Босния эл жомогу: Короз менен түлкү

Бир курдай айыл четиндеги дөңсөдө короз менен түлкү капыл-тапыл кабылып калат. Шаштысы кеткен короз бакка конуп, ырын созот. – Сен бу жерде не кылып жүрөсүң? – деди түлкү. – Ырдап отургандагым, – деди короз. – Ырдаганыңды койчу. Түшпөйсүңбү бери, намазга чогуу жыгылалы! Түлкүнүн арам оюна короз шыдыр түшүндү да, үн катты: – Токто! Мен ырдап турайын, ага чейин башка динчилдер окуй турсун, биз анан жыгылабыз намазга! – А эмне, дагы бирөөлөр келмек беле? – түлкү таңгалып сурады. – Мына келатышпайбы, […]

ЖЫЛДЫЗЧА: «Кош бол ойдуң, кош бол суулар, күүлөр чертип агылган…»

(Кенжебек Алдаяр жөнүндө) Улуттук сыймыктарыбыздын башында турган, улуттук рухтарыбыздын бири — үч кыл-комузубуз. Комузубузга дилин төшөп, жанын аябаган уул-кыздарыбыздын уучу уланып келатканына кубанып келебиз! Канчалаган азап-тозок, басып алууларга, кыйноолорго баш ийбестен — комузубузду муундардан муундарга өткөрүп келген ата бабаларыбызга ыраазыбыз. *     *     * Улуу Жараткан — комузду да комуздай сырдуу, комуз кылдарындай таза, назик, бийик адамдардын гана колуна карматат окшойт… Ар бир кыргыз комуз кармап, комуз чертип калса, анда комузубуздун баасы-баркы билинбей калат беле (?) деп да ойлоп калам… *     […]

Фрида Кало – кайгы-капага чөкпөгөн живописчи

Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жан тумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн сюрреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт. Фрида Кало: «Мен кайгы-капамды чөктүрүп ийгенге көп аракет кылдым, бирок бул бетпактар болбой эле суу үстүнө калкып чыга беришти». Бул эмне болгон кайгы? Ал убайым-санааны билиш үчүн Фрида Калонун өмүрүнө учкай сереп салалы. Фрида алты жашында полиомиелит менен ооруп, тогуз ай төшөктө өткөрөт. Ооруканадан чыккандан кийин балжуурандай […]

Жапар Саатов: Маңдай тер

АҢГЕМЕ Денеси чулу темирдей чымыр, мурду барбагай, чарчы бойлуу, буржуйган ушул кишиге эч ким алтымыштын бешин бербес эле. Кээде оюн чындан эңише кетишсе, күч-кубаты ташып турган жигиттердин да эсин оодарып койгон учурлары болот. Колу туурулуп, бүт өмүрү дыйканчылык менен өткөн мээнеткен бул адамга эң жогорку пенсия чектеп бериш керек. Бирок “төрт дубалдын төбөсүн тиктеп, үйдө бекер жата албайм” деп акыркы жылдарда корукчу болуп кеткен. Анын сыртка аттанмагы да өзүнчө бир азем. Жер шалбыраң болуп турса өкүм кара торунун куйругун шуу […]