Сталиндин мезгилиндеги экономика ошол кездеги доордун өзү талаш-тартыш жараткандай эле талашка түшүп келет. Бирөөлөрү «Өлкөнү буурусун менен кабыл алып, атом бомбасына ээ, индустриалдуу өлкөгө айлантты», — деген Черчиллдин белгилүү сөзүн кайталаса, башкача айтканда, артта калган агрардуу мамлекетти кубаттуу индустриалдуу мамлекетке айлантканын айтышса, экинчилери: кандай баа менен! — деп каяша кылышат.

«Биз 50-100 жылга артта калдык»

ХХ кылымдын 30-50-жылдардагы СССРдин экономикасындагы чоң жылыштарды «Сталиндин экономикалык керемети» – аташкан. Сталин бийликке келгенде, социалистик жаш өлкөнү индустриянын жолуна салмайынча алыска кете албасын жакшы түшүнгөн.

«Биз өнүккөн өлкөлөрдөн 50-100 жылга артта калдык. Биз бул аралыкты он жыл аралыгында кубалап жетишибиз керек. Биз бул нерсени жасайбыз же болбосо бизди тебелеп жок кылышат. Мына дал ушул биздин СССРдин жумушчу жана дыйкандарынын алдындагы милдетибизди аныктайт», — деген Иосиф Сталин 1931-жылдын 4-февралында өткөн өнөр жай тармагынын бүткүл союздук конференциясында. Бардыгына кызыгы, Сталиндин алдын ала айтканы туура чыккан — Улуу Ата мекендик согуш он жарым жылдан кийин башталган. «Биз өлкөбүздү агрардык өлкөдөн индустриалдуу өлкөгө айландырышыбыз керек, канча эрте болсо — ошончолук жакшы», — деген Сталин.

Тез жана терең жүргүзүлгөн индустриализация — сталиндик доордун жетишкен эң негизги жетишкендиги: толук эмес үч беш жылдыкта СССРде 364 жаңы шаар курулган, эксплуатацияга тогуз миңге жакын ири ишканалар ишке берилген. Биринчи беш жылдыкта эле Сталинград трактор заводу ишке берилип, ал жылына 150 миң трактор чыгара баштаган. Андан соң Харьковтогу трактор заводу ишке берилген. Автомобиль куруучу өнөр жай тармагы уюшулуп — Горькийде жана Москвада заводдор ачылган. Уралда, Свердловск шаарында, дагы бир гигант — Уралмаш пайда болгон. 1932-жылы  Днепр ГЭСи — ошол кездеги СССРдеги эң чоң гидроэлектростанция ишке берилген.

Узундугу миң чакырымдан ашык — Турксиб темир жолу, Сибирь менен Түркестанды кошкон узундугу 1500 километрден ашык темир жолдору салынган. Металлургиянын гиганттары —Магнитка Магнитогорскидег металлургия комбинаты, ошондой эле Липецкийдеги жана Кузнецкийдеги комбинаттар да 30-жылдары пайда болгон. Индустриализациянын СССРдеги тез ылдамдыкта өсүшүн ошол кезде Улуу Депрессияга кабылган бүт дүйнө таң калуу жана ичи тардык менен карап турду. 30-жылдардын экинчи жарымында дүң продукциянын өндүрүлгөн жалпы  көлөмү боюнча жана өнөр жай товарларын чыгаруу боюнча СССР Европада биринчи, дүйнөдө Америкадан кийинки экинчи орунга чыккан.

Кутургандай өсүштү ким төлөгөн?

Индустриализациянын мындай кубаттуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн чоң ресурстар керек эле. Сталин батыштын индустриялуу өлкөлөрүнүн жолуна түшкөн жок. Алар ресурстарды басып алган өлкөлөрдөн алышкан. Ошол эле убакта Сталин падышачылык Россиянын башка өлкөлөрдөн карыз алуу практикасын да четке каккан, ал аны “Өз эрки менен кулдукка баруу” деп атаган. Сталин башкача жолду “социалистик топтоо” жолун, башкача айтканда, эл чарбасынан түшкөн каражаттарды пайдаланууну туура көргөн. Негизинен, индустриализацияны дыйкандар төлөшкөн. Коллективизация (колхоздордун уюштурулушу) жана индустриализация бир убакытта жүргүзүлгөн: тарыхчылардын көпчүлүгү бул эки окуя бири-бирисиз өтпөйт болчу деп эсептешет.

