(Кенжебек Алдаяр жөнүндө)

Улуттук сыймыктарыбыздын башында турган, улуттук рухтарыбыздын бири — үч кыл-комузубуз. Комузубузга дилин төшөп, жанын аябаган уул-кыздарыбыздын уучу уланып келатканына кубанып келебиз! Канчалаган азап-тозок, басып алууларга, кыйноолорго баш ийбестен — комузубузду муундардан муундарга өткөрүп келген ата бабаларыбызга ыраазыбыз.

*     *     *

Улуу Жараткан — комузду да комуздай сырдуу, комуз кылдарындай таза, назик, бийик адамдардын гана колуна карматат окшойт… Ар бир кыргыз комуз кармап, комуз чертип калса, анда комузубуздун баасы-баркы билинбей калат беле (?) деп да ойлоп калам…

*     *     *

Комузубуздун да колдоочусу бар экенине ишенем… Комуз черткен, күү жараткан: Карамолдо, Атай, Муса, Токтогул, Жеңижок, Ыбрай, Ниязалы, Коргоол, Эшмамбет аталарыбыздын өнөрүн улантып келаткандардын бири — комузчу, күүчү Кенжебек Алдаяр! НАМЫСКА БЕК — КЕНЖЕБЕК Кенжебектей уулдарды — кыргыздын намысы үчүн төрөлгөн уулдар деп билем. Кыргыз эли ушундай уулдары менен бактылуу эл, барктуу…

Намыска, достукка, ишеничке «бек» болсун үчүн, илгертеден эле аталарыбыз менен апаларыбыз уулдарына ысым коюшканда «бек» деген сөздү бекеринен кошушпаса керек. Кенжебектин ысымында да «бек» деген сөз бар.

*     *     *

Кенжебек черткен залкар күүлөр менен бирге эле өзү жараткан не бир сонун күүлөрүн угуп жүрөбүз. Мага жаккан, «Алманбет», «Култегин» ж.б. сыяктуу бир топ күүлөрү бар. Бул күүлөрдү уккандар да бар, уга электер да бар…

*     *     *

Кенжебектин күүлөрүн угуп олтурганда, дагы бир жолу кыргыз болуп жаралганыңа кубанасың. Көз алдыңа байыркы ата-бабаларыбыздын көчмөндүү турмушу, шаан-шөкөтү, кайгы-муңу да тартыла түшөт…

*     *     *

Анын күүлөрүн угуп олтуруп — агарган аппак таңга, карайган кечке, айлуу түнгө, булуттуу асманга туш келесиң… Көөдөндө ошол таңдарды, күүгүмдөрдү көрүп келе жаткан элиң…

Поэтикалык эс алуу СССР өлкөсүнүн бир өлкөсү болуп турганыбызда, ошол СССР деген чоң державанын атынан чет элдерге элчи болуп иштеген кыргыздын саналуу эле уулдары болгон. Алардын бири — Нигерияда элчи, Индияда консул болуп иштеген — Нургазы Кемелбаев. Нургазы агабыздын шотландиялык акын Роберт Бёрнстын бир ырын 1963-1964-жылдары англис тилинен түз кыргыз тилине которгон бир ыры бар. Ыр Кенжебек мырзага да жагат болуш керек. Бул ырды которууда агайыбыз, бир күнү алыска элчи болуп кетерин, элин-жерин сагынарын ички туюму менен сезип, комуз күүлөрүнүн деми менен которгонун айтып берген эле. Ошон үчүн, котормодо керемет комузубуздун күүлөрү жөнүндө саптар жүрөт да!

Кош бол аска, кош бол чоку,
Кардан чапан жамынган.
Кош бол ойдуң, кош бол суулар,
Күүлөр чертип агылган.

Кош бол тоолор, кош бол түндүк,
Тентип кетип барамын.
Кайда болсо элесиңди,
Так жүрөктөн табамын.

Кечирип кой, кетип барам,
Мен түбөлүк балаңмын.

*     *     *

Жүрөгүмдү таштап келдим,
Бийик-бийик тоолорго,
Кайберенге аралашып,
Кала берди зоолордо.

Калды жүрөк бийик тоодо
Эчки үркүтүп, бугу кууп,
Мен сенделип мында жүрөм,
Аккан жашка бетти жууп…

*     *     *

Комуздун күүлөрүндө да жогорудагыдай терең поэзия жатат. Жазылбаган поэзия…

«ӨЗ ОРДУҢДУ ТАБА БИЛ»

Япон туугандар ушинтип айтышат экен. Өз ордуң дегени — өз каада-салтың, өз ырың-сырың дегени да… Өз элинин асылдыктарын сүйгөн адам гана башка элдин асылдыктарын баалап түшүнө билет. Комуз жөнүндө, комузду черткендер жөнүндө көп-көп эле сүйлөгүм келет. Тынбай, талбай сүйлөй берсем дейм. Сөз гүлдөрүн чогултуп, комузга, комуз черткен мекендештериме арнагым келет…

Апрель. 2005-жыл.

One Reply to “ЖЫЛДЫЗЧА: «Кош бол ойдуң, кош бол суулар, күүлөр чертип агылган…»”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.