул. 2-3 жылга чейин мындай кылыш керек, тигиндей кылыш керек деп отурушат.

Мисалы, Зеленский Украинага президент болду. Убадасын азыр берди инаугурациясында, колун китепке коюп туруп, окуп бүтөр замат иштей баштабадыбы. Ал инаугурациясын кылып, аны шаан-шөкөт кылып майлашып, той берип, анан бир-эки айдан кийин кабинетти өткөрүп, анан ишти өткөрүп алып, эки жагын карап, санап, таанышып отурган жок ал. Себеби мурда эле таанышып, талдап койгон, билет. Момундан баштайм деп, тетияктан эле план түзгөн. Ошондуктан убадасын окуп бүтөр замат 15 жыл Акаев кылбаган ишти, 5 жыл Бакиев кылбаган ишти, 6 жыл Атамбаев кылбаган ишти кылып койбодубу.

Ж. А.: 1,5 жыл Жээнбеков кылбаган…

К. Абылов: Бир секунд күткөн жок, президент болдум эми коё тур, эртеңден баштап иштейм деген жок, так ошол жерден эле парламентти таратты. Жогорку сотунан өйдө, коргоо күчтөрүнөн өйдө бүт тарагыла деди. Иштечү киши ошондой иштейт. Аны артист деп шылдыңдап аткандар толтура. Ал ишке кирише электе эле, Путинге биринчи сөзүңүз кандай болот десе, Крым менен Донбассты алабыз, компенсациясын төлөйсүңбү деп айтам дегени эмне деген кайраттуулук. Бул президент боло электе иштей баштады.

Ж. А.: Анда канча жылдан берки система бир күндө оңоло койбойт деген болбогон сөз экен да?

К. Абылов: Мен эми көргөнүмдү айтып атам да. Иштегиси келген киши иштесе болот экен го деп ойлоп калдым.

Ж. А.: Биздин саясат азыр сатирадан деле айырмаланбай калды. Саясат куудулдарга даяр сценарий болуп, ютубду ачсаң эле Абдылда, Тынар деп, баягы темалар. Абдылда агайды да чакыралы дедик эле, башка пландары бар экен. Айырмасы ушул: куудулдардын концертинде чер жазып, күлүп атышат, саясаттагы сатиранын кедергиси коомчулукка тийип атат.

Мамлекеттик деңгээлде камкордук болсо кандай эле, бирок аны карап отурбай, суу булак болуп, бир жерден жылчык таап, оргуштап агып чыккандай, табият ыроологон талант ээлери өз өнөрлөрүн элге тартуулап келатышат. Азыр искусство адамдары өз оокатын мамлекеттен тың кылат, бул жаатта ханга салам беришпейт. Алды Ташкентке концерт бермекчи болуп, чакан концерт менен Америкага чейин барып атышат. Россияга байма-бай катташат. Маданият өкүлдөрү дечү элек, азыр шоу-бизнес өкүлдөрү деп калдык. Соцтармактарда миңдеген катталуучулары бар, коомчулук аларды ээрчип, жаштар атургай ошолорду карап, туурап атышат. Ушундай жагдайда аларда коомдун маданиятын көтөрүү, табитин калыптандыруу милдети болуш керекпи? Өнөр ээлери катары бизди ушунча адам көрүп, карап атат деп алар ошол коомчулук алдында жоопкерчилик тартышы керекпи? Мисалы, шайлоого колдонушат дебедиңизби, алты жылга президент тандап койдук. Алар талапкердин программасын, репутациясын, эмне иш кылды деп ишмердигин карашабы же ким көп төлөсө ошолорго ырдап атышабы? Кеп ушунда го дейм. Сизге окшогон маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү коомго таасир бериши керек ко.

К. Абылов: Албетте, тартышы керек. Мындай да, бир мамлекеттик мекемеде иштеген артист, каалайбы-каалабайбы, өз жетекчилеринин буйруктарын аткарууга аракет кылат. Мамлекеттик мекемеде иштебесе, ал кимден коркот? Дагы айтам, өз жанын өзү багып аткандар өз билгендерин кылат. Ага акча болсо болду.