Колхоздор шаарлар менен зор курулуштарды арзан  тамак-аш менен камсыз кылып, ашкан эгиндер чет өлкөлөргө сатылып, индустриализация үчүн акча топтолгон. Өндүрүш жайынын болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүшү менен 30-жылдары бүткүл СССР аймагында болуп өткөн ачарчылыктын байланышы жөнүндө талаштар бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Ылдам жана зордоо менен коштолгон коллективтештирүү жана кулакка тартуу учурунда кээ бир региондордо түшүм 35-40 процентке азайган. Анысы аз келгенсип 1932-жыл кургакчыл болуп түшүм начар болгон. Ачарчылыктан ошол учурда 8-40 миллионго жакын адам жапа чеккен.

Индустриализациянын дагы бир ресурсу камакка алынгандар ГУЛАГдын туткундары — арзан жана башкарууга оңой жумушчу күч болгон. 1935-жылы СССРдеги лагерлерде бир миллионго жакын адам болсо, согуштун башталышына бул цифра 2 миллионго чейин өскөн. Зэктердин күчү менен Беломоро-Балтика каналы, Транссибир темир жол магистралы курулган. 450 жакын чоң ишканалар Карлага, Воркута жана Норильскийдин түрмө “жашоочуларынын” күчү менен салынган. Эсептөөлөр көрсөткөндөй бардык капиталдык курулуштардын 18% түрмөдөгүлөрдүн катышуусу менен курулуптур. ГУЛАГда камалгандардын согушка берген салымы өзгөчө сөзгө татыктуу. “СССРдин экономикасына ГУЛАГдын ролу” деген илимий эмгегинде экономист Родион Должиков мындай сандарды келтирет: 1942-жылы май айында ГУЛАГ фронтко эң керектүү бир миллиого жакын миналарды чыгарган. 1942-44 жылдары ГУЛАГдын тигүү цехтеринде 67 миллион метр кездемеден 22 миллион согуш кийимдери тигилген. Андан тышкары ГУЛАГда бардык шарттарын түзүп, окумуштууларды кармап турушкан, алардын күчү менен согушка жана өнөр жайга керектүү нечендеген ачылыштар жасалган.

Стахановдун рекорддору

Тез индустриализацияны  каармандыксыз жана элдин ишенимисиз жасоого мүмкүн эмес эле. Айтылуу стахановдук кыймыл экинчи беш жылдыкта — 1935-жылы пайда болгон. Донбассе шахтасынын бургулоочусу Алексей Стаханов 31-августа  бир сменде 102 тонна көмүр казып чыгарган (норма 7 тонна болгон). Үч жумадан кийин ал өзүнүн рекордун жаңыртып, сменинде 227 тонна көмүр казган. Анын мындай башталышын бүткүл союздук деңгээлде колдоого алышкан, – бардык тармактарда өз стахановтору пайда болуп, алардын эмгектери газета-журналдарда даңкталып, акчалай сыйлыктар берилип турган, алар улуттук баатырларга айланышкан. Мындай жогорку темптер эмгекчилердин айлыгын көбөйткөн,— эки-үч жыл аралыгында планды ашык аткарып турган жумушчулардын эмгек акылары эки-үч эсе өскөн. Алексей Стаханов өзүнүн планын 30 эсеге чейин көп аткарган.

Комсомолдордун жигердүүлүгү

Индустриализациянын дагы бир ресурсу куруучулардын мамлекет тарабынан бардык деңгээлдерде ар дайым колдоого алынып турган жигердүү эмгеги болгон. Эпкиндүү комсомолдук курулуштар СССРдеги жаш адистерди өзүнө тартып турган. Уралмаш, Урал-Кузнецк металлургиялык комбинаты, Москванын метрополитени, темир жол магистралдар… Эпкиндүү комсомол курулуштарындагы ийгиликтер жөнүндө бардык массалык маалымат каражаттарында дүңгүрөтүп айтып, жазып турушкан. Комсомолдук курулуш статусу курулуучу объектердин тез жана ылдам бүтүшүн камсыз кылган. Көбүнчө андай курулуштар эл барбаган ээн жана алыс жерлерде салынган. 1932-жылы Комсомольк-на Амуре шаарында кеме куруучу завод комсомолдор тарабынан салынып, шаар алардын урматына ошондой аталган.

