АҢГЕМЕ

Гүл эжеге жолуккан күн эсимде. Ошол күн күз жамгыры аябай төккөн түндүн эртеси болчу. Айланада, бак-дарактарда, жалбырактарда, терезелерде, жолдордо көз жашка, шүүдүрүмгө окшоп тамчылар мөлтүрөп турган. Серүүн тарткан теребел жамгыр жыттанып, эрте күздүн салкын жели жүзүңдү аймалап, чачтарыңды учуруп, бут алдыңда жалбырактар каалгып, кусалуу сезимдер, жашоомо өзгөрүү, сүйүү эңсеген өзгөчө таң эле.

Курулушта түнкүсүн иштечүмүн, таң эрте  жаткан батириме келсем, түндө биз менен чогуу жашаган  үй-бүлөдө чоң чатак болуптур. Алар уйку бербей, кошуналар полицияга арызданып чакырышып, келсем баарыбызды (кожойке жана полициялар) батирден чыгарып жатыптыр. Мен да кийимдеримди салыштыра баштадым. Дагы жакшы, болгон буюм-тайымым, кийимдерим тыпыйып бир сумкага эле батып, тез эле ордумду бошотуп чыгып кеттим.

Тааныштарымдан батир сураштырып, эч жерден таппадым. Бул шаарга келгениме бир жыл боло элек, саналуу гана тааныштарым бар болчу. Бир гана ой келди, жумушума жакын жерде, шаурма, самса алып жеген жерде Бегимай деген жаш кыз бар. Ошол кызга барып айтып, батир издеп берүүсүн суранып көрөйүн деп жолдон такси тосуп, сумкамды көтөрүп жетип бардым.

Барсам Бегимай  келе элек экен, ал жерден чай ичип күтүп тургуча  Бегимай келип калды. Ал-жай сурашып, абалымды түшүндүрсөм,  Бегимай азыраак ойлонуп турду да, тааныш-билиштерине телефон чалып, батир сураштыра баштады. Анын аз убакытта эле бир нече таанышына чалып батир сураштырып жибергенин карап туруп, аял кишинин эркектерден айрымачылыгын өз акылымда изилдеп баштагыча  Бегимай «таптым, бул номерге чал» деп салфеткага жазып колума карматты.

Батир мен билбеген райондо экен, убактылуу жашап турайын деп макул болуп, жазылган даректи көздөй жөнөдүм. Мен издеген батир ошол кичирайондун паркына жакын акыркы тогуз кабаттуу үй экен.

Эшикти татынакай келин ачты. Ал-жай сурашып, бир азга босогого туруп калдык. Мен бөлмөнү көрүүгө деле кызыкпадым.

— Мен сиздикине  дароо эле көчүп келдим…

— Ооба, Бегимай сенин келе жатканыңды айтты.

Экөөбүз ээрчишип бөлмөлөрдү аралай бастык.

— Биздин эң кенен бөлмөбүз.  Бул жерде эки эжекең эки баласы менен жашайт. Алар бир тууган эже-сиңдилер. Сен  бөлмөдөгү бешинчи адам болосуң, — деп мага залды көрсөттү. Ал жердеги менин ордумду, кийим илчү шкафты, ашканага чакырып муздаткычтан тамак-ашка жай көрсөттү.

Бөлмөлөрдү, ордумду көрсөтүп жүргөн жаңы кожойкеме, анын жанып турган көздөрүнө, назик үнүнө, кундуздай узун кара чачына, көркөм китептерде сүрөттөлгөндөй  ичке белине, келишкен аркар мүчөсүнө заматта арбала түштүм.   Сөздөрүн угуп баш ийкеп жатып, колдоруна карадым. Нике шакегин көрө албадым.

— Бул жер ванна, — деп ээрчишип киргенибизде, ванна ичиндеги күзгүдөн суу болгон жүзүмдү, иретсиз чачтарымды көрүп, ыңгайсызыраак сезген өзүмдү оңдоп-түзөп алдым.

Бул батирге келгенимде татынакай кожойке келин менен ар бир бөлмөнү көрккө бөлөп, жыты аңкыган түркүн түстүү гүлдөр көңүлүмдөн орун тапты. Өзгөчө жумуштан, шаардын ызы-чуусунан чарчап үйгө кайтканда  жандүйнөм эс алып, башкача сезимдердин курчоосунда калчумун. Кожойке келин жашаган бөлмө биз жашаган бөлмөдөн айрымаланып, өзүнчө эле гүл бакча.

Ар бир адамдын, аялзатынын колунан мындай ажары ачылган өзгөчө гүлдөр өсө бербесин ошол жерден билдим. Бөлмөдөгү ачылып, жыты буркураган гүлдөргө батирдегилердин баары суктанушчу. Колунан мындай сулуулук жаралган татына келинди мактай башташчу. Батирдеги кыз-келиндер «мен канча аракет кылдым, колуман гүл өспөйт» деп өздөрүн айыптап, татына кожойкеге көз артышчу.

Ошондон тарта татына кожойкеге «Гүл эже» деп өзүм ысым ыйгарып алдым. Ал эженин көздөрү жанып, жаңы чыккан күндөй жаркылдап турчу. Өзү да гүлдөрүндөй ачылып, болуп-толуп турган куракта эле. Анан дагы назик, мүнөзү жумшак, адамгерчиликтүү, адамды өзүнө тартып турчу сыйкыр күчү, бешенесинде  жылдызы бар ааламда аз кезикчү асыл жан болчу…

Көп өтпөй жумушумдан батирге  бөлмө беришти, бирок чыкпадым. Башка районго жумушумдан которулдум, бирок бул бөлмөдөн кетпедим. Жыттары аңкыган гүлдөр үчүнбү же балким бөлмөлөргө гүлдөрү менен кошо сулуулук, жипсиз байлаган сезим нурларын чачкан Гүл эжем үчүнбү, билбейм…  Балким, анын ажары билгизбей жүрөктү чырмап, азапка салган аялдык дүйнөсү, адамда жок бийик адамгерчилиги, сүйүү издегенсиген, сагынгансыган көздөрү же назик үнү, шыңгыр күлкүсү үчүндүр… Айтор, белгисиз сезимдерге байланып калдым. Гүл эжем менен гүлдөр мени сыйкырлап алышты.

