Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаяр далган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган макала.

Адабий процессти талдоодо, мезгилдерге бөлүштүрүүдө адатта он жылдыктарды негизги чен бирдиги катары карманышат. Мына биз жаңы он жылдыктын, атап айтканда, 80-жылдардын башында жашап жатабыз. Андай болсо ушул жылдардагы кыргыздын жаш поээиясы кандай көрүнөт! Аны кимдер, кандай чыгармалар түзүүдө! Алардын мурдагы, айталы, 60-70-жылдардагы жаш поэзия менен карым-катнаштары, айырмачылык жактары кандай! Акыркы суроо жөн жеринен коюлган жок: 80-жылдардын башталышындагы жаш поэзия түздөн-түз 70-жылдардын, бөтөнчө алардын экинчи жарымынын уландысы деп билүү керек. Ошон үчүн төмөндө сөз, негизинен, чыгармачылык тушоосу 70-жылдары кесилип, 80-жылдардын башында андан ары өркүндөп жаткан же ушул акыркы жылдары гана бүчүрлөгөн жаш акындар менен талапкерлердин тегерегинде болмокчу. Бул алдын ала айтылуучу биринчи тактоо.

Экинчиси — айрым бир субъективдүү учурларды эске албаганда, биздин республикабызда адабий жаштардын, алардын арасында асыресе жаш акындар менен талапкерлердин чыгармаларын басма сөз беттеринде жарыялоо ишинин акыркы он жылда жакшы жолго коюлушу. «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмаларынын атайын серияларды ачышы, «Темир канат», «Учкун», «Жалын» аттуу альманахтарды мезгил-мезгили менен чыгарып турушу мунун айкын күбөсү (Албетте, ким кандай максат, кандай жол менен чыгарып жатканы — башка маселе). Айталы, мындай жатдайдан, оңтойлуу шарттан адабиятка тиешеси жоктордун да пайдаланып, бир канча китептерин чыгарып алганы жашыруун эмес. Аёосуз сынга арзыган бул көрүнүш өзүнчө сөзгө жем берет.

Бул жерде болсо мен бүгүнкү кеңешменин максатына жараша, негиннен, оң көрүнүшкө — адабий шык-жөндөмүн таасын баамдаткан же андан кабар бере баштаган жаш акындардын жана талапкерлердин чыгармачылыгына токтолгум келет. Башкача айтканда, сөз кокусунан «акындык аян берген кырктан алтымыш жашка чейинки «жаш» авторлор жөнүндө эмес, жашы, чыгармачылык дуку, кудурети, деми боюнча жаш көрүнгөндөр жөнүндө.

Андайлар деп кечээ эле, 70-жылдардын аягына чейин «жаш» аталып жүрүшкөн, чын-чынына келгенде азыр жетилүүгө өтүшкөн Ж. Мамытовдон, С. Тургунбаевден, Н. Жаркынбаевден, К. Жаркынбаевден, К. Ташбаевден, А. Өмүркановдон. Т. Самудиновдон, О. Көчкөновдон, А. Дегенбаевадан ж.б.у.с. кийинкилерди айтууга болот. Алар оголе көп, анын үстүнө жашы, чыгармачылык тажрыйбасы, мүмкүнчүлүктөрү боюнча ар түрдүү. Ошондуктан баарын сыдыргыга салгандай санап отурбай, адабиятка келген жылдарына, изденүү багыттарына, өзгөчөлүктөрүнө карай карап чыгалы.

Ушул мааниде эң алды менен бир караганда жасалма бөлүштүрүүдөй жана таң каларлыктактай (парадокс) көрүнгөн, бирок жакындан тааныша келгенде чындап эле диалектикалык карама-каршылыкта турган (демек, бири-бирине өтүшкөн, байланышкан) эки башка кубулушту көрсөтүүгө болот. Алардын биринчиси талант даражасы, жалпы жана кесиптик камылгасы жагынан айырмаланышкан акын кыздардын чоң тобунун пайда болгондугу.

Бул топту алды үчтөн, арты бирден китеп чыгарууга үлгүрүшкөн төмөнкү акын кыздар түзөт: С. Акматбекова, Р. Мукашева, Р. Карагулова, А. Тыналиева, Ш. Келдибекова, К. Сариева, А. Чойбекова, А. Узакова, А. Ногойбаева, А. Момунтаева, Т. Закирова, Ү. Маматова, К. Зарлыкова.

