Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Амирбек Азам уулу Рубен Гальегонун “Ак темгил жашоо” аттуу аңгемесин түпнускадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды.

Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду.

P.S. Толук аты-жөнү – Рубен Давид Гонсалес Гальего. Орус тилдүү жазуучу, журналист. 1968-жылы 20-сентябрда Москвада туулган. Таятасы Игнасио Гальего (1984-жылдан Испания Компартиясынын Башкы катчысы) небереси колу-буту шал туулганына уялып, бир жашында жетим балдар үйүнө өткөрүп салат. Кызына “бала чарчап калды” деп коюшат. Рубен кийин Соода техникумун бүтөт. 2001-жылы Прагада апасы менен табышат. Үч ирет үйлөнгөн, үч кызы бар. “Ак темгил өмүр” (“Белое на чёрном”) деген автобиографиялык чыгармасы 2003-жылы эң мыкты роман деп таанылып, “Букер-Открытая Россия” сыйлыгына татыйт. Бул роман англис, француз, вьетнам, швед, литва, поляк, фин, исланд, иврит, чех, грузин, атүгүл эсперанто тилине которулган. Рубен Гальего 2007-жылдан бери АКШда жашайт.

(Романдан үзүндү)

Баатыр

Мен баатырмын. Баатыр болуш оңой. Эгер сенин колуң же бутуң жок болсо, сен же баатырсың, же өлүксүң. Эгер сенин ата-энең жок болсо, сен колуң менен бутуңа гана ишенип, баатыр болгун. Эгер сенин не колуң, не бутуң жок болуп, дагы томолой жетим жаралсаң, бүттү. Анда сен ичер сууң түгөнгөнчө баатыр болгонго мажбурсуң. Же өлөсүң. Мен баатырмын. Менде башка чара жок.

*     *     *

Мен кичинекей баламын. Түн. Кыш. Дааратканага барышым кажет. Няняны[1] чакыргандан пайда жок. Абалдан чыгуунун жалгыз жолу — дааратканга боортоктоп жетүү.

Ал үчүн адегенде керебеттен жерге түшүү керек. Анын айласы бар, аны өзүм ойлоп тапкам. Керебеттин четине жылып жетип, чалкамдан жатамын да, жерге кулайм. Жерге катуу тийесиң. Ооруйт.

Коридордун эшигине сойлоп жетип, аны башым менен түртүп, аздыр-көптүр жылуу бөлмөдөн суукка жана караңгыга эмгектеп чыгам.

Түнкүсүн коридордогу терезелер текши ачык. Суук, өлгүчө суук. Мен жылаңачмын.

Узак сойлоо керек. Няналар уктаган бөлмөнүн жанынан боортоктоп өтүп баратканда, аларды жардамга чакырганга аракет кылып, башым менен эшикти сүзгүлөйм. Эч ким жооп кайтарбайт. Кыйкырам. “Аа” деген жан жок. Балким менин үнүм катуу чыкпагандыр.

Дааратканага жеткенче көк муштум болуп калдым. Даараткананын терезелери ачык, а терезенин текчеси апаппак кар. Күлтүккө эптеп отурам. Эс алам. Артка боортоктоп жөнөгөндөн мурда сөзсүз дем алып алышым керек. Мен дем алганча күлтүктөгү сийдиктин бети кыламык сыяктанган музга айланат.

Артка боортоктоп жетем. Керебетимден одеялды тишим менен тартып түшүрүп, ага эптеп-септеп оронуп, уктаганга аракет кылам.

Эртең менен мени кийинтишип, мектепке жеткиришет. Тарых сабагында фашисттик концлагерлердеги үрөй учуруучу азап-кордуктар жөнүндө шатыратып айтып берем. “Беш” алам. Мен тарых сабагынан дайыма беш алам. Бардык сабактарды дамаамат бешке окуймун. Мен баатырмын.