Күн санап мурда эч көңүл бурбаган түрдүү гүлдөрдүн сыры ачыла баштады. Бала кезимден бери канчалаган терезелерден, ак, сары, кызыл гүлдөрдү канча ирет көргөндүрмүн, бирок баам салбапмын. Байкабапмын. Гүлдөрдүн назик болорун, алар да аялзатына окшоп ар түрдүү болуп назданып кубуларын, кубанарын, кайгырарын, кээде бакытка балкып ачылып, кээде чарчап-чаалыгып, ооруп, соолуп каларын билдим. Гүлдөр да үмүт менен бакытты, сүйүүнү күтөрүн билдим. Ар бир гүлдүн  ачылышын Гүл эжемдей мен да күтчүмүн. Таң агарары менен  гүлдөрдү карачумун. Алардын ар биринин атын да үйрөндүм. Гүлдөр тирүү жүрөктөй, сезим кылдарындай баарын билет. Ким кайсы адам аларга көңүл бурарын билишип, ал адамга назданып ийилип, бажырайып турушат. Аларды көрүп, «гүл жөн жерден аялзаты менен байланышта эмес экен да» деп ойлочумун. Гүл эжем ушул гүлдөрү үчүн көп жылдан бери бул үйдү батирге алып, көпчүлүк мигранттардай эле жашап, иштеп өмүр сүрөт.

Мен ал батирге көпкө туруп калдым. Күндөр айларга, айлар жылдарга алмашты. Мен күн санаган, «бул жерден качан кетем?» деген учурлар азыр кызыксыз, керек эместей. Жумуш ордум которулуп, башка өлкөлөрдөн мен жетпей жүргөн мүмкүнчүлүктөр кездешсе да кете албадым. Анткени мен издеп жүргөн жылуулукту, сүйүүнү, издегенимди ушул сыйкырдуу бөлмөдөн жолуктурдум.

Ажары төгүлгөн Гүл эжеме көп байкелер ашык болуп жүрүштү. Бирок Гүл эжем эч кимиси менен мамиле түзбөдү. Жалгыз тиреги болгон уулу бар. Ошол уулуна  үй салам деп иштеп жүрдү. Айылдагы оорукчан апасына көп санаа тартчу. Кээде мен интернеттен дары издеп таап, барып алып келип берген күндөрүм болду. Гүл эжемди жумушумдан келип эле издейм. Ал жок болсо дароо көңүлүм чөгөт.  Ага телефон чалууга түрдүү себептерди издей баштачумун. «Эже, менин буюмдарымды көрбөдүңүзбү?», «тамак жасап жатам, бир пияз же картошка алып турайын», же гүлдөр тууралуу (сугаруу керекпи) айтор, суроо тапчумун. Бул менин аны кызгануум, ага болгон купуя сезимим эле… Гүл эжем экөөбүз гүлдөрдүн ачылганын биринчи кимибиз көрсөк ошонубуз сүйүнчүлөчүбүз.

Гүл эжем өзү өстүргөн гүлдөрү, гүлдөрдүн тарыхы тууралуу көп нерселерди айтып берчү. Сүйүүнүн гүлү, акчанын гүлү, ийгилик алып келе турган, бакыт алып келе турган гүлдөр бар эле. Бир күнү ачылалбай жалбырактары күңүрт тартып турган гүлгө токтолду. “Бул «Эркек бактысы» (Мужское счастье) деген гүл. Гүлдөрдүн да сезимталын карабайсыңбы? Бактылуу, бирин-бири сүйүп өмүр сүргөн үй-бүлөдө, өзгөчө эркек адам бактылуу болгон үйдө бул гүл кыпкызыл болуп ачылып берет. Ал үйдөгү эркек адам кандайдыр бир кырсыкка учураса, бул гүлдөр да азаптанып, соолуп жок болот. Мага окшогон жалгыз бой аялга ачылалбай турат. Бул гүлгө канчалык кам көрбөдүм. Жакшы топурак сатып алып келдим. Керектүү азыктарынын баарын бердим. Күндө сугарам. Бирок ачыла албады” — деп тунжурады. Гүл эжемдин жүрөгүндө бир арман турду…

— Гүлдөр  кандайча жаралды экен? — деп суроо узаттым.

— Байыркылар гүлдөр бейиштен келгенин айтышат. Бул жалган дүйнөнүн адамдарынын карарган, кайгырган, азап тарткан сүйүүсүз жүрөктөрүнө кубаныч, жылуулук тартуулоого өсүп чыгышкан. Ошондуктан аял-эркек, чоң-кичине дебей гүлдөргө суктанышат. Гүлдөрдү жакшы көрүшөт. Азда болсо жүрөктөргө гүлдөр жакшы сезимдерди тартуулайт. Булганган сезимдерден тазалайт. Алар бейишти эске салат. Бейиш жыттанат. Гүлдөрдөгү кызыл өң – төгүлгөн кан экени да уламыштарда бар.

