Армян эл жомогу: Кордуктун кордугу

Колго түшкөн ууруну султанга алып келишти. Султан аны шерменде кылмак болуп, ар бир жаран анын бетине түкүрүп өтсүн үчүн ууруну устунга байлатып таштады. Бир нече күндөн кийин аянттан өтүп бараткан султан устунга таңылган уурудан сурады: – Ии, кандай экен? Бу жашоодо мындан өткөн азап болду беле башыңда? – Болгон, болгон, о улуу урматтуум. – Ал кандай эле? – Үйүмө келген мейманга эмне берерди билбеген кордуктан өткөн кордукту көрбөгөмүн, – дептир ууру. Кылыч жана тил Шордуу бирөөнүн башын кыя чабар кылыч […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын тамак-ашы

Кыргыздарда дыйканчылыктын бир аз тараганына карабастан XIX кылымдын үчүнчү чейрегине чейин алардын тамак-ашы мал чарбачылыгынын үстөмдүк кылып турушу менен аныкталган: аларда сүт азыктары жана эт басымдуулук кылган. Ч. Валихановдун байкоолоруна караганда, XIX кылымдын орто ченинде түндүктүк кыргыздар, Ч. Валиханов таруу ботко жөнүндө эске салып өткөн болсо да, негизинен «сүт жана өлгөн малдын эти менен» тамактанышкан. Бул мезгилде, мисалы, Памирдин жана Каратегиндин кыргыздарына ун деген белгисиз болгон: ун алардын колуна тийип калган күндө деле андан нан жабышпай, жарма жасашкан. Кыргызстандын Орусиянын […]

Бейшебай Усубалиев: Бет аарчы

ПОВЕСТЬ КЫЗ: Өзгөрөр турмуш божомол, Армандан баш да бошонор. Жоголор бир күн, жоголор, Мен белек кылган оромол. ЖИГИТ: Өзгөрөр турмуш божомол, Армандан баш да бошонор. Сезимди дайым жылытар Сен белек кылган оромол. (“Оромол” аттуу ырдан) Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановго Анда Нарын шаарында бир эле ресторан болор эле. “Ак-Сай” ресторанында  отуруп чардадык да!..” – деп зор сыймык менен айтып калышчу. Ушул ресторандын берирээк жагында прокуратура бар эле. Дайыма күңүрт тартып турчу, мага бул имаратта жарык күйбөгөндөй сезиле берчү. Ал эми […]

Роза Отунбаева: Атамбаев өзүнүн саясий бечелдигин, адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө

Атамбаев элди бөлүп—жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. 2016-жылдын ноябрында президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын бири көтөргөн демилге бул күндөрү логикалык жактан өнүктү. 2019-жылдын 12-июнунда 40 депутаттан турган демилгечи топ койгон айыптар негизинен президент А. Атамбаевге импичмент жарыялоого даярдануу боюнча «Ата Мекен» фракциясынын ошондогу лидери Өмүрбек Текебаевдин 2016-жылдын ноябрындагы билдирүүсүнө негиз болгон фактыларды кайталайт. Ошол эле кезде, 2016-жылдын ноябрында башкаруучу фракциялардын бири болгон «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев президент Атамбаевди кескин сындап, аны Конституцияны […]

Лайли Үкүбаева: Сагындын сагындырган кайрыктары

(Сагын Акматбекованын «Күүгүмдөгү күү» ыр жыйнагына адабий анализ) 70-жылдары кыргыз поэзиясынын астанасын аттаган акын кыздарыбыздын бири Сагын Акматбекова кылым тогошоор мезгилде «кайрык кылып каткан көңүл черлерин», не бир мукам, үлбүрөгөн, не бир шайдоот шартылдаган ыргактарга салып, «Күүгүмдөгү күүсүн» чертип, сагынган окурмандарына кайрадан дагы жолугушууга келип олтурат (С.Акматбекова. «Күүгүмдөгү күү». — Бишкек, 1998). Балалык, жаштык, кумарлануу кези, «Учу жыңсыз улуу турмуш чакырган» мезгили келип калганынан кабар берип, окуучусуна жаз жамгыры болуп төгүлгөн алгачкы ыр жыйнагы «Жамгыр» (1970) чыккандан бери отуз жылга […]