Ырасын айтканда, кыргыз поэзиясы мурда акын кыздардын мынчалык чоң тобунун күчтүү толкунун эч билген эмес. Салыштыруу иретинде кыргыз аялдар поэзиясынын алгачкы карлыгачы Н. Жетикашкаева жалгыз эмгектенгенин, кийин азыркы улуу муун эжелерибиз Т. Адышева менен С. Абдыкеримова чыкканын, бул тизме 60-жылдары М. Абылкасымова, Г. Момунова, С. Абдыкадырова, М. Буларкиева менен гана толукталганын эстөө жетиштүү. Менимче, азыркы жаш поэзиядагы акын кыздардын чоң толкунунун пайда болушу тек адабий себептер менен эле түшүндүрүлбөйт. Бул кубулуштун артында кемелине келген социализмдин шарттарында кыргыз улутунун ого бетер гүлдөшү, социалисттик демократиянын андан аркы өнүгүшүнүн жана тереңдешинин натыйжасында совет адамдарынын, асыресе аялдардын, духовный дүйнөсүнүн улам байышы, чыгармачылык потенцияларынын мурда болуп көрбөгөндөй ойгонушу жана артышы жатат.

Ушул пикирдин туулушуна жогоруда аталган жаш акын кыздардын чыгармачылыгы өзүнөн өзү эле алып келет. Себеп дегенде, алардын чыгармачылыгы ириде сыр жашырбас ачыктык (искренность), дух жагынан өзүн эркин сезгендик менен айырмаланат. Алдын ала минтип айтсак да жарашат: жаш акын кыздарыбыздын чыгармаларынын негизги бөлүгүн, басымдуу көпчүлүгүн сырдана (интимная) лирика түзөт.

Албетте, сөзгө алынган поэтикалык толкун индивидуалдуу өң-түстөн, конкреттүү белгилерден ажыраган кандайдыр абстрактуу кубулуш эмес. Аны түзүп турган акын кыздардын арасында жалпылыктар да, айырмачылыктар да, ал гана турсун өзүнчө лидерлер менен шакирттер да бар. Бул толкундун лидери катары Сагын Акматбекованы көрсөтсөк болот. Достоевскийдин: «Биз баарыбыз Гоголдун «Шинелинен» чыкканбыз», — деген атактуу сөздөрүн параллель иретинде эмес, тамаша катары алып, калган акын кыздарыбыздын баары С. Акматбекованын «Жамгыр» аттуу алгачкы ыр жыйнагынан (1970) чыгышкан деп айтууга кадыресе негиз бар. Анткени, С. Акматбекованын ошол жыйнагына топтолгон ырлардын дүйнө чагылтуу ыкмалары, негизги образдары менен мотивдери бул акыныбыздын «Алыскы талаалар» (1972), «Айлуу дөң» (1978) жыйнактарында жана калган жаш акын кыздарыбыздын китептеринде андан ары улантылат, тереңдетилет. Дегеле бул толкундун күчтүү жана чабал жактары С. Акматбекованын өзүнүн чыгармачылыгынан айкын өрүнөт. Эмесе, алды менен анын чыгармачылыгынын негизги өзгөчөлүктөрү, өсүш багыттары жөнүндө эки ооз сөз.

С. Акматбекованын 70-жылдардын башында жаш акындардан (кыздардан эле эмес, балдардан да) популярдуу болушунун бир себеби 60-жылдардын поэзиясындагы жалган пафоско, куру кыйкырыктарга жетеленип, көбүнчө эстрадалык жеңилдикке умтулган тенденцияны алгачкылардан болуп танып, башкы көңүлдү адамдын татаал ички дүйнөсүн ачууга, ыймандай сырын туюнтууга бурушунда, «басмырт» (тихая) лирикага өтүшүндө болчу. Анын ырларынын ажарын ачкан башкы касиеттер мына булар эле: поэтикалык ой-сезимдердин чын пейилден чыккандыгы, жасалмалуулуктун жоктугу, ачыктык, жөнөкөйлүк, назиктик, музыкалуулук ж.б. Акын өзү дурустап аңдап-билбеген чоң, глобалдуу деген темалардан качып, көбүнчө өзүн жеке, адамдык сезимдери менен сапаттарын, курчап турган табият көрүнүштөрүн объект кылып жазчу.

