Ар бир акындын интеллектуалдык дүйнөсү, көркөм табити, жалпы маданий деңгээли ал жазган чыгармаларда чагылып турары жалпыга маалым. Эгер акын адабият теориясы менен тарыхын жакшы билип, дүйнөлүк маданий кенчтен кабардар болсо, ага жаратылыш тартуулаган талант, шык айкалышса, жүрөктөн чыгып жүрөккө жеткен чыныгы поэзия жаралары бышык. Антпегенде жөн эле жазыш керек болгон үчүн жазылган ырлар эч кандай чеке жылытпасы белгилүү. «Ыр да ырбы, жалыны жок жазылган» дейт Э.Ибраев. Анын сыңарындай поэзия ар кимдин эрмеги эмес. Ал жан азыгы, жан-дүйнөнүн күзгүсү. Өмүрүн арнап, баш оту менен киргендер гана анын ырахаттуу да, азаптуу да түйшүгүн көтөрө алат. Э.Ибраев мына ошондой адабият жүгүн аздыр-көптүр аркалап, оозго алынып келе жаткан азаматтардын бири.

Э.Ибраев калем кармап, акын атын алгандан бери ондон ашык китептин автору өлчөнбөйт, сапат менен өлчөнөт. Эсенгул бул жылдарда талыкпай изденди, болуптур. Бул аз эмес, көп. Маселе азыр сан менен чекеден тер чыгара эмгек этти. Жазгандары кээде анык бутага тийсе, кээде аны жандап өтүп, коюу чаңдын ичинде калды. Эгер колдон чыккандын баары эле шедевр болсо, анда ар бир эле адам акын болуп алмак. Анын татаалдыгы, ыйыктыгы ушунда. Ошон үчүн Эсенгулдун издегени көп, тапканы аз. Акын «кем болсо мейли дүнүйөм» дегендей аз болсо да тапканы жакшы. Эмесе Эсенгулдун поэзия чарбасын аралап, анын баркы-баасын ачууга аракеттенип көрөлү.

Граждандык поэзия ар бир жакшы акындын поэтикалык кредосу болууга тийиш. Өзүнүн бийик граждандык жүзүн көрсөтпөгөн акынга ким ишенет. Бул милдетти Э.Ибраев да мыкты түшүнөт. Анын чыгармачылыгынын негизги мазмунун граждандык поэзия түзөт, б.а. ал эл, жер, партия, эмгек туурасында талыкпай ырдайт:

Ата конуш атыңдан кагылайын,
Акак болуп төшүңө тагылайын.
Канжар болуп касыңа сайылайын,
Досуң үчүн от болуп жагылайын.
Жамгыр болуп боюңду тазартайын,
Дайра болуп жаныңды жашартайын.
Дарак болуп көчөңдү көгөртөйүн,
Жүгүң түшсө колуңдан өңөртөйүн.

Ата конуш!

Мындай 8 сап ырларды Э.Ибраев көп жазат, буларда акындык ойлор пресстелип, өтө нык берилет. Ушундай эле маанидеги ойду анын ушул эле темадагы дагы бир ыры тууралуу айтсак болот.

Каржалсам алга сүрөөрүм,
Мокосом кайрап бүлөөрүм.
Кубансам кошо кубанып,
Мүчүсөм мүчүп күйөөрүм.
Тууган жер — кутум, түнөгүм,
Тууган жер — соккон жүрөгүм!

Тууган жер жөнүндө көп сандаган ырлар жазылган, алардын бардыгы мазмундаш, бирок берилиш формасы жагынан, ойдун түйүндөлүп ыр сабына ширелиши боюнча өз алдынча аракеттене билгендеринде кандайдыр жаңылык шооласы жанбай койбойт. Келтирилген ыр саптарында «кутман түнөк, соккон жүрөк» деген образдык курулмаларды өзүнчө алганда жаңылык деп айтууга болбойт, бирок ыр контекстине түшкөндө алардын угулушу да, сезимге жугуму бөлөкчө. Же болбосо Эсенгулдун энелерге арналган:

Күн кармаган кочушу,
Биз жылынчу от ушу.
Энелердин эрдиги —
Эрдиктердин чокусу, —

деген саптарын энелер жөнүндөгү жаңы сөз деп айтсак аша чапкандык болбойт ко. Эненин балага деген сүйүүсү күндүн ысыгындай, энеден бийик, энеден кымбат дүйнөдө эч нерсе жок ко.

Балалык күндөрү айылда өткөн, анан шаарда окуп билим алып, эми көрүнүктүү интеллигенттердин бири болуп калган лирикалык каарманга айыл романтикасы өзүнчө бир кереметтей көрүнөт:

Сагындым жазда жердин көк чачканын,
Көтөрүп чөмөлөнү кол чатырдай,
Сагындым жигиттердин чөп басканын.
Чалдардын ат үстүндө бастырганын,
Балдардын арык бойлоп каткырганын.
Сагындым чалгы тарткан келиндердин
Такымдап жигиттерди шаштырганын.