Эстен кеткис сонун күндөр көп болду. Гүл эжем гүлдөргө суу куюп, анан алардын жалбырактарын нымдалган жумшак кездеме менен аарчып чыкчу. Мен бажырайган гүлдөрдүн жалбырактарын кармап берчүмүн. Жалбырак кармап берип жатып, анын колдору менин колдорума тийгенде жандүйнөм балкып кетчү. Андай бакытка чулганган ирмемдерди күтчүмүн. Анын гүлдөргө төгүлгөн асылзат мээрими, көз ирмеми мени да жылытчу. Менин да дене-боюм балкычу.  Бир саам ага тигилип туруп калган учурда, «бол, тез-тез кыймылдасаң», туура эмес кыймылдасам, копол болсом «көк мээ» деп мени урушуп койчу. Анын «көк мээ» деген төл сөзү бар эле. Гүл эжем ар тарабы куп келишип, тез-тез кыймылдап, үй тирчилигине таза, тамакты да даамдуу жасачу. Ал гүлдөргө ар түрдүү дарыларды, витаминдерди суу менен чачыратчу. Адамдын жандүйнөсүндөй гүлдөр дагы жүрөктү «дүрт» эткизген, муңканган классикалык музыканы жактырарын, ал музыканы уккан гүлдөр мурдагыдан да кулпуруп өсөрүн айтып калчу. Анан кээде жүрөктү сыздаткан классикалык музыкаларды коюп койчу. Гүл эжем гүлдөрү үчүн койгон сыбызгыган, кайгылуу музыка гүлдөрдү эле эмес, менин да жандүйнөмдү эс алдырып, кыялдарга жетелечү. Гүл эжемдин койгон, уккан музыкалары аркылуу анын көкүрөгү, сезимдери, тулку бою сүйүү издеп, сүйүү күтүп, сүйүү сагынып турганын сезер элем. Гүл эжем менен кошо кыпкызыл, жыттуу, жагымдуу гүлдөрү да сүйүү күтүп, сүйүү сагынгандай туюлчу…

Бир ирет Гүл эжем экөөбүздүн ортобузда мындай маек болду.

— Мага сиздей эле аялзаты болсо эч нерсеге карабай үйлөнмөкмүн…

— Болот, сен эми гана 24 жашка чыктың… Сен жакшы жигитсиң,  боорукерсиң, түшүнүктүүсүң, анан дагы келбеттүүсүң. Жакында мандайыңа жазылган периштеңди жолуктурасың…

— Сизди мен эң жакын адамымдай эле көрүп калдым. Үч жыл сиз менен чогуу жашапмын.

— Ооба, мен да сени бир тууганымдай эле көрөм. Орусияда бир батирде жашаган адамдар бири-бирине көнүп, ысык көрүнүп калат. Алар иштен кечиксе тынчсызданасың. Издейсиң, телефон чалып сурайсың…

…Бирок мен даап айталбадым. Жай турмушума бүлүк түшкөнүн, ал үчүн азап тартып, сүйүү өртүнө күйүп  жүргөнүмдү ачыкка чыгара албадым. Ага болгон ашыктыгым, арзуум  дагы жүрөктө катылуу бойдон калды.

Бир күнү Гүл эжем жадырап-жайнап алыптыр. Ал кийген гүлдөрү бар көйкөлгөн узун көйнөгү тулку боюна куп жарашыптыр. Андай кооз көйнөктү мен Орусия жергесиндеги бир да аялзаты кийгенин көрбөпмүн. Жүрөккө дагы чок салып, мени суктандырган ал көйнөгүн Гүл эжем Кыргызстандан эле кийчү экен. Көйнөк Гүл эжемдин келбетине сонун отуруптур. Гүлдөрү да бир укмуш көрүндү.

— Эже, эмне мынча жасанып, бүгүн  өзгөчө күнбү?

— Мен көп айлар бою күткөн гүлүм гүлдөдү. Ошондуктан маанайым сонун. Азыр дүкөнгө чыгам да, өзүмө жана гүлдөрүмө азык, витамин алып келем.

“Алда менин Гүл эжем ай! Гүл үчүн да өзүн шаңга бөлөгөн, кандай аруу, жандүйнөсү баладай таза жансың” деп ичимден Гүл эжеме арзуум  мурдагыдан да арта түштү.

Бир күнү мен Гүл эже жакшы көргөн, издеп жүргөн гүлүн заказ менен издеп таап, алыскы Европадан алдырып, кооздоп таңгактап, белек кылуу үчүн үйгө ашыгып келдим. Үйдө тааныбаган адамдар коридордон мени тосуп алышты . Сурасам Гүл эжем турмушка чыгып, бардык тааныштарын, билген дос-туугандарын үйгө чакырып, чакан той башталыптыр…

Ал жаңылыкты уккан убагымды, ошол абалымды эстегим да келбейт. Үстүмөн муздак суу куюп жибергендей болду. Бөлмөмө кирип кете албадым. Ал бөлмө чоң зал болгондуктан, мен жаткан жерде досторкон жайылып, коноктор отуруптур. Гүлүмдү  коридордун текчесине коюп, сыртка чыгып кетүүгө шаштым. Гүл эже мени чакырып, токтотуп калды, бозоргон жүзүмө таңгалычтуу тигилди.

— Жумуштан келдиңби? Ден соолугуң жакшы элеби? Ооруп калган жоксуңбу? — деп жалооруй көздөрүмө тигилди. “Менин иним” деп кучактап, конокторду көздөй мени жетеледи.

— Менде баары жакшы. Жумуштан азыр келдим. Үйдө конок бар экен, сыртка жүрүп келсем дегем…

— Кой антпе, жүр үйгө кир, сени баарыбыз күтүп жатабыз.  Анткени мен сени конокторума “менин жакын иним бар” деп таныштырайын дегем.

Гүл эжем мени колумдан сүйрөп залга алып кирди. Баары менен таааныштым . Гүл эжем тийген, ага ашык болгон байке менен да тааныштым. Жактыра бербедим.  Өзү да, сөзү да жакпады. Кызарып мас болуп калыптыр. Көп байкелердин арасынан эмнеге ал адам кызыктырганы таңгалычтуу эле. Коноктордун сөздөрүнөн баамдадым. Көрсө, Гүл эжемдин айылдашы, классташы экен. Тамагымдан эч нерсе өтпөдү. Азыраак отуруп чыгып кеттим.