Поэтикалык каражаттар катары психологиялык салыштырууларга, карама-каршы коюуларга, кайталоолорго, кыскалык менен тактыкка кызыгуучу. Жедеп арзуу сезимдерине каныккан табият көрүнүштөрүн (жазды, жамгырды, күздү элестетүү) тарткан ырлары натыйжада элпек окулчу, жетик кабыл алынуучу. Көрсөтүлгөн белгилер жана басмырттык, элегиялуулук С. Акматбекованын кийинки жыйнактарында да, жалпы эле чыгармачылыгында да туруктуу болуп калды. Дал ушунусу менен С. Акматбекова кыргыздын аялдар жана жаштар поэзиясын байытты, андан өзүнүн закондуу ордун тапты. Бул анын күчтүү жагы эле. Чабал жагы — бир натууралыкты ыктуу айланып өткөн С. Акматбекова экинчи бир натууралыкка кабылды: чыгармачылыгын тематикалык жактан чектеп койду, башкача айтканда, анын ырларынан коомдук, граждандык, саясий тематика такыр эле көрүнбөй калды. Анын адабий сиңдилери, шакирттери жогоруда белгиленген оң жагын да, азыр айтылган терс жагын да улантууга киришти. Буга бөтөнчө Р. Карагулованын «Кыз дүйнөсү» (1975), «Көл тынышы» (1977), Ш. Келдибекованын «Чырагдан» (1976), «Ата конушум — сыймыгым» (1979), К. Сариеванын «Шоокум» (1977), «Жаштык учкуну» (1982), А. Узакованын «Жылдыздуу күз» (1980), К. Зарлыкованын «Гүлүм — ырым», А. Момунтаеванын «Кыял» (1982), Т. Закированын «Ырлар» , Ү. Маматованын «Ак куш» (1982) жана белгилүү өлчөмдө Р. Мукашеванын «Жаштыгым менин — жашыл өрт» (1972), «Жылдызым» (1976), «Жаркын дарак» (1981), А. Тыналиеванын «Перзент» (1976), «Аруу жаз» (1982), А. Чойбекованын «Ак булут» (1979), «Ырлар» (1983) жыйнактары кепил боло алат. Бирок мындан аталган акын кыздардын бардыгы С. Акматбекованын эпигондору болуп калышты деген пикир келип чыкпоого тийиш.

Жок, мурдараак айтылгандай, алардын бардыгынан тиги же бул өлчөмдө акындык шык, табигый көрөңгө көрүнөт. Анан калса алардын ошол эле С. Акматбекова көтөргөн, жаңыча жандандырган темаларды улантышы, тереңдетиши өз алдынчалыкка ээ. Демек, чыгармачылык изденүүдөгү жалпылыктарды да, айырмачылыктарды да бирдей деңгээлде эске алууга туура келет. Андай болсо ал кандай жалпылыктар, кандай айырмачылыктар.

Жалпылыктар баарынан мурда көркөм сүрөттөө жана туюнтуу предметине байланыштуу. Ал предметтер, негизинен, төмөнкүлөр: сүйгөн жар, асыл апа, жаз жана күз, туулган айыл, жашыл жайлоо, булуттар, жамгыр, ал чакырган көз жаш…

Биздин акын кыздарыбыздын кайсы гана китепчесин окубайлы, андан мына бу образ-картина элестелет: кечкүүгүмдө жылуу үйдө олтуруп, лирикалык каарман сүйүүгө байланышкан кубаныч-кайгысы, арман-арзуусун, сырттагы табият кубулуштары, энеси жөнүндө ыймандай сырын айтат. Айтканда да жакшы айтат. Аны далилдеш үчүн ар биринен жетишерлик сандагы ыр саптарын келтирүүгө болор эле. Бөтөнчө алардын жыйнактары айрым бир «чоочун» темаларды эске албаганда, бүтүндөй арзуу лирикасынан турганын баса белгилөө зарыл. Бул жагынан атүгүл аша чабуулар да жок эмес. Маселен, Ү. Маматованын «Ак куш» жыйнагындагы сүйүү ырларынын негизги мотивдерин кызганыч, арман, тарыныч, жоктоо, окурманга бейтааныш өнөгүн кекетүү түзөт.

