Гамал Боконбаев: Юристанбек Шыгаев продал турецкому миллионеру поддельные картины (фото)

Сообщается, что народный художник КР, возможно, не только подделывал известные работы, но и занимался плагиатом. Сам Шыгаев назвал эти обвинения чьей-то завистью Новый руководитель музея ИЗО имени Г. Айтиева Мира Джангарачева в недавней беседе с Vesti.kg сказала, что эксперты проверят подлинность картин, которые висели в кабинете предыдущего директора Юристанбека Шыгаева. По предварительной версии, ценные работы пропали, а точнее, их подменили копиями. «Последняя проверка проводилась в 2014 году, но в связи с тем, что обнаружили факты выноса картин, в музее работает […]

Армян эл жомогу: Ууру жана кедей

Ууру болуптур бир. Бир күнү ал кедейдин үйүнө кирет. Кожоюн кармап алат. Суракка алат ууруну: – Не издеп келдиң? Уурунун жооп узатып турганы: – Байлык издеп жүрмүн. Муну уккан кожоюндун күйбөгөнү күл болот: – Ой атаңдын оозун урайын десе, кандай уяты жок немесиң! Мен күндүзү издеп таппаган байлыкты сен түнүчүндө табат бекенсиң?! Кургабаган сүлгү Үйлөнүү үлпөтүнөн көп өтпөй төркүнүнө жөнөгөн келинден өз энеси сурап калды: – Кандай анан, кайненең менен болгон мамилеңер көңүлдөгүдөйбү? – Баары жайында, бир гана мага жакпаганы: […]

Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Салия Ибраимова болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен экинчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Салия Ибраимова түрк жазуучусу Эмир Калкандын “Жайлоонун гүлү” аттуу аңгемесин түпнускадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду.  ЖАЙЛООНУН ГҮЛҮ АҢГЕМЕ Түнкүсүн толукшуган аппак айдын, күндүзү чоктой кызарган күндүн алдында жүргөн йөрүк[1]кербени Миңбука тоолорун ашып, күндүн кызылга боёнуп баткан Таныр жайлоосун көздөй ичке сызыктай болуп бир […]

Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Мусакун Сатыбалдиев болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен экинчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Мусакун Сатыбалдиев орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Кемпир” аттуу аңгемеси үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. КЕМПИР АҢГЕМЕ Ал ичээр суусу түгөнө жаздап, көргө буту салаңдап турган кемпир болучу. Жүзүн каптаган бырыштардын терең кеткен катмарлары желеленип, ичинде болуп жаткан кубанычтын да, кайгынын да жышаанын билдире албай калган. […]

Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Миргүл Өмүралиева болду

Сүрөттө солдон оңго Миргүл Өмүралиева, Италияда жашайт Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен экинчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Миргүл Өмүралиева итальян тилинен Антония Буиццанын “Курбулар” аттуу чыгармасын түпнускадан оодарганы үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. АҢГЕМЕ -1- —  Саат канча болду? —  Тогуздан он беш мүнөт өтүп кетти. — Кандай кылалы? Заказ кыла берелиби? — Ооба, ошентели. […]

Сенека: Келесоо өз айыбын өзү жар салат

<<<< Башагы каттары СЕГИЗИНЧИ КАТЫ Сенека Луцилийге салам айтат! “Сен мага топтошкон элден кач, элден бөлүнүп, өзүң менен өзүң бол, – деп жазыптырсың. – Ал эми өмүр бою баш көтөрбөй иште деген кеңешиңчи”— деген экенсиң менин катыма берген жообуңда. Бирок, мен сага айткандай, көпчүлүккө зыянымды тийгизбеш үчүн өзүм дагы эшикти ичинен жаап алып, эч кимди киргизбей  жүрөм. Бир да күндү, ал тургай түндүн бир оокумуна чейин убактымды бош кетирбей иштейм. Мен укташ үчүн колум бошогондо жатпайм; жедеп көздөрүм жабышып карайлай […]