Жоопкерчилик боюнча айтсак, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн карапайым элден айырмасы аз, бийликке болгон мамилеси боюнча айтканда. Баштан аяк патриот болуп, акчасынын кереги жок, мамлекет оңолсун деген маданият кызматкерлербиз деп айта албайм баарыбызды. Көбү жакшы төлөп берсе иштеп берем деген эле принциптер менен иштешти. Акча албасам жок, мамлекеттин келечеги үчүн деп баланча талапкерди жактадым деп айтчулар аз.

Өзүмдү айтсам, Сооронбай Жээнбековду колдоп кой деп, мени эч ким чакырган жок. Мен өзүм чалдым. Себеби ким кайсы кызматтарда болгон, кандай иштеген, ким коррупцияга малынган, талапкерлердин бардыгын карап көрдүм. Жакканы Сооронбай Жээнбеков болду. Бир туугандары спикер, губернатор, өзү да губернатор, министр болуп иштеген экен, ошентсе да артында сөзү, жаманаттысы жок. Ошондуктан Жээнбековду тандадым. Артымды ойлодум, Кыргызстанды сатып кете турган бирөө болсо, эртеңки күнү эл, ай, Күмөндөр бети жок, сен да ушулар менен жүргөнсүң, акчанын кулу болуп. Ушул жаман кишини шайлаган сенин да салымың бар деген сөз укпайын, анча-мынча болсо да эл таанып калды, артыман жаман сөз ээрчитпейин дегем. Экинчи чети, чын эле мамлекетке жакшы иш жасаса, коррупцияга каршы күрөшөм, жанагы 20 канчаны камайм деди эле го, ошонун баарын камаса, жакшы эле болгон атат дегем. Камап атат, бирок тилекке каршы баарын камай элек. Кандай себептер болуп атканын билбейм. Кыскасы, менин күткөнүм ошол болчу.

Ж. А.: Демек, сизди үлгү кылсак болот экен, сиз анын мурдагысын, тазабы, таза эмеспи — кайсы бир деңгээлде караптырсыз да.

К. А.: Канча жыл алданып бүтпөдүкпү биз, революция болуп Бакиев келди эле, жыргап кетебиз десек ал “жыргатты”. Андан кийин да жок, качан жыргайбыз деп жүрүп эле өмүрдүн баары өтүп кетти. 91-жылы мен 33тө элем. Акаев келгенде эгемен эл болдук деп аябай сүйүнгөм. Мына азыр карып калдым, менин өмүрүмдү жеп коюшту. Мага окшогондордуку деле ушундай болду да.

Дүйшөн Орозалиев: Бизде бийликте жалаң эле коррупционерлер, базарчылар, бийликти сатып алгандар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү деп атышпайбы. Маданият өкүлдөрүн, интеллигенция, мындайча айтканда элдин каймактары, элдин жакшы катмары өзүнө жоопкерчиликти алса болот беле Зеленский сыяктуу, буларда шарт барбы, сиздин оюңуз кандай?

К. Абылов: Аларды ким колдойт азыр, колдобойт да эч ким.

Д. Орозалиев: Мисалы, жана сиз айткан базарчылар депутаттыкка чуркаганда артисттер, маданият өкүлдөрү элди чогултуп берип атпайбы. Соцтармактарды карасак, интеллигенциянын сөздөрүн кубаттап атышат аябай.

К. Абылов: Кубаттаганы менен колдобойт, бизде андай болбойт. Себеби бизде трайбализм деген бар. Бизде элдин саны аз, бири бирин өңүнөн тааныйт. 40 млн эли бар Украина ошондой болуп атат, анүстүнө аякта согуш чыгып кетти. Согушту көргөн эл эсине келе түшөт. Тууганың менен кара жерге кир, жердешиң менен кара жерге кир, мага жакшысы болсо болду деп калат. Адам жамандык, ачкачылык көрсө ошончолук ыймандуу боло түшөт деген ушул экен да. Адам башына жамандык келмейин, жакшылыкты барктабайт экен. Украинанын 9 миллиондон ашык эли сыртка чыгып кетиптир, канчасы кырылды. Булар кадимкидей согуш көрдү да. Жакындарынан ажырашты, запкы көрүштү. Анан буларга Зеленский артист эмес башка болсо да, иши туура болсо, ошол керек болду. Мунун акылдуулугун көрдүңбү, атайын сериал тарткан, “Слуга народа” деген.

