Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган адабий сынчы, академик жана философ Азис Салиевдин бул макаласын айрым кыскартуулар менен жарыялоону эп көрдүк. Арийне, бул макала советтик адабияттын күрдөөлдүү заманында жазылса да, макаладагы айрым пикирлер бүгүнкү мезгилдеги «акындардын» дээрлик көпчүлүгүнө толук мүнөздүү кемчиликтерди таамай көрсөтүп турганы менен баалуу.

Макалада келтирилген мисалдардан улам – учурдагы адабиятыбыздын деңгээли деле мезгилден алга озуп кетпегенин туябыз… Аталган макала 1954-жылы жазылганына карабастан, ошол жылдарда телчигип келе жаткан кыргыз акындары менен бүгүнкү күндөгү акындарыбыздын өсүш жолундагы айырмачылыктар деле бири-биринен анчалык ат чабым алыс кетпегенин төмөндөгү сын макаладан баамдоого болот…

Олжобай Шакир

Биздин поэзиянын жакшы чыгармалары республиканын кеңири массалары тарабынан, ал эми кээ бирлери союздук окуучу массалар тарабынан жылуу кабыл алынып, эл арасында жашап келе жатышат. Акыркы мезгилдеги чыгармалар биздин акындар, кыргыз совет жазуучулардай эле, алдыңкы орус адабиятынан жана башка туушкан совет адабияттарынын жакшы чыгармаларынан үлгү алып, белгилүү ийгиликтер менен социалдык реализм методун өздөштүрүп жаткандыгын көрсөтөт.

Эгер айрым-айрым чыгармаларды эске албай, биздин поэзияны жалпы алсак, отузунчу-кыркынчы жылдарда декларациялык, үстүртөн баяндоо, «кургак» насыятчылык басым кылчу. Азыр болсо поэзия конкреттүүлүккө бет алып турат: көп чыгармалардын көркөм-эстетикалык күчүн көтөрүп ошол идеяларды окуучуга таасирдүү, жеткиликтүү кылып берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ушул негизде жазылган ырлардан мисалга, А. Токомбаевдин «Дончак», «Боз үй», К. Маликовдун «Акылай», Т. Үмөталиевдин «Моряк», А. Токтомушевдин «Тартуу», М. Жангазиевдин «Ашым аке», С. Жусуевдин «Жеңиш сааты», Б. Сарногоевдин «Куда болдук оруска», А. Кыдыровдун «Бир айылда» деген ырларын атап кетүүгө болот. Мисалы, бир жылкычынын жакшы асырап баккан атынын аламан байгеге катышып, чыгып келгенин сүрөттөп:

«Тор күлүктү тартуу кылып берелик
Сакчысына биздин жыргал замандын,» — деп жазган бир окуучунун каты жөнүндө гана айтып, Токтомушев элибиздин Советтик Армияны сүйүү сезимин берет («Тартуу») же болбосо, Ата мекендик согушка катышкан жана кийин агроном болуп келген досуна бир жигиттин «Жеңиш» саатын белек кылып бергендеги сөздөр аркылуу Жусуев совет адамдарынын өзүнүн улуу иштер менен сыймыктануу сезимин ачат.

Акындык поэтикалык байкоолор кеңип, ошонун натыйжасында ырлардагы мазмун да тереңдеп бара жаткандыктан, көркөм каражаттар (образдуу сөздөр жана курулмалар, салыштыруулар ж.б.) да байып, өнүгө тургандыгы түшүнүктүү. Бул кырдаал эзелтен бери колдонулуп келип, “тишти камап”, “кургак” болуп калган, кээ бир учурларда сүрөттөлүп жаткан көрүнүштөрдү дааналап ачмак турсун, кайра түнөрүктөтүп салуучу сөздөрдүн, салыштырмалардын азыр сейрек учурап калышынан көрүнөт. Азыр жакшы элес берип, эсте кала турган жаңы образдуу курулмалар көбөйүп келе жатат.

