Кыргыздарда дыйканчылыктын бир аз тараганына карабастан XIX кылымдын үчүнчү чейрегине чейин алардын тамак-ашы мал чарбачылыгынын үстөмдүк кылып турушу менен аныкталган: аларда сүт азыктары жана эт басымдуулук кылган. Ч. Валихановдун байкоолоруна караганда, XIX кылымдын орто ченинде түндүктүк кыргыздар, Ч. Валиханов таруу ботко жөнүндө эске салып өткөн болсо да, негизинен «сүт жана өлгөн малдын эти менен» тамактанышкан. Бул мезгилде, мисалы, Памирдин жана Каратегиндин кыргыздарына ун деген белгисиз болгон: ун алардын колуна тийип калган күндө деле андан нан жабышпай, жарма жасашкан.

Кыргызстандын Орусиянын составына кошулушунан кийин көп өтпөй эле кыргыздардын чарбачылык укладында башталган өзгөрүүлөр алардын тамак-ашында дан азыктарынын үлүшү көбөйүшүнө алып келген. Андан кийинки мезгилде кыргыз калкынын көпчүлүгүнүн тамак-ашынын негизги түрлөрү сүт, өсүмдүк азыктары жана анча-мынчалап гана эт азыктары болуп калган. Байкоочулар кыргыздардын көпчүлүгү үчүн эт өтө бардарлыктын белгиси жана өтө бай адамдардын гана күндөлүк жеп турган тамак-ашы болуп калганын мурда эле жөндүү белгилешкен.

Кыргыздардын тамак-аш режиминин өтө бөтөнчөлүктөрүнүн бири — анын жылдын мезгилине мүнөздүүлүгү болгон. Жылдын жылуу мезгилдеринде тамактануу сүт азыктарынын негизинде жасалса, кышында кээ бир сүт азыктары (сыр, май, туздалган быштак) кошулган ун жана дан тамак-аштары басымдуулук кылган. Дайыма, бөтөнчө чала тоют тамактануу калктын көпчүлүк бөлүгүнүн үлүшү болгон, мал массалык түрдө кырылып калган учурларда, көп мезгилде чыныгы ачарчылык башталган.

Кыргыздын улуттук дасторкону аны түзүүчү тамак-аштарынын түрлөрү боюнча кыйла бай. Бирок ушундай болсо да калктын негизги массасынын тамактанышы өтө жардылыгы жана бир түрдүүлүгү менен айырмаланган. В. И. Кушелевский «жарды кыргыздар жарым ачкачылыкта, жүгөрү жарма же сууга эзилген курутту ичип күн көрүшөт». Адатта кедейлер жана жармач орто чарбалар жыл бою суюк тамак-аш менен канааттанышкан. Анын өтө таралган түрү максым жана жарма болгон. Жарманы муздак бойдон ачыбаган да, ошондой эле ачкыл да түрүндө ичишкен. Булардан тышкары талкан, сүт же айран катыкталган көжө (көчө) көп колдонулган. Сейрек учурда шорпо жасашкан.

Тамак катары таруу боткону да жешкен. Бардык эле кедейлердин көчмөндүк адаттагы тамагын — жууратты күн сайын ичип жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Малчынын жакшы көргөн тамактарынын бири — кымызды кедейлер сейрек ичкен, аны да көп учурда байдын дасторконунан кайыр-садага катары, же байлар жана манаптар тойтопур берген убактарда сый тамак катары ичишкен. Кант жөнүндө айтпаганда да, чай кедей үчүн дээрлик кол жетпеген нерсе болгон, ал тургай нан да анын күн сайын жей турган тамагы болгон эмес. Ошол эле убакта кыргыз калкынын оокаттуу катмарларынын тамак-ашы мол жана ар түрдүү болгон.

Мурдагы мезгилде калктын ар кыл катмарларынын тамак-ашы көп жагынан колдогу чарбачылыктын мүнөзүнө байланыштуу болгон. Азыркы кездеги кыргыз калкынын тамактанышына социалдык-экономикалык укладды терең кайра түзүүлөр, маданият деңгээлинин жогорулашы жана бөтөнчө, мурдагы көчмөндүк жашоонун — отурукташкан түрүнө өтүшү өз таасирин тийгизди.

