Дөөлөстүн Токо жана Манап деген балдары кедейди эзген феодал болгондуктан, булардын зулумдук кылып, малы менен башына ээлик кылбаган үчүн, залимдигине чыдай албастан, жакын тууганы жедигер Талас менен Намангенге ооп кетип (анда Жанкороздун балдары болгон), кийин саяк, бугу, сарыбагыштын феодалдары бирлешип букараны, кедейди эзип турушкан. Булардын солто кыргызынан ала турган аласасы болсо, кечикпестен тийген. Ошол себептен «солточок» деп атаган, «Чок» деген сөз эчтеме калбастан, бүт колго тийди деген сөз.

Кыргызда өзбектин соодасы болуп, аны менен кыргыздын баш феодалдары пайдаланып, кедейдин канын соруп турган. Наманген шаарынан бир соодагер өзбек мурунтан Эсенкулдун айылына барып соода кылып жүргөн үчүн Наменгенден Талас басып, андан Чүй өзөнүндөгү солто кыргызынын манабы Жамансарт бийдикине келип түшкөн. Соодагер Эсенкулдукуна жүргөнү жатканда, бир кабар Жамансарттыкына түшпөстөн, жол менен бара жаткан Жамансарттын Бөрүбай деген эр жетип калган баласы соодагердин малына кызыгып, аны Жамансарт бийдикине ээрчитип келип, токтотуп койгон. Бул кабарды Эсенкул угуп, Алмабаш деген күлүк атын мингизип, Күрөкө деген жигитин меникине келе жаткан соодагерди токтотпостон, биздикине жиберсин деп, Жамансарт бийге жиберген. Күрөкө келип сөзүн Жамансартка айтканда анын Бөрүбай деген баласы бычагын сууруп ала, Күрөкөнү өлтүрмөкчү болуп, умтулганда сайдырбастан Жамансарт кармап калган.

Күрөкө атына мине сала качып жөнөгөндө, Бөрүбай кубалап жетпей калган. Бул себептен, менин соодагеримди жибербей жолдон токтотуп жана жиберген кишимди өлтүрмөкчү болгону душмандын иши деп, Жамансартка өтө намыстанып, ичи абдан карарып, кекенип калган. Бул арадан бир канчалык жыл өтүп кеткен соӊ, жогоруда Кокон хандыгы менен кыргыз арасы деген темеде айтылган чечектен өлгөн балбан солто жигит Байболоттун (бул тууралуу кошок: балдагы алтын бай болот, эми сендей ким болот) кунун кубалап, Болокбай менен талкандан жыйып Күрөӊкөй Түлөберди уулу баштык болуп, 300 киши аттанып барып чагатай уругу казактан 400 жылкы тийип келе жатканда, чагатайдан Капсалаӊ деген бир баатыр жигит баш болуп, канчалык казак менен кубалап келип, солтолор менен сайышканда казакты жеӊил, бир далай аттарын колго түшүрүп, казак Капсалаң баатыр өлтүргөн. Жана да бир кабардагы сөз: солтолор эки мертебе казакка барып, чагатай Дыйканбайдын жакын тууганынан бир киши өлтүргөн дагы, жылкы тийип келе жатканда сарыбагыш Эсенкулдун балдары биринчиде казак чагатай менен эл болгондуктан, экинчиси солто менен душман болуп келе жаткандыктан солто менен сайыша кетип, Бөлөкбай Адыл деген жигитти түшүрүп калып, казакка берип жибергенде аны казак Капсалаӊ менен Дыйканбайды туугандары өлтүргөн.

Бир кабарда жогорудагы капсалаӊ өлтүрүлгөнү мындайча: солтолор казактан жылкы тийип келатканда, Ниязбек Эсенкул уулу солто менен аны кууп келе жаткан казакты токтотуп, эки жагын сүйлөштүрүп жатканда, солтолор казак баштыгы Күрөӊкөйдү бычак менен сайып, бир казакты өлтүргөн. Жогоруда өлтүрүлгөн Адылдын кунун берсин деп солтолор Эсенкулдун балдарына киши жибергенде, бул ишти кандай кылабыз деп сарбагыштар кеӊешип, акыры Эсенкул: «Каратып мал бергенче, кызартып жан бергиле» деген. Бул жооп менен кайткан солто: «Сарыбагыштын жообу ушундай болду, кандай акыл айтасыз» — деп мырзага келгенде: «Каратып мал алганча, эр өлтүрүп кун бергиле» — деген.

