Америка жомогу: Көмүр үнөмдөп калуу

Бостондо эң алгачкы жолу темир меш сатыкка түшкөндө, аны сата турган адам элдин баарына мактайт: – Бул мешти сатып алган киши көмүрдүн жарымын үнөмдөп калат. Муну уккан бирөө айтат дейт: – Анда мага экини сатың, кыштан көмүрү жок чыккандай болоюн! Соболго собол Янкилер[1] соболго собол менен жооп береби деген талаштуу маселе чыгат. Атургай жаакташууга жеткенде, талашты күчөтпөө үчүн Жонатан деген билерманды чакырышат. Анысы да янкилерден экен көрсө. – Сизден сураныч, түз суроомо түз жооп айтсаңыз, – дейт талашка түшкөндөрдүн бирөөсү. […]

Кадыркул Даутов: Акындын акындыгы[1]

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган макала. … «Акынга мансап эмес, тагдыр керек». Акындык өнөрдүн улуу сырын, жападан жалгыз улуу чындыгын керт башы менен ачып чыгып, аларды өз чыгармачылык тажрыйбасы, өмүр өрнөгү аркылуу кашкайта далилдеп бере алган улуу адам гана ушинтип айталмак. Ар бир калем кармап ыр жазууга ниеттенген жаш акындыктын айныбас, ыйык эрежеси катары күтүнүп, өмүр бою бешенесине шам кылып карманып, бараткан багытын текшерип жүрүп отуруш үчүн табышталган бул акылман […]

Лао-цзы: элди сүйгөндөр кылар иши, салар кушу жок жүргөндөй көрүнөт

Акылман чектен чыккан бардык жорук-жосундан четтей алат. *     *     * Элди ээрчитиш үчүн өзүң элден чыкпа. *     *     * Өз табиятына таянган көп жашайт. А көзү өтсө да өзү унутулбаган – түбөлүк жашайт. *     *     * Акылдуу адамдын көлөкөсү көлөкөдө турса деле жарык. Ал өзү жөнүндө мактанбагандыктан кадыры бийик. Өзүн даңктабагандыктан – даңкы даңк, өзүн көкөлөтпөгөндүктөн көпчүлүктүн арасында улуудай урматтуу. *     *     * Акылманды илимдүү, илимдүүнү акылман дегенге болбойт. *     *     * Акылман чектен чыккан бардык жорук-жосундан четтей алат. *     […]

Темирлан Бейшенов: Сүйүү сагынган гүлдөр 

АҢГЕМЕ Гүл эжеге жолуккан күн эсимде. Ошол күн күз жамгыры аябай төккөн түндүн эртеси болчу. Айланада, бак-дарактарда, жалбырактарда, терезелерде, жолдордо көз жашка, шүүдүрүмгө окшоп тамчылар мөлтүрөп турган. Серүүн тарткан теребел жамгыр жыттанып, эрте күздүн салкын жели жүзүңдү аймалап, чачтарыңды учуруп, бут алдыңда жалбырактар каалгып, кусалуу сезимдер, жашоомо өзгөрүү, сүйүү эңсеген өзгөчө таң эле. Курулушта түнкүсүн иштечүмүн, таң эрте  жаткан батириме келсем, түндө биз менен чогуу жашаган  үй-бүлөдө чоң чатак болуптур. Алар уйку бербей, кошуналар полицияга арызданып чакырышып, келсем баарыбызды (кожойке […]