Муну менен бирге, тамак-аштын түрдүүлөнүшүнө шаар жана коңшу орус, өзбек, тажик, дунган жана уйгур калктары менен байланыштардын кеңейиши таасир этти. Бул таасир Көл кылаасында, Чүй өрөөнүндө, Түштүк Кыргызстанда бөтөнчө байкалаарлык. Тамак-аш бүтүндөй алганда өзүнүн улуттук мүнөзүн сактап турушун улантып, аны даярдоо жолдору олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болбосо да, анда жаңы, мурда белгисиз болгон тамак-аштар да пайда болуп, ал ар түрдүү болуп калды. Тамак-аш көчмөндөргө мурда дээрлик белгисиз болгон чарбачылыктын жаңы тармактарынын: огородчулуктун, багбанчылыктын, аарычылыктын, канаттууларды өстүрүүчүлүктүн өнүгүшү менен кыйла даражада байыды. Буга карабастан, тамак-аш өзүнүн сезондук мүнөзүн, бөтөнчө малчылардын арасында толук даражада жогото элек. Күзүндө жана кышында тамак-аш көбүрөөк аш болумдуу жана ар түрдүү болот, жайкысын андан чай жана муздак суюк тамак-аштар кыйла орун алат, ысык тамак-ашты көбүнчө кечкисин даярдашат.

Калктын басымдуу массасынын тамак-ашынын сапат жагы кескин жакшырды, тамак-аштын өтө аш болумдуу түрлөрүнүн салыштырма салмагы жогорулады. Баарынан мурда эт, мал майы кыргыз колхозчусунун дасторконунда сейрек учуроочу тамак-аш болуудан калды. Картөшкө, жашылча жана жемиштер, бал, сатып алынчу азыктар (кант, кондитер азыктары ж. б.) тамак-аш үчүн кадыресе колдонулуп жатат, күрүч, аны менен бирге палоо кеңири массанын колу жеткен тамак-ашы болуп калды, тамак-аш үчүн канаттуулар эти, бышырылган жана куурулган жумуртка колдонула баштады. Тамак-аш бышырууда пияз, помидор, бадыраң, сабиз, капуста (кээде щи дагы бышырылат) сыяктуу жашылчалар кыйла көп колдонулат.

Түштүк Кыргызстанда жашылча жана жемиштер тамак-ашка небак эле аралашып калган, мында ашкабакка кыйла орун таандык, аны шорпого, чүчпарага кошушат, эт менен жешет жана өзүнчө тамак катары даярдашат. Адаттагы көмкөрмө токоч жана көмөч нан менен катар Түштүк Кыргызстанда жана Талас өрөөнүнүн айрым бөлүгүндө тандыр (ал Түндүк Кыргызстанда, көбүнчө Көл кылаасынын аймагында тараган жана анын формасы башкача болот) нан менен бирге азыркы кездеги жол менен бышырылган нан да колдонулат.

Сүттөн жана сүт азыктарынан айран, кымыздан тышкары курут даярдашат: аны кышкысын кургатылган же майдаланган жана жылуу сууга эзген түрүндө колдонушат, сүзмө даярдашат, айрандан жайкысын суусундук катары чалап жасап суусунга ичишет, быштак же пышлак жасашат (көбүнчө түштүктүк кыргыздарда даярдалат жана жасалганынан алгачкы бир нече күндөн кийин тамак-аш катары колдонушат), эжигей кайнатып алышат, сары май, каймак ж. б. даярдашат. Май даярдоо ыктарында айырма бар экенин айта кетүү керек. Айтсак, түштүктө тараган — жыгач же металлдан жасалган май чалгыч (куу же гуу) Түндүк Кыргызстанда кеңири колдонулбай келген.

Сүт тамак-ашы колхоз малчыларына жайкысын негизги тамак болуп саналат. Алар кышка көп өлчөмдө курут, сары май жана туздалган быштак даярдашат. Малчылар жайлоодон түшүп келишкенде ушу кезде да аларды өрүлүктөп барышат. Мурда кыштоого эрте келишкендер жаңы түшүп келгендерге өрүлүктөп барышкан. Азыр айылдарда жашаган тууган-туушкандары жайлоодон келгендерге суусундуктарды, улуттук таттуу тамактарды, жапкан нан, жемиштерди д. у. сыяктууларды алып келишет. Малчылар аларга сүр салып, курут, май берип сыйлашат.

Дан азыктарынын молдугу колхозчуларга ундан жасалган ар түрдүү тамак-аштарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет, алар азыр тамак-аштын арасынан бекем орун алып калды. Ундан өзүлөрү жакшы көргөн боорсок, көмөч, каттама, май токоч, куймактарды ж. б. жасашат. Боорсокту эми көп учурда кумшекер кошуп бышырышат. Түштүктө, ошондой эле Талас өрөөнүндө таруу жана жүгөрү талкан ушу кезде деле колдонулат. Аны сүткө же майга көйлөп жешет, же чай менен кошо беришет.