…Акылдашып сигар чегип тургандай,
Үн алышат гудоктору күркүрөп…
Шагында солгон алмадай жүзү,
Күмүш кыл эчак ээлеген кашы…
(Токомбаев)

Таң атты. Бүт айлана болду жарык,
Чоң үйгө бир чоң чырак жагылгандай,
Дап-дайын өйүз-бүйүз көрүндү анык,
Жоголуп кайра жаңы табылгандай…
(Үмөталиев)

Сулуу кийген чылгый жибек кийимдей,
Жүгөрүлөр шоодураган убакыт.
Кушка таккан жылаажындын үнүндөй,
Бак түбүнөн добуш берет булагы…
(Маликов)

Талаа көркү жашыл сыя төккөндөй,
Абасы атыр, жалбыз чачып кеткендей.
Маңдай жакта көлөкөлүү кара тоо —
Килем жапкан кызыл буура чөккөндөй…
(Жангазиев)

Ушуларга окшогон элестүү курулмалар жана салыштыруулар өзгөчө айланадагы көрүнүштөрдү сүрөттөөдө көп учурап келе жатат. Бирок, тилекке каршы, адамдын мүнөзүн, ички дүйнөсүн берүүдө бул жагынан анчалык мактана албайбыз. Орус адабиятындагыдай, бир-эки гана элестүү сөз же сүйлөм менен адамдын бүт мүнөзүн жарык кыла билүү кеңири өздөштүрүлө элек.

Акыркы убакта даана байкалып келе жаткан дагы бир көрүнүш — жалпы темалыкка жараша болуп жашап келген ыр формасы конкреттүү мазмундун негизинде «сына», «ийиле» башташы, мисалы: сүйлөм ар убакта кандайдыр бир саптын аягында бүткөн ыр формасы көрүнүштөрдүн, адамдын сезимдеринин, пикирлеринин түркүн абалдарын дайым реалисттик түрдө ачып бере албайт. Ошондуктан көрүнүшкө жана акын койгон максатка карата ритмиканы бузбай туруп эле, сүйлөмдү эркин кура билүү өздөштүрүлүп жатат. Мисалы:

Түн ичи. Бир добуш жок айлана тынч…
Күн ачык. Мээ кайнаткан саратан жай.
Паравоз.. Платформа чиркелишкен…

(Үмөталиев)

Бул жерде акын көрүнүштү реалисттик жол менен кыскача берген. Же болбосо, геройлордун сүйлөшүүсүн реалдуу кылып берүү үчүн рифмалаган саптын ичинде диалог курулган мисал:

— Бээ тийдиби?
— Бир ат, бир тай, тогуз кой!
— Атың кана?
— Атты коштум ортого.
— Баракелде! Меники да ошондой…

(Токомбаев)

Мындан башка, традициялык ырдын ритмикасын да кеңите баштаган ырлар көп учурайт.

Бул жерде биз традициялык ыр формасынан кол жууш керек деген ойду айтпайбыз, бул өзү натуура да, зыяндуу да пикир болор эле. Сөз конкреттүүлүктү өздөштүрүүнүн негизинде ыр формасын да байытууга бет алгандык жөнүндө болуп жатат. Бул кичинекей көрүнгөнү менен, мааниси зор маселе. Анткени, милдет — бүтүнкү советтик турмушту, советтик адамдын бай мүнөзүн кеңири жана терең, таасирдүү жана татыктуу кылып көрсөтүү эмеспи! Ал эми ушул жаңы турмуш менен ушул жаңы мүнөздүн чексиз берекеси эзелки поэтикалык формалар менен каражаттарга кээдей сыйбай калып жатат.

Менин оюмча, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгон учурларда эскирген формалардын кууш ээрине минип олтуруш — турмуштун, адам мүнөзүнүн кээде схемаланып, кедейленип калышына белгилүү даржада өз таасирин тийгизбей койбойт.

Поэзия — элдин эстетикалык керекчиликтерин тейлөөчү, башкача айтканда, элдин көркөмдүк, коомдук моокумун кандырчу күчтөрдүн бири. Советтик поэзия, сезимди козгоп, жүрөккө терең жетүүчү көркөм элестер менен турмушту чагылдырып, массада асыл пикирлердин жана алдыңкы үлгүлөрдүн таркашына жардам бериш керек.