Жумуштан кийин чарчап турганыма, сыртта себелеп жаан жаап турганына карабай, көчөлөп көпкө жүрдүм. Кийимимдин суу болгонун да сезбей, бары-жогумду унутуп, буулугуп ыйлагым келип, бир кызыктай абалда болдум. Бул турмуштун, тагдырдын мага кезиккен биринчи соккусу экенин кийин билдим.

*     *     *

Ал байке ичип чыр-чатак чыга баштады. Кежир неме экен. Үйгө келбей калчу. Гүл эжем капа болуп жүрдү. Кээде чаң жугузгусу келбей, күйөөсү тууралуу айтып калчу. «Мектепте ал баарынан жакшы окуган, жылдыздуу да бала болчу. Кыздардын баары суктануу менен карачубуз. Мамиле курган кыздар өзүнчө эле бактылуу жанга айланчу. Мектепти аяктап уядан учкан соң, өз күчү менен жогорку окуу жайга өтүп, бир кезде зыңгыраган жигит эле. Жаштык кезиндеги ийгиликтери көптүрдүбү же көз тийдиби, кийинчерээк ичимдикке көбүрөөк берилип алыптыр. Үй-бүлөдөн да жолу болбоптур. Болбосо эмне деген күчтүү адам чыкмак! Эми да кеч эмес» деп мактап да, үшкүрүп да калчу. Бирок анын кайгысын мен көздөрүнөн билчүмүн.  Ал эч качан жүзүнөн кыйналганын, капаланганын адамга көрсөтчү эмес.  Жүзүнөн нур жанып, күлүп, жылмайып, батирдегилер менен ошондой мамиледе болуп жүрдү. Кайгырып, жүрөгү ооруп турса да жадырап жүргөнгө кандай эрк, күч керек! Батирдегилер баарын билишсе да, ар ким өз тирлиги, өз түйшүгү менен.  Бөтөн эл, бөтөн жерде өз көйгөлөрү жетиштүү болгондуктан, эч кимдин бири-бири менен иши жоктой. Гүл эжемдин күйүтүнө мен гана күйүп жүрдүм. Бир чети күйөөсүнүн кеткенине, жоголгонуна  сүйүндүм. Көп болсо үч-төрт күн жоголот, кайра баягы көрүнүш, чыр-чатак… Бөлмөдө жашагандар башка батир издеп чыгып кете башташты.

Ал күн да эсимде. Мен келсем мас болуп келжиреп ар нерсени сүйлөнүп жатыптыр. «Деги эле аялдарга ишенип болбойт, ушунча Орусиялап соо жүрдүңбү? Мени «ичпе» дегендей сен кимсиң? Каалагандай жүрөм. Кааласаң жаша, каалбасаң өзүң бил. Ойношторуңду киргизип ал. Эчак эле айылда сен тууралуу түрдүү сөздөр тараган. Сен жылмаңдап эркектерге башкача күлүп карайсың…». Ал былжырап жатты. Дабышы катуу чыккандыктан, баарын угуп босогодо турдум. Же алдыга же артка кадам таштай албай, кайчылаш коридордо калдым. Барып бир муштагым келди. Байке басалбай терезедеги гүлдөргө таянып жыгылгандай болду. Гүлдөрдүн идиши сынгандай болду. Ошол мүнөттөрдө жаш жүрөгүмө, таза көңүлүмө, таза дүйнөмө жек көрүү деген кара нерсе пайда болду.

Өмүрүмдө биринчи жолу ошол байкени жек көрдүм.  Биринчи жек көргөн адамым болду. Алгач ирет адамды жек көрүүнү, адамдардын жакшы-жаманга бөлүнүшүн билдим. Өч алгым келди. Гүл эжемди капа кылганына, анын гүлдөрүн сындырганына колун сындырып койгум келди…

Эшигин такылдатып бөлмөсүнө кирип барсам, эже терезени карап ыйлап  отурат. Гүлдөрдүн идиши сынып, топурактар төгүлүп жатыптыр. Байке «ким?» дегендей мени карап, «иий братишка, не болду?» деди тили булдуруктап. Турууга аракет кылып жактанда, мен барып тургуздум.

— Байке, мас болуп калыпсыз. Жүрү эс алыңыз.

— Ооба братишка, мен масмын. Муногу эжең капа кылды… — ал сүйлөп жатты. Калган сөздөрү түшүнүксүз.  Бөлмөдөн алып чыктым да өз бөлмөмө киргизип, «ушул жерге эс алыңыз» деп жаткыздым.

—Суу берчи, братишка? — деди.

Суу алып келдим. Ичип жатып менин ордума кулады. Өзүмдү араң кармандым. Былчылдатып ургулагым келди. Сабап салгым келди. Кайра Гүл эжемдин бөлмөсүнө бардым, эжем дагы эле терезени карап ыйлап отуруптур. Мен  гүлдөрдү жыйнап, аларды кайра идишине салып, топурагын колум менен чогултуп жатканда, ал да туруп мага жардам берип жатты, колума көз жаштары тамып жатты. Ошол мүнөттөрдө жүрөгүм бырчаланып турду.

— Эже, ыйлабаңыз. Ажырашып кетиңиз. Сыртка чыгарып таштайынбы? — дедим.

Эжем унчукпады. Анан туруп текчеден ак бинт алып, сынып калган чоң гүлдүн сабагын мага «карма» деп сунду. Мен гүлдүн сабагын кармадым. Гүл эжем  гүлдүн сынган сабагын ороп, башка идишке салып, аны текчеге кайра койдук. Анан суу алып келип куйдук. Мен ойлуу отурдум, эже жердеги топурактарды чаң соргуч менен тазалады.