Т. Закированын жыйнагынан орунсуз салыштыруулар, одоно сезимдер кездешет:

Мастыгым — сенин жытың,
Ысыгың — таттуулугуң.
Бүркүтүм! Сүйүү кушум!
Окуп кой
Досуңдун арноо ырын!

(Т. Закирова. «Ырлар», 31-бет)

Мындай арноо ырларды кыз кишинин жазышы эп деле көрүнбөйт экен.

Кыскасы, акын кыздарыбыздын жогоруда жыйнактарын окуп олтуруп, аргасыздан суроо салгың келет: бу сиздер жылуу үйдөн, балалыкты жана башка жакын нерселерди эскерүүдөн, махабат көлүнө термелүүдөн сырткары чыгасыздарбы! Дүйнө сиздин үй, туулган айылыңыз, өзүңүз жана асылзаада адамыңыз менен бүтүп калбастыгын, Ааламдын кеңдигин, турмуштун татаалдыгын жана көп кырдуулугун билесизби? Акырында, поэзия жалаң гана алтын балалыкты, жаштык махабатты эскерген романтикалык боёктор менен элегиядан (а бул жаш поэзиядагы эң эле кеңири тараган жанр) турбастыгына, анда толгон-токой актуалдуу темалар, көркөм туюнтуунун ар башка формалары бардыгына эсеп бересизби?!

Эгерде акын кыздарыбыздын дээрлик бардыгы ушул өңдүү суроолорду өздөрүнө коюшпайт десек, албетте, калп айткандык болор эле. Алардын бул суроолордун тегерегинде ойлонуп, атайын чыгармалар жараткандары да бар. Айталы, ошол эле, Ү. Маматовага граждандык мазмунга каныккан «Биз согушту көргөн жокпуз, көрбөйлү», «Өзүн өзү өлүүгө кыйгандарга» аттуу сонун ырлар таандык. Мындай оптимизм, шаттуулук, көтөрүңкүлүк, жаркындык, драмалуулукка өткөн А. Чойбекованын жыйнактарынан да жыш учурайт жана ушунусу менен акынга ыраазы болуу сезимиңди арттырат.

Тематикалык кеңдикке умтулуу К. Сариеванын, К. Зарлыкованын, А. Тыналиеванын китепчелерине да мүнөздүү. Булардагы өзгөчөлүк — алар энелик сезимдерди абдан жакшы берет жана ушул мааниде алардын жыйнактары. А. Дегенбаеванын китептери менен үндөшүп турат. Бирок акын кыздардын ичинен тематикалык, жанрдык, стилдик жактан көп түрдүүлүккө чындап кызыкканы, менин баамымда, Р. Мукашева. Акын ырларында махабатка байланышкан түркүн сезимдер, энелик мээрим, Ата-Журтту сүйүү, айыл турмушу, шаар келбети, дүйнөнүн байланыштары, койчу, көп нерсе бар. Ушуга жараша ырларынын пафосу, ритмикалык-интонациялык курулушу, көркөм туюнтуу каражаттары да ар кыл. Мисал иретинде акын адам менен Ааламдын байланыштарын таба билген бир ырын келтирсек болот:
Уулдарым, эр жеттиңер,
Бүркүттөй айбаттанып келбетиңер.
Нурларга окшоп күндөн тараган
Айылдан кеңдиктерге тарагыла.
Мейкиндикке бир ойноп келгилечи!
Багын ачып чаңкаган түздүктөрдүн
Мейкиндерге сынык нурдай жоголбой,

Сепкиле үрөндөрдү,
Күзүндө тоодой кызыл кырман болсун!
Ызгаарга жигиттикти кайрагыла,
Бут тие элек жерлерди айдагыла,
Талаалардын алп төшүнөн сууругула
Бууккан эңсөөлөрдү — жайкалган күздүктөрдү!
Жаш эгинди жоонун буту баспасын,
Тепсебесин ак тилегин айылдын,
Көзүңөрдүн карегиндей сактагыла,
Өрөөндү ырыскыга жууш керек.
Чыккан соң орто жолдон кайтпагыла,
Аны мен балалыкка кабыл албайм,
Кыргызга кылычтай курч уул керек,
кана эмесе, уулдарым, аттангыла!

