Кыргыз өкмөтүнө жакын арада ай, күн, жыл календары тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул жөнүндө ушул жылдын 20-майында өткөрүлгөн “Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” илимий-практикалык конференция жыйынтыгында баса белгиленген. Аталган маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет өткөргөн жыйынында көтөрүлүп, атайын жумушчу топ түзүлүп, аткарылган иштер тууралуу маселе 2019-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы. Ушуга байланыштуу аракеттер ар тараптан көрүлүп, жакшы саамалыктын жемишин көрөр күн алыс эмес экендиги кубандырды.

«Мал тапкыча эсеп тап» деген макалдан кыргыз эли байыртан эле саресепчиликке өздөрүнүн тиричилигин, өндүрүш иштерин байланыштырып жашаганын байкасак болот. Кыргыз саресепчилиги тууралуу «Манас» эпосунда «күндү күрмөп, айды аркандап, жылды жылоолоп» деген керемет саптар менен айтылганы көп нерсени туюнтуп турат. Аны азыркы тилде «календарчылык» деп атап жүрөбүз. Эл ичинде айтылып келген «саресепчилик» сөзү кыргыз саресепчилигинин (календарчылыгынын) кесиптик аталмасы болуп, ал «асманга, табиятка саресеп салуу» деген түшүнүктү калыптандырган экен.

Мунун баарын кытайлык кыргыз окумуштуусу, филология илимдеринин доктору  Макелек Өмүрбай уулу эл ичинен 30 жылдан ашуун материал чогултуу, изилдөө иши аркылуу иреттеп, кыргыздын жөрөлгөлүү саресепчилигин баяндаган «Күн санак, ай санак, жыл санак» аттуу китеп жазып, жакында жарыкка чыгарганы турат. Аталган китеп кыйла көлөмдүү, 16 формат, 500 бет болуп, жалпы 6 бап менен бүткөн.

Биринчи бабы «Күн саресепчилик». Күн саресепчилиги боюнча түшүнүктөр: күн-түн (сутка) саресепчилиги; күн-түн маалдары; апта саресепчилиги; белгилене турган күндөр деген тарамдарга бөлүнгөн.

Экинчи бабы «Ай саресепчилик». Ай жөнүндө жөрөлгөлүү түшүнүк; кыргыз ай аттарынын аталышы жана мааниси; ай ичиндеги маалдар, тогоолдор, мезгилдер деген тарамдарга бөлүнгөн.

Үчүнчү бабы «Жыл саресепчилик». Жыл саресепчилиги боюнча түшүнүктөр: кыргыздар билген жылдыздар; жаш сүрүү саресепчилиги; нарктуу жыл жана нарксыз жыл; жыл ичиндеги жөрөлгөлүү майрамдар сыяктуу тарамдарга бөлүнгөн.

Төртүнчү бабы «Аба ырайын алдын болжоо саресепчилик». Жылдыздарга карай аба ырайын алдын-ала болжоо; айбандардын аракетине карай аба ырайын алдын-ала болжоо; булуттун түрпү-түсүнө карай аба-ырайын алдын-ала болжоо; ай ичиндеги маал, мезгилдерге карай аба ырайын алдын-ала болжоо; аба-ырайында боло турган кубулуштар (жаан жаашы, шамал болуу, боз түшүү, туман түшүү ж. б. у. с) деген тарамдарга бөлүнгөн.

Бешинчи бабы «Кыргыз саресепчилигинин башы «Манаста».

  1. «Манаста» айтылган саресепчиликтин аалам түшүнүгү, 2. «Манаста» айтылган табият жана адам түшүнүгү (табиятты адамча кароо түшүнүгү, адамды табиятча кароо түшүнүгүн камтыйт), 3. «Манаста» айтылган кыргыз саресепчилигине байланыштуу алтын саптардан мисалдар.

Алтынчы бабы «Кыргыз саресепчилигин изилдөө абалы». Тарыхта жазылып калган саресепчилик; тарыхтагы саресепчилер; саресепчиликти изилдөөчүлөр жана алардын эмгектери сыяктуу тарамдарга бөлүнгөн.

Кыргыз саресепчилигине байланыштуу кыргызстандык авторлор тарабынан жазылган илимий изилдөөлөр, макалалар, көз караштар дагы аталган китепке киргизилген.

Бул саамалык кыргыз маданиятынын дагы бир бөксө жерин толтура турган баалуу байлык болуп кала бере тургандыгы шек санатпайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.