— Сенин курсагың ачкандыр, кел, тамактаналы? — деди.

Гүл эжемдин жаш алган көздөрү күлмүңдөй түштү. Эч нерсеге алмаштыргыс мага жакын, мен сүйгөн көздөр. Жүрөгүмдү азапка да, сүйүүгө, кусага батырган көздөр. «Жок» дей албайм го. Экөөбүз бирге тамактандык. Эже менин жумушумду сурап, өз иштерин айтып, көпкө кобурашып отурдук.

— Сен азыр жашсың, иним. Көп нерсени түшүнбөйсүң. Мага, менин жашоомо көңүл бурбай эле кой. Баары жакшы болот. — Бул сөзү менен өзүн өзү жооткотуп, анан ойлуу терезени карады. Сырттагы каалгып түшүп жаткан жалбырактарга муңайым көздөрү тигилди.

— Кантип баары жакшы болот? Неге өзүңүздү кыйнап, азапка саласыз? Баарын түшүнүп туруп неге андай дейсиз? Сизди капа кылып жатса, мен карап тура албайм. Мен андай эркектерден эмесмин! — Ордуман туруп жатып, — сиз мен үчүн бөлөк эмессиз, мен жаш эмесмин, мен баарын билем, — деп чыгып баратып корсулдап, эшикти катуу жаптым. Негедир ызаланып кеттим.  Бул сөздөрүмдү анын көзүн карап айта албадым.

Өз бөлмөмө башбагып, уктап жаккан байкени көрүп, көңүлүм айнып кетти. Сыртка чыгып кеттим. Көпкө басып жүрдүм. Мунун баарына өзүмдү күнөөлүү сездим. Эже турмушка чыкычакты эле «жакшы көрөм» деп үйлөнүүнү сунуштабаганыма,  дагы эле «жакшы көрөм, сизди сүйүп калдым» деп айта албаганыма өзүмдү бош, эрксиз, мокок адам катары сездим.

Ошол алгачкы биз таанышкан, мен батирге жаңыдан көчүп келген күндү эстедим. Анда ушундай күз мезгили болчу. «Сага төшөнчү жок» деп экөөбүз жалбырагы төгүлгөн паркты аралап, ээрчишип дүкөнгө барганбыз. Мага төшөнчү, шейшеп алып берген. Бул Гүл эжемдин мага болгон алгачкы камкордугу, жылуулугу эле.

Адаттагыдай бүгүн да күз менен сырдашып, көчөлөп көпкө жүрдүм. “Мен сизди үч жылдан бери жакшы көрөм. Биринчи көргөн күнүмдөн бери”. Жинди болгон адамдай Гүл эжеме айталбаган сөздөрүмдү күзгө айтып жаттым. Күз мени аягансып муздак жели жүзүмдөн, чачтарымдан сылап жатты.

*     *     *

Менин жаштыгымбы, курчтугумбу, негедир ошол күндөрү ал байкеден өч алгым келип жүрдү. Сүйүүнүн азабынан кыйналып кеткенде ал байкени өлтүрүп салгым келчү.  Гүл эжемдин төгүлгөн көз жашы үчүн, сынган көңүл үчүн, азап тарткан сезимдер үчүн, гүлдөр үчүн өч алгым келчү. Ичип жумуштан айдалган байкени өзүм иштеген курулушка жумушка орноштуруп алдым. Жумушка орношкон күнү эле «айлыктан берем братишка, арак алып бер» деди. Алып бердим, эртеси да «алып бер» деди, алып бердим. Ичкен орус дос аял таап алса керек, бөтөлкөнү койнуна салып алып үйгө келбес болду. Мага бул жоругу жакты. Ага атайын акча бөлүп, күндө арак алып берип жүрдүм. Кээде жумушка келбей, кээде кечигип, жумуштан да чыгарып ташташты. Бирок кечинде менден арак өндүргөнү кайдан-жайдан пайда болуп, алдымдан тосуп чыкчу болду. Кээде жанында селсаяк орус, кыргыз алкаш достору менен келчү. Мени «жакшы көргөн иним» деп аларга мактана кетчү. Гүл эжем бир-эки жолу күйөөсү тууралуу аябай  сурады. «Иштеп жатат, жумуштан кийин билбейм кайда кеткенин» деп койдум. Мага келжиреп сүйлөп, Гүл эжемдин жүрөгүн оорутуп үйгө келбегени эсеп эле. А балким Гүл эжеге болгон кызганычым болгондур…

Байке «айлык алсам барам, эжеңден кечирим сурайм. «Айлык алса барам деди» деп кой» деп өзү да ошол күндөрдөн үмүттөнүп жүрдү. Эжеге болсо акыркы убакта баары бир болуп калды. Үмүтү үзүлүп, тилектери бырчаланып калгансыды. Кийин сурабай да калды.

Айылдан “атаң ооруп жатат” деген кабар келгендиктен, мен айылыма кеттим. Атамдын жүрөк оорусу бар эле, Ош шаарынан борборго которуп карап, үч айдай  Кыргызстанда жүрүп калдым. Эжеге телефон чалып, жазып жүрдүм. Бир күнү кабар болбой калды. Телефону өчүк болуп, кат-кабар келбей ың-жыңсыз жок болду да калды. Ойлорум бир атамда, бир Гүл эжемде болуп, санаа тартып жүрдүм. Атам сакайып, үч айдан кийин Орусияга кайра кайтып келдим. Эженин күйөөсү каза болуп, анын сөөгүн жеткиришип Кыргызстанга кошо кетиптир. Эже батирлеген үйдү башка кыргыздар алып калышыптыр.