Жерге жайылган өсүмдүктүн тамыры сыяктуу лирикалык каарман да айыл турмушуна бүткүл каны-жаны менен байланышкан.

Кыргыз адабиятында сатира жанрынын алгылыктуу традициясы бар. Райкан, Мидин, Айткулу — эмне деген залкар таланттар эле. «Жинди суу», «Ак чүч», «Бюрократ» «Осмонаалы лөөкүй» сыяктуу чыгармаларды, А.Убукеевдин жай баракат баяндап жанга батырган фельетондорун ким билбейт. 30-жылдарда сатира майданында А.Токомбаев, К.Маликовдор эмгектенишип, анын фондусун көптөгөн салмактуу ырлар, кайым айтышуулар менен байытканы белгилүү. 50-жылдарда К.Каимов менен Н.Байтемировдор бир катар эсте каларык сатиралык чыгармаларды тартуулашты.

Касым КАИМОВ

Азыр сатиранын тизгинин жылоолоп жүргөндөрдүн астыңкы сабында Э.Ибраев турат десек жаңылбайбыз. Анын сатириктик талантын такшалтып, тарбиялаган «Чалкан» журналы. «Чалканда» ал жыйырма жылдан ашык эмгектенип, катардагы кызматкерден анын башкы редакторлугуна чейин жетти. Мына ошондой өзүнчө чоң салты бар татаал жанрлардын бирин сатирада оригиналдуулукка, өз алдынча чыгармачылык манерага ээ болуу үчүн Эсенгул аз эмес эмгек сарптаганын айтпасак да түшүнүктүү.

Э.Ибраевдин сатиралык ыктары көп түрдүү. Алардын бири гротеск (чоңойтуп, күчөтүп көрсөтүү). Мисалы, башкарманын канчыгы алты күчүк тууса, ага сүйүнчү берген кошоматчынын жийиркеничтүү элеси тигил биз айткан каражаттын жардамы менен түзүлөт. Ал эми сакалынын кадырын тепсеп бүтүп, эми катынын сатып болсо да арак таап ичүүгө даяр турган ичкичтин кебетеси да гротеск аркылуу берилет.

Э.Ибраев сатирасынын таасирдүүлүгүнө эң туура, орундуу табылган көркөм деталдар аркылуу жетишет. Ал адегенде ойду жайма-жай баяндап келет да, аягына чыгарда ачуу калемпирди сүйкөп өтөт. Ошондо сатиралык объект (адам) безгек болгондой чыйрыга түшөт, же сындалган көрүнүштүн жийиркеничтүү, кыжыр келтирип, жинге тийүүчү элеси көз алдыга тартылып өтөт. Мисалы, алар кимдер: борпоң эринин «мурдуна чүлүк тагып жетелеп алган» «президент» аяш, «таразага бармагын кошо тартып» элди алдаган эпчил эсепчи жигит; алдына келген кылмышкердин кылмышын тергебей, колундагы акча катылган «түйүнчөгүн» тиктеген паракор прокурор; мурда жетекчиге «талпак болуп төшөлүп, бийлик кетип колунан, жылмышканда ордунан жыланча баш көтөргөн» кошоматчы; көз боёмчу циркачты өзүнө жолдош кылып алууга аракеттенип, цирктин директоруна акча сунган соодагер; окууга өтөрдө да берип, бүтөрдө да берип, такыр эле илим-билимден кабары жок калган май болпош студент, аны кожосундай колдоп, студенттин ата-энесин аябай буй кылып убара чектирген, өзүн министрден кем сезбеген паракор мугалим, ошондой адамдан «тарбия» көрүп, ветврачтык «адистик» алып, анан төөнүн эки өркөчүн шишик деп түшүнгөн бүтүрүүчү; өзүнүн кең канаты менен урук-туугандарынын баарын калкалай билген «камкор» жетекчи кызматкер; тазалыкты сактабай чымынын чымчыктай кылып «өстүргөн» ашкана башчысы жана ушул сыяктуу толгон-токой былыктарды, чылыктарды, кылыктарды алып жүргөндөр.

                           Акын Э.Ибраев

Э.Ибраев сатиранын камчысын аял затына оодара чабат: бул үчүн биздин аяштар, эжелер менен жеңелер, карындаштар авторду жаман көрбөс, анткени биздин жаркын заманыбыздын ырахатына мас болуп, эрин кулдай эзген, тыбыттай тытып жиндилик абалга жеткизген эссиз аялдар али да жолугат. Он ай көтөрүп, омурткасы сыздаган энесине каардуу катынынын кесепетинен уулу чай-чамектикке он сом акча да жибере албайт:

Айылдагы кишиге
Акчанын кереги эмне?
Жылына он сомдон саласың,
Минтип отурсаң
Энеңди жаман үйрөтүп аласың, — дейт тажаал аялы.

