Саясат бул – спорт эмес, жеңилип калып кайра-кайра күрөшкө чыга бергидей. Саясатты долу мүнөз Адахан Мадумаров менен Алмазбек Атамбаевге окшогондор ар дайым булгап келген тарыхта. Болбосо саясат чынында коомду, элди башкаруунун бирден бир институту.

Ошол себептен бизнесте, саясатта ийгиликке жеткен адамдар гана (улуу инсандар алар) ар дайым чынчыл, өздөрүнүн сөзүнүн кулу болуп жашашкан. Ал эми биз сөзгө алган каармандар – Атамбаев менен Мадумаров качан өздөрүнүн сөзүнө өздөрү кул болду эле. Бул экөө башкаларды кулдай башкарууну гана көздөгөн мансапчылар. Экөө бирдей эки жүздүү саясатчы экенин Кыргызстандагы акыркы он беш жылдан берки саясий турмушубуздан көрүп келе жатабыз, бунун бардыгы саясатка байкоо салган адамдарга бештен белгилүү. Экөөнүн тең жүзү Курманбек Бакиевдин конкор бийлигинин тушунда апачык көрүнүп калганын мисалдар менен санап көрөлү эмесе…

Себеби мен дал ушул экөөнүн жалындуу сөздөрүнө ишенип, экөө менен бирдей үзөңгүлөш болуп саясий олимте жүргөндөрдүн биримин. Ушул жерден А.Мадумаровдун кулк-мүнөзүн абыдан жакшы ачып бере турган бир мисал келтире кетейин. Саясаттагы жеңилгенди моюнга албас кемчилигин да дал ошол адатынан түшүнүп алсаңыздар болот.

Мен аны менен далай жолу бильярдда мелдешип жүрүп, анын бир өзүнүкүн бербеген долулук кыялына толук көзүм жетти. Чынында ал бильярдда жакшы оюнчу болгону менен, бирок жеңилгенди мойнуна алгысы келбеген жагы бар. Бир мисал келтирейин: кокус сенин “свой” же “чужой” шарың башка шарга тийип, ошол үчүнчү шар лузага кирип кетсе, ал дароо минтип айтат: “Эми досум, жигит болсоң “жинди” шарды ордунда калтыр”, — дечү жаман адаты бар. А бильярдда өзүңөр билесиңер, үчүнчү шарга “свой” менен “чужой” шарыңды туура мээлеп атуу эрежеси да бар экенин. Бирок ал өнөктөшүнүн ошондой чеберчилигин жеңиш катары тааныбайт. Чеберчилик менен мээнет кылып киргизген шарыңды ал “жинди шар” деген шылтоо менен упайга коштургусу келбейт.

Дал ошол мүнөзүн саясатта да көрсөтө коймоюн көрүп эле келе жатабыз. Маселен, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жеңишин тааныбайм дегени деле; бильярддагы жеңилгенди каалабаган мүнөзүнө коёндой окшош. Макул, балким бир жарым жыл мурдакы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов жеңип алган болсо, анда деле долу катындай болуп бир шылтоосун таап, өзүнүн саясий атаандаштыктан жеңилгенин өмүрү таанымак эмес. Бабанов тургай Өмүрбек Текебаев таза жеңиш менен КР Президенти болуп калса деле, ага дагы асылып, анда деле өзүнүн божомолун чындык сыяктуу көрсөтүүгө далбастамак бул куругур.

Айтор ал өзүн президенттик тактан гана көргүсү келет, оюндан жыдыганды билбеген ушуга окшогон саясатчылар саясат деген институтту булгап бүтүрүштү. Болбосо саясат деле башка коомдук тармактар сыяктуу коомду өнүктүрүүнүн чоң институту. Ал институтта – бийик маданият, чынчылдык, чындыкты моюнга ала билүү, атаандашты сыйлоо сапаты калыптанмайын, А.Мадумаровго окшогондор элдин түшүнүгүн тумандата беришет.

Адахан мырза деле айрым түшүнүгү тайкы журналист кесиптештеринен эч бир айырмасы жок. Албетте, мен бул жерде чыныгы кесипкөй журналисттерге сөз тийгизүүдөн алысмын. Адахан өзү да журналисттик кесиптин ээси болгондуктан, журналистиканын терс сапатындагы ыкмаларды чебер колдонгонду үйрөнүп алган экен, ошол ыкмасын саясатка колдонгон жагынан эч бир адамды алдына салбайт!

Анын бийликте тургандагы учурун эстейли эми, Курманбек Бакиевдин канкор бийлигинен элдин үрөйү учуп турганда баарыбыздын эсибизди чыгарган билдирүүсүн унутпайлы! Мадумаров ошондо Бакиевге коом алдында ачык эле кеңешин айткан: “Кыргызстанга камчы жетпей жатат, элди башкарууга катуу камчы керек” деп. Мына ушунун өзү анын канды күсөгөн бийликти дагы көкүтүп, президенттик бийликти авторитарлаштырууга жасаган аракети деп түшүнгөмүн ошондо. Мен аны менен ошондогу билдирүүсүнөн кийин мамилемди үзгөндөрдүн биримин…

 

Көрсө ал А.Акаев учурунда демократия баалуулуктарын айткандан жаагы талыбай кыйкырганы башка, а өзү бийликке келгенден кийинки көзүн май баскандагы саясий мүдөөсү – канкорлук экенине көзүм жетти. Бакиевдердин канкор саясаты уланганына шыкак берип, кайра аларды көкүтүп турган Мадумаровдон андан башка эмнени күтсөк болот???