Ундан жасалган тамак-аш өтө көп учурда башка азыктар менен катарлаша колдонулат, кээде эт кесме же сүт кесме жасашат, түштүктө күрүчтөн сүтботко шооланы көп жешет. Чай менен бирге нан сөзсүз кошо берилет. Чай кыргыздарда өтө кеңири таралган суусундуктардын катарына кирет. Мисалы, Ысык-Көл ойдуңунда кечээ жакында эле чайды көп учурда өздөрү даярдап алышкан, чайды, көбүнчө таш чай сатып алуу баарынын эле колунан келген эмес. Ч. Валиханов өз убагында эле кыргыздар «калмактардын затуранындай» чайды туз кошуп кайнатып алышаарын белгилеген.

Түндүк кыргыздардын арасында революцияга чейин куурма чай кеңири тараган: майга унду же талканды кууруп, сууга сүт аралаштырып, ага туз салып кайнатышкан. Түштүктүк кыргыздар даярдаган чайды В. М. Кушелевский минтип сүрөттөп жазган: «Кээде чай сүттүн, майдын, туздун жана калемпирдин аралашмасы түрүндө казанга кайнатылат, мындай кайнатылган учурда, ал шир-чай же ак-чай, ошондой эле калмак чай деп аталган. Мындай аралашма-чайга караганда шорпого көбүрөөк окшош жана ал көчмөн калкта кыйла кеңири колдонулган».

Азыр бардык жерде кадимки эле чайды сатып ичишет, анын үстүнө Түштүк Кыргызстанда жайында көк чай ичкенди жакшы көрүшөт. Түндүктөгүлөр чайлык сууну, эреже катары, самоордо (ал, бул жерде XX кылымдын баш ченинде пайда боло баштаган), түштүктөр көбүнчө металл чөөгүндө кайнатышат. Түндүктөгүлөр чайды ар бир кишиге бирден пияла менен беришсе, түштүктөгүлөр бир-эки пияла менен кезектешип ичишет. Дасторконго чай менен кошо нандан жана боорсоктон тышкары май, каймак, кургатылган жемиштер, татты, мисалы, бал коюлат. Көл кылаасындагылар жана башка кээ бир жердегилер чайга кээде жаңы саалган жана бир аз туз салынган сүт куюп ичишет.

Башка суусундуктардан биз жогоруда эскертип өткөн жарма, ошондой эле бозо кеңири таралган, бозону негизинен кышында таруудан, арпадан же жүгөрүдөн жасалган шакка угут кошуп ачытышат. XIX кылымдын 60-жылдарында В. В. Радлов кыргыздар таруудан кантип бозо жасашканын, андан кышында ичилчү арак тартышканын көргөн.

Кыргыздар ал кезде сүттөн чыгарылган аракты да ичишкен, ал үчүн кымызды Борбордук Азиянын кээ бир элдери кандай жол менен иштетишсе, дал ошондой жол менен иштетишкен. Кийинчерээк ал арак колдонулуудан чыгып калган.

Эми кымыз менен катар (аны жайында көбүнчө малчылар ичишет) накта кымызга ачытылган уй кымызды да ичишет. Түштүктө жүгөрү унунан жасалган аталаны көп колдонушат, аны айран же май кошуп ичишет.

Кыргыздар эттин ар кандай түрлөрүн: жылкы эти (бул бөтөнчө бааланат), кой, уй этин, ошондой эле жапайы айбанаттардын: тоо текенин, эликтин жана кулжанын, илбээсиндердин этин тамак-ашка колдонушат. Мергенчилердин арасында эт бышыруунун эски жолдору ушу кезге чейин сакталып келет. Адатта этти баардык жерде чоюн казандарда бышырышат. Эт тамак-ашынын өтө көп таралган түрү койдун бышырылган эти. Кесилген этти сорпого малып жешет, мындан тышкары сорпону тамак жээр алдында жана андан кийин ичишет. Сорпону кымыз же айран катыктап да ичишет, мындай сорпо ак серке деп аталат, муздак суу кошулуп ичилчү сорпону кара дөң дешет, аны адатта этке нык тойгондон кийин ичишет.

Тууралган эт (азыр аны көп учурда беш бармак дешет) кыргыздардын эң жакшы көргөн тамагы, аны ошол эттин сорпосуна бышырылган камырга аралаштырып, үстүнө чык куюп даярдашат, XIX кылымда Түндүк: Кыргызстанда этке камыр аралаштырышкан эмес жана андай этти нарын деп коюшкан. Түштүктүк кыргыздарда нарын ушу кезде да учурайт. Ага тууралган пияз аралаштырышат. Койдун сүт жана май куюлуп сууга бышырылган өпкөсү — олобо, жылкынын чучугу кыргыздардын эң жакшы көргөн тамагы. Күлчөтай жана куурдак, куурма да жешет.

