(Сагын Акматбекованын «Күүгүмдөгү күү» ыр жыйнагына адабий анализ)

70-жылдары кыргыз поэзиясынын астанасын аттаган акын кыздарыбыздын бири Сагын Акматбекова кылым тогошоор мезгилде «кайрык кылып каткан көңүл черлерин», не бир мукам, үлбүрөгөн, не бир шайдоот шартылдаган ыргактарга салып, «Күүгүмдөгү күүсүн» чертип, сагынган окурмандарына кайрадан дагы жолугушууга келип олтурат (С.Акматбекова. «Күүгүмдөгү күү». — Бишкек, 1998). Балалык, жаштык, кумарлануу кези, «Учу жыңсыз улуу турмуш чакырган» мезгили келип калганынан кабар берип, окуучусуна жаз жамгыры болуп төгүлгөн алгачкы ыр жыйнагы «Жамгыр» (1970) чыккандан бери отуз жылга жетип жетпеген чыгармачылык жол көздөн кайым өтүп кеткен экен.

Ошондогу Сагындын поэзия жамгыры окуучунун көңүл кушун сергитип, анын жазгы көктөмүнүн көрктүү да, мыкты да болушунан көптү үмүттөндүрүп койгон эле. Акын чыгармачылыгынын эрте жазын, аптабы ысык жайын өткөрүп, шүгүр «Жамгырдан» кийинки чыгарган беш-алты ырлар жыйнактары (алардан «Күүгүмдөгү күүгө» киргизилген экен). «Жамгыр» чайыттай тазалап кеткен адам көңүлүнүн асманын боз ала чаң кылып кирдетип, кунарын кетиришпедиби. Тескерисинче, «Жамгырдын» добулбасы кийинки ырларда бекем кагылып, талант тагдыры өжөрлүк менен өз бийиктигине умтулуп келе берди, келе берди. Ошентип, биздин колубузга жаңы тийип олтурган «Күүгүмдөгү күү» — Сагын акындын чарт жарылып бышып турган күзгү түшүмү.

Ыр жыйнакка киргизилген мурдагы китептерден алынган ырлар кадыресе эле ырлардын топтому эмес, алар, менимче, акындын басып өткөн чыгармачылык жолунун бел-белестери, өмүр таржымалы, чыгармачылык портрети. Андан да тереңдетсек, Сагын акындын окуучусунан башкага ишенип чыкпас, төгүп-чачпас жан дүйнөсү.

Сагын — табияты муңайым, басмырт, сезимтал, ар дайым окуучусуна агынан жарылган, ойчул, терең, Алыкул агасындай «ырына бир мертебе калп айталбаган», талант көрөңгөсү күчтүү акын. Анын поэзиясында маанай ырлары арбын. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе адам маанайынын ар кыл ыргактарын акын табыят көрүнүшүнө жуурулуштуруп, гармония түзүүгө чебер. Мындай касиет Сагындын алгачкы чыгармачылыгынан башталып, азыркыга чейин өнүмдүүлүгүн жоготпой келет.

Тоо башында кара булут топтолуп,
Күн күркүрөп нөшөр төктү шатырап.
Балалыгым карап койбойт токтолуп,
Учу-жыңсыз улуу турмуш чакырат.

*     *     *

Үйдө эч ким жок. Үйдөбүз экөөбүз
Мен күндөлүк дептеримди барактап.
Терезеде жалбырактар, кечээ күз…
Бүгүн бороон… Караңгы түн… Кар аппак.
(“Жамгыр”, 1970)

Жамгыр жуубай, урбай-сокпой шамалы,
Балдар үзбөй, жайнап жерге төгүлбөй,
Алча бактын гүлү кайда баягы,
Баягы аял кайда кеткен көрүнбөй?

О карачы, о карачы, ай жарык!
О карачы, талаа жарык, сай жарык!
«Кеч болсо да кечиргин!» — деп жалбарып,
О кайдагы, сөздү айтасың, кайдагы.
(“Күүгүмдөгү күү, 1998)

Сагын акындын поэтикалык дүйнөсүндө бардыгы бар: мезгил бар, жамгыр бар, таш бар, дөң бар, дүйнө бар, өткөн бар, өчкөн бар, жеткен бар, жетпеген бар, кыйроо бар, ыйлоо бар, эзелки бар, эртең бар, акындын Мени бар, көңүлдүн чери бар. Эң башкысы — ой бар, ой менен көркөмдүктүн синтези бар… Акын бардыгы, бардыгы тууралуу ойлорун, сырларын окуучусуна өсүүгө салып, төгүлүп ырдап берет.

Бир карасаң анын бардыгы эле бизге тааныш баягы нерселер, бирок акындын поэтикалык фантазиясына чайкалып жаңы түс, жаңы түр алган, ал каухардай жалтылдап көз жоосун алып, жан дүйнөңдүн сезим кылына тийип, аны да күүгө салып коёт.