(«Жаркын дарак» жыйнагынан)

«Ак сакалдын уулдарын узатуусу» аттуу бул ырдан адегенде эле эки нерсе таасын байкалат. Биринчиден, мазмун жагынан элеттик чектелүүдөн (а ага үндөгөн ырлар бизде аз эмес) сырт болуп, дүйнөнүн кенендигин, өз ара байланыштуулугун көрө билүүгө, социалдык активдүүлүккө чакырат. Экинчиден, ыр традициялуу жана жаңыча көркөм каражаттарды, образдарды ыктуу кыйыштырат (Албетте, мында айрым бир стилдик өксүктөр да жок эмес, бирок кеп анын башкы багытында, затында).

Ошентип, кыздар поэзиясында дурусу да, бурушу да бар. А балдар поэзиясындачы! Мында да жалпысынан ошондой эле, бирок тематикалык, стилдик диапазон кантсе да кененирээк, граждандык тонус өйдөрөөк (андан башкача болууга да мүмкүн эмес).

Азыркы жаш поэзиябыздагы алдыңкы өкүлдөрдүн бири А. Рыскулов. Анын:

Түнөрүүнүн кереги эмне!
Таштай булчуң барында…
Кайт! Тулпарым, айгай салып,
Киргим келет жалынга!

— деп, поэзияга аралашканына он жылдай болуп калды. Акын кыздардын элегияга толгон ыр жыйнактарынан кийин А. Рыскуловдун китептери менен таанышкан окурман башка лирикалык дүйнөгө кабылгандай болот: мында деле ыймандай сыр айтылат, бирок башкача ачкычта — көтөңкүрүлүктө, шаттыкта, жайдарылыкта. Бул анын «Көгүчкөндөр бийик учушат» (1975) жана «Мезгил жебеси» (1979) жыйнактарына бирдей даражада тийиштүү. Арийне, А. Рыскуловдун чыгармаларында деле кайгылуу ноталар бар [ансыз турмуш болчу беле], бирок алар тез эле жарык маанай, жаркын ишеним менен алмашылат, биринчи жыйнагынан «Виктор Хара» деген ырды, экинчисинен «Күрөө тамыр» поэмасын мисалга тартса болот. Дегинкисинде, А. Рыскулов шаар турмушунун карама-каршылыктардан куралган гармониясын кылдат туюп, чебер бере билет. Ал чеберчилик ырларынын композициялык тыкандыгынан, тилинин ийкемдүүлүгүнөн жана ыргактуулугунанда даана байкалат. Ушул мааниде анын «Мезгил жебеси» жыйнагынын жакында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болушу закон ченемдүү көрүнүш.

Дүйнөнү поэтикалык кабылдоосу жагынан А. Рыскуловго экинчи бир жаш акын Э. Эрматов бир кыйла даражада жакын турат. Ал күчтүү, бийик эмоциялардын акыны. Экөөнүн чыгармачылыгындагы оң көрүнүштөрдүн бири катары шаар турмушу чагылышын көрсөтүү керек. (Э. Эрматовдун экинчи китебинин аталышы ушул мааниде көңүл бурарлык: «Шаар жана тоолук»). Бул дале болсо элет тематикасы менен көбүрөөк алектенип келаткан биздин поэзия үчүн маанилүү нерсе. А. Рыскулов менен Э. Эрматовдун поэзиясындагы экинчи бир орток белги — жаш акындардын ичинен алгачкылардан болуп экөөнүн поэма жанрына кайрылышы. Айта кете турган нерсе Э. Эрматовдун лирикалык ырларына бир кылка эместик мүнөздүү эң сонун ырлардын катарынан чала бышкандары орун ала берет. Калыбы, жаш акын өзүнө дайыма эле бирдей талап койбогон сыяктуу.