Жумушка орношуп, бир жумадай иштедим. Орусияга шашып келгеним менен Гүл эжем жок эч нерсеге көнүлүм чаппай жандүйнөм аңгырап, бул шаарда жападан жалгыз калгандай сезимде жүрдүм. Шаар аралап эже менен баскан, чогуу барган гүл базар,  мага кийим алганы барган дүкөндөр жолумдан учураган сайын өткөн күндөр эске түшүп, ошол ирмемдерде ал эжемди чын сезим менен жактырып калганымды сездим. Көп кыздардын жүрөгүнө чок салып, көп эле сулуу кыздар менен мамилем болгон. Бирок алардын бири үчүн да мынчалык жүрөгүм ооруп, мынчалык алар үчүн азап тартканымды эстей албадым. Баарын түшүндүм. Анан эжени издөөгө Кыргызстанга  барууну чечтим.  Билет алдым. Автоунаасы бар досум узатып, аэропортко жеткизди. Учууга  каттоодон өтүп жатып аэропорт ичиндеги ар бурчта турган гүлдөрдү көрүп, Гүл эженин, Гүл эжем баласындай бапестеп караган гүлдөрүн эстедим. Эки ача ойдо бир аз тунжурап турдум да, бир чечимге келдим. Досума:

— Мен азыр учпайм. Кайра шаарга кеттик, — дедим.

— Сага эмне болду, дос, акылың жайындабы?

— Жок, жайында эмес, бол кеттик!

— Досум, билет күйүп кетет да?..

— Мен күйгүчө билет күйсүн!

Досум менен шаарга келип,  жүк ташыган машинасы бар башка досума бардым. «Шаарга жүк ташып иштеп турайын» деп достукка салып алдап, анын машинасын сурап алдым. Жүк машинаны айдап, эртеси кечкурун мурун мен жашаган, Гүл эжем жашаган батирге бардым. Батирдин жаңы ээси «эжең гүлдөрдү мага таштаган» деп бергиси келбей чырылдагагына карабай, «Кыргызстанга алып кетем, мен болду кайра келбейм» деп көгөрүп баарын жүктөдүм. Мурда чогуу жашаган байке менен мен курактуу эки бала жардам берди. Тепкич ылдый түшүп баратышып өздөрүнчө «акылы жок экен, Кыргызстанга керектүү нерсе алып кетпейби» деген сөздөрүн кулагым чалып атты. Мени менен чогуу келген досум сурап калды:

— Бул гүлдөрдү каякка алып барасың? Машина сурап, неге эле учуп калгансың десе жумуш бар экен да…

Мени сүйүү учуруп жатканын, сүйүүм үчүн күрөшүп ушундай кадамга барып жатканымды ал кайдан билсин.

— Үч күн жакшы иштеп алып, кайра жекирип бер, ээ?

— Үч күн деп убада бере албайм, досум. Мен Кыргызстанга кетем.

— Жинди болбочу, досум! Бул машина Кыргызстанга жетпейт, жолдон бузулат. Казакстандын жолунда каласың. Деги сенин акылың жайындабы? — Досум мени айнытыш үчүн көп нерселерди айтты. Акыры көнбөсүмө, көктүгүмө көзү жеткенде сөгүнгөн бойдон басып кетти. Жүк машина, гүлдөр менен жалгыз калдым.

“Кычыраган кыштын күнү кантип гүлдөрдү үшүтпөй кыргыз жерине жеткизем?” деген ой эми келди. Интернеттен жарыяларды көпкө карадым. “Жүк машина жылуулайбыз” деген дарекке барып, машинанын ичин гүлдөр үшүбөй тургандай  кылып жылуулап, жакшы текче жасап, эртеси Кудай деп жолго чыктым.

Гүл эжемди кандай болсо да издеп табам. Бапестеп багып, бир бутагы сынып калса да, гүлдөрүнүн таажылары түшө баштаса да жүрөгүн оорутуп кейиген, баардык жакшы нерселерин гүлдөрүнө арнаган Гүл эжеме гүлдөрүн жеткирип, канчадан бери айталбаган сүйүүмдү айтып, анан бул шаардан башка шаарга же бөлөм чакырып жаткан Кореяга кетсем деп план түздүм. Бирок, Гүл эжемди бир ирет болсо да көрүшүм керек. Анын күлмүңдөгөн көздөрүнө тигиле карап, назик колдорунан кармап, арзуумду, махабатымды айтышым керек деп чечтим.

Чек арада орустар жүктөлгөн гүлдөрдү көрүп таңгалып  жатышты.  Казактардын чек арасында “акылынан адашкан, гүлдөрдү көчүрүп бараткан биринчи кыргыз” деп күлүштү. Унчукпадым. Мен гүлдөр менен кошо сүйүүмө, махабатыма бара жатканымды алар кайдан түшүнсүн.

Жолумдан оңой эмес күндөр күтүп алды. Бороон-чапкындан карлар учуп, боз туман каптап, ташбакадай кыбырап эптеп айдап бараттым. Ал аз келгенсип, досум айткандай эле Казхстандын чөлүндө Чу өрөөнүнүн жолунда машина бузулуп, бир топ күн жаттым. Баардык оюм гүлдөрдө болду. Ушунча азап, мээнет менен баратып, гүлдөрүмдү үшүтүп же суусуз соолутуп албасам болду деп санаа тарттым.  Биринчи кезекте эле гүлдөргө суу издеп табуу эле. Бир чакырымдай алыстыкта ашкана бар экен. Орусияны көздөй бара жаткан жүк ташуучу машинанын айдоочусуна жалдырап жатып, гүлдөрдү ал ашканага жеткирдим. Ашкананын ичи жыпжылуу экен. Кубанып кеттим. Ал жакта иштегендерди көндүрүп, гүлдөрдү жайгаштырып, сугарып койдум.

— Бул ушундай кымбат баалуу гүлдөрбү? — Ал жакта пол жууп, тазалап жаткан эже кызыгып да, таңгалып да суроо узатты.

— Ооба, абдан баалуу, долларга да сатылбай турган гүлдөр. Эже гүлдөргө жакшы кам көрсөңүз, ээ?