Таш жатчу эле күнгө ысып, чаң жамынып
Кечинде асман толо жылдыз жанып
Мага сезилчү, жаткандай үнсүз ыйлап,
Асмандын бир сыныгы түшүп калып.

Кетчү элек таштап аны чаңга көмүп,
Уйларды ызгыта кууп күүгүм менен.
Түн бою өпкөн өңдүү, асман келип
Чаңы жок ал таш жатчу эртен менен…
Алыскы тоолор”, 1972)

Жапайы талааларда
Жапайы чөптөр өсөт.
Жапайы талааларда
Жапайы чөптү тепсеп,
Жамгырдан куюп, куюп
Жапайы булут көчөт.
(«Айлуу дөң», 1978)

Көөдөнүң баскан туманды
Көңтөрүп төккүн шамалга,
Жылдыздуу асман, кең аалам…
О барсың анда сен гана!

Ыр кумарлуу кош келинчек кошулуп,
Асманда айды чырак кылып отуруп.
Төгөрөк жаз, толукшуган биз да жаз…
Төгүшүп сыр, алмашып ыр окудук.
Күз ырлары”, 1990)

Жогорудагыдай миң түркүн сыйкыры күч ырларынын кайсы бирине токтолоюн. Мындай ырлар жыйнакта жыш. Кызыгып көзүң тойбой жайнаган тоо гүлүнүн улам бирин сонундап тере берип, тере берип бүтпөгөн сыяктуу Сагындын ыр гүлүн да текши терип, алдыңарга сунууга чамам жетпес. Акындын гүлзарын өзүң аралап оку, окуучум. Мен болсо, өзүм байкаган анын ырларынын айрым касиеттерине гана көңүлүңдү бурмакчымын.

Жыйнактагы ырларды окуп олтуруп, аларда ички кайрыктардын күчтүү экенин байкадым. Акын бардык эле ой туюмдарын ачыкка чыгарып, майдалап түшүндүрүп, окуучусун тажатпайт. Ал ырларындагы ойлорун «окуучум, өзүң улап окуп, түбүн түшүн» деген кыязда. Жапон элинин улуттук улуу акыны Басёнун чыгармачылыгы тууралуу Сагын Акматбекованын «Кандай болгондо дагы акындын дээрлик көпчүлүк ырларынан элегиялык мүнөздөгү муңайым кайрыктар угулуп, ал кайрыкты кайырган акындын өзүнүн элеси да тартылат» — деп берген мүнөздөмөсү бар.

«Күүгүмдөгү күүнү» окуганда ушул мүнөздөмөнүн Сагын акындын өзүнө да куп келип турганына бир эсе таң каласың, бир эсе сыймыктанасың. Анткендиги анын ыр кайрыктарынан, «Алакандай аңгемелеринен», «Жан дептериндеги» жазууларынан алсыз бирок күчтүү, армандуу бирок аруу, жупуну бирок терең, жаныңда бирок алыс, пекене бирок бийик акын аялдын элеси жакшылыкка, тазалыкка, асылдыкка кол булгап, үндөп көз алдыга чыгып келет. Айтмакчы, С.Акматбекованын чыгармачылыгына чыгыш поэзиясынын таасири күчтүү экенин, акындын өзү которгон жапон, кытай элдеринин улуу акындарынын поэзия духу, табияты боюнча өзүнө жакын экенин жыйнакты окуган адам жаземдебей эле көрө алат.

Жыйнактагы котормолор жөнүндө адистер айтчу сөз дагы алдыда. Азыр айта кетчү бир гана нерсе, ал котормолор Сагын акындын чыгармачылыгындагы бир кырын — котормочулук жөндөмүн окуучусуна ачып олтурат. Ойлорго төп түшүп, эргүү менен эркин которулган чыгыш акындарынын поэзиясы кантсе да ыр жыйнактын көркүнө көрк кошуп, мазмунун арттырган. Менимче, Сагын өмүрдүн «бир тамшаным нерсе экенин» эрте сезген классик акындардын сабында жүрөт. Нак ушул сезим анын лирикаларын ичтен бүлөп, курчутуп, алмуздактан бүтпөгөн Адам жашоосунун көйгөйүн миң кубултуп күүгө салдырып келет. Анын кай бир учурларын жыйнактын «Күүгүмдөгү күү» бөлүмүндөгү «Эски күндөр», «Болгондо дөбөлөрдө мен», “Таңдагы ыр», «Үч ойон» ж.б. ырларынан жолуктурабыз.

Акын С.Акматбекова

Жалгыз-жарым караан болуп жакындап,
Эски күндөр, эшигимди какпагын.
Жапырт оңгон силер билген жалбырак,
Жаап жатат жаңы күндүн ак кары.