Согуш жылдары

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда СССР душмандарындай эле индустриалдуу өлкөгө айланып калган. Согуштун башталышында душман  тарабынан чоң завод-фабрикалары бар жерлер басылып алынган. Бирок көпчүлүк ишканаларды иштеген адамдары менен кыска аралыктын ичинде өлкөнүн ички бөлүгүнө, Сибирге жана Орто Азияга көчүргөнгө үлгүрүшкөн. Бюджет кайра каралып чыккан. Мисаллы, 1938-жылы коргоо министрлигине жалпы бюджеттин 25% сарпталса, 1941-жылы ал көрсөткүч 44% жеткен. Эгерде, биринчи дүйнөлүк согушта Россия башка өлкөлөрдөн аябай артта болсо (самолёттор, танктар, пулеметтор бир нече эсе аз болчу). Экинчи дүйнөлүк согушта согуштук техникалардын саны боюнча немистер менен бирдей деңгээлде эле. 30-жылдары курулган трактор заводдору да танкаларды чыгара башташкан. Чыгарылган продукциянын сапатына суроолор болгону менен дал ошол шашып жасалган индустриализациянын натыйжасында өлкө душмандар менен бирдей күчтө согушуп, аны жеңгенге мүмкүн болгон. Эгерде СССРде экономиканы өнүктүрүүнүн жумшак жолу тандалып алынганда тарыхтын дөңгөлөгү кайсыл тарапка кетерин болжош кыйын. Турмуш көргөзкөндөй, согушка даярдык көрүүгө СССРге аз эле убакыт бөлүнгөн.

Сталиндин согуштан кийинки жылдардагы  «экономикалык керемети»

Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согуштагы жоготуулары эбегейсиз зор эле. Миңден ашык шаарлар талкаланып, он миңдеген айыл-кыштактар тегизделип жок кылынган. Эл чарбасы өсүшү боюнча он жылдан ашык артка кеткен. Бирок бир аз жылдарда эле өлкө тездик менен өсө баштаган. Өсүүнүн темпи ушунчалык ылдам болгондуктан, чет элдиктер ал кездеги экономиканын өсүшүн “сталиндик экономика керемети” аташкан. Сталин конкреттүү айтканда эмне кылды? Талдаганга аракет кылып көрөлү…

Алтындын кору

Алтындын кору мамлекеттин көзкарандысыздыгынын экономикалык негизи болуп саналат. Анын өсүшүнө көз жүгүртүп көрөлү.

1894-жылы Николай экинчи такка олтурган маалда Россия мамлекетинин алтын кору 900 тонна болгон. 1914-жылы ал көрсөткүч 1.400 тоннага жеткен. Биринчи дүйнөлүк согуш башталып, 1917-жылы большевиктер бийликке келгенде ал 1100 тоннага чейин кыскарган. Дагы бир жылдан кийин Атуулдук согуш башталып, алтындын кору 1923-жылы 400 тоннага чейин азайган. Дагы беш жылдан кийин эң аз көрсөткүч – 150 тоннага түшкөн.

Сталин бийликке келгени бул маселеге катуу киришип, Улуу Ата Мекендик согуштун алдында бул сан 2800 тоннага өсүп жеткен. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң чоң көрсөткүч. Согушка жана согуштан кийинки эл чарбасын калыбына келтүрүү жылдарындагы кыйын абалга карабай, Сталин өлгөн убакта 1953-жылы ал сан 2500 тоннаны түзгөн. Хрущевдун убагында  1600 тоннага чейин түшсө, Брежнев 440 тонна, Горбачев 290 тоннага чейин азайтышкан. Путин бийликке келгенде 385 тонна алтын болсо, ал сан бүгүнкү күнгө кайрадан 1880 тоннага өстү.

Байкасаңыз, эң көп алтындын кору катаал жылдарга карабай Сталиндин убагында болуптур…

Баалар ылдыйлаган жылдар да болгон…

Согуш аяктагандан эки жыл өтүп-өтпөй (1947-ж) Советтер Союзунда тамак-ашты карточка менен берүү жоюлган. Эске салсак, бул Францияда 1949-жылы, ал эми Англияда 50-жылдардын башында болгон. Карточка системасын жоюу менен бир убакта эле СССРде акча реформасы жүргүзүлгөн. Эски акчаны жаңы акчага  10:1 катышында алмаштыруу болгон. Сактык кассадагы 3000 сомго чейинки сумма 1:1 алмаштырылган.