Ошол кеӊешти уккандан кийин сарыбагыштын кылган кордугуна чыдай албай турган солтолордон бир канча жигит барып, Кочкорду кыштап жаткан сарыбагыштын жылкысынан жылкы тийип алган. Кышында чогуу Чүйгө көчүп келе албастан, сарыбагыштар жапырт эрте көктөмдө Чүйгө көчүп, мал текши семирген кезде 1819-20-жылдарда Ысыката менен Кегетинин алкымында согуш башталган. Бул согушта солто менен араздашып, казактар сарбагышка ат берип, жардамчы болгон. Согушка эки жагы камынып, үйлөрүн чек кылып кондуруп калган кезде Капай, Эшкожо, Бала Ажыбек, Саке, Атай, Бектен, Чынгыз мырза баштык солтонун феодалдары, манаптары согушту кандай кылабыз деп кеӊешип, жыйынтыгында мырза: «Колду гана баштасын, бүткүл солтонун союл чабар, найза саяр, мылтык атар, саадак тартар эр азаматы анын айтканынан чыкпасын, сарыбагышка Кошой өлгөндөн бери карата «солточок» аталып, акыры Адылды өлтүрүп, көрбөгөн кордукту көрүп жатабыз, бул согушта сарыбагыш жеӊип теӊ болобуз, жаки биротоло былк этпес букарасы болобуз, сарыбагыштан кылча жаныӊарды аябагыла» дегенде, бүткүл солто тура калып чуркурап, Ай тамга солтонун арбагына деп бир жылкы мууздап, аны түктүү сан кылып кескилеп кеткен.

Согуш 5-6 күнгө чоюлуп, Жантай сарыбагышынан атактуу Кapa Чолок Итийбас уулу 23 жаш чамасында бир күндө жекеге үч мертебе чыгып сайып алган. Жана Темирболот, Надырбек, Тынай үч урук сарыбагыштын боз балдарын баштап, алардын алдына түшүп согушкан. Солтолордун күчүнүн кеткенин билип, бир күнкү согушта тынай манабынан Таштанбек Атаке уулу солтону мылтыктап жапырып, айылына чейин каптап барып, аткан октон үзүк-туурдугу тешилип, катын-балдар чуркурап, солто айылын таштап, кача турган болгондо, Бектен баатыр кайрат кылып, 300 чамалуу жигит менен туурасынан качырып чыгып, сарыбагыштын жапырыгын токтоткон. Жана да сарыбагыштар каптап, солтолор айылынан өтө кача турган болгондо Канай феодалдын байбиче катыны бүткүл айылдын орттосуна аркан керип, күндөрдүн, катындардын дамбалын арканга илип, эркек болсоӊ согуш, катын болсоң дамбалды башыӊарга кийе качкыла, биз бүткүл катын силердин тебетейиӊерди кийе согушабыз дегенде, солтолор кайраттанып, кайра бура тартып, былчылдашканда солто, сарыбагыштан солтонун айылынын үстүндө жүздөп азамат кырылып кеткен.

Жана да күчү кетип бара жатканда солтолор кеӊеш кылып кушчу, саруудан жардамга кол сурап, Таластагы кушчу Жетим баатырдын баласы Бүргөгө кош ат менен жигит чаптырган. Барган жигит Бүргөгө мындай деген:

— Баякы сарыбагыш зулумдугун, зордугун койбоду. Адыл деген баатыр жигитибизди казакка кармап берип өлтүрттү, ал үчүн сарыбагышка киши жиберсек жооп бербеди. Акыры биздин балдар барып, бир топ жылкысын алып келсе, бүткүл сарыбагыш көчө келип, элибизге согуш салып жатат, ошол үчүн бүткүл Ай тамга солто тууганыӊыз жардам аскер сурап, мени чаптырды, — дегенде Бүргө:

— Солто, сарыбагыш бир Тагайдын балдары эле, биз болсо «сол» тууганыӊар элек, эки агайындын арасында бузукка катышып, бир жагыӊарга болушуп баралбайбыз, — дегенде, солтонун феодал жана манаптарынын тапшыруу боюнча барган жигит эшикке чуркап чыга  өз атынын куйругун чартасынын туура кырка турган болгондо, «барайын», — деп Бүргө кармап калган.

Кыргыздын эски адетинде аттын көкүл куйругун кыркуу — укум-тукумубуз өмүр бою кыркылышып жүрөлү деген расим илгертеден боло келген. Бүргө 400 тандалма жигит менен келип, ак чатыр, көк чатырын Ысыкатанын күн чыгыш алкымына солтонун айлына жанаша тиккенин сарыбагыштар эртеӊ менен көрө сала, Бүргөгө келип айткан: «Кушчу менен саруу агайын «оңго» калыс туугансыздар, мынчалык келип калыпсыздар, бизден дагы союшуңуздарды жеп жаткыла» деп айтканда, солтодон Канай тогуз ат жетелетип келип, бизге кошулуп согушуңуздар дегенде Бүргө унчукпай калган.