Д. Орозалиев: Ооба, көрдүм.

К. Абылов: Мааниси элге жаккан, бул шахмат жүрүшү болгон, ошону менен элди алып туруп, ошол сценарий менен кетип атат. Мына, акылы иштеген киши.

Д. Орозалиев: Элдин аң-сезимине сиңире алабызбы ушуну? Сиздер сатира менен көп эле нерсени туюнтуп атасыздар. Элди шайлоодо добушун сатпай, чындап мыкты талапкерди тандаганга үйрөтүүгө болобу?

Дүйшөн Орозалиев

К. Абылов: Билбейм, элге жетпей койду. Эл жаман дегим келбейт, бирок алардын жашоосун ошого алып келип атат. Жок дегенде ынтымактуу болсок, өз жердешибизди шайласак, жаман да болсо, өзүбүздүн жердешибизди шайлайлычы деп коюп атат эл. Ошол жердеши кайра эле алдаарын билип туруп, актап атышат.

Д. Орозалиев: Мен ошого деле макулмун, ар ким өзүнүн жердешин шайласын, бирок эң таза жердешин тандап чыкса болбойбу? Жегич, ичкич эмес, элди ойлой турган бирөөнү таап чыкса болбойбу?

К. Абылов: Таза экенин эл кантип билет, айтсаң?

Д. Орозалиев: Мисалы, сиздин таза экениңизди билем. Өмүр бою ак эмгегиңиз менен жашап келатасыз.

К. Абылов: Ушинтип жаңылып атасың, балким мен жаман киши болуп чыга келем, каяктан билесиң.

(Күлдүк.)

Д. Орозалиев: Атамбаевдин айтканын айтып атасыз, ажыдаар болуп кетет бардыгы деп.

К. Абылов: Ошондой болуп атпайбы. Бүт эле жакшы, жаман аял каяктан чыгат болуп, бүт эле ошондой болуп, так ушунун азабын тартып атпайбызбы, мобу жакшы экен десек эле эртеси жаман болуп чыгат. Жакшы киши да жаман болуп чыга келип атпайбы. Кандай критерий бар, мисалы жакшы кишини шайлангандан кийин да жакшы болорун кантип биле алабыз? Кадрдан болуп атпайбы бүт баары. Кебетелерин көрүп атпайбызбы, эжелеп окуй албаган депутаттарыбыз отурат. Алар кимди жыргатат? Ага караганда чын эле… Өткөндө бирөө сиз эмне Зеленскийдей болуп талапкер болгон жоксуз дейт. Ага күлкүм келди, бирок эгер болуп калсам деп атам, мен буга чейинки президенттерден жакшы болмокмун. Себеби мен жок эле дегенде, башка иш кылбасам да, жер сатмак эмесмин. Миллион, миллиарддарды жеп, Кумтөрдү талатмак эмесмин. Тим эле жеткен билимсиз президент болуп, шылдың болоюн, күлкү болоюн, бирок мен жер саттырмак эмесмин да, кен байлыктардын баарын талаттырмак эмесмин. Эң жаман президент болгондо да, мурдагы президенттерге караганда ушундай чоң пайда алып келмекмин.

Д. Орозалиев: Жетим тоону сактамак экенсиз. Ал дүйнө жүзүндө темир боюнча экинчи орунда экен. Аны да Кытайга берген деген имиш бар.