Ал эми совет элинин, анын ичинде Кыргызстандын эл массасынын маданий деңгээли, ошого жараша-эстетикалык таламдары да күндөн-күнгө өсүп бара жатат. Тоого чыгып, жогорулаган сайын чар тарап улам-улам кеңири көрүнөт, тоодо анын этегинен көрүнбөгөн нерселерди көрүп, түркүн ойлорду ойлойсуң…Ушул шекилдүү, бүгүнкү шарттарга көтөрүлүп, мындан ары да өсүп жаткан совет эл массасынын билгени барган сайын көбөйүүдө, сезими баюуда, ой-пикири тереңдөөдө, эстетикалык суроолору кеңейүүдө.

Бирок, айтылган ийгиликтерге карабастан, жалпы алганда биздин поэзия элдин ушул бүгүнкү суроолорунан көп артта калып келе жатат.

… Поэзиянын артта калышы, биринчиден, ири чыгармалардын жана жакшы ырлардын сан жагынан аз берилип жатышында. Мисалы, өткөн жылдын ичинде басмадан чыккан ири поэтикалык чыгармалар: Токомбаевдин «Өз көзүм менени», Маликовдун «Ат коюусу», Үмөталиевдин «Кубаты», Шивазанын «Шенсиден каты». Жыйнактардан, журналдардан, газеталардан жүрөккө тыз этип тийип жатып калуучу, бүтүн болбосо да, айрым образдары же сөздөрү эске калуучу ырларды да эң аз кезиктиребиз. Албетте, искусствонун чыныгы сонун жана ири чыгармалары отуруп алып жаза берсе эле чыга берүүчү нерсе эмес. Ошентсе да, биздин акындар, өзүлөрүнүн жеке мүмкүнчүлүктөрүн да, адабиятыбызга түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү да толугу менен пайдаланып иштесе, чыгармаларды азыркыдан көбүрөөк берээри сөзсүз эле.

… поэзиянын, бүткүл кыргыз адабиятындай эле, элдин талабын канаттандырбай келе жатышы — чыгармаларда алынган турмуштун, адамдын мүнөзүнүн реалисттик жол менен терең көрсөтүлө албай келе жатышында. Чыгармаларыбызда адамдын мүнөзү үстүртөн баяндалып, же схемаланып берилет. Анын ички дүйнөсү, сырткы мүнөзү, жүрүш-турушу реалисттик менен ачылбайт. Ушунун натыйжасында, чыгармаларга окуучулар кызыкпайт.

Реалисттик искусстводо, өзгөчө социалисттик реализмдин искусствосунда, адамдын мүнөзүн ачуу эң башкы маселелердин бири болуп эсептелет. Анткени, биринчиден, турмушту куруп, тарыхты жылдырып жаткан эл. Конкреттүү кишилердин образдары аркылуу совет элинин сезимдери, ой-пикирлери, сын-сыпаты, санаасы, иштери, өсүшү шартка жараша, реалдуу болуп көрсөтүлгөндө гана биздин чындыктын өнүгүшү терең ачылат, анын мааниси конкреттүү көрүнөт. Экинчиден, окуучу негизинде өзүндөй эле болгон адамдардын иштерин, жүрүш-турушун, ички дүйнөсүн чагылтып көрсөткөн көркөм моокумду кандыруучу элестерди алайын деп окуйт эмеспи! Ошондуктан, адабияттын көркөм күчү менен реалдуу, ишеничтүү кылып адамдын мүнөзүн даана көрсөткөндө гана окуучунун сезиминин назик кылдары күүгө келет, ага тигил же бул идея далилдүү жана таасирдүү болуп жетет.