1947-жылдан Сталин өлгөнгө чейин күндөлүк керектелүүчү товарлардын баасы жыл сайын 1, 5-2 эсе төмөндөтүлүп турган. Эмгек акылар болсо жогорулай баштаган. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүүгө муктаж эле. Сталин бул максатка жетиш үчүн эмгекчилерди кызыктыруу жолун, башкача айтканда, мыкты иштегендерге акчалай сыйлыктарды берүүнү көбөйткөн. Мисалы, планды 100% аткарса айлык акысынан 1,5-2 эсе ашык, эгерде 200% аткарса 3 эсе айлык алган. Ал тургай түрмөдө олтургандар планын аткарса  айлыктары 2-3 эсе көбөйүп, абактан мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Сталин өлгөндөн кийин Хрущев киргизген жаңылык – эгерде бул айда планды  100% ке аткарса, кийинки айда планды 150%  көтөргөн, кийинки айда аткарса, планды дагы кошуп жүрүп олтурган. Натыйжада, планды аткаруу кыйынчылыкка туруп, ага кызыкчылык жоголгон.

Ипотека

Согушта көп шаарлар кыйроого туш болгон. Согуштан кайткан солдаттар жашоого үйлөрү жок калышкан. 1946-жылдын 25-августунда СССРдин Министрлер Советинин токтому чыгып, жылына 1% менен үй салууга кредит бериле баштаган. Азыркы учурда бул көрсөткүч 10% тен кем эмес экендигин эске сала кетелик.

Социалистик беш жылдыктар

Жыйырманчы жылдардын аягында эле СССРде өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык планы тууралуу концепция иштелип чыккан. Төртүнчү беш жылдыктын планын (1946-1951-жж.) Сталин өзү көрсөтмө берип кабыл алынган.

«Өлкөнүн согуштан жабыр тарткан райондорун калыбына келтирүү, өндүрүштү жана айыл чарбасын калыбына келтирип, согушка чейинки деңгээлге жана андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо зарыл… Биздин өнөр жай жылына 50 миллион тонна чоюн, 60 миллион тонна болот, 500 миллион тонна көмүр, 60 миллион тонна нефть өндүрүүгө жетишүүсү керек. Ошондой шарттарда гана биздин Ата Мекенибиз ар кандай кокустуктардан алыс болот. Бул ишке дагы үч беш жылдык кетет. Биз бул ишти жасай алабыз, жасашыбыз керек.”

Сталиндин бул айтканы чындыгында эле совет элинин эбегейсиз чоң эмгегинин натыйжасында 15 жылда ишке ашкан. Согуштан кийин талкаланган өлкө бой көтөрүп ирденген жана башка чоң мамлекеттер аны менен эсептеше турган абалга жеткен.

Репрессия жөнүндө чындык

Бул маселе боюнча мурдагы антисталинчи Вассермандын ой-пикирин келтире кетели. Ал өзү көп сандаган булактарды изилдеп көргөнүн, алардын ичинен фактыларга таянган изилдөөлөрдү тарых илимдеринин доктору Юрий Жуковдун, жазуучулар Елена Прудникова менен Владимир Чухрайдын жазгандары чындыкка жакын экенин жазат. Ал изилдөөлөрдөн кийин ал өзү күтпөгөн жыйынтыктарга келгенин моюнга алып мындай дейт: “Элди массалык түрдө кыруу сталиндик Саясий Бюросунун эркине каршы жүргүзүлгөн!”

