Котормо боюнча конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү Азат Жапарбек болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен биринчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Азат Жапарбек америкалык жазуучу Амброз Бирстин “Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя” аттуу чыгармасын түпнускадан оодарганы үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. ҮКҮ-САЙ КӨПҮРӨСҮНДӨ БОЛГОН ОКУЯ АҢГЕМЕ 1 Алабаманын[1] түндүк бөлүгүндө жайгашкан темир жолдун көпүрөсүндө бир киши алты-жети арыш ылдыйда шар аккан сууну карап турду. Колдору аркага, билегинен байланган […]

Котормо боюнча конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү Мээрим Сайдилканова болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен биринчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Мээрим Сайдилканова түрк жазуучусу Али Сабахаттиндин “Асфальттуу жол”аттуу чыгармасын түпнускадан оодарганы үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. АСФАЛЬТТУУ ЖОЛ АҢГЕМЕ (Айылдык мугалимдин күндөлүгүнөн…) Станциядан шаардын борборуна бара турган жүк ташуучу авто-унаа  эки саат жол жүргөндөн кийин мен бара турган   айылдын айрылыш жолуна  келип токтоду. Мен авто-унаадан […]

Котормо боюнча конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү Марсел Исаков болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен биринчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Марсел Исаков орус жазуучусу Виктор Астафьевдин “Алыскы түндүктүн зоокаларында”аттуу котормосу менен жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. АЛЫСКЫ ТҮНДҮКТҮН ЗООКАЛАРЫНДА АҢГЕМЕ Ал сааттар бою жөө туман каптаган зор таш чокуда  кыймылдабай турду. Зор, жылаңач, карарган таш чоку илгерки замандагы замоктун талкаланган калдыгына окшош. Чокунун айланасында бир чакырым, […]

Азис Салиев: Поэзия жөнүндө пикир

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган адабий сынчы, академик жана философ Азис Салиевдин бул макаласын айрым кыскартуулар менен жарыялоону эп көрдүк. Арийне, бул макала советтик адабияттын күрдөөлдүү заманында жазылса да, макаладагы айрым пикирлер бүгүнкү мезгилдеги «акындардын» дээрлик көпчүлүгүнө толук мүнөздүү кемчиликтерди таамай көрсөтүп турганы менен баалуу. Макалада келтирилген мисалдардан улам – учурдагы адабиятыбыздын деңгээли деле мезгилден алга озуп кетпегенин туябыз… Аталган макала 1954-жылы жазылганына карабастан, ошол жылдарда телчигип келе жаткан кыргыз […]