АҢГЕМЕ

Бир жармач соодагер сапарга чыгаарда  сактап турганы өзүнүн темир-терсек мүлкүн бай соодагерге калтырат. Саякаттан кайткан соң, бай соодагерге келип, өзүнүн темир-терсек мүлкүн кайтарып берүүсүн өтүнөт. Бай соодагер бардык темир буюмдарын сатып ийген болчу. Шылтоо табуу үчүн ал минтти:

— Сенин темириң күм-жам болду.

— Кандайча?

— Мен аны буудай сактаган кампага койгом. Анда чычкан деген жайнайт. Алар темириңди түгөлү менен жок кылышты. Темирди кантип кемиргенин өз көзүм менен көрдүм. Эгер ишенбесең, сен да барып текшер.

Кедей соодагер талашып-тартышпады. Ал:

— Эмнесин көрмөк элек. Мен ансыз деле ишенем. Чычкандар дайыма темир кемирерин мен да билем. Кайыр кош! — деди да ары кетти.

Ал көчөдөн бай соодагердин ойноп жүргөн уулун учуратты. Кедей соодагер баланы эркелетти да, колунан кармап, өз үйүнө жетеледи. Эртеси күнү ага бай соодагер жолугуп, уулу жоголгонуна кайгырды:

— Сен аны көрбөдүңбү, ал тууралуу укпадыңбы? – деп сурады.

Кедей соодагер ошондо:

— Кантип эле көрбөйүн, көрдүм. Кечээ мен сеникинен чыгып баратсам, шумкар учуп келип, түз эле уулуңду кармап, алып кетти.

Бай соодагер буга ачууланды:

— Мени шылдыңдагандан уялсаң боло. Шумкардын баланы алып кеткени жакшы иш дейсиңби?

— Жок, мен сага күлгөн жокмун. Чычкандар жүз пуд темирди жеп салганда, шумкардын баланы алып кеткени таң калыштуу эмес. Ардеме боло берет.

Бай соодагер кептин кыйытма маанисин боолгоду да:

— Чычкандар сенин темириңди жеген жок. Мен аларды сатып ийгем. Эми аны эки эселеп төлөп берейин, — дегенге аргасыз болду.

— Андай экен, шумкар да сенин уулуңду алып кеткен жок. Мен аны кайрып берем, — деди кедей соодагер.

Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.