Жол башчыга каршы жасалган бунт

Борбордук Комитеттин 1947- жылы февраль-март айындагы токтомдору детектив катары окулат – дейт Анатолий Александрович – Сталин башында турган саясий бюро бир топ радикалдуу сунуштар менен чыккан. Айталык, региондордо партиялык жетекчилерди альтернативтүү шайлоолорду өткөзүү менен дайындоо, чарбалык иштерге партиянын көзөмөлүн алып салуу сунушталган. Жалпысынан класстар арасындагы күрөштү жоюп, элди өлкөнүн келечеги үчүн бириктирүү каралган. Бирок революция толкуну менен бийликтин бийик тепкичтерине көтөрүлүп алган аппарат кызматкерлери бул демилгени колдошкон эмес. Чарбалык иштерден четте калуу да аларга жакпаган. Алар трибунага кайра-кайра көтөрүлүп, класстык күрөш алардын аймагында күчөп бара жатканын, аны жоюу эрте экенин айтышкан. Акыркы тамчы болуп Батыш-Сибир крайынын 1-катчысы Роберт Эйхенин крайда сүргүндө жүргөн кулактардын чоң козголоңго жашыруун даярдык жүрүп жатканы тууралуу каты болгон. Пленумдун катышуучулары Эйхеге жана башка катчыларга козголоңчуларга жана башка душмандарга каршы чукул абалда колдонуулучу атайын ыйгарым укуктар берилген. Сталин эмне үчүн алардын жетегинде болгон? Анткени, Пленумдун Саясий Бюрону таркатып жибергенге укугу бар эле, анда андан 20 жылдан кийин 1957-жылы Хрущев ушул схема менен бийликке келип, 1964-жылы ушул эле схема менен бийликтен четтетилгенин айтсак жетиштүү.

Атууга кетчүүлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийликтер тарабынан түзүлүп, жогору жактан бекиткен. Ал тизмедегилердин санын азайтып турган. Мисалы, маршал Егоровду эки жолу тизмеден алып салган. Хрущев Киевден жазган арызында Борбордук комитет камоого даярдалган тизмедеги 12 миң адам, борбор тарабынан кыскартылып, болгону 2-3 миң адам калтырылгандыгын кабарлап, ага күнөөлүлөрү жазалоону суранат. Сталин анын арызынын бурчуна “Тизгиниңди тарт, келесоо!” – деп жазып берген экен.

И.В.Сталина тарыхтагы орду жөнүндө

Канчалык талашып-тартышпасын Иосиф Виссарионович Сталин – жыйырманчы кылымда жашап өткөн, тарыхка өчпөс из калтырган эң улуу инсан. Ал жөнүндө, анын тарыхтагы ролу жөнүндө дүйнөнүн мен деген инсандары өз баалырын беришкен. Англиянын премьер-министрт Уинстоном Черчилль: «Сталин Россияны буурусун менен алып,  атом куралы бар өлкөгө айлантты!» «— десе, АКШ президенти Рузвельттин эң мыкты жардамчысы Гарри Гопкинс минтип эскерет: «Ал мени орусча тез-тез айтылган сөздөрдү айтып, колумду бекем кысып саламдашты. Анын жүзүндө жылуу жылмаюудан башка эч бир ашык нерсе жок эле, алдымда эң мыкты, жаңылбай иштеген машина тургандай… берген суроолору ачык жана түз эле… берген жооптору тез, түшүнүктүү, бир нече жылдан бери даярдап алгандай так жана даана болчу… Ал менин угушумча дайыма ушундай, эч качан ашык жана жөн жеринен сөз айтпайт… Россия Германияны жеңерине эч шеги жоктой… Ал көп күлөт экен… Былжырак сөздөрдү уккусу келбейт… Анын юмору курч жана терең экен…”

Рузвельт да Сталин жөнүндө жылуу сөздөрдү айткан. Француз элинин Улуу уулу Генерал Шарль де Голль: “Сталин өткөн мезгилде калган жок, ал келечекке сиңип кетти!” дептир. “Сталин – бул таңкалыштуу инсан. Ал кандай гана маселе болбосун, анын тамырын көрө билген укмуштуудай жөндөмгө ээ. Ал башына 500 жылда бир келчү оор жүк түшкөн лидерлердин бири..” — дептир, АКШнын 1933-44-ж.ж. мамлекеттик катчысы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Корделл Хэлл. Анын акылмандыгы менен  Советтер өлкөсү көп кыйынчылыктарды жеңип чыгып, дүйнөдөгү эң ири державага айланган.

Кыргыз эли да өзүнүн азыркы эркин, көз карандысыз мамлекет катары жашап жатышына Сталиндин түздөн-түз тиешеси бар экенин билиши керек. Сталиндин кийлигишүүсү менен 1936-жылдын 25-ноябрында, Кыркыз ССРи он беш республиканын бири болуп, СССР курамына кирген. Партиянын Атайын  чакырылган курултайында Сталин Кыргыз Республикасы деген статусту бериш үчүн мындай деп негизденген: “Биринчиден, анын чек арасы СССРге кирген мамлекеттер менен курчалбай, жок дегенде бир тарабынан башка малекет менен чектеш болуш керек.