Ал эми бул чеберчилик болсо бизде жеткиликтүү өздөштүрүлө элек. Мисалга Токомбаевдин «өз көзүм менен» деген, Үмөталиевдин «Кубат» деген поэмаларын алалы. «Өз көзүм менендин» биринчи бөлүгүндө акын Нурбайды түркүн учурларга дуушар келтирип, анын сезимдерин, ойлорун, сөздөрүн берет да, анын мүнөзүнүн реалдуу кыймылын ишеничтүү ачат. Ал эми экинчи бөлүктө болсо, акын колхоз турмушунда жетишилген улуу ийгиликтерге иллюстрацияларды келтирип гана тим болот. Натыйжада, биринчи бөлүктө алынган реализмдин тереңдиги жоголот: тынчсыз, аракеттүү, ар бир маселеге кийлигишкен киши болуп көрүнгөн Нурбай экинчи бөлүккө кандайдыр «пассивдүү» адам болуп калат. Ар түрлүү кемчиликтер жана эскинин саркындылары менен күрөшүп, алга жылуу коомубуздун өнүгүшүнүн мазмуну эмеспи! Мына ушул терең мазмун Нурбайдын образдарынан чагылып көрүнбөйт: Нурбай бардык нерсеге «ток» киши болуп кетет.

«Кубатта» болсо акын көп учурларда декларациядан бошобойт. Ата мекенди коргоо, фашисттерге каршы жан аябай күрөшүү жөнүндө кайталанган жалпы сөздөр поэмада аз эмес. Кубаттын мүнөзүндө бүткүл элибизге таандык советтик патриотизм, тайманбастык, турмушту сүйүү белгилери даана берилген. Бирок, анын индивидуалдуу адам катарындагы өзгөчөлүктөрү кандай экенин сезбейсиң. Василий Тёркин да — жалындуу патриот, өлкөнү ысык сүйөт, душманды жек көрөт, аны менен жан аябай салгылашат, айылдагы селкиме согушту бүтүп кайтсам деп эңсейт. Бирок, ушулардын баары Тёркиндин образындагы даана сүрөттөлгөн индивидуалдуу өзгөчөлүктөрдү аралатып берилген: ал — барып турган шайыр, тамашакөй, сөзкор, куудул, карапайым, ачык мүнөз солдат. Ал эми Кубаттын индивидуалдуу сөлөкөтү кандай: ал — шайырбы, ачык мүнөзбү же жоош, токтоо, уяң, аз сүйлөгөн жигитпи, же кандайдыр башкабы — айтуу кыйын. Образдын индивидуалдуу адамгерчилик мүнөздөрү даана берилгенде ошол образ окуучуга жакыныраак, ал эми андагы идея окуучуларга жеткиликтүү болот.

Поэма эмес, майда ырларда адамдын толук мүнөзүн түзүүгө, албетте, мүмкүнчүлүк тар. Ошентсе да, чыныгы жакшы ырлар конкреттүү адамгерчилик мүнөздү даана чагылта алат. Эгер ырга герой киргизилсе, акын ошонун сезими, пикири, сүйлөп жаткан манерасы аркылуу анын сөөлөтүнө түс салат. Герой жок болуп, акын өзү сүйлөп жатса, анын акындык индивидуалдуулугу көрүнүп, ошол аркылуу конкреттүү адамгерчилик мүнөз же белги билинет.

Ал эми бизде бири-бирине окшоп, акындык индивидуалдуулук көрүнбөгөн ырлар көп учурайт. Мисалга эки акындын ырларынан мисал келтирели:

Менин өлкөм:
Акыл, илим өлкөсү,
Адамзатка жаңы таалай бак ачкан.
Менин өлкөм —
Маданият өлкөсү,
Тынч эмгекте
Гүлдөп өсүп бараткан,
Эрдик,
Сыймык,
Бардык даңк
Биздин улуу
Өлкөбүзгө жарашкан. ж.б.

(Токтомушев, «Менин өлкөм»),

Октябрдын аткан таңы
Жаратты,
Ал өзгөрттү баарын жаңы,
Жүрөгүн
Толкундатып эмгекчи элдин,
Кубантты
Октябрдын даңктуу шаңы ж.б.
(Төлөбаев, «Сенин нуруң»).

Бул эки ырда — сөздү гана ар түрлүү түзгөнү болбосо, башка айырма жок.