Курсагымды тойгузуп, гүлдөрүмдү жакшылап дайындап коюп, машинамды көздөй жөнөдүм. Учу кыйырсыз чексиз талаа. Талаа эмес чөл. Тынбай кар учуруп, бороон улуйт. Бул жердин бороонун, шамалынын өзгөчө добушу, обону бар экенин баамдадым. Кыбыр эткен тирүү жан жок. Күн жакшы жылыган учурда машинанын бузулган жерин чукулайм. Күн бою жолдон болгону 3-4 жүк машиналар өтөт. Аларды токтотуп  жаттым, ар кимиси акыл, кеңештерин айтып, машинаны оңдошуп, ачкалыгымды байкашып, тамак таштап кетип жатышты.  Каңгыраган чөлдө жапжалгыз коркунучтуу түндөр да өттү. Жырткыч келип кол салчудай же дагы бир коркунуч болуп кетчүдөй көөдөй капкараңгы түндөрдүн өтүшү азап болду. Асман ачык болуп, жылдыздар көрүнүп калса кубанам. Ар кандай ойлорго чөмүлүп, Гүл эжемди ойлоп жатып таңга маал гана жакшы уктап кетем.

Үч күндөн соң машинаны араң оңдоп, гүлдөргө, баягы ашканага бардым. Гүл эжемдин гүлдөрү бул ашкананы да көрккө бөлөп коюптур. Гүлдөрдү жүктөгөндө бир нерсе кемигендей, жетишпегендей боло берди. Санасам чын эле бирөө кем экен. Ашканада иштегендерден сурасам, баары эле ийнин куушурат. Алардын гүлдөрдү караган акысын деле жакшы төлөп бердим эле, минтип бир гүлүм кемигени кейитти. Башымды мыкчып шалдайып отуруп калдым. Ошондо мага боору ачыдыбы, ашпозчу келиндердин бири:

— Пол жууган Асия эжеден сурап көрүңүзчү? “Акча чакырат, аба тазалайт”  деп бир гүлгө аябай кызыгып жатты эле…

Асия эжеге чуркап бардым.

— Асия эже, акча чакырган гүл кайда? Эже, сиз билесиз, айтыңыз..

— Мен билем, уулум. Гүлдөрүңдү үч күн жакшы карадым го, акысына таштап кет ал гүлдү?

— Жок эжеке, таштай албайм… Мен өткөндө эле айттым го, ал гүлдөр долларга да сатылбайт. Алар мен үчүн баа жеткис гүлдөр…

— Жок иним, мен ал гүлдү үйүмө жеткирип койгом. Ушул гүлдөрдү эле Кыргызстаныңа  соолутпай жеткирип алсаң жыргайсың. Аны мага калтыр…

Эженин гүлдү берер ниети жок. Ырымдап алыптыр. Мен да капчыгыма ырымдап, артынан акча келсин деп чакырган жүз долларды эстедим. Аны дароо Асия эженин колуна карматтым. Жүз долларды көргөн эже күлүп жиберди. Күйөөсүнө чалып, үйүнөн гүлдү алдыртты. Ал гүл калып калса Гүл эжеме жетпей калчудай мен ырымдап отургам. Гүл келгенде гана баары ордуна келгендей санаам тынчып, ашканада иштеген казак туугандар менен жакшы коштошуп, жолго аттандым. Бир топ кыйынчылыктар менен Бишкекке жеттим. Бишкектен жүк машинамды жакшылап оңдоп алууга акчам жетпей, айылдан апаман Бишкекке акча салдырып оңдоп, гүлдөрүмдү сергитип, суу, витамин берип, Ошко сапар алдым. Жолдон МАИ кызматкерлери тосуп, эмне алып бара жатканым көрүшүп, бир гүлдөргө, бир мага карап, “акылы жайындабы?” дегенсип, анан “кете бер” деп жатышты.

Ошко жеткенде гана эженин кайсы район, кайсы айылдан экенин билбегенимди билдим. Анан өзүнчө кабина жаңыртып каткырып күлдүм. Күзгүнү карап алып күлдүм. Күзгүдөн өзүмдү көрүп чочуп да кеттим. Таанылгыс болуп, Робинзон Крузо болуп калыптырмын. Ош шаарындагы жол жээгиндеги ашканга токтоп, тамактанып, сакал-мурутумду алып жуунуп, гүлдөргө Кара-Буура суусун берип,  анан эженин дарегин билүүгө Орусияга чалдым. Менин Гүл эжем Кара-Кулжа районунан экен. Быссмылда деп Иляздын ырын ырдап, жол улап бараттым.

*     *     *

Гүл эжемдин дарегин таап, үйүнө келсем үйүндө жок болуп чыкты. Шаарда иштеп жаткан экен.. Апасы менен учурашып, гүлдөрдү түшүрдүк.  Үйдүн чоң эки бөлмөсү ажайып гүл бакчага айланды да калды.  Анан апасы экөөбүз кобурашып отурдук, мага чай, тамак берди, он күн бою жол жүрүп чарчап, эзилген экем, ордумда эч нерсе билбей уйкуга кетиптирмин.

Жүзүмдөн сылаган назик колдор мени ойготту. Көзүмдү ачсам мага тааныш, мен издеген, мен сагынган көздөр мага тигилип туруптур. Бетимден өптү. Гүлдөрү үчүн аябай кубанып алыптыр. Ыраазычылыгын айтып түгөтө албай жатты. Бир эрдик жасагандай мен да эженин алкоосуна балкып отурдум. Божурашып аркы-теркини көпкө сүйлөштүк. Кетеримде “эртең конок болуп кет. Аш кылам, сөзсүз кел” деп чакырды.