Сарыбагыштар саруу менен кушчу калыс туруп бермекчи болду деп, солтону каптаганда солтонун колуна Бүргө менен кошо келген кушчудан, сабатар уругунан Тукал жана кайсы уруктан экени билинбейт — Букар баатыр деген баш болуп кошулушуп, «Айтамга солто!» жана «Каратал!» деп ураан чакырып каптаганда Бүргөнүн болушканын сарыбагыштар билген соӊ качкан. Бир далай малына, айылына карабастан кеткен. Жеӊил үйлөп көчө келген сарыбагыштар көбү мал башы менен качкан. Качкан сарыбагыштын артынан куба келген солтолор Бурананын башына чыгып Караталдап ураан чакырганда, бүткүл саруу, кушчунун колу келип калган экен деп, сарыбагыштар андан бетер баш-аягына карабастан качкан.

Сарыбагыш тымтыракай болуп жеӊилип, бет алды быт-чыт болуп качып бара жатканда Бурананын күн чыгышында жайдак кара ат минген солто көрүнгөн сарыбагышты найза менен илип таштап келе жатканда, Дайырбек деген агасын сала берип, жогоруда айтылган Жантай Кара-чолок баатыр солтонун капталынан качырып, ыргыта сайып, кара атын илип алып, агасына мингизип атын коштой жөнөгөн. Бул кара ат эмес, бээ экен. Анын куну кырк бээге чыгып, солто, сарыбагыш жарашканда кайтадан алып кеткен. Солтодон баягы Бөрүбай Жамансарт уулу сарыбагыш Желаргыдагы Бөрүбайга чейин сайып барган деген кабар бар. Бул уруштан кийин солточок деген сөздү сарыбагыштар айта албай калган. Солтолор көбүнчө Таштанбекти көзүп кубалап, колго тийсе өлтүрмөкчү болуп, бирок табалбай калган. Мынчалык кек кылган себебин төмөндө керсөтөмүн.

Таштанбекти асырап алган Жообасар Таштанбектин 18 жашар чагында калмакка аттанып бара жатып, көп киши Карагайда конуп жатканда, түн ичинде от жагып жаткан кемегенин жанында жаткан Таштанбектин кыраан итин жолборс «күп» деп басып калганда, элдин көбү чочуп чалкасынан кетишкенде, Таштанбек оттогу таш тулганы ала коюп, жолборсту башка уруп жиберген. Жолборс итти таштап жиберип жүрүп бара жатканда Таштанбек куйруктан ала турган болгондо атасы Жообасар «ай балам, итке теӊелбе» деп, кармап калган. Эртеӊ менен кандаган изин кууп барса, жакын жерге жолборстун өлүп калганын көрүп союп алышкан. Ошол сапар калмактан көп жылкы тийип алып, Таштанбектин шыбагасына тийген бээден бир кер эркек кулун туулуп, аны Таштанбек колдон чыгарбай багып жүргөндө, кийин ашкере күлүк болгон.

Бул кер кулун өтө карып калган кезде сарыбагыштан кордук көрүп, Таштанбек солтого кире качып, мен сарыбагыш эмесмин, солто боломун деп көчүп барып жана Керкулун деген атына солтонун айтамгасын салган. Ошондон баштап, тынай уругу сарыбагыштын ынтымагы солто ичинде Бөлөкбай менен болуп кеткен. Бөлөкбай, Тынай бир тууган деген сөз ошондон калган.

Сарыбагыш менен солтонун арасы Адыл тууралу бузула баштаганда Таштанбекке солтолор келип, сен кандай кыласыӊ, кокустан тууганыңа боор оорусаӊ эмитен айткын дегенде, Таштанбек мен өлсөм дагы солтодон ажырабаймын деп жооп берген. Сарыбагыштар баарыбыз бир Дөөлөстөн тараган манаптын баласы элек, чындап бизди таштап кетесиӊби дегенде, Таштанбек ушул согушаар көктөмдө тууганы сарыбагышка кошулуп кеткенде солтолор Таштан­бекке көптөн-көп кастарын тигип калган. Бүргө өлгөндө Капай бир далай киши менен барса, Бүргөнүн Акшербет деген кызы мындай деп кошкон:

Карагайдын как бутак,  
Толгоп алган хан атам,
Кайырып алган хан атам.  
Долононун топ бутак.
Сарыбагыштан солтону,
Айырып алган хан атам,
Коргоп алган хан атам”.
— деп кошкондо Канай феолдал Бүргөнүн маган кандай пайдасы тийген экен деп алдындагы шырдакты бычак менен каршы-терши тилип, камчысын алып, аттанмакчы болгондо Акшербет кайтадан:

Сарыбагыштын балдары,
Солто келет дегенде,
Жалбыракка эчки сааса
Сарбагыштын кыздары ийбеген
Ычкырын чечип сийбеген, —

дегенде Канай күлүмсүрөп, “ээ… баса ошондой эмеспи”, — деп отуруп калган.

Сарыбагыштын айылын чаап, казан-аяктан тукулжурап калганда кээ бирөөлөрү жалбыракка эчки, кой сааган. Солтолор сарыбагыштын кээ бир кыздарын басымчылап кеткен. Бул уруштан соӊ солто кыргызы өзбекке абдан жакындап кеткенде, бугу, саяк, сарыбагыштын күчү кеткен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.