Бир кезде элдин сүймөнчүгү болуп турганда Ө.Текебаев экөө жаш саясатчы катары элдин жүрөгүндөгү чындыкты айтышаар эле. Албетте, Текебаев мурда кандай принципти карманса, ошол бойдон келе жатат. Керек болсо Текебаев саясатчы катары бийик деңгээлге өстү. Ал эми Мадумаров өстүбү? Өсмөк тургай ал бийликтин бийик мунарасына жеткенден кийин эң паска түшүп кеткенин гана көрдүк! Мурда аткаминерлер эмнеге эң кымбат машинелерди минишет, а мамлекетибиздин казынасы ошолор минген машинелердин бензинине түтөбү деп теледен сайрап жүргөн Адахан мырза кийин өзү бийликке келгенде көзүн май басып, так өзү Джип минип гана алчактап заман сүрбөдүбү!!!

Атамбаев бийлик үчүн шайтан менен тилектеш

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин саясий кадамдарына саресеп салгандар билет: анын кандай туруксуз экендигин. Анын ким экендигин арабдарга болгон мамлекеттик иш-сапарында Олжобай Шакир таамай белгилеп, “сүйлөгөнүн Атамбаев сүйлөдү, уялганын биз уялып отурдук”>>>>>> деп жазганы бар эмеспи. Чынында анын айрым саясий жүрүштөрү башкалардын оюна келбегендей туруксуз экени Бакиевдин тушунда эле апачык көрүнгөн.

Баарыңар билесиңер, оппозициялык күчтөр К.Бакиевдин айласын курутуп, аянтта чоң митингдер удаама болуп, бакиевдердин бийлиги алсырап турган кезде, бийликке жагына коюп, өзүнүн санаалаш жүргөн досторун, жалпы эле оппозицияны сатып, бийлик тарапка өтүп кетип, өзү Өкмөттү башкарып калганын… Бакиев Германияга ооруп жатып калып, кийин айыгып келгенде бөйрөгүм каякта экенин дарыланып жаткандан кийин билдим деп элди күлдүргөн. Ошондо да эң биринчи болуп А.Атамбаев Германияга учуп барып, Бакиевдин саламаттыгы жакшы экен деп элдин “санаасын” тындырганы бар.

Мына ошондон бери эле Атамбаев шайтан менен болсо да саясатта тилектеш болууга даяр киши экени көрүнүп калса да, бирок ишенчээк элибиздин Атамбаевден үмүтү суубай келди. 2010-жылдагы революциядан кийин өлкөбүздө тарыхый мүмкүнчүлүк келген кезде да ал кайра Бакиевдин командасына ыктап, Бабановду өкмөт башылыкка алып келип, Акматбек Келдибеков парламенттин спикери болуп калышына да Атамбаев чоң мүмкүнчүлүк ачкан.

Болбосо эмнеге канча жылдан бери санаалашы болуп келген “Ата-Мекен” партиясын жээкке чыгарып койду? Себеби саясатта ал күчтүүлөрдү эч качан жактырган эмес. Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычы деле ошондой. Ал ойлогон: Жээнбековду өзүмө мураскер кылып кетсем, өз бийлигимди жүргүзө берем деп. Бирок Жээнбеков Кыргызстандагы саясий аба ырайын таптакыр ал күтпөгөн тарапка бурду. Буну биз тарыхый чындык үчүн калыс баа менен белгилешибиз керек.

Ооба, азыр элдин ишеними анча чоң эмес бийликке, бирок андан да маанилүүсү – Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин арам ойлоруна бөгөт коюуну эрте түшүнүп, эрки жетип, Атамбаевдин жансакчылары менен шоопуруна башкарткан бийлик түзүмүн оңдоого чоң күч жумшады. Эми ал өлкөнүн башка багытындагы иштерди жолуна коёт деген үмүттөмүн!

Ал эми анын ийгилигине ичи күйгөн Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө эл топтоонун аргасын кылып, өзүн курал менен коргоого даяр экендигин айтканы – бул өтө чоң коркунуч. Ал Кыргызстандын туруктуулугун каалабайт, тескерисинче, ага согуш оту тутанып кеткени ыңгайлуу. Анткени ал талаа командири болуудан башка жол калбаганын түшүндү!

Редакциядан: Коомчулукка өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген мейманыбыздын өтүнүчү менен бул макаланын авторунун ысымын жарыялаганыбыз жок.

4 Replies to “Атамбаев менен Мадумаровдун заманы өттү”

  1. Жаль, что не написал своего имени автор, статья сразу теряет свою ценность и правдивость. Из-за угла бить легко… чокчолой баатыр

  2. Анык жүздөрүн ачыптыр белгисиз автор. Бирок мынча эрдик кылган автор өз аты-жөнүн деле жарыяласа болмок экен.

    1. Алардыда азыркы бийлике кошомат кылып жагынып жургон ушуга окшогон кошоматчы саясаттын сойкулары бузат сиз жакшы иштеп жатасыз ел сизди колдоп жатат деп мактап коколотуп журуп акыр тубуно жетип , келген бийлике ото качып жардар арыстанды талаган чоолордой болуп ет мн челдин ортосунда журо беришет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.