Штык

Штык – ишенимдүү сара жарак. Бир сайсаң, душман жыгылат. Штык душмандын өнө боюн тешип өтөт. Штык эч качан сатпайт, түз саят. Ок божомолдоп согот, ок – наадан. Ок кайкып кетиши же денеде калып, адамды ичтен ноюткан зилдүү дартка айланышы мүмкүн. Штык — ок эмес, жоо жарак, XX кылымдын акыркы отогосу[2].

Николай Островскийдин биринчи китебинин[3] мукабасында штыктын көбөөлү бар. Көзү азиз, денеси шал жазуучу өзү жазган китепти окуй алган эмес. Ошого дүйнөдөгү эң бекем штык- кагаздан жасалган найзанын көбөөлүн  манжалары менен кайра-кайра сыйпалагандан бөлөк арга калбаган анда.

Байыркы викингдер — дүйнөдөгү аскерлердин сарасы. Алар тайманбас, руху майышпас эл болгон. Кан майданда жыгылган викинг өлүп баратканда акыркы демин топтоп, душмандын бутуна тиштери менен аттиштей жабышкан. Бир тыйынга арзыбаган жашоосун каргап, бактысыз тагдырына наалып,  жакындарынын сөөгүнө тамга басуу — чабалдардын энчиси. Кан майдандагы солдат Гамлеттин түбөлүк суроосу жөнүндө ойлонбойт. Башын канжыгага байлап, кылдын кырында жашоо менен салгылашта өлгөндүн айырмасы жок. Өлүмсөк жашоо жана өлөсөлүү күн көрүү, — жийиркеничтүү жана шермендечилик.

Пенденин батынып ойлогон эң чоң тилеги – күрөшүп жатып өлүү. Эгер мөртү келсе, эгер өтө эле жолдуу болсоң, учуп баратып өлгөнүң ажеп. Колуңа буудандын чылбырын же истребителдин штурвалын, кылыч же автомат, барскан же шахматтын падышасын кармап өлсөң кана. Урушта оң колуңду кыя чапса, бул азап эмес. Кылычты сол колуң менен кармасаң болот. Эгер жыгылсаң, баары бүттү деп ойлобо. Дале аз да болсо мүмкүнчүлүк болот: ал — викинг сыңары душмандын согончогуна тишиңди батырып өлүү. Элдин баары ак жолтой болбойт, элдин баары тегиз дөөлөткө карк болбойт. Гомер жана Бетховен — илме кайып жана шанс деген зумуруктай кармалбас дөөлөт экенин тастыктайт. Бирок өз бактың үчүн салгылашууң керек, башка айла жок, башкача кылуу — бул акыйкаттык эмес, келесоолук.

Мен китеп окуп жатып ыйладым. Китеп да киши сыяктуу ар түркүн болот. Эгер жакшылап ойлонсоңуз, комикстер да китеп экенин түшүнөсүз. Кооз сүрөттүү кооз китеп. Бир күндүк кагаз көпөлөктөр — ажайып кызыктуу оюнчук. Башка китептерге салыштырганда комикстердин артыкчылыгы чоң: балдар комиксти окуп ыйлашпайт. Кичинекей шайыр балдарга китеп үчүн ыйлоо зарыл эмес. Алар үчүн “бар же жок болуу” деген суроонун эч мааниси жок. Себеби, алар үчүн ойлонгонго али эрте. Бала деп бекер айтылбаган да. Мен китеп окуп жатып, алсыздыктан жана ичи күйгөндөн утуру ыйладым. Мен да ошо жакка барып, салгылашкканды кааладым. Бирок мага урушканга болбойт эле. Мага эч нерсе мүмкүн эмес эле. Мен буга көнгөм, ага карабай ыйладым. Дүйнөгө болгон көз карашыңды өзгөрткөн китеп бар. Андай китепти окугандан кийин өлгүң же бөлөкчө жашагың келет.