Экинчиден, ошол өлкөдө жашап жаткан элдин көпчүлүк бөлүгүн бир улуттун өкүлдөрү түзүш керек.

Үчүнчүдөн, элдин саны бир миллиондон кем болбошу керек”. Бул Сталиндин өзүнүн сөзү.

Сталиндин тамашаларынан

Тарыхта белгилүү болгондой Сталиндин тамашалары өзгөчө болгон. Ал кээ бир учурларда өзүнүн указдарын тамаша сөздөр менен берген учурлары уламыш катары айтылып жүрөт. Ошондой тамашаларын сунуш кыла кетелик.

Согуштан кийинки жылдардын биринде Иосиф Виссарионовичке борбор шаарда жашаган белгилүү окумуштуу, Москванын чет жагына чөнтөгү көтөрө албаган чоң үй салганын кабарлашат. Ал аны өз кабинетине чакыртып мындай диалог болот:

(«С» — Сталин, «О» — окумуштуу)

С: «Сизди шаардын сыртында аябагандай кымбат үй салды деп жатышат, ошол чынбы??»

О: «Чын, жолдош Сталин».

С: «Ал үйүңүздү алган балдар үйү сизге ыраазычылыгын билдирип жатышат. Сиз туура кылыптырсыз, Новосибирскийде иштей турган болгондон кийин анын сизге эмне кереги бар.»

Чындыгында, үйүн балдар үйүнө белекке берип Новосибирский шаарына көчүш окумуштуунун оюнда да жок болгонун түшүнгө чыгаарсыздар.

В 1946-жылы Сталин  адмирал Исаков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага Аскер Флотунун штабын башкарып берүүсүн сунуш кылат:

(«С» — Иосиф Виссарионович, «А» — адмирал):

А: «Жолдош Сталин, мен ал ишти иштей албайм го, анткени бир бутумду кестирип салгам».

С: «А сиздин мага айта турган башка дагы кемчилигиңиз барбы?»

А: «Жок, ошол эле»

С: «Андай болсо жакшы, мурдакы жетекчи башы жок деле иштеп жүргөн. Бутуңдун жогу эч нерсе эмес».

*     *     *

Рокоссовский, Жуков менен бир катар жеңишти камсыз кылган маршалдардын бири катары эсептелинет. Ал согуштун алдында түрмөдөн чыгарылган. Сталиндин буга чейин эмне кылып жүрдүң эле? — деген суроосуна:

— Олтургам, жолдош Сталин! — деп жооп берет.

Анда Сталин:

— Тапкан экенсиң олтурчу убакты! — дептир.

*     *     *

Сталин өлгөндөн кийин анын архивинен 1949-жылы жазылган “Послушник” (монах болууга даярданып, монастырга кабыл алынган адам) деген ырын табышкан. Ал ырдын эпиграфы катары жолбашчы төмөндөгү сөздөрүн жазган экен:

“ Мен өлгөндөн кийин, жакшылыкты билишпеген муундар мүрөзөмө акыр-чикирди ыргытышат, бирок тарыхтын шамалы бир нече жылдан кийин аны учуруп жок кылат.”

Иосиф Сталиндин бир ыры

Кеп козгосок түбөлүктүү жашоодон:
Билем өзүм күнөөлөрүм көптүгүн!
Менин дагы тагдырымды, бирөөнүн
Байкоо салып, башкарганын сезчүмүн.

Уйку бербей, тынчтык бербей күн-түнү,
Менде жашап, өйдө жактан башкарчу.
Баш ийчүмүн, кулу сындуу ааламдын,
Темирдей эрк анан менде башталчу.

Акыл жетпейт ал кездерди ойлосом.
Кайдан алгам, күчтү, эркти, бийликти?
Менин эрким дөңгөлөктөй тебелеп,
Миллиондорду кан-жинине киринтти.

Кийин анан жаз айында 45тин,
Кулагыма шыбырады акырын:
Солдат элең, айтканды так аткарган.
Сенин дагы бир аз калды акырың.

Которгон жана даярдаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.