Ал эми көп учурларда конкреттүү теманы алганда да, декларация кетпейт. Мисалы. С. Өмүрбаев, «Жылкычы» деген ырда («Жаш акындар», 1950-жыл) жылкычынын реалдуу образын түзүп, окуучуга жылуу элес калтыруунун ордуна, «адырдан туруп ырдаган, ардактуу жигит жылкычы», «күнгөйдөн туруп ырдаган, күжүрмөн жигит жылкычы», «карагер чалыш мингени, колхоздук чарба билгени» деген сыяктуу суюк сөздөр менен гана жылкычыны мактаган болот. Мында «жылкычы» деген сөздү «койчу», «уйчу» деген сөздөр менен алмаштырып койсоң, боло берет.

Кандай болбосун идеал (жалпы болобу, конкреттүү болобу) конкреттүү бир көрүнүштүн ошого байланыштуу маанисин ачканда терең болуп берилет. Бул иште эгер сюжеттүүлүк болсо төтөн жакшы, анткени — сюжеттүүлүк ситуация түзөт, белгилүү сезимди, пикирди, мүнөздү ачууга шарт берет. Тилекке каршы, бизде сюжеттүүлүк кеңири өздөштүрүлө албай жатат.

Адамдын мүнөзүн ачуу үчүн лирика жакшы курал. Бизде болсо, турмушта боло турган түркүн сезимдерди берип, ой жүргүздүрө турган ырлар эң эле аз. Албетте, көңүлдү иренжиткен, жеке турмуштагы кырсыктардын маанисин көтөрүп, пессимизмге тарткан же турмуштун маанисин булгаган ырлардын бизге кереги жок.

… Азыркы мезгилде тажрыйбалуу акындар (Токомбаев, Маликов, Үмөталиев, Шамшиев, Токтомушев, Токобаев ж.б.) лириканы эң аз жазышат же жазышпайт. Эмнегедир адамдын турмуштагы реалдуу сезимдерин кеңири ачууга акындардын батына албагандыгы сезилип турат. Ал эми чыгып жаткан лирикалык ырларда болсо көп учурларда реалдуу ой-сезимдер тайыз же жасалмалап берилет. Мисалы, «Колхозчу кызга» деген ырда («Советтик Кыргызстан» 1953-жыл, №6) Тыныбеков сүйүү сезимин атакка, даңкка байланыштырат. Кызды «бөлөнүп чексиз ырыскы, ээ болдуң алтын жылдызга» деп мактап келип, акын «атак алсам өзүңдөй, болор белең сүйгөнүм?» деп сурайт. Албетте, акын «бир сөз айтсам күлбөгүн, беш эмгек бир күндөгүң» — деп сураганы менен, кыз мындай сүйүүнү укканда күлөөрү шексиз.

Кээде акындар ырда лирикалык сезимди беребиз деп, ошол сезимди жан-алы калбай эле эзе беришет. Мисалы. «Ысык-Көл сүйгөн көлүм» деген ырда («Советтик Кыргызстан» 1953-жыл, №10») Э.Турсунов: «Ысык-Көл сүйгөн көлүм, сүйгөн энем», «О, көлүм, мен унутуп коймок белем!», «О, анда айткан антым болсун төгүн» — деп эле кайталай берет да, айтылып жаткан сезим окуучуну толкутмак тургай, барган сайын «көкөйгө тийип», «катып» калат.

Чыгармада конкреттүүлүк ыкмасынын толук өздөштүрүлө албай жана адам мүнөздөрүнүн даана бериле албай жатышы — биздин поэзия массанын суроолорун канааттандыра албагандыгынын негизги себеби деп ойлойм. Бирок, бул иште көркөмдүк каражаттарды колдонуунун да мааниси аз эмес. Табылган ыкманы жогорку көркөмдүктө ишке ашыруу үчүн элестүү жаңы сөздөр жана курулмалар, жатык ыр формасы керек. Сөз жаңы, кыска, таамай жана элестүү болсун да, берилип жаткан ой-сезим «чыңалып», ага батпай турсун! Бизде көп учурларда акындар көркөм каражаттарды «жонуп», «кайрап» таптабагандыгы билинип турат. Биринчиден, шаблон болуп, «тишти камап» калган: «ак селделүү Ала-Тоо», «жымыңдап күлгөн жылдыз» «тарыхтын барагын ачып», «алтын нурга бөлөнүп», «даңктуу», «шаңдуу» ж.б. ушул сыяктуу курулмалар жана сөздөр ырдан ырга көчүп жүрө берет. Экинчиден, жаңы болсо да, ыксыз же түшүнүксүз болгон курулмалар көп учурайт. Мисалы:

Көз чаптырса,
Асанбайды карасаң.
(К. Акаев, «Достук ыры» «Советтик Кыргызстан», 1954-жыл №2)

Же:

«Чатырлап короо салдырган
Чаптырып чөптү шабырдан»
(Эсеналиев, «Жылкычы кыз Канышай»).

Үчүнчүдөн, көрүнүштүн реалисттик сүрөтүн берем деп, ырдын көркөмдүгүн жоготуп койгон учурлар да кезигет, мисалы:

Айдагының трактор,
Асканы бузат кубат мол.
Эпкелишип калыптыр,
Рулуна эки кол.
(Тыныбеков, «Колхозчу кызга»).

Азыркы мезгилде биздин поэзия, бүткүл совет адабиятынын бир бөлүгү катарында, социалисттик реализм методун тереңдетип өздөштүрүүгө даана бет алып турат. Бирок, бүт биздин поэзияда гана эмес, айрым акындардын чыгармаларында, ал эмес айрым поэмаларда же ырларда да, бир жагынан конкреттүүлүк жана накта реалисттик образдуулук, экинчи жагынан — декларациялоону, жалпы баяндаманы көрөбүз. Кээ бир акындарыбызда чыныгы акындыктын жалыны ушул бүгүн күчүнө кирип тургандыгы сезилет. Бирок, ошол жалын көп учурларда чеберчиликти «кайнатпай» түтүн менен бирге сыртка кетип калып жатат.

Айтылган кемчиликтердин себеби, биринчиден, совет элинин жана турмушубуздун өсүп бара жаткан бүтүнкү талаптарына толук баа бере албагандыкта деп ойлойм. Биз калың масса менен аз аралашабыз, алардын таламдарын кеңири билип турбайбыз. Ушунун натыйжасында, турмушка, терең батуу, аны терең байкоо, анын бай мазмунун көркөм курал менен кеңири алып чыгуу болбой жатат. Экинчиден, акындар өз чеберчилигин көтөрүү үчүн жетишсиз иштеп жатышат. Эгер акындарыбыз классикалык орус адабиятынын жана алдыңкы орус совет адабиятынын эбегейсиз бай тажрыйбасын тынымсыз үйрөнүп, эл чыгармчылыгынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалана алганда, бүгүнкүдөн алда канча көбүрөк ийгиликтерге ээ болор элек!

Чеберчиликти алга жылдыруу ишине адабий сын жардам бере албай келе жатат. Адабий сын мурдагыдай эле төмөнкү деңгээлде турат деп да Кыргызстан КПнын VII съезди туура көрсөттү. Биз чыгармаларга идеялык-эстетикалык баа бере албай жатабыз. Ошонун натыйжасында чыгармаларды же ашыра мактап, же жамандап жиберебиз. Албетте, бул бардык учурда эле чыгарманын жарымын мактап, жарымын жамандап, кандайдыр «пропорция» менен сыноо керек дегенге жатпайт: чыгарма жакшы болсо, ага жакшы баа берүүгө, начар болсо начар деп эле айтууга ким тыюу салсын.

… Бизде адабий сын абдан артта калган участок.

Поэзиянын таасир берүүчү күчү чоң. Бул күч анын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Ырдын ритмикалап жана уйкалышып турушунун, өзү эле адамдын сезимине даана тиет, көңүлдү түздөн түз мобилизациялайт. Мына ушундай таасирдүү форманы терең турмуштук мазмун менен жогорку идеяларга толтуруп пайдалануу — акындын милдети…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.