Эгерде кайсы бир нерсени түшүнүүнү кааласаң, адамдардан же китептерден сура. Китеп да адам. Китептер адамдар сыяктуу жардам бериши мүмкүн же адамдар сыяктуу жалган сүйлөйт.

Мен китепти жөн окуган жокмун, мен дүйнө кандай түзүлгөнүн түшүнгүм келди. Мен бу дүйнөдө кантип жашаганды билейин дедим. Адамдардан сурадым, алар мага жооп берген жок. Мен жоопту китептерден издедим, алар суроомду жоопсуз калтырды. Эгер сенин алты саның аман болсо, китеп сага кандай жашоо керектигин эч нерсе калтырбай, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берүүгө даяр.

Китептеги каармандар кыйналды, — мени таң калтырды. Мен тирүү жана чыныгы адам катары китептеги баатырларды түшүнбөдүм, алардын кагаз бетинде көргөн түйшүктөрүнө ынанбадым. Алар мектептин мугалими кейиптенип, атайылап азап тартып жаткандай көрүндү мага. Мугалимдер китеп окугула деп кеңеш беришти, мен окудум. Колго тийген китептин баарын окудум, алсыз жана жалкоо адамдардын мааниси жок жашоосун сүрөттөгөн тажатма баяндоолорду да окудум. Мындай адамдарды мугалимдер баатыр деп атады, мен болсо алар кандай баатырдык жасаганын түшүнгөнүм жок.

Д’Артаньян баатырбы? Эки колу, эки буту бар туруп, ал кандайча баатыр? Анда баары түгөл: жаш, дени соо, сымбаттуу, шпагасы бар, фехтование кылганга жарамдуу. Ал кандай баатырдык кылды? Даңк жана акча үчүн такай жаман жоруктарды жасаган коркок жана чыккынчы баатырбы эмне? Мен китептин теңин түшүнбөй окуган учур да болду. Баары: чоңдор да, балдар да мушкетерлерди баатыр деп аташты. Мен туура эмес деп талашпадым, себеби талашкандан майнап жок. Эмне дешпесин, мен алдагы баатырлардан өрнөк болчу эч нерсе таппадым.

Мен бул калың китепти бир нече жолу окудум. Мен береги эсиреген эргулдардын даңазалуу тарыхынын уландысын да окудум. Андан көңүлүм суубады.  Бактысыз тейи суук — Кокнар мырза чыныгы баатыр жасачу эрдик кылды: өлдү. Аялын жана акчасын Портоско калтырды. Кокнар мырзага түк боорум оорубады. Эгер бул байкуш чалда Портостун шарабына уу салып койгонго эби жана күчү жетсе, мен аны колдомокмун. Бирок жомок чыныгы жашоодо болбойт. Бейтаалай мунжу майыптар үчүн ылайыкталган чыгырыгы менен тебелеп, накта баатырлардын эрдигинин деңгээлин түшүрүп, көкөйгө тийген өмүрүн кенебей жашап жатты. Байкуш. Башкалар андан ашып кеткен жок. Жек көрүүгө арзыган бечара пенделер. Аларды кебете-кепшири кишиге окшош курт-кумурска десе да болот. Аларды не бейишке, не тозокко кереги жок заң толтурулган кендир кап десе да болот.

Не жашоого, не өлгөнгө жөндөмсүз аскерлер. Алардын кээ бирлери гана менин сый-урматыма арзыды. Мисалы, Портос. Мага Портос Кокнарга караганда алда канча көп жакты. Портос жок дегенде адам катары өлгөнгө жарады. Гуинплен — жалчыбаган нерсе үчүн жанын кыйнаган акмак. Орою суук болсо эмне болуптур? Сирано бир аз да болсо акылдуу экен. Эгер эки колуң жана курч шпагаң болсо, сулуулук жөнүндө ким менен болсо да тартыша аласың. Шпага- бул жакшы аргумент. Баса, Сиранодон да көңүлүм калды. Ал эркектер менен сүйлөшкөндө жүрөгү болк этпегени менен сүйүүгө бетме-бет келгенде “кыңк-мыңк” деп, тезектей быкшыган катынбаакы эркектен айырмасы жок шалтурук чыкты.