К. Абылов: Анан дагы таң калганым бул, президент болгондор да, премьер болгондор да, ал деген баланчаевдин убагында сатылып кетиптир дейт. Мисалы, мени президент же премьер кылып шайлап атат дейли. Мен болордон мурда, кана, алып келчи картаны, канча квадрат жерим бар, кайсы жерге президентмин, кайсы жерге премьермин деп билишим керек да, туурабы? Болуптур, чек ара курула элек, бирок картаны карап, мобу жер мага карайбы, бу жерчи деп билиш керек да. Анан, эй, эл-журт, Уңгар-Тоону эчак сатып коюптур, кийин менден көрбөгүлө деш керек да. Кыскача айтканда, кайсы жерге чоң болуп атканымды билишим керек да. Анан чоң болуп отуруп алып анан, бир күнү аны баланча убагында сатып кетиптир дебей. Эми Жетим тоону да ошентишсе таң калбай эле кой.

Д. Орозалиев: Азыр сөз жүрүп атат, жаңы түндүк-түштүк жолу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулгандан кийин Жетим-Тоонун концерти башталат, ал жерде Кумтөрдөн да чоң запас бар деп атышат.

К. Абылов: Жетим-Тоо демекчи, ал биз жакта да, аны мен айтайын. Бакиевдин убагында кытайлар келип, казыктарын кагып, жолду кандай салабыз деп, бүт басып кеткен, пландай баштаган аякты. Бакиев кеткени эле тыйылып турат, балким келишими бардыр, ар бир күнү күчүнө келсе, аякты да алдырып ийип отуруп калабызбы, ким билет.

Ж. А.: Эгемендик алдык дегенден баштап, жаныбыздагы мамлекеттерге аябай бир ыңгайлуу шарт болуп атат. Азыр мисалы Өзбекстан чек арасын тактап, белгилейм десе, биздикин берээк түртүп туруп эле ээлеп алганга сонун шарт болуп турат. Анткени аны ойлоп, күйүп аткан кишини көрбөй атам бийликтен. Эл чырылдап, колунан келбей атат. Мирзиеев келе калып ошону ойлоп, Кыргызстанга келмейинче Атамбаев ойлоп коюптурбу?

К. Абылов: Үй-бүлөдө аялы менен күйөөсү мушташса, кошуна арачалап келимиш болуп туруп, бери жактан бирдеме көтөрө кеткендей эле кеп болуп атпайбы.

Ж. А.: Мисалы, Матраимовдор жалгыз коррупционерлер эмес, коррупциянын бир ири системасынан – бажы тармагынан болгондуктан алардыкы ири чыр болуп атат да. Алдамчылыктын жеткен деңгээлин ушундан билиңиз, бажы аркылуу млн атка конгондор фонд эле ачып койгонбуз деп элди ишендиргиси бар. Аны айтып чыккан “Азаттыкты” “сатылды” деп жалаа жаап жатышат.

К. Абылов: Бул айтса, мунуку чын, тигил айтса тигиники чын, эмне болгон дүйнө шум дегендей эле, эл байкуштун башын жаман адаштырып атабыз.

Ж. А.: Али Токтакуновго чейин эле ишкерлер даттанып атышат деп “Азаттык”, Улан Эгизбаев иликтөө кылып келишпеди беле. Баягы Атамбаевдин оргу-баргы сөздөрүнөн улам Казакстан чек араны жаап койгондо, Казакстандын ошол кездеги премьер-министри Кытайдан Кыргызстанга экспорту боюнча эки өлкөнүн эсебинде 3-4 эсе айырма бар экенин айтып уят кылбады беле. Ошондо бийликтен уялган киши болду бекен? Азыркы күнгө чейин реакция жок. Жээнбеков “Текшеребиз, эмне үчүн текшербейбиз? Кылмышы болсо, алар да жооп берет” деген. Андан бери канча убакыт өттү? Финполдо так ошол Матраимовдордун туугандары жетекчилик кылганын кандай түшүнүш керек? Кылмыштуу схеманын чырмалышын эле көрүп атпайбызбы. Канчага чейин карама сокур болуп, көз көрүнөө кылынган кылыктарга көз жумула берет? Анан мамлекеттик орган жарым жылдан бери иликтеп бүтө албай атса, ошону козгогон “Азаттык” сатылган болобу?