Силер — болмуш, болгон дагы, жок дагы
Силер — китеп, жүз кайталап окулган.
Жалындатып темир мешке от жагып,
Жаш кеч менен маңдай-тескей олтурам.
(“Эски күндөр”)

Не деген керемет саптар! Канчалаган метафоралар, салыштыруулар… «Эски күндөр», «жаңы күндүн ак кары», «жаш кеч» акындын чоң көркөм табылгалары эмей эмне? Ырдын андан кийинки түрмөктөрүндө канча ассоциациялык кубулуштар чөгөрүлгөн. Дагы бир ыры:

Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким? — дейсиң,
Унут аны, унут! Мени сүй дейсиң.
Унутканга дагы ошондой бир сүйүү,
Да бир өмүр керектигин билбейсиң.
Олтурамын. Жанымда жок жан адам.
Олтурамын караңгыда, садагам.

Жөн эле келегей тил менен комментариялап, бул ырлардын касиетин кетирип аламбы деп коркосуң… Сагындын ырлары дайыма эле бир кылка эмес, айрымдарынын түпкү купуя сырына бир окуу менен эле жете албайсың, анын улам кайталап «түшүнүп» окууну талап кылышкан ыр түрмөктөрү да бар.

Ырларынын формалык жагына келсек, ал алда канча бай: бейуйкаш, уйкаш ырлар, бейттер, рубаилер, үч саптар, ырлардын циклы ж.б. форма мазмунга шайкеш жүрөт. Кээде жөн эле сүйлөмдөрдөн ыр курулат, чулу ой туулат… Дегинкисинде Сагындын поэзиясында ой берметтери эркин төгүлүп, элпек жыйналат. «Миң уккандан бир көргөн» дегендей Сагын Акматбекова деген акындын поэзия гүлзарын өзүң аралап, ой берметтерин өзүң тергин, окуучум. А мен болсо акындын жыйнагына кирген «Алакандай аңгемелери» менен «Чөнтөк дептериндеги» жазуулары боюнча азыноолак байкоолорумду билдирип сөзүмдү жыйынтыктамакмын.

Сагын АКМАТБЕКОВА: Калемдин айтканы (шедевр)

Сагындын бул чыгармалары анын кыска миниатюралуу аңгемелердин чебери болуп калганын айгинелейт. Ал аңгемелер — турмуштук ар кандай кырдаалдарда туулуп, философиялык ойлорго каныккан, алып сала турган ашыкча эч нерсеси жок, — бүткөн, толук кандуу чыгармалар. Ал чыгармалардын ажарын ачып турган Сагын сүрөткердин образ-боёктору, айтылган ойду тыянактап турган акыркы саптардагы резюмелери.

Мына алардын айрымдары. «Көрсө, кыш деген ушул тура, — деп улутунуп койду барик, — көрсө кыш деген ушул тура» (үшкүрүгү таш жарган улутунуу деген ушу эмеспи), «Тилиң айтпай, дилиң аздектеген жакшы тилек сөзсүз ишке ашат дейт», «Бараткан киши үшүбөйт», «Булуттар — улуу сүрөтчүлөр», «Мен артка… ал алдыга кетип баратабыз» (небереси жөнүндө), «Өзүмдү табуу үчүн, өзүмдү жагуум керек». Биз билген жана билбеген Сагын акындын «көөдөндөн чыккан күүлөрүн урпактан калсын урпакка» деп чалып турган күүсүнүн ар бир кайрыктары ушулар.

Азыркы оор мезгил көңүлүңдү балчыктай басып, адамзат асылдыкка, тазалыкка, актыкка чукак болуп турганда Сагынга окшогон акындарыбыз дале болсо жанын үрөп, элине жакшылыктын жана дагы жакшылыктын үрөнүн сээп турганына каниет.

Айтмакчы, «Күүгүмдөгү күүдө» саясий лирика (саясат, экономикалык, социалдык турмушубуз жөнүндө дегеним) жокко эсе. Сагын бир гана учурда:

Эл бийлеген эчен эрээн жүргөнү,
Эки ачакей ишин көр да, өзүн көр.
Таба албаган ак, акыйкат бирөөнү,
Балким менин кулагым көр, көзүм көр, — деп күйүп, күйүп кеткени бар.

Жарыгын бир куу белес
Жапкандан кийин эмес,
Айткыла өзүм барда
Айтчулар бир жылуу сөз.

Баксаң бак, жаксаң отмун,
Не чындык, не жомоктун.
Агарган дүйнөңөрдө,
Азыр бар, анан жокмун — дейт «Күүгүмдөгү күү» автору. Акын Сагынга айтылчу жылуу сөздөр алдыда, келечекте, анын бүгүн чети да оюла элек. Күү кайрыктарың күч-деминен жазбасын, бар бол, арыба, улуу акын!

P.S. Лайли Үкүбаеванын бул макаласы КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынды.

Сагын АКМАТБЕКОВА: «Экөө»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.