Памирдик кыргыздардын өтө кызыгууну туудурган эт бышыруу ыгын Ю. Д. Головина минтип билдирет: «Мууздалган койдун ичеги-карынын алып таштап, анын ордуна куйругун салып, жүнү алынбаган териси менен тигип, аны катуу ысытылган кордуу чуңкурга салып, бир аз топурак менен жабышат, анан анын үстүнө белгилүү убакка чейин отту жага берет. Койдун эти мына ошондо болгон ширесин жана майын өзүндө сактап калат. М. Айтбаев минтип жазат: «Чанда бир учурда этти мындайча бышырышкан. Ичеги-карыны алынып салынган койдун этин ысык чоктуу чуңкурга салышкан. Анан ысык чок көп болсун үчүн үстүнө алоолонто от жагышкан. Мындан соң чуңкурга аба кирип кетпеши үчүн анын үстүн таш, топурак менен көмүшкөн. Эртеси этти чуңкурдан чыгарып алып, күйүгүн кырып салышкан…

Кээде этке калемпир, туз себишкен, Кыргызстандын түштүгүндө күрүч кошушкан. К. Шаниязов койчу карлуктар жайлоодо этти (көммө шорпо) ушуга окшош ык менен бышырганын минтип жазат: «Соолукту, ирикти же эчкини союп, анын этин жана майын туздашып ошол чийки бойдон малдын терисине ороп көктөшкөн. Бул үчүн терисин куйкалап, аны жакшылап тазалашкан. Тереңдиги 50—60 см. чуңкурга от жагып, анан бир аз убакыт өткөндөн кийин эт жана май салынган терини чуңкурга салып, үстүн топурак менен көөмп коюшкан. Буу чыгып турушу үчүн теринин орто жерине (киндиктин тушунан) камыш түтүк сайылып, анын учу тышта калтырылган. Көммө шорпо мына ушинтип бир күн бою даярдалган, аны чабандар бир нече күн бою жешкен.

В. П. Курылев түрктөр ушундай ыкманы колдонушканы жөнүндөгү маалыматтарды келтирет. Анын айтуусунда, токойлуу жерлерде «күйүк кебаб» жасашат: койдун этин терисине орошуп, анан аны алдын ала катуу ысытылган чуңкурга салышат да, үстүн жаап, от жагышат. Этти кордоп бышыруу да мына ошондой ыкманын катарында турат, бул жөнүндөгү маалыматтарды К. К. Юдахиндин «Сөздүгүнөн» табабыз. Ал таш кордо деп аталат. Аны даярдоо үчүн ичеги-карыны алынып ташталган, бирок териси сыйрылбаган койдун же эчкинин эти — ичине ысытылган таштар салынып бүт бойдон бышырылган.

Бул ыкмалардын баары мергенчилердин жана мал туткан көчмөндөрдүн чарбачылыгы менен байланышкан, тиричиликтин эң байыркы формаларынан келип чыгат. Бышкан эттин устукандарын меймандын «кадырлуусуна» карап тартуу чоң кызыгууну туудурат. Буга К. К. Юдахин биринчи болуп көңүл бурган. Ал мындай деп жазат: «Мейманчылап жүргөн убагымда табактан жылкы этин да, койдун башын да учуратпаганымда бөтөнчө таң калдым. Көрсө, түндүктүк кыргыздарда (эскертүү: «баш — солто менен сарбагыштарда өтө жогору бааланат — С. А.) ушунчалык кадырланган бул тамактар бул жакта баркталбайт экен. Мунун эсесине түндүктө баркталбаган бөйрөк башка устукандар менен катарлаш берилет экен. Бул этнографиялык жактан өтө маанилүү факты».

Кеп, албетте, бөйрөктө эмес, мында устукандардын арасында учанын эң биринчи орунда турганында. Кыргызстандын түндүгүндө жана түштүгүндө бир катар карыялардын пикирин сурап билишибиз устукан тартуу ырасымында чоң айырма бар экенин көрсөттү. Анын үстүнө тигил же бул устукандын «барктуулук» даражасы ал койдун же жылкынын устуканы экенине жараша болот. Карыялар аялдарга «эркектердин» барктуу устуканы берилбестигин баса көрсөтүшсө да, мейман аялдарга ушундай учурларда дал ошондой эле устукандар тартылат.

Көл кылаасында өтө кадырлуу мейманга кой союлганда ага жамбаш, андан соң, баш, жото жилик же кабырга тартышкан. Тянь-Шанда (Ат-Башы, Ак- Талаа райондорунда) кабырга биринчи орунда, андан кийин жамбаш жана баш турат. М. Айтбаевдин маалыматына караганда, Ысык-Көлдө, Нарында, Тогуз-Торо жана Тянь-Шандын башка райондорунда улуу жана кадырлуу мейманга баш тартышат, Ат-Башы, Кочкор, анан Жумгал райондорунда мындай эмес. Ысык-Көлдө жылкы этин тартууда, бөтөнчө аштарда жана ар кандай тойлордо табак тартууда жогоруда эске салынып өткөн уча эң барктуу устукан деп эсептелет. Андан соң кабырга, жамбаш ж. б. устукандар берилет.

