Корей эл жомогу: Илгери-илгери каптаган сел

Топон суу элдин баарын жалмаптыр. Болгону эки тирүү жан калат – агасы менен карындашы. Экөө жатындаш экен. Ал экөө эң бийик тоонун чокусуна чыгып кеткен үчүн гана аман калышыптыр. Ошол тоонун бийиктиги деле Түндүк Кореядагы 2500 метр деңиз деңгээлиндеги Куу-Чоку тоосунан кем калышпаптыр. Суу тартылып болгон кезде гана кыз менен бала жакага түшүп келишет. Бирок эч бир тирүү жанга кезигишпейт. Эми эмне болот деп баштары катат экөөнүн – адамзат тукуму ушуну менен үзүлүп тынабы?! А агасы биртууган карындашына баш кошконго […]

Гурбанназар ЭЗИЗОВ: Табыт

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Гурбанназар ЭЗИЗОВ – түркмөн элинин 20-кылымдагы классик жазуучуларынын бири. О.э. ал Түркменстандын эл жазуучусу жана Махтумкули наамындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Бүгүн биз анын «Табыт» аттуу чакан аңгемесин замандашыбыз Азат Жапарбектин котормосунда жарыялайбыз. Аңгеме Чоң атамдын узунча келген боз табыты бар эле. Аны качан, эмне үчүн жасатканын билбейм. Бир билгеним: көптөн бери урунуп жүрчү. Өзү тыттын жыгачынан кынаптап жасалган тартайган оокат. Чоң атам аны дайыма жасап-түзөп, кырып-кыпчып таза кармаганы менен, негедир көзгө комсоо көрүнүп, жүрөктүн үшүн алат. Айрыкча […]

Атантай Акбартегин: Жакшы ыр менен жакшы иштерге өлүм жок

КҮЛГҮН СҮЙҮҮ Оо кандай жаралгансың жандан артык!.. Мынча көрк кантип сага турат батып, Бейишке уурданып кирген сымал, Билгизбей карегиме турам катып. Күлгүн жаш сүйүүң менен чырмап алдың, Күлкүңдөн күү сындуу бир сыйкыр туям. Чак түштө мээрим төккөн күн сыяктуу чачырап көздөрүңдөн турат ыйман. Карачы мажнун тал да жатат ырдап, Турганга сабагына колуң тийип, Жапжаңы калам учтай мамак учуң жүрөктүн миң кайгысын салат чийип. Бир көрүп шамал дагы эстен танып жыгылды. Оо ага укмуш көркүң себеп. Өмүрдөн кечүү балким келер колдон, […]

Белек Солтоноев: 1819-1820-жылдардагы Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу

Дөөлөстүн Токо жана Манап деген балдары кедейди эзген феодал болгондуктан, булардын зулумдук кылып, малы менен башына ээлик кылбаган үчүн, залимдигине чыдай албастан, жакын тууганы жедигер Талас менен Намангенге ооп кетип (анда Жанкороздун балдары болгон), кийин саяк, бугу, сарыбагыштын феодалдары бирлешип букараны, кедейди эзип турушкан. Булардын солто кыргызынан ала турган аласасы болсо, кечикпестен тийген. Ошол себептен «солточок» деп атаган, «Чок» деген сөз эчтеме калбастан, бүт колго тийди деген сөз. Кыргызда өзбектин соодасы болуп, аны менен кыргыздын баш феодалдары пайдаланып, кедейдин канын […]

Абдыкадыр Садыков: Ырдап да, сындап да…[I]

Ар бир акындын интеллектуалдык дүйнөсү, көркөм табити, жалпы маданий деңгээли ал жазган чыгармаларда чагылып турары жалпыга маалым. Эгер акын адабият теориясы менен тарыхын жакшы билип, дүйнөлүк маданий кенчтен кабардар болсо, ага жаратылыш тартуулаган талант, шык айкалышса, жүрөктөн чыгып жүрөккө жеткен чыныгы поэзия жаралары бышык. Антпегенде жөн эле жазыш керек болгон үчүн жазылган ырлар эч кандай чеке жылытпасы белгилүү. «Ыр да ырбы, жалыны жок жазылган» дейт Э.Ибраев. Анын сыңарындай поэзия ар кимдин эрмеги эмес. Ал жан азыгы, жан-дүйнөнүн күзгүсү. Өмүрүн арнап, […]