Мени Квазимодо суктандырды. Адамдар ага да жийиркенишип, мага жасагандай мамиле кылышты. Бирок анын эки буту жана эки колу бар эле. Анын артында Касиеттүү Мариянын Париждеги эңгезердей чиркөөсү турду. Китептеги баатырлар накта эрдик жасашкан жок. Алардын жасаганын жарым-жартылай эрдик деп айтмакмын. Алар өздөрүнө бир нече мүнөт гана өлүм менен бетме-бет болгонго мүмкүндүк беришти. Алар мага өлүм алдында турганда гана жакты. Татыктуу өлүм аларды маңызсыз жашоо менен элдештирди.

Мен китеп окуп жатканда өтө сейрек ыйладым. Китептеги ойдон чыгарылган кайгы-капаларсыз эле менин жашоомдо боздогонго жеткендей касырет көп болду. Бул калп айтпаган чыныгы китеп эле.

Павка Корчагин атын таскактатып чаап, колундагы кылычты мушкетерлерден кем эмес ойнотот. Павка Корчагин күчтүү жана көк жал жигит. Ал идея үчүн согушкан, акча жана наамдын ага сокур тыйындай кереги жок. Шөлпүйгөн кебетеси рыцарлардын туулгасына окшогон будёновка аны мерез октон коргой албады. Албарс кылыч маузерге каршы күчсүз эле. Ал муну билген, бирок уруштан качкан жок. Ал кайра-кайра салгылашка түштү. Кайра-кайра кыл чайнашкан чабыштын уюткусуна умтулду.  Салгылашты жана жеңди, дайыма жеңип да жатты. Каруу жарак менен жана сөз менен. Качан денеси моюн сунбай, колу кылычтын мизин кармай албай калганда, ал куралын алмаштырды, найзаны калем учка тең кылды. Эрки жетти. Каруу-жарактын акыркы рыцары. XX кылымдын акыркы викинги.

Киши баарынан ажыраган чакта, анын жанынан башка эмнеси калат? Жарым өлүккө айланган кишинин аянычтуу жашоосун кантип актаса болот? Ал эмне үчүн жашайт? Бул суроолорго жоопту ошо кезде билген эмесмин. Азыр да билбеймин. Бирок мен да Павел Корчагин тейде өлүм келгенче өлгүм келбейт. Мен жүрөгүм акыркы жолу соккончо жашаймын. Мен мушташам. Компьютердин клавишаларын шашпай басып, тамганы тамгага улап тизе берем. Мен өз штыгымды кылдаттап куям. Менин штыгым — китебим. Билем: бир жолу сайган менин зайыр акым, экинчи жолу сайганга шанс болбойт. Мен аракет кылам, аябай аракеттенем. Мен билем: штык таамай саят. Штык — ишенимдүү сара жарак.

[1] Няня — жетим балдар үйүндө майып балдарды күтүүчү аял.

[2] Отого – 1) Аскер жана мансап адамдарынын бийлик даражасын айырмалап көрсөтүү үчүн бөркүнө тагылган асыл таш, чачы же куштун канаты. 2) Үкү, шуру тагылган кундуз тебетей.

[3] Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” романын 1932-жылы өзүнчө китеп болуп чыкан биринчи бөлүгү.

One Reply to “Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Амирбек Азам уулу болду”

  1. Эми озунор туура эмес Ысым Кою жатасынар: Котормо боюнча конкурстун Учунчу женуучусу Амирбек Аззам уулу Болду деп жазышынар керек эле.Калыстар кандай баа бергенин билбейт экенсин.Амирбек англис, чех ж.б. тилдерди билгендигинен Жана Азаттыка коп макалалар жазгандыгынан бул Жигит
    Ото мыкты котормочу- Чындыгында.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.