Модалуу кийимге талгак болгон аяш күндүр-түндүр оюна андан башка эчтеме түшпөйт. Тигинин эсинен байкуш эри такыр эле чыгып калган. Ал кирди да жууйт, үйдү да жууйт, кээде таңашып ачка да калат. Каардуу аялынын күйүтүнө чыдай албаган дагы бир эркек минтип ырдайт:

Тартпа дедиң, тамекини тартпадым.
Ташта дедиң, аракты да таштадым.
Улам чыгып дагы жаман жактарым,
Өөн өңдөнөт отурганым, жатканым.

Эмне кылса да жакпай койгон эркек аялы доктурдан тишин жулдуруп келсе, аны минтип табалайт:

Ал алсыз доктур турбайбы,
Акылы болсо,
Тишиңди эмес
Тилиңди жулбайбы!

Э.Ибраевдин айрым сатиралык чыгармалары эси жок эселек жаштарды келекелөөгө багытталган. Үй тиричилигине жардам эткенге оюн-күлкүдөн улам такыр чактысы жетпеген кыз энесине: «Мени тууганды билген, үйдү жууганды да бил» деп чакчарылып басып кетет.

Энеси акыры бирөөнүн бүлөсү болгон соң, эмитен оокат кылып үйрөн десе, кызы жооп кайтарат:

Аркы-беркини түшүнгөн,
Айттырбай ишти бүтүргөн,
Өзүңдөй энелүү эрге тийемин.

Э.Ибраевдин кээ бир ырлары мурдагы даяр сатиралык үлгүлөрдүн айрым жактарын улантып, тактоо мүнөзүндө, пародия түрүндө жазылган. М.Алыбаевдин бир кезде «башым ооруйт десе, бутуңдун башына дары сүйкөгөн» врач жөнүндө айтканы бар эле. Э.Ибраевдин айылдык доктору да андан кем эмес. Анын:

Өт ооруса да,
Бутуң сынса да,
Колуң чыкса да,
Этиң ысыса да,
Бетиң кычышса да,
Бергени жалгыз аналгин.

 

Райкандын арак жөнүндөгү «бөтөлкөдө тим жатат, ичке кирсе чаңдатат» деген сөздөрү азыр афоризмге айланып кетти. Э.Ибраев да бир ырында негизги ырын бөтөлкөгө байланыштырат:

Адамдын ашказанын тешемин,
Мээсин тегеретемин.
Каарыма алсам,
Түйдөк кылып
Түбүнө жетемин,
Бирок,
Бөтөлкөгө эле алым жетпеди,
Билбейм, эмне балээси бар экенин.

Крыловдун «Эшек менен булбул» деген тамсилиндеги сынчы эшектин образына Э.Ибраевдин төмөнкү саптары пародия болот:

«Волганы» көрүп жапжаңы,
Араба наалый баштады:
— Устасы унутуп койгон го,
Каап,
Өлүшүп калмак экен,
Меникиндей ырдываны болгондо.

Э.Ибраевдин сатира тибиндеги айрым ыр-миниатюралары балдар дүйнөсүнө жакын (анын балдар үчүн көп жазганын да билебиз). Алар бир жагы жеткинчектерди жылмайтса, экинчи жагынан турмуштагы ар кандай көрүнүштөрдүн кемчил жана артык жактарын туюп билүүгө көмөктөшөт.

Начар чыгарманы же анын авторлорун нечен ирет сындап, тилдегенден көрө, кээде анын ошол начардыгын, арсыздык аракеттерин образдуу сөз менен тартып көрсөтүү да кыйла таасирдүү.

Жатса да мурдун канатып,
Жалжактап кайра тажатып,
Өтүгүн сүйрөп кээ бирөө,
Төргө өттү төшөк талашып.

Мында кашкайган турмуш чындыгы турат. Чыныгы акындар поэзияны жүрөк менен кандан жаратат.

Сатириктин кесиби адабий сынчыныкына жакындашып кетет. Ал курч, таамай бетке айтуудан жалтанбоосу тийиш. Эмесе, куйкум сөзүнүз артып, «Чымчыкей», «Чыйрыктырма» деген рубрикаларга «өрттүү» сөздөр, «күйдүргүрлөр» кошулсун. Акындын ырдагандан да, сындагандан да талыкпоосун каалайбыз.

P.S. КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган макала.

[I] Садыков А. Ырдап да, сындап да // Кыргызстан маданияты. — 1984. — 15-март.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.