Мындай ойго М. Ааматовдун «Селкинчек» (1982), Т. Маматжановдун «Айдыңдагы үндөр» деген туңгуч жыйнактары да жетелейт. Аталган жыйнактардын күчтүү бөлүгү — пейзаж жана сүйүү лирикасы. Булар жана 3. Иманалиевдин «Үмүттөр» (1981), С. Станалиевдин «Сүйүнчү» (1932), А. Жакыповдун «Жашыл арал» (1932) жыйнактары жогоруда сөз болгон акын кыздардын жыйнактарына абдан жакындашып катет. Демек, акын кыздар менен жигиттердин поэзиясында карама-каршылык эле эмес, жакындаштыктар, кесилишүү бурчтары да бар. Кээ бир жаш акындардын лирикалык каарманы сүйгөнүнө эптеп жетүү үчүн эмнелерди гана убада кылбайт. Мына ошолордун бири:

Мен сага күндө келем, күндө келем,
Жүрөккө тун сүйүүмдү катып алып.
Белекке булут жоолук алып келем.
Суу ичкени түшкөндө атып алып…

(Т. Маматжановдун китебинен).

Биз поэзиянын шарттуу тилин азыноолак түшүнөбүз деп ойлойбуз. Ошондо да лирикалык каармандын бул убадасына караганда Хафиздин сүйгөнүнүн бир меңи үчүн бүткүл Самаркандды тартуулайм деген айтылуу сөзү чындыкка алда канча жакынбы деп кетет экенсиң. Айтор, метафораны да орду менен, эл ишенгидей кылып колдонуу керек окшойт…

Кыскасы, биз кайра эле баягы маселеге — поэзияга жекелик менен жалпылыктын, өздүк менен коомдуктун карым-катнашына келип такалдык. Терең назик, жүрөктөн түнөк тапкан асыл сезимдерди козгой турган сүйүү лирикасы бизге — улам рационализмге батып бараткан XX кылымдын адамдарына абдан керек. Анын үстүнө аларды жазып жаткан авторлордун жашын, психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алууга туура келет: сүйүүнү жаш кезде жазбаганда качан жазасың!

Ошентсе да, белгилүү акыйкатты дагы бир ирет кайталоого мажбур болобуз: акын баарынан мурда гражданин, ал өз заманынын кулагы, көзү! Андай болсо азыркы жаш поэзиябызда эмне үчүн граждандык пафос алдыңкы орунга чыкпай жатат! Жаш акындарыбыздын, таланттуу, шыктуу, ондогон китептерин окуп көрүп, мен Л. Аннинскийдин көбүбүзгө тааныш чакырыгын бөлөкчөрөк айткым келип турат: граждандуулукка, саясий лирикага чаңкадым!

60-жылдардын жаш поэзиясындагы артыкбаш кыйкырыктарды, ызы-чууларды туура танган азыркы жаш поэзия ошол эле мезгилде граждандуулук деген түшүнүктүн, ыйык парздын өзүнө да керең болуп калганбы дейм. Антпесе ал эмне үчүн жалпы адамзаттын жана ар бирибиздин жашообуз проблема болуп калган улуу конфликтке, жер шарындагы ысык точкаларга, атүгүл өзүбүздүн эле өлкөдөгү, республикадагы коомдук-саясий зор окуяларга үн кошпойт! Ал эмне үчүн биз жашап жаткан мезгилдин өзгөчөлүгүнө, тарыхый шартка кулак төшөбөйт!

Жерден, адамдардын жүрөгүнөн жарака кетсе, аны илбериңки илип алчу чапчаң поэзия кайда! Албетте, мен бул маселени атайлап күчөтүп, парадокстуураак кылып коюп жатам. Анткени азыр мезгил, шарт ошондой. Мындан биздин жаш акындар таптакыр эле кол куушуруп, өзүнүн дүйнөсүнөн чыкпай коюптур деген пикир туулбайт. Алардын бул тараптагы айрым аракеттери бар. Болуп да жатат. Эң эле жаңы мисал — С. Күрүчбековдун жакында эле жарык көргөн «Мелодии арчи» аттуу биринчи китебиндеги аталышы поэтикалуу, мазмуну публицисттик жалындуу «Арча» поэмасы. Мындай аракеттер Д. Жапаров менен А. Кошоевдин «Элес», «Талаа жана лабиринт» деген лирикалык жыйнакчаларында, өзүбүздүн коомдогу терс көрүнүштөрдү сындаган С. Кадыровдун «Тикенек» (1980), «Шляпа» (1982), Ж. Рыспаевдин «Чырмоок» аттуу сатиралык китепчелеринде да сезилет. Эмки милдет — диалектиканын танууну тануу закону боюнча граждандык пафосту ого бетер күчөтүүдө, жаңы деңгээлге көтөрүүдө турат.

1976

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.