— Эртең келем, бирок уулуңуз, апаңыз үйдө болсо кичине ынгайсызыраак экен…

— Ооба, биз өзүбүз элебиз, башка эч кимим жок, агам шаарда, уялбай келе бер!

— Сөзсүз келем, сөз берсеңиз?

— Ооба, сөз берем, айтканыңдан кайтпаган шумдук кыялың  бар. Аны да билем, — Гүл эжем сүйүү жанган көздөр менен карады.

Үйгө капыстан барганым баарын таңгалдырды. Менин он чакты күндөн бери кыйналып, Казакстандын жолунда калып келгенимди угушканда ого бетер кейип, бир таңгалып отурушту. Атам менен кеңешип, баарын – үч жылдан берки Гүл эжеме болгон сезимим бар экенин, жактырып калганымды айттым. Атам көпкө ойлуу отуруп анан сөз баштады:

— Уулум, сени мурдагыдай эле, бала кезиңдей эле көрүп жүрсөм, сен эчак бой жеткен турбайсыңбы! Балам, сенин бул жигиттик сапатыңа баа берип отурам. Сени көрүп менин да жаштык кезим эске түштү. Өмүр, жашоо деген бир келет. “Атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башта бар” дегендей, өмүрүңдү өзүң үчүн жашайсың. Бакыттын даамын өзүң татасың. Көп адамдар өз сүйүүсү үчүн күрөшкөндү биле бербейт, “эл эмне дейт?” дешет. Ар кимдин сөзүн угушат. Анан акырында өздөрү бактысыз бойдон, бир келген өмүрлөрүн текке кетиришет. Менде да сендей учур болгон. Сенин апаңды бир көргөндө жактырып калгам. Абдан татынакай, назик жан эле. Биздин айылдагы таежесиникине шаардан келчү. Мен жактырып калдым. Сүйүүмдү арнадым. Бирок, менин жолумда каршылыктар, тоскоолдуктар көп болду. Досторум, сенин чон ата, чоң апаңдар карандай каршы турушту. Топурактарын түйүп берем дегенге чейин барышты. Алардын каршылыктарын угуп, апаң дагы каршы чыгып, башкага турмушка чыкмак болуп, баарынын быт-чыты чыккан күндөр болду. Борборго барып дудуктардын тилин үйрөнүп, жаңсоо менен болгон арзуумду тушүндүрдүм. Ошентип баардык каршылыкка карабай биз баш коштук. Апаң абдан сонун келин болуп чыкты. Чоң атаңдар алгач каршы болгону менен кийин келинине ыраазы болуп баталарын беришти. Силерге окшогон уул-кыздардын ата-энеси болдук. Бактылуу өмүр кечирдик.  Сенин да сүйүү үчүн күрөшүңө баа бердим. Уулум, сен бактылуу болосуң! Сүйүктүүң менен бактылуу өмүр кечиресиң… — Атам далымдан таптап кучактады.

*     *     *

Эртеси кучак толо кыпкызыл роза гүлдөрүн, Гүл эжемдин тогуз жаштардагы уулуна таттууларды алып, алардын үйүн көздөй ашыктым.  Гүл эжем да мурдагыдай кулпуруп ачылып, көйкөлгөн кооз көйнөктөрүнүн бирин кийип, дасторконун толтуруп, даярдап коюптур. Жаңы эле дасторконго отурганда “сөзүм бар эле” деп башка бөлмөгө чакырдым. Гүлдөр турган бөлмөгө кирдик.

Бул кылымга айланып кеткенсиген мен күткөн ирмемдер эле. Чөгөлөй калып, алтын шакектин кутучасын ачып, колун сурадым. Сүйүүмдү айттым. Ага болгон жылуу сезимимди айттым. Гүл эжемдин көздөрүнө жаш айланды. Мени ордуман тургуза калды.

— Мен жаш кыз эмесмин, баарын билем. Сезимдериңди мурда эле байкагам. Мени жакшы көрөрүңдү ошондо эле сезчүмүн. Сүйүү үчүн күрөшкөн сендей жигит болсо деп бир кездери кыялданчумун. “Сунган колду сумсайтпа» дечү беле, мен шакегиңди алам, бирок кеңешели. Сен али үйлөнө эле жигитсиң. Сенин ата-энең каршы болот ко?..

— Ата-энем каршы эмес. Алар баарын билет. Сиз үчүн гүлдөрдү алып келгенимди да, үч жыл бою сиз үчүн азап тартып жүргөнүмдү да билишет…

— Аттигиниң! Жигиттердин баары эле сендей өз сүйүүсү үчүн күрөшкөндү билсе кана? Сенин сүйүктүүң болгон мен кандай бактылуу жанмын! Сен мени жакшы көрөрүңдү экөөбүз гүлдөргө суу куйганда билгем. Мага чалып кызгана берериңди да билгем…

— Чын элеби? А мен мокок болдум. Айталбай канча убакытты текке кетирдим?..

— Убакыт баарын өз ордуна коёт. Кудай баарын бешенеге жазып коёт…

— Баса, ата-энем эшикте машинада отурушат.

— Ой кантип?! Сен кызыксың го! Жиндисиң го! Үйгө киргизели… — Гүл эжем көздөрүнө жаш алып, шашкалактап калды. Мен бул мүнөттөр үчүн канча кыйналдым. Азап тарттым. Жалгызсырадым. Аңгырадым. Гүл эжемди биринчи ирет, алгачкы ирет сүйүктүүм катары өзүмө имере тартып кучактадым. Жүзүнөн сүйдүм. Бизди суктанып гүлдөр карап турушту. Сүйүү сагынган, сүйүү издеген гүлдөр, сүйүү күткөн гүлдөр биздин сүйүүбүзгө күбө болуп сеңселип, кубанып, ыргалып турушту.

Красноярск, 2016-жыл

One Reply to “Темирлан Бейшенов: Сүйүү сагынган гүлдөр ”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.