Тянь-Шанда чоң аш-тойлордо жылкынын учасы биринчи, карчыга — устукан болуп берилген, адаттагы шарттарда болсо, кабырга биринчи орунда турган. Түндүктүк кыргыздарда аялдар үчүн койдун куймулчагы барктуу устукан деп эсептелет. Меймандагы сый көрсөтүү жөнүнө жазып алган Ч. Ч. Валихановдун төмөнкү эскерүүсү өзүнө көңүл бурдурат: «… биздин алдыбызга кой эти үйүлө салынган табакты коюшту, анын эң үстүндө куймулчак — эң барктуу устукан турду».

Чыгыш Памирде жана Чоң-Алайда — койдун куйругу (буйрак), Ноокат районунда (муңгуш жана каңды урууларында) — куймулчак, Лейлек районунда — уча эң барктуу устукан деп эсептелет. Жылкы эти жагындагы маалыматтар да ар кандай. Эгерде Памирде — жая, Алайда — жамбаш жылкы этинин эң барктуу устуканы деп айтышса, Ноокат районунда учаны эсептешет. ПамирАлайда — кадырлуу мейман аялга «карчыга» тартылат.

Келтирилген кыскача бул маалыматтарга таянып, казак жана саян-алтай элдерине тиешелүү маалыматтарды карап чыгууга болот. Казактардын кадырлуу мейманга тартуучу эң барктуу жуп устуканы — жанбас, кыргыздардын жамбаш устуканына толук төп келет. Ноокат районунда ашыктуу жилик үчүнчү (куймулчактан жана жамбаштан кийинки) орунда турганын белгилеп өткөн элек, бул казактардын барктуу экинчи устуканына — «асыктуу жилигине» туура келет.

Төштүн жөн-жайына келсек, ал казактарда жаш күйөө балага, эгерде ал жок болсо кызына же аялына (моңголдордо — кыздарга же жаңыдан турмушка чыккан келинге) берилген, бул да кыргыздардыкына төп келет, «мурда аларда төш меймандарга тартылган эмес, аны аялдар мүлжүгөн». Памирде жүргөнүбүздө аялдарга тартылчу кой этинин устукандарынын ичинен төштү акыркы орунда аташты. «Куймисакты, — деп жазат Н. Ильминский, — кыздарга беришет». Биз бул жерде да Кыргызстандын түндүгүндө учураган куймулчак тартуу каадасынын төп келгенин көрүп турабыз. Башка жагынан кыргыздар менен казактардын устукан тартуу тартиби бири бирине дал келбейт.

Мунун эсесине, алтайлыктар жана тувалар каадасы менен салыштырууда табылган окшоштуктар өтө маанилүү. Меймандар келгенде алтайлыктарда союлчу малдын устуканын бөлүштүрүү жөн-жайын сүрөттөп жазып келип В. В. Радлов, арка жана куймулчак устуканы — алардын өтө барктууларынан экенин эскертип кеткен. Бул сүрөттөп жазууга байланыштуу мага жазып жиберген пикирлеринде Л. П. Потапов минтип туура көрсөткөн: «Менимче, устуканды мындай бөлүштүрүү тартибинде алтайлыктардын социалдык-экономикалык теңсиздигинен келип чыккан коомдук абалы басымдуулук абалга ээ болсо керек.

Мисалы, келин той берүү жана курмандыкка чалынган малдын (шаман рухуна курмандыкка чалынган жылкынын же өгүздүн) устуканын бөлүштүрүүдө сакталып калган устукан бөлүштүрүүнүн көбүрөөк эзелки жолдоруна ылайык, баш жана төш, анан төштүн керчөөсү да, өтө кадырлуу меймандарга, мисалы таякесине (taj), жээнине (тойду тайы берип жатса) берилген». Н. П. Дыренкованын билдирүүсүнөн кыргыздарда эске салынып өткөн учаны да учуратабыз. Ал минтип жазат: «Келин тойлордун убагында күйөө баланын жана колуктунун ага-туугандарына эң «барктуу устукандар — ucа же tөs тартылган…

Кыздын таякеси жайланып отуруп, учаны колуна алгандан кийин гана сыйлоого киришишкен. Башка устукандардын арасында төш сөзсүз болгон. Таякеси төштү жээнине бергенден кийин гана тамакты жей баштаган. Күйөө баланын таякесине, адатта союлган койдун башын тартышкан (goj bas sallatan). Тувалардын тамак-ашын сүрөттөй жазып келип, Л. П. Потапов койдун төшү эң кадырлуу мейманга, же (эгерде меймандар жок болсо) үй ээсине берилет деп белгилейт. «Ужа» (караңыз: кыргызча уча) эң барктуу жана жегиликтүү устукан деп эсептелет. «Бул (саян-алтай элдери жөнүндөгү этнографиялык адабияттарда жакшы белгилүү) аталышты айтышканда, кабыргаларынан жана эки санынан ажыратылган койдун сегизинчи омурткадан куймулчактын учуна чейинки мүчөсү эске алынат».