К. Абылов: Ал сатираны сен экөөбүз бул жерден тактап, аныктай албайбыз. Ишенбей атабызбы, ишенбеген бойдон эле туруп турушубуз керек, биз эч нерсе кыла албайбыз. Эл мындан артык эч нерсе кыла албайт, кыймыл эле кылбаса.

Ж. А.: Дагы канча такталышы керек? Кошомат эми, адамдын канында бар нерсе окшойт, бирок анын да чеги, эби-сыны болуш керек да. Спикер аларды “Элге кызмат кылган үй-бүлө” деп отурат. Спикер! Анан карапайым эл эмнени ойлойт. Маалымат согушу жанаша жүрүп турганда анын да зор күчү болуп атат. Ушулардын баарын элге жеткириш керек, мындай кичине карап, ойлонуп туруп ишенгилечи, жердешиң болобу, атаң болобу, акең болобу, мамлекеттин эртеңи эмне болгон атат деп. Мына кытайы, индусу келип атат. Макул, меймандос бололу, эл достугун чыңайлы. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгы корголгонбу? Географиялык, интеллектуалдык, экономикалык чек арабыз бекемби? Бизге канчалык жакшылык кылышпасын, алардын өз кызыкчылыгы биринчи орунда. Ушундай чакта элге төбөсү көрүнгөн маданият өкүлдөрү сүйлөсө элге сөзү өтөт эле.

К. Абылов: Эң биринчи Акаев күнөөлүү ушуга. Ал болбогондо, Бакиев да болмок эмес, азыркы башаламандык да болмок эмес. Анын бардык мүмкүнчүлүгү бар эле, эл ынтымактуу кез болчу, баш ийип турган. Арам акчага байый элек эле. Коррупциялык система түзүлө элек, андай система иштей элек кез болчу. “Легендарлуу парламент” деп, ошол кездеги парламенттин көпчүлүк бөлүгү чыгармачыл адамдардан эле. Баары билимдүү, патриоттор эле. Азыркылардай ар ким өз бизнесин ойлогон, эси-дарты акча дегендер жок эле. Балээнин баары “Менчиктешүүдөн” башталды. Азыркы байлардын 10%ынан башка баарынын пайдубалы ошондон болгон. Нөлдөн баштагандар аз эле, жок эмес. Мисалы үчүн Салымбековду айта алам, ал базар салып баштаган.

Д. Орозалиев: Табылды Эгембердиев.

К. Абылов: Ооба, Эгембердиев, Шаршенбек Абдыкеримов, ж.б.у.с. мен билгенден ушулар нөлдөн башташкан.

Ж. А.: Эми Акаев баштаган, аны түшүрдүк, Бакиев улантты, аны түшүрдүк. Мобу парламенттик башкарууга эмне үчүн келдик, үй-бүлөлүк башкаруу болуп кетет экен, биздин менталитет ушундай экен деп келдик да…

К. Абылов: Бийликке бүт чаласабаттар келип атпайбы. Министрлер келип, 3-4 жылдан кийин эмне кыларын түшүнүп атышат, ошолордон эмне жакшылык күтөбүз. Келип алып, намазкана ачып бергиле, 5-күндү намазжумага которгула деп отургандар жыргатабы.

Ж. А.: Спикер кол койгон иш кагаздагы оркойгон каталарды баарыбыз көрбөдүкпү, анан эмнени айтабыз. Бирок кыргыз ушунчалык эле аңкоо эмес го. Кадрлар бар, уучубуз кур эмес, сиз мисал кылып, санап өттүңүз, нөлдөн баштап ири бизнес кургандар бар. Бирок алардын баарын төшкө тээп, четке сүрүп салып атышпайбы. Салянованы, мына камап салышты, башкасын бүтүрүп коюшкансып. Текебаев камакта отурат. Чолпон Жакупова мындай системада тургусу келбей чыгып кетти өзү, мандатын тапшырып. Аны да бийлик алып келген эмес, Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаевдер партиясы менен алып келишкен. Ошол борттун сыртында калгандарды кантип бортко салыш керек? Жээнбеков камачусун камап, тартипке келтирсе жакшы болгону турат.

