КҮЛГҮН СҮЙҮҮ
Оо кандай жаралгансың жандан артык!..
Мынча көрк кантип сага турат батып,
Бейишке уурданып кирген сымал,
Билгизбей карегиме турам катып.

Күлгүн жаш сүйүүң менен чырмап алдың,
Күлкүңдөн күү сындуу бир сыйкыр туям.
Чак түштө мээрим төккөн күн сыяктуу
чачырап көздөрүңдөн турат ыйман.

Карачы мажнун тал да жатат ырдап,
Турганга сабагына колуң тийип,
Жапжаңы калам учтай мамак учуң
жүрөктүн миң кайгысын салат чийип.

Бир көрүп шамал дагы эстен танып жыгылды.
Оо ага укмуш көркүң себеп.
Өмүрдөн кечүү балким келер колдон,
А сени сүйбөй коюу мүмкүн эмес!

АЖАЛДЫ КУДАЙ АЛСЫН, КУДАЙ АЛСЫН!
Сагынычтан саргайышкан эриндер
Тийишсе эле кетер окшоп өрттөнүп,
Мен да сенин карегиңде кайыгып,
Менин дагы карегимде сен чөгүп,
Кол кармашсак жан манжага топтолуп,
Сөздөр жетпей, көздөр гана сүйлөшүп
турган түндөр да кетет ээ жарыктан!..

Өлөрүмдө салтты бузуп эң эски,
Күлкүңдү суу ордуна сурамакмын.
Көздөрүң көздөрүмдү сүйүп турса,
Манжама манжаларың тийип турса,
Эриндер эңсөөлөрдөн күйүп турса,
Ажалды Кудай алсын, Кудай алсын!

КУСАЛЫК
Кусаны кесип, кесип жиберүүгө
Курчтугум ушунчалык мокок болуп,
Түйүлүп түнү бою түндүк болуп,
Күндүзү күйүп келем очок болуп.

Жоготуп алгансыймын жанымды мен,
Жол кезип, бирок сага алпаралбай.
Жүлүнүм сыздап турат сыбызгыдай,
Жүрөгүм ыйлап турат жаш баладай.

Эрдиме тийген эрдиң кардай эрип,
Эңгиреп эс-акылдан тандым эчен.
Ойлонбой океанга бой ургандай,
Оо сени неге сүйүп калдым экен.

Оо сени неге сүйүп калдым экен?!
Ок жеген кайберендей азаптанып,
Өзүңдү көздөй учуп, жетпей келет,
Өмүрүм кушка айланып канат кагып.

Мелмилдеп кошулсак биз дарыядай,
Мезгилдей мени артыма кайрый албай,
Мен сага, сага айланып кирип кетсем,
Мени эч ким калмак сенден айрый аалбай,
Мени эч ким калмак сенден айрый албай…

ТИРҮҮЛҮКТӨ БИЗ ТИРҮҮЛӨЙ МЕКЕНБИЗ!
Тууган жерден түйүп алып топурак,
Ата-бабам жоону сүрүп келишкен.
Кан майданда каза тапса, дал ошол
топуракты бейитине себишкен.

Мекен ошол – атаң, анан бабалар,
Ошон үчүн Ата Мекен аталган.
Мекен менен бир тагдырлаш, бир дене
экениңди сен да туйгун, жаш адам.

Өмүр жолдун өрүн көздөй баратып,
Өзүбүз да көп байкабайт экенбиз.
Тизе бүкпөй баба салтты улаган
Тирүүлүктө биз тирүүлөй Мекенбиз.

Сыйыртмактай тоскоолдорду чарт үзүп,
Сыймык, даңкын көтөр, боорум, Мекендин.
Жакшы ыр менен жакшы иштерге өлүм жок,
Жашоону актап жарк этпесең бекерсиң.

Мээнет гана жасай алат дөөлөттү,
Жаның – элге, дениң – жерге карыздар.
Дооруң сатар, ишиң сатпайт, оо кандаш,
Тирүү чакта мезгилден күч агып кал.

Жер карасаң жексен болот Мекениң,
Жан жалп өчсө, ууч топурак экенбиз.
Тизе бүкпөй баба салтты улаган,
Тирүүлүктө биз тирүүлөй Мекенбиз!

ЖАН БИРГЕМ
Көгүчкөн белең, кыз белең?
Көргөндө жүрөк тыз деген.
Сыздатып жүргөн табылбай,
Капилет келдиң жаңы ырдай.

Дүйнөмө салдың дүрбөлөң,
Чайпалды жүрөк — деңизим.
Мен мурда минтип күйбөгөм,
Чагылган окшойт сезимим.

Күбүлгөнчө өмүр — жалбырак
Күлкүңө сенин чайынам.
Жагылсам мейли тозокко,
Жанымды бөлбөйм жаныңдан!..

Кезиксе сага, көркүңө
Шайтан да эрксиз арбалып,
Капталып сүйүү өртүнө,
Периште болмок тазарып…

АТАЖУРТ
Атажурт, Сага айланган бабаларым
утурлайт келечекти туштап чыгып.
Атажурт, Сен түбөлүк жол улайсың,
Канымдан балам болуп чуркап чыгып.

Аттигин, бүгүн бизде заман кайчы,
Өзөндөр көзгө тартат эне жашын.
Миң жылдан соңку менин окшоп башым,
Атажурт, неге муңдуу тиктейт ташың?..

Тамырын аркан кылып улаштырып,
Тартам деп орго салып койгон элди,
Бир караан күңгүрөнүп басып жүрөт,
Атажурт, азабы күч ошол сенби?

А эл ким – бийлик ээси, туюш керек!..
Улуктар эл мүдөөсүн угуш керек.
Элинин бактысы үчүн башын сайып,
Эстүү хан кулдай кызмат кылыш керек!

Шарт түйүп азиз жанга Атажуртту
Мен болсо бакыт издеп келем жолдо.
Акындын ар бир ыры – хан таажысы,
Эгерде эл бактылуу болгон болсо.

Атажурт, асман толо жылдызыңдан
жылдызын тапсам деймин чөбөрөмдүн.
Ажалың алып кетсем акыретке,
Атажурт, ошол кайра төрөлгөнүм!..
Ажалың алып кетсем акыретке,
Атажурт, ошол кайра төрөлгөнүм!..

ТООК ЖАНА ТООК СҮЙҮҮЛӨР
Бул дүйнөдө болгон үчүн тоок бар,
Ошол тоок туурасында жомок бар.
Канча чындык барын билбейм жомокто,
А айтылган ойдо чыны омок бар. …

Өз балдарын өзгө аялга бактырып,
Күндө майрам куруучу экен ханыша.
Жоо келгенде таштай качып балдарын,
Ал ханыша калган дешет каргышка.

Дили мерес ал ханыша аялга,
Жаратканым катуу капа болуптур.
Балдарынын баркын билбес энени
Ошол күндөн тоок кылып коюптур…

Короз болсо падыша экен. Жоо келсе,
Балдарын да, элин таштап салыптыр.
Ала качып таажы менен гаремин…
Ошол күндөн короз болуп калыптыр.

Ата-энеден мээр татпай калышкан
балдар дагы мерес болуп торолуп,
Пайда болгон дешет тоок сүйүүлөр,
Балдарда да жооптуулук жоголуп.

… Бирөөлөргө төрт аял да жетишпей,
Азыр дагы гарем көксөйт түгөнгүр.
Мага болсо арнап бүтүн өзүңө,
Сүйүш үчүн жетпей жүрөт бир өмүр!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.