Алтайлыктарда жана туваларда өтө баркталган устукандын бири — төштү мындай койсок, анда кой же жылкы этинин түндүктүк жана түштүктүк кыргыздардын, алтайлыктар менен тувалардын бир катар топтору үчүн жалпы устукан (уча, ужа) калат. Бул элдердин ата-бабаларынын ортосундагы этностук-гендик жана тарыхый байланыштарды аныктоо үчүн бул фактынын маанисин баалоо өтө кыйын, анткени тиричиликтин мындай чөйрөлөрүндө этностук салт-санаалар бөтөнчө туруктуу келет.

Мурда малчы ири жана анча-мынчалап орто чарбалардын ээлери гана этти жетишээрлик камдап алууга мүмкүнчүлүгү болгон. Эми колхозчунун дээрлик ар бир үй-бүлөсү кышка согум союп алат. Кеч күздө бир-эки кой, кээде жылкы союп алышат. Эттин бир бөлүгүн бир аз туздап, аны терисине эки күн ороп коюп, анан кампага илип салышат. Кушелевскийдин маалыматына караганда, этти өзүнүн эле терисине бир нече убакытка ороп коюп, андан соң боз үйдүн ичиндеги очоктун үстүнө бийик илип алып ышташкан же сүрсүтүшкөн. Азыр айылдык кыргыздардын ар биринин үйүндө ашыкча азык-түлүктөрдү сактоо үчүн өзүнчө жай бар экени мүнөздүү. Мурда андай жайлар болгон эмес, анткени анча-мынча азык-түлүктү боз үйдө эле сакташып, дан куюу үчүн гана ороо казышкан.

Жылдын башка мезгилинде деле үй-бүлөлүк же коомдук салттарга, уяттуу коноктор келгенине байланыштуу эт бышырып даярдашса да, эттен жасалган тамак-ашты негизинен кеч күздөн кыш бою жешет. Эттен жасалган тамак-аштар малчыларда кышкысын басымдуулук кылат. Салтанат дасторконго эттен тышкары май, пияз жана калемпир, кээде күрүч кошуп жасалган быжы да коюшат.

Эттен жасалган адаттагы тамак-аштар менен катар, турмушта экономиканын өзгөрүүлөрү, башка элдер бөтөнчө орустар менен тыкыс байланыштардан улам пайда болгон жаңы тамак-аштар да тартыла баштаган. Бул жаңы керектөөлөрдүн жана жактыруулардын пайда болгондугун айгинелеп турат. Жаңы тамак-аштардын арасында картөшкө жана пияз кошуп жасалган сорпо, шорпо, жаркөп, ичине картөшкө салынган пирожки ж. б. бар. Уйгур-дунгандардын кээ бир тамак-аштары, мисалы, өзбектер менен уйгурлардын касканда бышырылган мантуусундай эле чучпара, лагман күндөлүк тиричиликке кирип калды, өзбектердин палоосу той-топурдун тамак-ашы катары Түндүк Кыргызстанда да даярдала баштады. Көл кылаасында көп учурда таруу ботко да даярдашат.

Өтө даамдуу, эт тамак-аштарын адат боюнча, көбүнчө кечкисин жешкени мүнөздүү көрүнүш. Бирок куурдакты, жаркөптү, мисалы, кээде күндүз деле жешет. Ысык тамак-ашты очокко асылчу казанда даярдашат. Аны дасторконго эмалдалган же фаянс идиштерге куюп беришет. Тамакты жана чайды жерге салынган шырдактын (кийиздин) үстүнө жайылган дасторконго уй мүйүз тарта отуруп ичип-жешет. Бирок Көл кылаасында жана Чүй өрөөнүндө (аз-аздап Талас өрөөнүндө жана Тянь-Шанда) жапыз тегерек столдор колдонула баштаган, үйбүлө мүчөлөрү ошону тегеректей отурушуп тамак ичишет. Мурда эң акыркы орундарда отуруп, тамак-аштын начарын ичип келишкен аялдар жана балдар азыр үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен бирдей тамактанышат. Үй тиричилигинде болгон чоң өзгөрүштөр мына ушундан көрүнүп турат.