К. Абылов: Камалгандарды элге түшүнүктүү кылып камаса жакшы болот эле. Мобул мобу үчүн камалды, момунча жептир деп. Туугандары ак болчу деп атышпайбы. Ак болчу дедиртпей, баарын так далил менен көрсөтүп камаш керек эле.

Ж. А.: Мыйзам иштебегенден бийликтин бет маңдайына, мурдунун учуна туруп алып мыйзам бузуп атышпайбы.

К. Абылов: Мисалы үчүн бая күнү Манас Арабаевди кармап баратышат. Каргап-шилеп атышат, уруп атышат, унчукпай гана баратат. Ак болсо, жан талашып, мен жооп бере алам, мобу мыйзамдын негизинде деп айта алат эле да?

Ж. А.: Мына Текебаев менен Салянова тике карап, тарсылдап сүйлөп турушпайбы. Анткени алар билет таза экендерин. Бул шүмшүйүп баратпайбы.

К. Абылов: Бул бирөөнүн ордуна курмандык болуп баратат, күнөөсү бар албетте, бирок негизги күнөөкөрдү айта албай кетип баратат. Себеби, башкасы болбосо да, балдарынын өмүрүнө коркунуч жаратпайын деп баратат. Балдары үчүн ал оң каарман. Ал деле адегенде эл катары окуп, иштеп, кызматынан көтөрүлүп олтуруп, ушул системага кантип барып калганын билбей калды болуш керек? Кетип баратып да, унчукпай, дендароо кишидей кетип баратканы табышмактуу? Бизде система мына ушундай. Чоң кишиден баштап, кичинекей баланы да кылмыштуулукка тартып, керек кезде мажбурлап турат.

Д. Орозалиев: Адамдар ушундай ишке барбашы үчүн, үчүнчү революция болтурбай, өрттөбөй эле адамдардын аң-сезимине, жан дүйнөсүнө революция кылсак болбойбу?

К. Абылов: Жан дүйнөгө революцияны кантип кылабыз?

Д. Орозалиев: Таасир этиш керек, мисалы сиз айтсаңыз таасир этет, Күмөндөр Абылов айтты деп.

К. Абылов: Мен айтканда Нарындын бир баласы менен эсептешеби?

Д. Орозалиев: Сиз бир беш-алтоону оңдосоңуз, дагы бирөө беш-алтоону оңдосо, коом тазара берет ошентип. Мен бир мисал айтайын. Менин Кадыраалы Коңкобаев деген агам бар, уксаңыздар керек, окумуштуу, түрколог. Ал киши чоңураак кызматта жүргөндө бир бардым эле. Институтту бүтүп, иш жок жүргөн убагым болчу. Анда мен деле элге окшоп, бажы мекемесине кирип, алып-жулуп тезирээк бутка турсам деген ой болгон. Бажыдан кымтып алган акча арам болору оюма деле келбептир, жаш кез, 25 жаш. Анан ошол кишиге барып, мени бажыга ишке киргизип коюңуз дедим. Бажыга кирип эмне кыласың дейт. Ал жакта шабашкасы көп дейт, тезирээк бутка турайын десем, мыйыгынан жылмайып туруп анан урушту. Эй, ошол арам акча менен бала-чакамды багайын деп атасыңбы? Аны жеп чоңойгон бала кандай болот деди. Ошондон кийин мен жеке ишкерликке кеттим. Түшүндүм, арам акчаны албашым керек экен, баламды маңдай терим менен тапкан акча менен багышым керек экен деп, ишке кириштим. Азыркыга чейин ыраазы болом ошол кишиге.

