Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Арген Шабданов болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Арген Шабданов Ɵмер Сейфеддиндин “Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан” аттуу аңгемесин түрк тилинен которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. КҮЛГҮН БЕРМЕТ МЕНЕН КООЗДОЛГОН ЧАПАН АҢГЕМЕ Төбөсү бийик, салкын жыйын ɵтчү бөлмөнүн ичи күндɵгүгɵ караганда бүгүн жымжырт, кɵлɵкɵлүү да болуп турду.  Терезелеринен көк, сыя, кызгылт өң […]

Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Эрмек Шоруков болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Фёдор Достоевскийдин “Кызык адам түш көргөндө” аттуу аңгемесин орусчадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. КЫЗЫК АДАМ ТҮШ КӨРГӨНДӨ АҢГЕМЕ I Мен кызыктай кишимин. Эми алар мени жинди аташчу болду. Аларга мурдагыдай кызык бойдон кала бербесем, мурдумдун үстүнөн караган болор элем. Азыр ага терикпейм деле, […]

Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Амирбек Азам уулу болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Амирбек Азам уулу Рубен Гальегонун “Ак темгил жашоо” аттуу аңгемесин түпнускадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. P.S. Толук аты-жөнү – Рубен Давид Гонсалес Гальего. Орус тилдүү жазуучу, журналист. 1968-жылы 20-сентябрда Москвада туулган. Таятасы Игнасио Гальего (1984-жылдан Испания Компартиясынын Башкы катчысы) небереси колу-буту шал туулганына […]

Евразия калемгерлеринин форуму болуп өттү

4-5-июль күндөрү Казакстан Республикасынын борбор шаары Нурсултан (Астана) шаарында Евразия акын-жазуучу, публицисттеринин Эл аралык биринчи форуму болуп өттү. Форумга дүйнөнүн жыйырмадан ашуун аттуу-баштуу акын-жазуучу, котормочу жана публицисттери катышканын аталган иш-чарага катышып келген кыргызстандык калемдештерибиз, Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков менен Алмаз кызы Перизат кабарлашты. Форум Нурсултан шаарынын чок ортосуна жайгашкан Улуттук музейинин чоң залында өттү. Форумду аталган шаардын мэри өзү ачып, Олжас Сүлейменов, Аким Тарази, Хорде Пардон жана Казакстандын Маданият министри Актоты Райымкулова баш болгон белгилүү ысымдардын расмиси кылынды. […]