Өткөндө жарым көчмөндүү турмушка ылайыкташылган эски үй тиричилик эмеректери, жыгач жана тери идиштер эми негизинен малчылардын боз үйлөрүндө гана учурайт. Бирок жыгач соку, челек, чакалар, эт салынчу чуңкур чаралар азыркы айылдарда дале кездешет. Чарбачылык турмушка жана маданиятка колхоз түзүлүшү тарабынан киргизилген өзгөрүштөр менен бирге пайда болгон азыркы эмеректер ар түрдүү идиш-аяктар түрүндө көп учурайт.

Насыбай жергиликтүү негизги наркотик болуп саналат. Мурда колдонулган канжалар алда качан эле колдонулбай калган. Тамак-аштагы тарыхый калыптанган (анын составындагы да, ошондой эле аны даярдоо ыгындагы да) улуттук бөтөнчөлүктөр алыскы жайыттардагы малчыларда өтө туруктуу сакталып келүүдө.

Кыргыздардын тамак-ашынын кыскача баяны тиричиликтин ушул жагында өзүнүн чагылышын тапкан маданий-тарыхый байланыштардын кээ бир багыттарына тийе өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыздар менен алтайлыктардын тамак-ашында окшоштуктар кыйла көп. Алардын ар түрдүү сүт тамак-ашын даярдоо жолдорунда жана аталыштарында көп жалпылыктар бар. Сүт тамак-ашына — курут, койчу-малчылар тамактанчу көөрчөк, каймак жана башкалар кирет. Эт тамак-ашынын ичинен кыргыздар жана алтайлыктар үчүн жалпы жөргөм (алтайча дөөргом же төргөм), же ошондой эле (алтайлыктарда) май, жүрөк, өпкө жана боор салынган ичеги, карта (кыргыздардын жакшы көргөн тамагы), керчөө (алтайча керзең), чучук (алтайча «чочук» — жылкы этинен жасалган эзелки тамак, ал үчүн жүрөктүн кабына майда тууралган эт жана май салынып, түтүнгө ыштап сүрсүтүшкөн), быжы — кандан (Көл кылаасындагы кыргыздарда боордон жана ич кандан, Таласта мээден, майдан жана кандан) жасалган ж. д. у. с. тамак-аштар да (талкан, көчө) ушундай окшош.

Мурда кыргыздар да алтайлыктардай эле сүттөн арак тартышкан. Кыргыздардын этностук-маданий байланыштары жөнүндөгү маселени чечүү үчүн сүттөн азык-түлүк жасоонун жолу сыяктуу материалды да алууга болот. Бул жагынан алганда Ф. А. Фиельструптун эмгегинде камтылган маалыматтардын баалуу жыйындысы зор көңүл бурууга татыктуу. Ал Г. Н. Потаниндин классификациясын кабыл алган, бул классификациясына ылайык, кыргыздар үчүн башка түрк элдеринин көпчүлүгү сыяктуу эле, кайнак сүттөн айран уютуу мүнөздүү. Анткен менен Ф. А. Фиельструп дал ушул кыргыздарда сейрек көрүнүш катары чийки сүттөн да айран уютуунун моңголдук жолу сакталып калгандыгын, андай айран бөтөнчө ысык күндөрдө уютуларын белгилейт. Ф. А. Фиельструптун маалыматтары боюнча кыргыздарда моңголдордогудай эле каймактан май сызгырып алуу ыгы бар. Сүт азык-түлүктөрүнүн бир катарын даярдоо мисалынан кыргыздардан түштүк алтайлыктар, тувалар, моңголдор менен маданий жактан жалпылык бөтөнчө таасын көрүнүп турат. Айтсак, кайнак сүттөн сыр жана быштак (алтайча — пыштак, моңголчо — бислаг) бул элдер үчүн жалпы нерсе болуп саналат. Аларды даярдоонун жолдору майда-чүйдөсүнөн гана айырмаланат.

Ошол эле убакта, кыргыздарда сүт азык-түлүктөрүн даярдоонун негизги ыкмалары түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин көпчүлүгүнүндөй эле. Кымыздан арак тартуу үчүн кыргыздар колдонгон жөнөкөй аппаратты биринчи болуп сүрөттөп жазган Ф. А. Фиельструп, бул аппараттын конструкциясын жана арак тартуу техникасын моңголдордон жолуктурууга болорун белгилеген. Эң соңку байкоолор батыш моңголдордун (ойроттордун) арак тартуучу аппаратынын эки вариантынын бири кыргыздардыкына өтө окшош деп ырастоого мүмкүнчүлүк берет.