Д. Орозалиев: Дүйнөнү көрүп, пайгамбар жолдон чыгыптыр деген макал бар эмеспи. Канчалык жакшы киши болсо деле, мүмкүнчүлүк болуп калганда бузулуп кете берет окшойт. Ошон үчүн күчтүүрөөк мыйзам чыгарып, камабай эле, 100 сом уурдаса, 1000 сом кустура турган мыйзам чыгарып койсо, бул да бир коррупциядан кутулуунун жолу болот беле дейм…

К. Абылов: Анда деле 9 жолу ууру кылат, 1 жолкусу кармалат, кутулуп кетет. 8 жолкусу өзүнүн эсебинде калат. Өлүм жазасын киргизген да туура эмес, анда ак жеринен атылып кетишет көбү.

Ак ийилет, бирок сынбайт дейт. Сынбаган андай чындыктын кээде кереги деле жок, бүт ишпалдаң чыгып, нервдин баары өлүп, жүрөк ооруп бүткөндөн кийин, өлүп ала турган акыбалга жеткенде чындык чыкканынын эмне кереги бар, бир жагынан алганда.

Д. Орозалиев: Парламенттин 30 пайызы криминалдык чөйрөдөн деген сөз бар. Ошол 30% маданият, адабият өкүлдөрүнөн турса кандай болот эле. Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиевдердин салмагы чоң болуп атпайбы азыр парламентте. Маданият өкүлдөрү, интеллигенция чогулуп, парламентке мандатты сатып албай, жок дегенде бир фракция келсе кандай болот эле?

К. Абылов: Ошентпей атпайбызбы. Маданият өкүлдөрүн, китепканачыдан, театр, маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринен баштап башын кошуп бириктирсеңер гана силер анча-мынча колунда барлар. Эстрада ырчылары, жазуучу-акындар кирсе, биз чоң күч болмокпуз. Ушундай партия түзүлсө, керек болсо ушул партиядан президент болмок. Ушунун баары бириксе, млн махинацияңды да жеңип кете алат эле.

Д. Орозалиев: Бул чоң күч болот. Журналисттер кошулса.

К. Абылов: Мугалимдер да кошулмак.

Ж. А.: Бир парламенттик шайлоо алдында кайсы бир партияга маданият, адабият өкүлдөрүнөн кошпойсуңарбы араңарга деген сунуш болгондо, алар шайлоо компаниясына момунча акча кошо алышпайт да деген жооп болуптур. Ага нааразы болуп жүрүшөт. Бирок, алардыкы да жөндүү да. Мисалы Бабановго окшогон күркүрлөр кимдин ким экенин ажыратып билбеген карапайым көпчүлүктүн добушун күркүрөтө акча менен сатып алып койсо, беркилер калып калган атпайбы. Ансыз деле акчалуулар биринчи озуп кетишпедиби. Анан бул партия интеллигенттер, адабиятчылар, маданияттуулар экен деп, акча албай эле добуш берчүлөр барбы? Кеп ушунда. Коом ошого даярбы? Алар деле акча алганга ыкташсачы?

К. Абылов: Эл азыр тажады. Чоңдордун шиши да толду, элдин ишеничинен чыгып, алдап бүтүштү. Зеленскийди да көрдү, бул да түрткү берет. Маданият кызматкерлеринин гана ой жүгүртүүсү, аң-сезими кичине тазараак. Азыр Кыргызстан боюнча бириксе ушул акын-жазуучу, артист, журналисттер бириге алат. Башкалар бириге албайт азыр, ушундай бөлүнүп калды. Байлар өмүрү бириге албайт, бийлик даамын таткандар бириге албайт, жалаң ушул маданият кызматкерлери гана элди бириктирет.

Ж. А.: 2020-жылкы шайлоодо эл парламентке маданият өкүлдөрүн алып келе алабы?

К. Абылов: Тез аранын ичинде партия түзүлсө, ынтымак куралса, бири бирине макул болуп бириксе, кыла алат. Жок дегенде айрымдарын арасына киргизе алат. Жок дегенде бай эмес, акчасы, бизнеси жоктор, бирок билимдүүлөр шайлансын деп үгүттөсөк, билими күчтүүлөрдү киргизе алсак, чоң пайда болот.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.