Бир курдай айыл четиндеги дөңсөдө короз менен түлкү капыл-тапыл кабылып калат. Шаштысы кеткен короз бакка конуп, ырын созот.

– Сен бу жерде не кылып жүрөсүң? – деди түлкү.

– Ырдап отургандагым, – деди короз.

– Ырдаганыңды койчу. Түшпөйсүңбү бери, намазга чогуу жыгылалы!

Түлкүнүн арам оюна короз шыдыр түшүндү да, үн катты:

– Токто! Мен ырдап турайын, ага чейин башка динчилдер окуй турсун, биз анан жыгылабыз намазга!

– А эмне, дагы бирөөлөр келмек беле? – түлкү таңгалып сурады.

– Мына келатышпайбы, карасаң! – короз айыл жакка канат сермеди.

Түлкү айыл жакка көз салса – чын эле таркыйган эки тайганын эрчиткен мергенчи көрүндү.

Коркконунан селдейген түлкү корозго айтканы:

– Сен анда мен жок деле намаз окуй бер, мен тез эле келем. Кашайып, даарат алганды унутуп коюптурмун. Сен го даарат кылыпсың, – деген бойдон токойду көздөй сызыптыр.

Которгон Олжобай Шакир

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.