Америка жомогу: Тетири багытка кетүү

— Негедир асман түнөрүп тургансыйт деңизге, – капитан Элдед румпелдеги өзүнүн жаш жардамчысына кайрылды. – Теребелдин күңүрттөнгөнүн карачы! Кой үкам, үйдү көздөй кайыр, – деп коюп, өзү каютага жөнөдү. – Кай багытты көздөйүн? – бозулан артынан кыйырды дароо. Алардын үйлөрү Труродо эле, а бул жер Канада. Кеме болсо Чатемден алыс эмес Массачусетс штатындагы Кейп-Код булуңуна жетип калган. – Чардактардан көзүңдү алба, – деди капитан. – Алар багытыңды көрсөтүп барат. Ошентип каютасына житти. Алты сааттан кийин ойгонду. Эмдигиче жээкке жетип калыш […]

Оуяң Сү менен Сүцайдын поэтикалык күч сынашуусу

Оуян Сү[1] төрт жашка чыкканда атасы өлүп, апасы менен калат. Алар жарды жашагандыктан окуу куралдарына акча жетчү эмес, ошондуктан апасы иероглифтерди кумга жазып көрсөтүп, Сүнүн сабатын жоёт. Бала бир аз чоңойгондо бир сабаттуу киши менен таанышып, андан окуу китептерин алып турган, ал тургай аларды көчүрүп да жазчу. Бир жолу Оуян Сү кошуна короодогу таштанды салчу себеттен эскирип бүтүп, окууга эптеп эле жарачудай болгон “Хан Үяйдын чыгармалар жыйнагы” китебин көрүп, кожоюнунан сурап алат. Хан Үяйдын ырларынын жаңы жана табигый ойлор ширелген […]

Буурусундан атом бомбасына чейин Сталиндин экономикалык саясаты

Сталиндин мезгилиндеги экономика ошол кездеги доордун өзү талаш-тартыш жараткандай эле талашка түшүп келет. Бирөөлөрү «Өлкөнү буурусун менен кабыл алып, атом бомбасына ээ, индустриалдуу өлкөгө айлантты», — деген Черчиллдин белгилүү сөзүн кайталаса, башкача айтканда, артта калган агрардуу мамлекетти кубаттуу индустриалдуу мамлекетке айлантканын айтышса, экинчилери: кандай баа менен! — деп каяша кылышат. «Биз 50-100 жылга артта калдык» ХХ кылымдын 30-50-жылдардагы СССРдин экономикасындагы чоң жылыштарды «Сталиндин экономикалык керемети» – аташкан. Сталин бийликке келгенде, социалистик жаш өлкөнү индустриянын жолуна салмайынча алыска кете албасын жакшы […]

Жумагүл Барктабасова: Биздин айылдагы Пётр биринчи

АҢГЕМЕ “Капитан” бүгүн жумушуна күндөгүдөй шашкан жок. Болбосо демейде талаа жалгыз гана аны күтүп тургандай, таң эртелеп тракторунун көк түтүнүн булата айдоо аянтында жүрчү эле. Азыр болсо апасы койгон чайды шоркурата ичип, анын маңдайында ар нерселерди айтып олтурат. Анан гана көчөгө “көк тулпарын” айдап чыкты. Кечээ колхоз башкармасы: – Бүгүн түнгө чейин иштеп, жумушту жакшы арбыттың. Эртең шашпай эле чыксаң болот, – деген. Аны айылдаштары “Капитан” деп койгон менен, өз аты – Калдыбай. Аскерден кызмат өтөп келгенден кийин эле ушинтип […]