Алтайлыктардын Л. П. Потапов сүрөттөп жазган арак тартуучу аппараты жана сүттөн арак тартуу ыгы кыргыздардыкынан дээрлик айырмаланбайт. К. В. Вяткина буряттардын аппаратын да аппараттардын мына ушул тибине кошот. Хакастар айрандан арак тартуу үчүн колдонгон (А. В. Андрианов сүрөттөп жазган) аппарат да кыргыздардыкынан дээрлик айырмаланбайт.

Аппараттын жана анын бөлүктөрүнүн аталыштарына тиешелүү терминдердин да бирдей экендиги мүнөздүү көрүнүш. Аппарат кыргыздарда капка чорго (жапкыч капкак, чорго — буу чыгуучу түтүк) деп аталат. Хакастарда «кахпак» — жыгач аяк (капкак), «сорга» — арак агып түшүүчү түтүк. Алтайлыктарда «чорго» деген арак тартуу үчүн жасалган дого түрүндөгү түтүк. Моңголдордо ал «цорго» деп аталат. Түрк жана моңгол көчмөндөрүндө сүттөн арак тартуу ыгынын өзүнүн эзелки ык экендиги жөнүндөгү маселеге байланыштуу. Иохансен жазган макалада бир катар элдердеги арак тартуучу аппараттардын ар кыл түрлөрү каралып жана бири-бирине салыштырылып чыгат.

Ат, өгүз, эшек жана качыр минип жүрүү ушу кезде да көчүп-конуп кыймылдоонун кеңири таралган жолу болуп саналат. Кыргыздар узак убакыт бою ээрден түшпөй эң оор тоскоолдуктардан: ашуулардан, аскалардан, атырылган тоо сууларынан ж. д. у. сыяктуулардан өтүп кетүүгө жөндөмдүү, атка бышык эл. Аталган жаныбарлар жүк артып-ташуу үчүн да колдонулат. Памирдик кыргыздарда топоз — минип жүрүүчү жана жүк артуучу негизги унаа болуп саналат.

Түштүктүк кыргыздардын арасында өзбектердин «фергана» тибиндеги кош дөңгөлөктүү арабасы мурда эле бир аз болуп келген, түндүктүк кыргыздарда дөңгөлөктүү транспорт Октябрь революциясы болор алдындагы мезгилде тарала баштаган. Кыргыздар орус дыйкандарынан жалаң эле арабаларынын түрлөрүн кабылдашпастан, ага керектүү жабдыктарын да дээрлик толук кабыл алышкан.

Бийик тоолуу жерлерде алиге эле чийне — узун эки жыгачка эки-үч чабакты туурасынан бекитип, узун эки жыгачтын бир учтарын ээрге бекитип алып сүйрөшөт. Аны менен чөп, боолонгон эгинди, отун ж. б. салып ташышат.

Токумдар тиби жана максаты жагынан айырмаланып турат. Мингич ат үчүн — ээр, мингич жана жүктөө үчүн өгүзгө — ыңырчак, жүн артуу үчүн төөгө — ком токулат. Балдарды атка минүүгө үйрөтүүдө өзгөчө ээр — айырма жакында эле пайдаланылчу. Анын алды жана артындагы кайчылаш каштары бийик, эки капталынан эки узун таякча каштарына бекитилип, кичине чабандести жыгылуу коркунучунан сактайт. Ат ээрлеринин көптөгөн түрлөрү кездешет. Кыйла кеңири тараган түрү анжиян тиби деп аталган. Жыгачтан алдыңкы кашы ичкериге чабылып, эки ачаланта тоголок (кушкаш) чабылат, арткы жагы отурганга ыңгайлуу, кайкы болот.

Кечээ жакында эле кыргыздарда, өзүнүн турпаты жагынан алтайлыктардын, тувалыктардын жана моңголдордун ээрлерине окшоштугу жагынан жакын ээрлер кездешүүчү. Алардын алдыңкы кашы калыңыраак жазы келип, арткы кашы жаа түрүндө чабылган. Мындай ээрлер (данбаш, же нанбаш ээр, ак каңгы ээр) казактардын арасында да тараган.

Эң жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, эзелки кыргыз ээрлеринин түбү, айрым Саян-Алтай элдеринин ээрлери сыяктуу эле, чыгышы боюнча эзелки түрктөрдүн ээрлерине барып такалат.

Кыргыздардын материалдык маданиятында Орто Азия жана Казакстандын башка элдери менен тарыхый жана маданий жактан тыкыс байланыштары болгонун күбөлөндүрүүчү көптөгөн көрүнүштөр бар, ошондой болсо да жогоруда келтирилген материалдык маданияттын көптөгөн фактылары кыргыздар Саян-Алтай, Моңгол, Чыгыш Түркстан, ошондой эле Тибетке жакын аймактардын элдери менен өтө алыска кеткен этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланышта болгонун ишенимдүү күбөлөндүрөрүн дагы бир ирет айта кетишибиз керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.